п»ї

Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"
- Жылдыз Турсуновна, "Ак Жолдун" тизмесине кантип кирип калдыңыз эле?
- Сизди эле эмес, көпчүлүктү ушул маселе абдан кызыктырат экен. Айылдагы мектептин жөнөкөй директору кандайча эле депутат болуп калды дешсе керек. Мен мектепте иштеп турган убакта аз айлык менен, кээде ошол айлыкты да 5-6 айлап албай иштеген күндөр болду. Ошондой күндөрдө да мектепти таштабай, билим берүү системасына аз да болсо салымымды кошуп келгем. "Ак Жол" партиясы түзүлгөнү, уставы, программасы менен таанышып чыккандан кийин биринчилерден болуп тизмеге кирдим. Анткени мен ага чейин деле мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын колдоп келгем.
- Убагында бир мектепти башкарып жүрүп, парламентке келгенде өзүңүздү окуучудай сезген жоксузбу, "каяктан да келдим эле" деп?
- Албетте, ортодогу айырма абдан чоң. Өзүмдү окуучу сезбесем дагы, башында бул жактын атмосферасына көнө албай, мектепти сагынып жүрдүм.
15 жыл иштеген мектепти таштап кетиш мен үчүн оңойго турган жок. Анүстүнө балдар менен чоңдордун жандүйнөсү таптакыр эки башка да. Балдар баео, ушунчалык таза жан болушат. Кээде отуруп алып оюмда сабактын планын түзчүмүн. Эми андан бери эки жыл өттү. Мага парламент чоң мектеп болду, кругозорум байыды, адамдар менен мамилем кеңейди. Өзүм үчүн көп тажрыйба топтодум. Мурда бир эле тармак менен иш алпарсам, азыр бул жерде мыйзам чыгаруучу катары ар бир тармак боюнча маалыматта болушум керек. Мурун саясатка кызыгып, билгеним менен ошол процесске аралаша алчу эмесмин, а азыр мисалы, бир эле мектепке эмес, бүтүндөй республикага аз да болсо салымымды кошуп жатканымды ойлоп сыймыктанам. Ошол эле учурда өзүмдүн айылымды, мектебимди унутпайм. Айылга барган сайын мектепке кирем. Астыңан чуркап чыккан окуучулар менен жолугуу чоң кубанычты жаратат.
- Биякка келгени мүнөзүңүздө өзгөрүү болдубу?
- Мен мурун кандай Жылдыз болсом, азыр деле ошондоймун. Болгону сабырдуу, токтоо тартып калдым. Кээде жер-жерлерде эл менен кезиккенде ар кандай эмоция менен суроолор болуп калат, ошондой кырдаалдарда өзүңдү колго алып дегендей…
- Парламент таркады дейли, кайра эле көнгөн кесибиңиз менен кетесизби же..?
- (күлүп) Парламентти таркатыштын азыр кажети жок. Менин оюмча парламент өзүнүн функциясын так аткарып, Өкмөт менен тыгыз байланышта иш алып барып, элге керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатат. Бирок, түбөлүк эч нерсе жок экенин билебиз, бирөө келет, бирөө кетет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул жактан кеткен күнү деле өзүмдү кайра эле билим берүү системасында элестетем. Мен жумушсуз калбайм деп ойлойм.
- Иш убактыңыз канчадан канчага чейин?
- Ар кандай болуп калат. Кээде кечки саат 7-8ге чейин кармалууга туура келет. Кээ бирде жолугушуулар болуп калат, анда эрте кетем.
- Жумуштан кийинки убактыңызды кандай бөлүштүрөсүз?
- Аялзаты болгондон кийин албетте үй-бүлөдө өткөрөм. Бирок, тилекке каршы үй-бүлөмө толук анан татыктуу убакыт бөлө албай келем. Мурун деле ушундай болчу. Мектепте отуруп, түнкү саат 12-1ге чейин долбоор жазып калган күндөр болду. А каникул учурунда мектептин инфраструктура иштерине киришесиң. Балдарым анда кечирээк эле, азыр эми чоңоюп калышты. Мен үйгө кеч келгендиктен уулум эрте эле өз алдынчалыкка үйрөнүп, тез чоңойду. Кичинекей карындашын карап, үй жыйнап, керек болсо кээде тамак да жасап койчу. Азыр деле ошол көрүнүш. Эрте кетмей, кеч келмей. Кээде балдарымдын балалыгын эрте тартып алып койдумбу деп ойлоп калам. А алтынчы, дем-алыш күндөрү алардын жанында болуп, каалаган тамактарын жасап берип, бир жактарга алып чыгып, сейилдеткенге аракет кылам.
- Жолдошуңуз жөнүндө да айта кетсеңиз, кантип таанышып, үй-бүлө куруп калдыңар эле?
- Жолдошумдун аты Элдос. Билими боюнча тарыхчы. Биз институтту окуп бүткүчө үч заманды башыбыздан өткөрүп жибердик. Советтер Союзу, анын таркашы анан эгемендүүлүк жылдар. Анан жаш үй-бүлө болгондуктан абдан кыйналдык. Ошол себептен өз кесиби менен кеткен жок. Жеке менчик ишканаларда иштеп кетти. Бир эле структурада иштеген жок, көп жерде иштеди. Иштебей үйдө отуруп калган күндөрү да болду. Азыр деле жеке ишканада эмгектенет. Буга чейин Көлдө турсак, азыр борбордобуз. Өзүм Ысык-Көлдүн Түбүнөн болсом, Тоңдун келини болом. Экөөбүз официалдуу деле таанышкан эмеспиз. Кадимкидей эле кыргыздын салтын кылышып, куда түшүшүп, алып кетишкен. Ата-энемдин сөзүнөн чыкпай, макулдугумду берип турмушка чыккам. Мен анда 21 жашта болчумун. А азыркы жаштар антпей калсын.
- Депутат келини менен кайындары сыймыктанса керек?
- Билбейм.
- Көлдүн кызы да, келини да болсоңуз чабак урганды жакшы билсеңиз керек?
- Чынын айтсам көлдүк болуп туруп жакшы чабак ура албайм.
- Эртең менен турганда адатка айландырган ишиңиз?
- Өзүмдү бир формада алып жүрүүгө аракет кылам. Ошон үчүн дайыма эртең мененкисин душ кабыл алам. Анан үйдөгүлөргө тамак даярдап коём. Анан кээде чала бүтүп калган үй жумуштарына жүрөгүң өйүп калат да, аларды кылып жетишкенге аракет кылып, андан соң жумушка жөнөйм.
- Үй кызматчыңыз жокпу?
- Күткөн эмесмин. Күтөм деп да ойлобойм. Анткени бирөөнүн жасаганына таптакыр алымсынбайм. Анүстүнө өзүбүз айылда жашап калып, мындай нерсе аң-сезимибизге жат.
- Кыргыздын улуттук колориттеги буюмдарына кызыгасызбы? Өзүңүз улуттук буюмдардын кайсынысын кылганды билесиз?
- Жасаганга өзүм деле кызыкпаптырмын, ойлосом апам да, кайненем да жасаган эмес окшойт. А улуттук колориттеги кийимдерге абдан кызыгам. Мындан бир жыл мурун Душанбеге бардык. Парламенттеги аял өкүлдөр, министр айымдарынан өйдө улуттук кийимдерин кийип жүрүшөт экен. Бир да классика кийгендерди кезиктирген жокмун. Ошол жерден өзүбүздү улуттук кийим менен элестетип отурдум. Эми улуттук десе эле, шөкүлө, элечек кийип отуруп эмес, азыр классикалык моделдерге стилисттер улуттук колоритти берип жатышпайбы, ошондой кийинсек сонун көрүнмөк, Мен да жакында ошондой стилге өтөйүн деп пландап жатам.
- Өзүңүздүн стилистиңиз барбы?
- Кийимди деле өтө тандабайм. Жарашканын алам. Атайын заказ менен да тиктирбейм. Бир жерден эле алам деп да айтпайм. Ар кандай учурларда, ар жерден сатып алууга туура келип калат.
- Парламенттен курбу күттүңүзбү?
- Депутаттардын баары менен сыймын. Бирок, арасында жакындарым бар. Адам өзүнүн турмушунда көп тепкичтен өтөт экен да. Менин бала бакчадагы курбум да элес-булас эсимде. Мектептеги курбулар, студент кездеги курбулар… алар менен азыр тыгыз катташпасаң дагы баары бир эстен чыкпайт. Мугалим болуп турганда мугалимдер менен достоштум, жетекчи болгондон кийин алардын арасында өзүнчө бир чөйрө болот экен. Азыр депутаттардын арасынан курбу күтүп отурам. Катышып, жакшылыгыбызды тең бөлүшүп турабыз. Ошентип отуруп мен турмушумда көп дос күтүптүрмүн.
- Искусствого кызыгасызбы?
- Мен Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайын жаратылышынын кооздугуна суктанып бүтпөйм. Андай кооздукту көргөндө атайын фотоаппаратка сүрөткө тартып алам. Өнөрлүү адамдарды көрүп да абдан суктанам. Бирок, өзүмдүн эч нерсеге шыгым жок. Ыр укканды жакшы көрөм, ырдаганды да жакшы көрөм, бирок ырдай албайм. Мени кичинемде музыкалык мектепке фортепианого беришкен болчу. Бирок, кызыкпай таштап койгом. Азыр ноталарды эле билгеним болбосо…
4-класста окуган кызым Мээрим "Сейтек" балдар борборундагы "Шаттык" бий ансамблине барат. Жакында Турцияга барганы жатышат. Бала эмеспи, кээде жалкоолонуп калып калат. Ага "убагында мен музыкалык мектепти таштап койгонго өкүнөм. Сага эч качан ашыкча болбойт, баргының!" деп турам.
- Учурда кайсы мамлекетке саякаттагыңыз келип жүрөт? Акчаңыз буга кенен эле жетеби?
- Эми иш боюнча чыгып жатабыз. Бирок, саякаттайын деп көздөгөн мамлекетим деле жок. Мен жалгыз айлыкка иштеген депутатмын. Саякаттаганга акчам ченелүү.

Эльмира Мадиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??