п»ї

Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…
"Айлуу түндө ак денебиз кармалган, эң биринчи жигиттигим арналган, эң биринчи жарым элең кыз алган" деп бир белгилүү акын ырдаган экен. Нике ысык кезде түрдүү кызыктуу окуя болот эмеспи. Өмүрлөштөргө "нике түнү" же "келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" таризинде суроо узаттык...


Майрамкан Абылкасымова, КР эл акыны:
- Мен 20 жашымда турмушка чыккам. Кыз белгиси менен барбаса, миң сүйүшсө деле ажырашып атышчу. Мурун аял, эркек көрбөгөн жаштар өзү эле белгилүү болот. Кыйналып, кысталып дегендей. Ошо кезде эле айрым кыздарды "кыздыгы жок болгондуктан, этек кири келээр маалга туштаптыр" деп укчубуз. Апаларыбыз "өлүңгөрөйүндөр, эшек секирмей ойносоңор, арыктан чоң аттасаңар "түшүп" калат дегенинен сактанып жүрчү элек. Күйөөгө тийгенимден кийин "Ленинчил жаш" журналына "Мен мококмун кантейин, Сен да экенсиң анчейин, Өзүң суроо салбасаң, Мен каш кантип серпейин?" деген ырымды чоң атам окуп, жинденип "ай, кызың бузулуп атыптыр. Барып билип кел" деп, чоң апамды жөнөтүптүр. Чоң апам үтүрөйүп алган. "Сонун эле жашап атабыз" десем да ишенбей, күйөөм жумуштан келгенде кабак-кашын аңдып, көзүн карап бөйпөңдөп атты. Ал эски, мурун жазылган ыр болчу" деп араң эпке келтирдим. Кетээринде "мындан кийин ашыктык ырларды жазбай жүр. Күйөөсү кайсы күнү айдап жиберет деп ичкенибиз ирим болуп атат" деп кемшеңдеп жиберди. Кант-чайды баштыгына толтуруп салып берип, күйөө баласынын машинесине салып узаттым. Андан кийин сүйүү ырларым чыкканда чоң атам "жерге кирсин кызың. Жиндилигин токтотпоптур. Сагын жакшы бала эмеспи, Буга теңелбей атса керек" деп кобуранып, көңүлү чөгүп жүрдү дейт.


Үйлөнгөндө машинеси талкаланган Роза
- Мен жоолук салынып көшөгөдө деле отурган жокмун. Баш кошкондон тартып эле кайда барса калгым келбей, ээрчип жүрө берчүмүн. Ал эми жолдошум экөөбүздүн никебиз кыйылган күндү эстесем, досу бизди конокко чакырган. Конокто жыргап, ичип-жеп, каткырышып отурсак, эшикте токтотуп койгон машинебизди талкалап кетиптир. Өзүбүздүн бактыбыз тоодой болуп, үйлөнүп атсак, ага кейип отурмак белек? Кудайдын буюрганы деп унчукпай калганбыз. Эртеси күнү партнёрум Нурбек Дайырбек уулу куттуктап келип, сонун тамак жасап атпайбы. Экөөбүз сүйлөшүп алып, жолдошума тамакты мен жасадым деп койдум. Нурбектей даамдуу жасаш кайда? Эртеси күнү "дагы ошондой тамак жегим келип атат" деп жолдошум суранганынан айлам кетип жасамыш болуп жүрөм. Бышкандан кийин камырым жабышып, сорпосу жок, быткыйып калыптыр. Ошондогу уялганым ай…


Олжобай Шакир Аялын эки жыл сынаган
- Жубайым менден 10 жаш улуу. Мен өзүмдү үйлөнбөй өтөт болушум керек деп ойлочумун. Себеби, жалаң чыгармачылык бийиктикти гана максат кылып алган курч, жаш кезим да. Дос агам бар эле, ал: "Олжобай, үй-бүлө деген чыгармачыл адамга эң чоң жөлөк-таяк болот. Сен туура эмес ойлонуп атасың" деп калчу. Келинчегим кесиби боюнча ашпозчу. Колунан тамак ичип жүрүп, экөөбүз жакын болуп кеттик. Алгач, эки жыл ойнош болуп жүрдүк. Бир күнү жумуштан келип, эмне кылып атат болду экен деп, терезеден карасам, менин көйнөгүмдү аярлап таптап, анан жыттап отурбайбы. Ошондо ичим ысып кетип, "атаңдын көрү, кой, ушунун бактысын ачайынчы" деп баш кошуп алгам. Биз кошулгандан кийин, кошуналар эртели-кеч күбүң-шыбың эрмек кылып, жыргап эле калышты. "Булар кайсы убакка чейин жашайт дейсиң, эмеле ажырашат" дешчү экен. "Эй, бир жыл жашап койсок, ооздору жап болот" деп ыйлактаган келинчегиме айтчумун. Азыр кудайга шүгүр, Эвр аттуу уулум, Алиса деген кызым бар.


Күйөөсүнө от жактырган Саламат Садыкова
- Кыргыз эли эң жогорку сыйын келин алганга арнайт эмеспи. Мен дагы бир жакшы үйгө келин болуп барганмын. Жолдошум артымдан бир жума аңдып жүрүп, алып кеткен. Жаш кыз болсоң, коркуу сезими болот да. Жеңелер кайтармай сыяктуу ырым-жырымдар башкалар сыяктуу эле менин да башымдан өткөн. Түштүктө келинге сайма туш кийиз тартса, Таласта ак жибек көшөгө тартат экен. Мен такыр эле башка дүйнөгө түшүп калгандай болгом. Көшөгөдө отурсам, боор менен куйрук, артынан күлчөтай апкелип, азан-казан түшүп, "балакетиңи алайын, алдыңа кетейин" деп жалынып аткандары эсимде. Жолдошум үй-бүлөгө карамдуу эле. Айылда жашасам да күл чыгарып, от жаккан жокмун. Эртең мене жумушка кетип атканда мени үшүбөй жатсын деп отту жагып, бетимден өөп, анан кетчү. Азыркыга чейин сый калганыбыз да балким, ошондондур. Көрсө, мен эң татыктуу адамымдан "ырсыз жашай албайм" деп, ырды бийик коюп, басып кеткен экенмин.


Маликти минген Шайыр
- Анда Абдымалик экөөбүз жаңы эле үйлөнгөн кезибиз. Курбу кызым Москвада окучу. Бир күнү ал Кыргызстанга кетмей болуп, "жакшы барып кел" деп коштошуу үчүн жатаканасына бардык. Кайра кетип атканда мен бутумду кокустатып алып басалбай калдым. Анан Малик мени мойнуна мингизип алып, үйгө чейин көтөрүп барган. Жолдо бийик дубал бар эле. Ошо жерден өтүп баратып, ушунун ары жагында эмне бар, кандай болду экен деп кызыга берчүмүн. Качан күйөөм эркелетип, мойнуна көтөрүп баратканда дубалдын артындагы кадыресе дүйнөнү көрүп, "башка жерден айырмасы жок турбайбы" деп күлгөн болчумун.


Жубайына жетпей "ыйлаган" Жолдошбек
- 20 жаш курагыбызда үйлөндүк. Никебиз Москвадагы татар мечитинде кыйылган. Ал кезде иий, жыргал күндөр эле. Экөөбүз тең бири-бирибиз үчүн биринчи болгонбуз. Албетте, эч бир жигит жаңы үйлөнгөндө сен менин үчүнчү же төртүнчүмсүң дебейт. Эч бир кыз күйөөсүн "экинчим эле…" деп айтпайт дечи. Бирок, биз кыздык-жигиттигибизди арнашканбыз. Экөөбүз арзышып жүрүп үйлөнсөк, анан… кызыл-жаян болуп жатса… тазалыгына бөркүңдүй ишенесиң да. Бирок, тү-тү, аял деген амалдуу болот, мындан аркысын кудай сактап, арыдан-бери болгону жакшы. Ошентип, экөөбүз никебиз кыйылып, актыгыбызды бир күн текшеришип койгон менен үч-төрт күнгө чейин бир жаздыкка баш коюп, бир төшөктөн бут чыгара албай кыйналганбыз. Дегеним, биздин курс жатаканада турчубуз. Жубайым үч кыз менен өзүнчө, мен Тата Улан, кодо Улан болуп жашачубуз. Бир күнү старостага мурдум менен бир тийдим. "Мен кечке аялым менен чогуу жүрүп, "возбуждение" болуп атсам, кечинде бөлүп кетип атасыңар" деп догурунгандан кийин, экөөбүзгө бир кичинекей бөлмөнү бошотуп беришкен.

Асмат Жылдыз






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??