п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  чырмаек

Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"
Сагынбек экөөбүз сөзүбүздү уланттык. Мурунку санда "Дилмаек" деген рубриканын астында кетти эле. Мунусун "Чырмаек" деп атадым. Анткени экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздөн да акыйлашканыбыз көп болду. Ал суроого түз жооп бербей, нары-бери кылчактап атты. Анткени мен ага жалаң билгим келген, ыңгайсыз суроолорду бергем. Ага бул жакпады. Негизи билбеген нерсеге башты сала бергенде да болбойт окшойт. Болбосо Сагынбек өзүнүн чыгармачылыгы менен жүрө бергенде эл аны таланттуу Сагынбек катары гана билип, сыйлап турмак. Анын чыгармалары чынында уккулуктуу, өзү таланттуу. Анан бул саясатка ойногонду кантип билип алган десең.

- А. Акаев заманынын эмнеси жакпай калды?
- Ал жакшы эле иштеп жатып 1996-1998-жылдары бузула баштады. Үзөңгү-Куушту Кытайга берди. Ч. Баекованын билип туруп кыянатчылык кылып, Конституцияны бузганы элдин кыжырын кайнатты. Ошондо "Сат-сат" деген ырым чыкты. А. Акаевге андагы жетекчилерге какшыктап "Жерибизди, тообузду, алтын кенибизди сат. Кыздарыңды сат, керек болсо колтугуңдагы жүндү сат" деп ырдадым. Ага улай "Кайф заманды" сыздадым.
- А митингдерге качан чыга баштадың?
- Чынын айтсам, митингдерде ырдайын деген деле ой жок болчу. Үйгө алып барганга акча,айлык дегенден дайын жок болсо, "Качан акча алып келесиң? Кана акча?" деген сөз кемпиримдин оозунан көп чыкчу болду. Анан ошол муктаждык мени ушул жолго түрттү. Экинчиден, эл мени кандай кабыл алаар экен деген ой да мени кызыктырды. Ошол учурда сот Ф. Куловду эркинен ажыратып, түрмөгө айдап турган кези болчу. Анан адам укугун талашып мен да Талас эли менен бирге ырым менен чыктым. А кезде патриоттуулук да күчтүү экен, ойлосом. Анан ошол жылдары Ригадан жаздыртып келген кассеталарым бар болчу. Жок дегенде ошолорду сатайын десем, чийик болуп, брак болуп чыгып калды.
- Бирок, сен ошо кассеталарыңды сатпадыңбы. Бузук экенин билип туруп. Андан мен да алгам. Мисалы,мен китеп чыгарам. Китептин бети жаман болуп калса "бракка" чыгарам. А сен элди аяган жоксуңбу?
- Жок, мен баарын саткан жокмун да. Сатып алгандар деле бузук экен деп базарда отурган жериме көтөрүп келишкен жок.
- Жок, баарын сатасыңбы бирөөнү сатасыңбы, бузук экенин билип туруп ички уят деген эмне үчүн болгон жок?
- Ой, мен өтө деле көп саткан жокмун деп жатпайынбы. Канча сатканым эсимде жок.
- Өзүң элдин таламын талашып жүрүп, анан ошол элди алдап кассеталарды сатып жүргөнүң туурабы?
- Ии, дагы эмне деп чукуганы турасың. Андай болсо экөөбүз сүйлөшпөй эле коелу. Бербейм анда интервью.
- Сен жакшысың Саке дей бергенде да болбойт да. Сенин жаман жериң көрүнүп калса, анан "Токтот! Интервью бербейм" десең, анда өзүң бил. Мен сени кыйнабайм.
- Ии, уланталы.
- Чынын айтканда сен жанагы Качкын Булатовдой болуп атасың. "Компьютерге программа көчүрүп бер" деп үйүнө чакырып калды. Үйүнүн кире беришинде электросчетчиги тоңкоюп туруптур. Кирип компьютерине программманы коюп жатам. Качкын жаныма туруп алып мага демократияны, акыйкаттуулукту сүйлөп жатат. "Эй, сен биринчи үйүңдүн кире беришин карачы" десем, "эмне болду" дейт. "Электросчетчигиң тоңкоюп турбайбы. Сен өзүң биринчи таза болуп туруп анан сүйлөбөйсүңбү" десем, чалкасынан кетти. "Сагынбек сени ушундай" деп айткан дейт.
- А сен өчүңдү алып жаткан турбайсыңбы анда?
- Жок, өч алгандык эмес бул. Экөөң тең демократсың, "два сапогах пара" дегендей. Ал менин жаныма туруп алып демократияны айтса, сен кемчилигиңди айтсам чычалайсың. И анан "саясатчы" Сагынбек деңгээлине качан жеттиң? (Сагынбек ойлонуп калды)
Аксы окуясы түрткү берген жокпу?
- Ооба, ооба. Ошол учурда мен чындап оппозицияда болдум. Тургунбек Бекболотовдун курч ырлары чыкты. Анын "Дүжүр чалын" ырдадым.
Оппозиция өкүлдөрү, эл менен А. Акаевдин заманына каршы болуп жер-жерлерде митинг өтө баштады. Таш -Көмүрдөн Жалал-Абадга чейин жөө жүрүш кылдык. Жолду катар ырдап бардым. Менин ырдаганымдан элдер огобетер "дух" ала башташты. Атайын Таластан барып Жалал- Абадда ырдап жүрсөм анан кантип "дух" алышпасын.
- Ошондо "Сагынбекти уурдап кетиптир" деген сөздөр да чыккан?
- Андай болгон эмес. Окуя мындай болду. Жалал-Абадда жүрсөм, подполковник иним барып калыптыр. "Жүрү кеттик, апам катуу ооруп калыптыр" деди. Иниң айтып жатса ишенесиң да. Кошо бастым. Жолду катар унчукпайт. Самолетко түшсөк же билет сурашпайт. Ошо жерден эле бир нерсени шекший баштадым. Көрсө иниме бийликтегилер "агаңды кой де" дешкен окшойт. Борборго келип, анын иштеген жерине кирдик. "Ал жакка барба" дейт, "сен өзүңдүн ишиң менен жүр, мен өзүмдүкү менен. Меники менен сенин ишиң болбосун!" дедим да кетип калдым. Ошентип кайра Жалал-Абадга жөнөдүм. Ошол учурда таппай калып айтылган сөз болсо керек. Кайра эле баргам. Бул төңкөрүшкө жакындап калган күндөр болчу.
- Анан сен Газ-32 номерлүү Волгалуу болуп жатып калдың?
- Ал Тышкы иштер министрлигинин карамагындагы машине болчу. Аны мага Роза Отунбаева берген.
- Ал машине бергидей ким эле?
- Көтөрүлүштүн башында турган да.
- Анан эмне сен "берген машинелерин кайра алып алышты" деп арызданып жүрдүң?
- "Саке, пока минип тур" дешкен. Революциядан кийин ТИМге Аликбек Жекшенкулов келбедиби. Ал деле "Айдап тур" деген. Анан Эднан Карабаев келип, машинени кайра алып албадыбы.
- Менин ушул машине жөнүндө айткан сөзүм эсиңдеби? "Демократия, демократия" дегениңде "Эй, сенин демократиялык машинең артыңда турбайбы" дегем, чынбы?
- Чын.
- Анан эле бул бийликке эмнеге нааразы боло баштадың, революцияны деги чогуу жасагансыңар?
- Анан бул бийлигиң деле мурункуну кайталап атса кантип нааразы болбойсуң? "Баласы атасына сүйөнүп, өз билгенин кылып жатат" деп гезиттер деле жазып чыгышпадыбы. Үзөңгү-Кууштай болуп, Каркырабыз казактарга кетти. Маркум М. Садыркуловдун колу менен "Ак Жол" партиясы түзүлдү. Ушуларды көрүп туруп кантип жөн отура алмак элең.
- Гезиттер демекчи, сен өзүң "Эл сөзү" гезитин уюштурдуң беле?
- Ооба. Бир тууган бөлөм Баялы экөөбүз.
- Анын уставын ким жазды эле? (Сагынбек унчукпайт) - Эй, мен жазбадым беле? Уставда сенин аты-жытың жок. Анан кайсы бетиң менен "Эл сөзүнүн" ээси болуп алдың?
- Жо-ок. Сен эмне деп эле атасың. Баялы "жети жыл гезитти эмне кылсаң ошо кыл" деп келишим түзгөнбүз да. А мен аны Рыскелди Момбековго арендага бердим да.
- Эки тарап келишим түзгөндө, эгерде бир тарап кокустан өлүп калса келишим дароо жокко чыгарылып, иш токтойт да. Ошону билбейсиңби?
- Эми мен анын өлүп калаарын каяктан билиптирмин. Өзү деле "Өзүңө каттоодон өткөрүп ал" деп жүргөн. А мен аны иштетейин дедим да.
- Кандайча иштетесиң. Эгерде экинчи тарап өлүп калып жатса? Сенин эч кандай тиешең жок болчу. Мейли эми ээсисиң дейли, анан эмне үчүн кайра кийинки номурларында ошол "Гезит ээси С. Момбеков" деген сөз алынып калды?
- Б. Жээнбеков сотко бербеди беле. Ошол соттошкондон кийин алып салды.
- Ким алып салды?
- Бабырбек…
- Жо-о, Бабырбек ал десе алынып калдыбы?
- Жок, соттон ошондой чечим чыкты.
- Ии, ээси эмес бекенсиң ? Ошол гезит Социал- демократтарды шайлоодо колдоп жүрдүңөр да ээ?
- "Форум" болгондон кийин колдоп чыгышты. Эми кимди колдойт же колдобойт Рыскелди Момбековдун иши да.
- Ошол жакта иштеген эле бир журналист "Эл сөзү" гезити үчүн Сагынбек байке бир машине алды эле. Ага болбой эле жума сайын акча сурап келип жатат"деп айтканы бар.
- Бул нукура жалган. Ошентип айттыбы?
- Андай болбосо СДПКдан эмне себептен машине алдың?
- Мен шайлоодо ырдап бергеним үчүн, А. Атамбаев "Саке, жеңсем да, жеңбесем да сага бир машине берем" деген. Анан инисинин айдап жүргөн машинесин берди. Буга гезиттин эч кандай тиешеси жок.
- Анан эмне болуп СДПКга каршы чыгып калдың?
- Ой, менин өз оюмду айтканга укугум бар да. Мен алардын "Ата Мекенге" кошулганына каршы болдум.
- Азыр кайсы тараптасың?
- Мен азыр "Элдик Кеңеш" кыймылындамын. Биз 1993-жылы бузулган Конституцияны кайра калыбына келтириш керек деген пикирдебиз. Анткени анда "жер бөлөккө берилбейт", "ири обьектилер менчикке өтпөйт" деп жазылган.
- Чыгармачыл тарап эмне болду? Же тыйын-тыпыр Сагынбекке айланып кеттиби?
- Чыгармаларды жаратып жатам. А саясатка ырдап аралашып жүрөм.
Жаныбек Жанызак








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??