... жарым кашык музыка

"ДЖАЗ"
Саякат аркылуу таанып билген жер шарындай музыка дүйнөсү да абдан көп кырдуу жана ар тараптуу. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк музыка маданияттардын биригүүсүнөн жаңы агымдар пайда болгону баарыбызга маалым. Ошол агымдардын катарын толуктаган джаз музыка жанры жөнүндө сөз кылмакчыбыз.


Пайда болуу тарыхынан
Джаз - эң орчундуу, таасирдүү, көп функционалдуу новатордук музыка катары биринчилерден болуп Америка Кошмо Штаттарында пайда болгон. Мекени Лузиана штаты. Африка жерин жердеген кара терилүү музыканттар банджо баскычтары менен жеңил ойноп, ошол эле учурда буттардын жардамы менен үн чыгарып турууну жеңил өздөштүрүшкөн. Алгач "джаз" сөзү америкалык окумуштуулар аркылуу 1927-жылы 6- октябрда сөздүктөн орун алып, "Jazz" англис тилинен которгондо -"музыка искусствосу" дегенди түшүндүрөт. Ошентип, эки улут(африкалык жана америкалык) джаз музыкасын жаратып, ал дүйнө жүзүнө кеңири тараган.


Джаз түрлөрүнө көз чаптырып өтсөк
Свинг - Оркестрлер арасында джаздын бул түрү кеңири тараган. Свинг жан дүйнөдө катылган сырларды ыр аркылуу сыртка чыгарууга өбөлгө түзөт.
Бибоп - Заманбап джаздын бир түрү. Аз сандагы адамдан турган топ, түтүкчө, саксофон, барабан, ж.б аспаптарды колдонуп, өзүнчө бир үндү жаратат.
Хард-боп - Экспрессивдүүлүгү менен айырмаланган джаздын бул түрү биринчилерден болуп АКШнын чыгыш бөлүгүндө кеңири тараган. Ыр саптарында түрдүү оюндардын аралашуусу аркылуу башкалардан айырмаланып турат.
Кул-джаз - Жай темпте аткарылат. Негизги өзгөчөлүгү: эскирип бараткан ырларды жаңылантууга аракет кылып, оригиналдуу ыр саптарын заманбап нукка салып элге тартуулашат.
Криэйтив - Көбүнчө "эркин джаз" деп аталып келет. Ырдоо манералары өзгөчө, ырлар ээн эркин айтылып, төкмөлүктүн коштоосунда ырдалып келет.


Джаз музыкасында кандай аспаптар колдонулат?
Аккордеон - Джаз музыкасында чанда гана колдонулат. Ал джаздын тембрин өзгөртүүгө жардам берет.
Альт-Саксофон - Саксофонсуз джазды элестетүүгө мүмкүн эмес. Саксофонду биринчилерден болуп джаз музыканты Чарли Паркер колдонгон. Ал учурда белгилүү джаз музыканты.
Бамбула - Бамбуктан жасалган барабан сымал аспап. Аны черткенде уккан адам бийлегиси келип турат. Бамбуланы биринчи Лузиана штатында пайдаланышкан.
Банджо - Негрлердин улуттук аспабы. Колдун манжалары менен гитарада ойногон сымал кылдаттык менен чертишет.
Гонг - Чоң диаметрдеги аспап болгондуктан үндү бийик созгонго жардам берип, ырдын көркүн ачат. Үндү бир нече убакытка чейин созгон соң, ошол деңгээлде кармап турууга жардам берет.
Вибрафон - Эки бөлүктөн турган бул аспап джаз музыкасында эң негизги орунду ээлейт. Вибрафондун үнү абдан ачык болгондуктан, адамга энергия тартуулап гана тим болбостон, организмдеги жаман ооруларды сыртка алып чыгат деп баса белгилешет - белгилүү джазмендер.


Джаз атактуулары
Кейко Матсуи - Япония элинин мыкты джаз аткаруучусу. Бүтүндөй калкка жеңил жана жеткиликтүү симфониялык оркестрдин жардамы менен жыл сайын "сюрприз" тартуулап келет. Кейко көбүнчө бибоп, башкача айтканда заманбап джазга басым кылат. Анын ырлары оригиналдуу келип, көптөгөн аспаптардын коштоосунда ырдын көркү ачылып, элге сиңип калганы анык. Өзүнүн джаз тобун уюштуруп, төрт альбомду жаратууга жетишкен.

Нора Джонс - 23 жашында мукамдуу үнү, назиктиги аркылуу угуучуларды өзүнө арбап алган. Бритни Спристин жана Пинктин ырларынан тажаган эл Нора Джонстун джаз ырларын кучак жайып кабыл алышкан. Анын аткарган ырлары, альбомдору тунук, таза, жандуу келип, маанайдын өйдөлөшүнө өбөлгө түзүп, көңүлдүн көтөрүңкү болушуна жардам берип келет.


Лариса Долина - Джаз музыкасын мыкты өздөштүргөн, керемет үнү менен таанымал болгон ырчы Лариса Долина кандай ырды ырдабасын баардыгы хитке айланат. "Мыкты рок- жана джаз ырчысы", деген номинацияларга ээ болуп, "Биз- Джаздан" деген кино тасмасында джаз ырчынын ролун мыкты аткарган.

Дайана Росс - Толук аты Даян Эрнестин Эрл Росс, соул, ритм-блюз, поп, джаз стилиндеги популярдуу америкалык ырчы жана продюсер. Өзүнүн музыкалык карьерасында 57 альбом жаратып, 150 млн дискин бүткүл дүйнөгө саткан. Гиннес китеби "20-кылымдын мыкты жана ийгиликтүү ырчысы" катары Дайана Россту аныкташкан. Дүйнөлүк "Billboard" журналы "Кылымдын мыкты джаз ырчысы" деген наамды беришкен.