Сырмаек

Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"
Чыгармачылыктын чыйыр жолунда он беш жылдан бери эмгектенип келе жаткан ырчы Тынай Алыбаев азыр өз арабасын өзү тартып жаткан чагы. Көптөн бери көрүнбөй кеткен ырчыга байланышып кепке тарттык. Табиятынан тамашакөй Тынай мырза кызыктуу маек куруп берди.

- Акыркы күндөрү дайыныңыз чыкпай калды да?..
- Болгон күчүмдү чыгармачылыкка жумшап, ыр жаздырып жатам. Концерттерге көп катышпасаң эле көрүнбөй каласың да.
- Чынында эле эмне себептен концерттерге көп катышпайсыз?
- Көңүлүмө жаккан концерттерге барып эле жүрөм, азыркы жаш ырчылардын өзүнүн чөйрөсү бар эмеспи. Патриоттук маанайдагы долбоорлорду калтырбайм. Жакында эле "Кош жылдыздын" биринчи айлампасына диктор Нуржамал Бурханова менен катышып, калыстар тобунун эң жакшы деген баасына арзыдык. Учурда экинчи айлампага катуу даярдык көрүп жаткан кезибиз.
- "Кош жылдызга" катышууну ким сунуштады?
- "Биринчи турга катыш" деп үн режиссер Нурдин Төрөбеков сунуштаган болчу, бирок убактым болобу, болбойбу деген арсар ойдо болуп көп деле көңүлдөнгөн эмесмин. Мунусунда болсо Нуржамал Бурханова мени менен ырдаарымды билдиришкенден кийин өзүм да кызыгып, макулдугумду бердим.
- Бир убакта популярдуу болуп турган "Элес" тобунун жигиттери азыр кайда?
- "Элес" тобунун балдары менен мурдагыдай эле иштешип турабыз. Топ такыр эле чачырап кетти дегенден алысмын. Концерттерге, салтанаттарга чогуу барып ырдап турабыз. Ортодогу мамилелерибиз да ойдогудай десем болот. Болгону андан бери өз алдынча чыгып жатам, ортодо бир аз тыныгуулар болуп кетти.
- Андан бери күйөрмандары-ңыздын саны азайган жокпу?
- Элге таанылган ар бир эле ырчынын күйөрмандары болот да. Мага да жылуу сөздөрүн арнап, открытка берген күйөрмандарым бар. Убагында телефондун жанын тындырбай, иним "сизге келишиптир" деп үйгө чейин киргизип койгон учурлар болгон. Ал кезде бойдок болчумун, көңүлүм бош дегендей… Ошол учурда деле күйөрмандарыман тажап, кесир кылган эмесмин. Мага көңүл буруп, арзуусун билдирип жатышса, демек мен эмгегим, талантым, адамкерчилигим менен ошондой мамилеге татыктуумун деп ойлойм. Негизи аялзаты кыйын, шумдук калк болушат эмеспи. Жубайым деле кызганышы мүкүн, бирок күйөрмандарымдын мага жасаган мамилесин туура кабыл алганга аракет кылат.
- Сахнада жүргөнүңүзгө он беш жылдан ашты "жылдыз оорусуна" кабылган учурлар болдубу?
- Мен ушул күнгө чейин "мен ырчымын" деп төшүмдү кагып мактанган эмесмин. МАИкызматкерлерине да ырчымын деп айтпайм. Албетте азыр атын пайдаланып, өзүн жылдыз сезген атуулдарыбыз жок эмес. Менин оюмча бул туура эмес көрүнүш деп эсептейм.
- Келинчегиңиз да ырдап жүрчү беле?
- Ооба, Азиза чыгармачылыкка жаңыдан аралашып ырдап чыга баштаганда таанышканбыз. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп жүрөктөр алоолонуп, сезимдер от чачышып жүрүп баш коштук дебейинби. Кийин кош бойлуу болуп декретке чыкканга туура келди. Азыр уулубуз Жантай бала бакчага барат.
- Эгерде кайра ырдап чыгам десе кантесиз?
- Чындап эле чыгармачылыкка киришем деп, көңүлү бар болсо колдоо көрсөткөнгө даярмын. Буюрса экөөбүз дуэт жаздырсакпы деп ойлонуп жатканбыз.
- Келинчегиңиздин кайсы сапатына баа бересиз?
- Мен үчүн аял кишинин турган турпаты, сырткы келбети да маанилүү эле роль ойнойт. Азизанын алгач сырткы келбети мени кайдыгер калтырган эмес. Анан сөзгө тартып сүйлөшүп көрүп, адамкерчиликтүү экенин түшүндүм. Бири-бирибиздин кемчилигибизди толуктап, түшүнүп жашап келе жатабыз. Анын жинин мен көтөрөм, меникин ал көтөрөт дегендей…
- Эмнеден улам жиниңиз келиши мүмкүн?
- Таарынычтар маанайга жараша болушу мүмкүн. Кээде бир чоң маселени талашып-тартышып айтыша кетебиз. Кээде эки ооз сөздөн уруш чыгып кетиши да ыктымал. Сөзгө асылып отурсаң сөздөн сөз чыгып, ырбап катуу сөз чыгат, анын артынан уят сөз чыгат, анын артынан "жогол" деген сөз чыгат. Ошон үчүн убагында экөөбүз тең өзүбүздү колго алганга аракет кылабыз.
- Биринчи жубайыңыз менен эмне себептен ажыраштыңыз эле?
- Экөөбүз үч жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бирок, кийин турмуш курганда көз караштарыбыз эки башка болуп чыкты.
- Ал никеңизден балаңыз барбы?
- Жок.
- Өзүңүз канча бир туугансыз?
- Алты бир тууганмын, улуусу да, кичүүсү да эмес ортончусумун. Ата-энем өмүр бою иштеп жүрүшкөнгөбү, айтор азыр пенсионер болушса да иштебей үйдө отура алышпайт. Анын үстүнө үйдө бош отурса эригип, ооруй беришет. Атам Сейсмология институтунда иштесе, апамдын кесиби мугалим.
- Келинчегиңиз кайын-журтуна барганда кандай кызмат кылат?
- Жоолук салынып, жүгүнүп, ысык чайын берип… ал жагынан жакшы эле. Бирок, ичеги-карын артканда кичине кыйналып калат.
- Шаардыкпы?
- Бишкекте жашагандардын баары эле качандыр бир кезде бир жактан келишкен да. Чыныгы "коренной" шаардыктар жүзгө эле жакын болсо керек. Анан шаарга келип, үч-төрт жыл жашагандан кийин "шаардыкмын" деп чыга калгандар бар да. Эмнеси болсо да түпкү тегибизди унутпасак дээр элем. Менин жубайымдын түпкү теги Нарындан, шаарда өсүп чоңойгон. Анын үстүнө үйүндө жеңелери көп да, ичеги-карынды ошолор артса керек.
- Жубайыңыз го ичеги-карын арткандан кыйналат экен, өзүңүз кой союп жиликтегенди билесизби?
- Күнүмдүк тиричиликте кой союп жиликтегенди билем, бирок кудалар келгенде, сыйлуу конокторду чакырганда жиликтегенден, устукан бөлүштүргөндөн кооптонуп турам. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген сөз бар го.
- Сүйүктүүңүздүн кайсы тамагын тамшанып жейсиз?
- Азиза негизи тамактарды жакшы жасайт, өзгөчө беш бармак менен палоону жакшы жасайт. Атайын тамактардын рецеби жазылган китепти ачып көрсөтсөң тамагыңды жасап бере алат. (Күлүп) Оромобуз эле кичине окшошпой турат, эгер оромосу жакшы болсо баары жайында болот эле деп койбоюмбу…
- Кантип эс аласыз?
- Бошогондо эле шаардын ызы-чуусунан качабыз. Уулумду алып алып тоого чыгып, сейил бактарга барганды жакшы көрөбүз. Баламдын көңүлүн алып, оюндагысын кылып, айтканын аткаргандан келинчегим экөөбүз тең ырахат алабыз.
- Байкашымча баласаак окшойсуз?
- Ооба, уулумду бир күн кечке көрбөсөм куса болуп калам. Апасынын орду башка дечи, бирок ага караганда мен ашыкча баласаак болушум керек. Кашы көзү, тырмактары меникине окшош. Азыр да эртең менен бала бакчага кетти эле сагынып баштадым, кечинде үйгө бараарым менен уулумду колума алам.
- Азыркы ырчыларга болгон көз карашыңыз кандай?
- Бизге жаңылануу, өзгөрүү сөзсүз керек. Бирок жаш ырчылар музыканы, чыгармачылыкты коммерциянын жеңил жолуна салышпаса…Ырчы болгусу келген адам чыгармачылыкка берилиши керек, жүдөп, кыйналып, тобокелчиликке барып, акыркы акчасына ыр жаздырып түйшүктөн качпаш керек. Анан баары эле оңой жолго качырып күнүмдүк кызыкчылыкты ойлой берсе, жараткан чыгармалары элге да сиңбей убактылуу нерсе боюнча калат.
- Өзүңүз жеке концертиңизди качан бересиз?
- Андай ойлор, максаттар бар. Он беш жылдан ашуун сахнада эмне кылып жүргөнүмдү элге отчет кылып беришим керек. Азыр ырларды жаздырып, акырындан даярдык көрүп жатам.
- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик, жеке жашооңузга бакыт каалайм!
А. Сабырова