п»ї

  Атын атаса куту сүйүнөт

Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
"Мына сага!"деп, белгилүү ырчы мырзаларыбыз убагында "Атын атасаң куту сүйүнөт"дегенби, кыздардын аттарын атап "Айнура", "Элмира", "Дүрдана", "Жамила"деп сыздап калышкан эле. Азыр андай аталыштагы ырларды издеп таппайсың. Же, кыздардын аттары заманга жараша татаалдашып кеткенгеби, жалпысынан эле "Кыздар, кыздар", "Кыргызстандын сулуу кыздары"деп созуп калышты. А биз болсо бала кезде жаттап ырдаган, кыздарга багышталган ырлардын кыскача тарыхтарына кайрылдык.


"Алтынайдан" ажыраган Мерген
Мерген мырзанын "Алтынайы" 1995-жылы жаралыптыр. Бул ырды укканда дароо эле баарыбыз анын сүйгөн кызын элестетебиз. Чындыгында алгачкы сүйүүсү Алтынайга арналган ырдын өзөгүндө биз билбеген дагы бир сыр бар экен. Ал кандай сыр дебейсизби, "Неге мени таштап кеттиң жаным" деген ырдын сабы, өзүнүн атасына жана чыгармачылыктагы экинчи атасы болуп калган Марат Алыбаевге арналыптыр. "Алтынай" менин экинчи ырым. Ошол жылдары атамдан жана Марат агамдан айрылып, кайгырып жүргөм. 8-класстан бери сүйлөшүп жүргөн Алтынай да башкага турмушка чыгып кетти. Анан жакын адамдарымды жоктоп ушул ырды чыгаргам. Бир топ жылдан кийин Алтынай менден кечирим сурап келиптир. Бирок, анда кеч болуп калган эле, "Кой, күйөөң менен эле жаша, балдардын убалы бар"деп, экөөбүздүн жашообуз болбосун айткам. Алтынайдын азыр үч баласы бар"-дейт, Мерген мырза.


Асылбектин жүрөгүндөгү "Фаридам"
Оу, элдин эсинен кетпеген "Фаридамды" бир гана Асылбек Өзүбеков эмес, элдин баары ырдады го чиркин. Көрсө бул ыр 1970-жылы жаралып, сөзүн Шайлообек Дүйшеев, обонун Тынарбек Аманов жазган. Анан 1975-жылы Асылбек байкебиз Ташкентте студент болуп жүрүп, гитаранын коштоосунда үн созуп, далай кыздардын атын "Фаридага" айланткан. Окуудан келгенде ырдын сөзүн кайрадан эстрада вариантына ылайыктап Шайлообек агайга жаздырган.
"Кайсы концертке барбайын бүгүнкү күнгө чейин "Фаридамды" ырдап койчу"-деп сурана беришет. Себеби, ар кимдин жүрөгүндө өзүнүн "Фаридасы" бар да"деп, Асылбек мырза, "Фаридам" ырынын бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпогонун айтып өттү.


Жеңишбек "Айнура" үчүн ичип кеткенби?..
Ырчы Жеңишбек Айтиев сөзү, обону Артык Саитовко таандык "Айнура" аттуу ырды созолонтуп жүргөнүн билебиз. А түгүл Ош шаарына "Айнура" аттуу жеке концертин койгондо "Айнура" деген ысымдуу айымдардын баарына билеттин баасы беп-бекер болбоду беле. "Ошол учурда менин артымдан ушак кылышып, "Жеңиштин Айнура деген Ысык-Көлдүк кызы бар экен. Ошко келбей коюп, Жеңиш анын айынан ичип кетиптир... Анан "Айнура" деген ыр чыгарыптыр..." деген уу-дуу сөздөрдү чыгарып жиберишкен тобо-о"-деп, Жеңиш мырза бул ырды сүйгөн кызы Айнура үчүн ырдабай эле, Айнура аттуу таажеңесине кайни катары тийишип, ырдап жүргөнүн айтты. Кошумчаласак, Жеңиштин жубайынын аты Айжамал.


"Айбийке" Гүлжигиттин сүйгөнү болчу
Чабандын баласы Гүлжигит тогуз жашында чабандын кызы Айбийкени сүйүп калат. Бешиктен бели чыга элек жатып десеңиз. Анан аны чоочун балдардан коруп, кызганып койгонун карабайсызбы. Кийин агасы кыздуу болуп, "Айбийке" деген ысым ыйгарганда өзүнүн сүйгөнүн эстеп, "Айбийке" ырын жаратат. "Бул ырды ырдаган сайын Айбийке экөөбүздүн короодо малина терип жеген күндөрүбүз эсиме түшөт"-дейт. Көрдүңүзбү, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деген ушу.


"Жамиласын" издеген Расул Маматкулов
1990-жылдары "Жамила, Жами Жамила" деп Жамиласына гүл сунуп ырдаган Расул Маматкулов бул ырды элдики деп ойлогон. Уккан укканы боюнча оңдоп-түзөөсү жок, "бийлегенге, тойлорго ырдаганга жакшы экен" деп ырдап калган тура. Кийин "Жамиланын" авторун Лейлектик жигит деп укканы менен авторду азыркы күнгө чейин таппай жүргөнү кызык экен. "Эгерде "Обон" гезити аркылуу "Жамиланын" авторун таап, жолугуп калсам, ырахматымды айтмакмын. Бул ыр мага көптөгөн ийгиликтерди алып келген"деп, Расул мырза жыйырма жашка чыгып калган "Жамила" ырынын авторуна издөө салды.


"Айжамал"
Ашымбек аганын алгачкы махабаты
Сөзү, обону Ашымбек Мамытбековго таандык "Айжамал" аттуу ырды жаш ырчы Ильяз Андаш ырдап жүрөт. Бала кезинен бери жакшы көрүп уккан ырын Ильяз 2007-жылы автордон уруксат албай эле жаңы аранжировка жасатып ырдап чыккан экен. Кийин автор ырчынын өзүнө жолугуп, Айжамалдын жаңы вариантына жакшы пикирин айткан. Ырдын тарыхы автордун өзүнүн башынан өтүптүр. Ашымбек ага 1974-жылы бирге окуган классташы Айжамалды сүйүп калып, ичиндеги сезимин ырга айлантат. Кийин мектепти бүтүп, Ошко окууга кеткенде айылдан Айжамалды алакачып кеткен. Ошол бойдон Айжамалына жолукпай, азыркы жубайы Каныкейге үйлөнүп, бир кыз, эки уулдуу болгон. Учурда эки неберенин чоң атасы.


Кыргыз-өзбек чегарасында
Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында кыргыз-өзбек чегарасында күтүүсүз кырсык болду. Өзбекстандын жараны Тешебаева аттуу аял мыйзамсыз түрдө чегарадан өтүүгө аракет жасаган.
Чегарачылар уруксат жок экендигин айтканда ал долуланып, мобилдик телефону аркылуу Кыргызстанда жашаган ага-инилерин чакырган. Көп өтпөй, беш эркек келип, аялдын Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат бергиле деп чыр чыгарган. Чегарачы жигиттердин бири конфликтти токтотуу максатында эскертүү берип асманга ок аткан. Анда да уруш токтобогондуктан ок чыгарууга мажбур болгон. Натыйжада Тешебаев Набижан менен Тешебаев Насиржанга ок жаңылып, түнкү саат 22де Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. 1963-жылы туулган Тешебаев Насиржан эсине келбеген калыбында аркы дүйнөгө узап кетти. Ал эми биртууганы бейтапканада оор абалда жатат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??