п»ї

  түркүн дүйнө

Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
Цыгандардын жашоосуна көбү кайдыгер карабаса, айрымдары алардын жашоо образына, эркиндигине суктанышат. Кээ бирлери алардан коркуп сактанышат. Бул калктын табышмактуу, кызыктуу жашоосуна окурмандар менен бирге саякат жасап, кененирээк маалымат берүүнү ылайык көрдүк.

Цыгандардын баш калкалаган жайы
Көчмөн элдер мал-жан багуу, аңчылык менен жан багып келсе, цыгандардын жашоосу таптакыр башкача. Алар уурулук, соода кылуу, элдин көңүлүн көтөрүү жана көз боёчулук менен алектенип келишет. Цыгандардын жашаган үйү-төрт дөңгөлөктүн үстүнө чиркелген араба. Баш калкалай турган жайды алар "вардо" деп аташат. Ар кандай жасалгалар менен кооздолгон үйдө цыгандардын болгон мүлкү сакталган. Вардону кайсыл жерге токтотсо, жанына сөзсүз чатыр тигишет. Алардын тилинде чатыр-бандер деп аталат. Ай-күнүнө жетип толгоо тартып турган аялды бандерге кирип төрөтүү цыгандардын кеңири тараган салты. Ичээр суусу түгөнгөн, өзүн-өзү сыйлаган цыган да бандерге жатып жарыкчылык менен кош айтышат.

Канын булгагысы келбеген калк
Цыгандарда куда түшүү, алакачуу салты мыкты өнүккөн. Кыз бала 9-10 жашка чыкканда жигит тараптагылар куда түшүп келишет. Эгерде кыздын ата-энеси макулдугун билдирсе кызга куда түшкөн тарап 13-15 жашка чыкканга чейин кызды өз үйүнө алып кетип, андан кийин гана той өткөрүшөт. Айрым учурларда кыздарды "башма-баш" алмашкан учурлар да кездешет. Тактап айтканда кызын күйөөгө берген тарап кудасынын кызын кайрадан өз уулуна алып берип коюшу мүмкүн. Өзүнүн канын бузуп, тукум курут болуп кетпеш үчүн цыгандар балдарын же кыздарын башка улуттагыларга оңой менен беришпейт. Болбосо бир тилке жери, мекени жок цыгандар ушунча жылдан бери бир бүтүн бойдон кантип сакталышмак эле. Айрым цыгандар жарманкеге барганда таанышышып "жылдыздары келишип" үй-бүлө курганга барышса, көпчүлүгүн ата-энелери 14-15 жашында үйлөндүрүп салышат. Баш кошуп өзүнчө түтүн булатууга камынып жаткан түгөйлөр үлпөт тоюнда уруу башчынын маңдайына тизелеп турушат да бири-бирин өмүр бою сыйлап жашайбыз деген ант беришет. Уруу башчы колундагы айнек идишке куюлган сыраны жубайлардын башына тамчылатып, калганын экөөнүн бактысы үчүн калтырбай алып, айнек идишти башынан ылдый ыргытып сындырат. Эгерде нике түнүндө кыздын актыгы жок болсо тойго кеткен чыгымдын баарын кыздын туугандары көтөрөт.
Дүйнө жүзүндө цыгандардай болуп күйөөнү өзгөчө сыйлаган калк болбосо керек. Үйдөгү болгон жумуш келиндин мойнунда. Күйөөсү ага кайрылып бир нерсе сурамайын ооз ачып, өз оюн айтууга жол берилген эмес. Турмуш кураарда "сени өмүр бою мен багам" деп ант берген цыган кыздар да жок эмес.

Чыныгы бакыт-балада
Цыгандардын үйүндө уул төрөгөн аял ал үйдө эркек киши менен бирдей укукка ээ болот. Кош бойлуу аял араба чегилген ат менен эркек кишинин астын кесип өтүүгө катуу тыюу салынган. Атасынын үйүнө алдын-ала эскертмейин баш багууга да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Жогоруда айтып өткөндөй ай-күнүнө жетип турган аялды бандерге киргизип төрөтүшкөн. Наристе жарык дүйнөгө келээри менен төрөтүн кабыл алган аял кудуктан чакага суу толтуруп алып, элдердин үйүн кыдырып суу чачып: "Те авен састе тай бахтале" (Силердин ден-соолугуңар чың болуп, башыңардан бакыт кетпесин!) деген сөздү бир нече ирет айтат. Үй ээлери кыз же бала төрөлгөнүн, атын ким коюшканын сурап-билип, көңүлүнөн чыккан тыйынын чакага салышат. Алты жумага чейин эне-баланы үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө аралаштырбай багышат. Эгерде жубайлардын төрөлгөн балдары улам-улам чарчап калса, цыгандардын арасында төмөндөгүдөй өзгөчө салт бар: кокусунан бараткан жолоочу ошол үйгө кирип "балаңарды сатып алдым" деп ырымдап көңүлүнөн чыккан акчасын же буюмун берет. Ошондон кийин бала ден-соолугу чың жакшы чоңоёт. Бул ырымга цыгандар катуу ишенип, ушул кезге чейин өз күчүн жоготпой келет.

Маркумду вардого салып өрттөшөт
Цыган өлөөрүнө аз калганда жакындары аны туздалган сууга киринтип, жаңы кийимдерин кийгизишет. Адатта аялдарга жок дегенде беш кат көйнөк кийүүсү шарт. Кыйналып жаткан цыгандын үй-бүлөсү аны тегеректеп кадимкидей эле тамак ичип-жеп отурушат. Көз жумгандан кийин кыйкырып ыйлашып, ыйдын арты ырга айланат. Өлгөн адамдын сөөгүн тыйын менен кооздолгон табытка салышып, ичине маркумдун жактырган буюмун (кашык, вилка, күл түшүргүч ж.б.) салышат да, ырдын коштоосунда акыркы сапарга узатышат. Адатта цыгандар сөөктү элдин көзүнө көп чалдыкпаган талаа-түздөргө көмүшөт. Мурда өлгөн цыганды вардонун ичине жаткызып, ичине өзүнө тиешелүү буюмдарды салып туруп өрттөп салышкан. Үйү жок калган маркумдун балдарын алыскы туугандары бөлүп алышчу. Бирок, 1950-жылдан бери вардонун коллекциясын чогулткусу келген обун таппаган байлар бир вардого сексен миңден жүз миңге чейин доллар төлөшкөндүктөн цыгандар мындай кымбат "мүлктү" өрттөгөнүн токтотушкан.

Алтынга арбалган цыгандар
"Жардылык кайсы жакта болсо, ошол жерде уурулук күч алат" деген сөз цыгандардын урааны десек жарашчудай. Өз-өзүнчө топтошуп жүргөн цыгандар алтынга башынан ылдый көмүлмөйүн ыраазы болушпайт. Цыган аялдар тишине чейин алтын чаптап алышкандарынын бирден-бир себеби, күйөөсү менен ажырашып үйүнөн кууп чыккан күндө да цыгандар аялынын тагынып жүргөн алтындарына эч убакта кол салбайт. Белекке берилген же мураска калтырылган алтынды цыгандар эзели башканын колуна карматышпайт. Анткени алар үчүн бул нерсе өтө жаман белги. Колуктуну алаарда күйөөсү жок дегенде алтын шакек же бир алтын тиш салдырып бергенге милдеттүү.




Кыскача кызыктар:
Цыган аялдардын эң жакшы көргөн кийими кенен, чоң алжапкыч болуп эсептелет.
Цыгандын бир кулагына тагылган сөйкөнү көрсөңүз, ал ошол бүлөнүн жалгыз эркек баласы экенин билсеңиз болот.
Россиялык цыгандардын 1% гана көчүп-конуп жашашат.
Цыгандарда кыска чач менен жүрүү -уят иш. Табордон куулган же жөн жүрбөй жаза алган цыгандарды уруу башчылар чачын кыска кылып кыркып кууп салышат. Байкасаңыз бүгүнкү күндө да цыгандар кыска чач алып жүрүшпөйт.
Хинди тилинде айтылган сөздөрдүн көбүн цыгандар оңой түшүнүшөт. Ошондуктан цыгандардын көбү индия кинолорун сүйүп көрүшөт.
Цыгандар үч кесипти жактырышпайт. Фабрика жумушу, көчө шыпыргыч жана журналистика. Өз чөйрөсүнөн чыгып калбаш үчүн ушул үч жумушту аркалаган цыгандар өз кесибин жашырууга аргасыз болушат.
Башкалардай эле цыгандардын да улуттук тамагы бар. Токойго жакын жашаган цыгандар коёндун, доңуздун эти менен тамактанышкан. Андан сырткары кирпинин эти цыгандардын "фирменный" тамагы болуп саналат.
Цыгандардын Эл аралык күнү 8-апрель. Дүйнө жүзүндө канча цыган болсо ошонун баары 8-апрелде майрамдашат. Бул чечим Улуубританияда 1971-жылы 8-апрелде цыгандардын урматына өткөн биринчи конгрессте кабыл алынган.
Цыгандардын желеги көк жана жашыл эки түстөн турат. Көк түс асмандын, жашыл түс чөптүн символу болуп саналат. Желектин ортосунда дөңгөлөктүн сүрөтү чагылдырылган.
Цыгандардын гимни "Джелем, джелем" деген аталышта.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
30-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныбек менен Сагынбектин "акыйнеги"
2-бет
Тынай Алыбаев:
"Нуржамал Бурханованын атын укканда гана кызыктым"

3-бет
Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"

4-бет
Сагынбек МОМБЕКОВ:
"А. Атамбаев мага инисинин эле машинесин берген"

5-бет
Кыздар үчүн эмне гана кылышпайт...
6-бет
Жылдыз рахимдинова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саякаттаганга акчам ченелүү"

7-бет
Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар
8-бет
МЕДЕР ЖАңЫ РАДИОНУН ДИРЕКТОРУ
9-бет
"ДЖАЗ"
10-бет
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
11-бет
Гинекологдун кеңеши
12-бет
Аздек Намазбекова
КөЗ МОНЧОК

13-бет
Ат салышкан актёрлор
Бообек Ибраев тууралуу:

14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Сүйлөгүм келбей калганда кетем










??.??