п»ї

  Миң түркүн…

Атактуулардын хоббиси
Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, ар түрдүү кесиптин ээлери: саясатчы, спортсмен, кино жылдыз, атактуу ырчылардын ар бир мүнөтү өлчөмдүү болсо дагы, сүйүктүү хоббисин эстен чыгарышпайт. Анда айрым атактуу адамдардын хоббиси тууралуу сөз кылсак.

Алгач Голливуд жылдыздарына байкоо жүргүздүк
Бред Питт - Антиквариаттын сүйүүчүсү. Ал акчасынын көбүн зер буюмдарына коротот. Аларды белекке бергенди сүйөт. Кооз идиш аяктарды да чогултат. Анын ашканасына баш баккан адам колдонулбаган, эски, ар түрдүү идиш аяктарды көрүп таң калат. Арасында ар түрдүүсү бар: чоподон, тактайдан, айнектен… Көбүнчө ар түрдүү фигуралуу хрусталь идиштерине басым жасайт экен.Ошондой эле бош убактысында белгилүү сүрөтчүлөрдүн, адатта Пикассонун жараткан шедеврлерине суктанып, аларга саякат жасоону адатка да айландырган.


Боевик кинолордо терс каармандардын ролун мыкты жараткан Шон Коннери - шатлан- юбкаларына абдан кызыкканы көпчүлүктүн оозун ачырды. Аларды сатып алуудан эч тажабайт, жада калса ал юбкаларды көрсөтмөгө чыгарып, эл алдына тартуулаган. Учурда анын шатлан-юбкалары сан жеткис болуп калса да, кызыгуусу дале тарай элек. Актерлордун арасынан "Өзгөчө хоббинин ээси" деген наам алып, орден менен сыйланган.


Сексуалдуу айымдардын катарын толуктаган Джессика Альба көз айнектерди көргөндө баса калат. Кызыгы, көз айнектин өзүнө эмес, анын четиндеги темирлерине суктанат экен. Эгерде темир жасалга жагып калса, кымбатына карабай сатып алаарын айткан.


Белгилүү актриса Деми Мур дагы эле куурчактар менен ойноп бүтө элек. Башкача айтканда, бош убактысы боло калса, жакшы көргөн куурчактарынын жанынан чыкпай калат. 200дөн ашуун куурчактардын ээси Деми Мур аларга өзүнчө бөлмө жасап, көйнөк тиктирип, кадимки балдарындай эле кам көрөөрүн айткан. Эң жакшы көргөн куурчагын 55 миң долларга сатып алган.


Андан соң Россиянын өкүлдөрүнө көз салдык
Чоң театрдын балеруну - Николай Цискаридзе тикмечи дагы. "Тигип жаткан учурда негативдүү жана жаман ойлор алыстап, алдыга койгон максатына жетүүгө жардам берет. Тынч олтуруп, ойлоруңду ордуна келтирүүгө жакшы өбөлгө түзөт" - дейт бийчи мырза. Үйүндө колго тигилген жүздөн ашуун жүз аарчысы бар. Жада калса "чешкаларын" да өзү тигет.


Алыпбаруучу Валдис Пельш аскер каскаларды чогултканды хоббисине айланткан. Алардын арасында булгаарыдан жасалган өзгөчө касканы Германиядан алып келген. Анткени ал Наполеондун армиясында офицерлер кийген 19-кылымдагы каска.


Боорду эзген Евгений Петросян клоундун фигураларын жанындай көрөт. Кайсы жакка саякат жасабасын клоундун түрүн чогултуп келет. Аларга кызыкканын Петросян "Биринчиден ал мага окшош, экөөбүздүн тең жылмаюубуз кулагыбызга жетет. Аны карап суктанып отуруп, тамашалар ойго келип, өзгөчө бир образ жаралганга түрткү берет" - деп түшүндүрөт.


Оригиналдуу үнү менен өзгөчөлөнгөн Витас кактустарды өстүргөндү жакшы көрөт. Кактус тикенектүү жана сейрек кездешүүчү өсүмдүк болгону үчүн ырчынын жан дүйнөсүнө жакын. Витастын үйүнө киргендер кактустун түрүн көрүп, өзүнчө бир питомникке түшүп калгандай сезимде болушат. Эмнеге кактуска кызыгып калгансың деген суроого Витас; "Кичине кезимде курбу кызым бир кактус белекке берип, ошондон бери ага кызыгып, жыл сайын аны көбөйтүүгө аракеттендим. Кактус бөлмөдөгү микробдорду тазалагандан тышкары, маанайдын көтөрүңкү болушуна өбөлгө түзөт" деп жооп берген.


А кыргыздын айрым инсандары эмне менен алектенишет болду экен?
Белгилүү саясатчы жана депутат Бегалы Наргозуев бүлүнгөндү бүлдүрбөй, тескерисинче, бүлүнгөндү бүтөгөнгө мыкты мастер. Бош убакыттын аздыгына карабай бузук сааттарды оңдогондон эч чарчабайт.


Ырчы айым Асел Турдалиева гүлдүн түрлөрүн өстүргөндү жактырат. Бош убактысында гүлдөргө суу куюп, алардын гүлдөгөнүн көрүп суктанып, андан ырахат алат. "Гүл алуу жана аны белекке берүү чоң кубаныч болсо, аны өстүрүү, ага кам көрүү андан да керемет" дейт Асел айым.


Кез-кезде куудулдана калчу ырчы айым Мээрим Мураталиева сууда сүзгөндү абдан жакшы көрөт. Бош убактысында курбулары менен бассейнди көздөй бет алат. Сууда сүзүүдөн тажабаган Мээрим "Русалка" деген да атка конгон. "Бирок, Мен Ысык-Көлгө түшүп көнүп калгандыктан, кээ бир бассейндерден алымсынбайм" - дейт.


Кыргыздын белгилүү спортсмендеринин бири Алмазбек Акунов баарыбызга маалым болгондой "Эрежесиз күрөш" менен машыгып келет. Ал бош убактысы боло калса жакшы көргөн тайгандарына бет алат. Аларга өзгөчө кам көрүп, кээде ар түрдүү салбуурундарга катышып, тайгандарынын күчүн сынап келет. Ошондой эле белгилүү чиновник Марат Султанов дагы итке жакын. Ал "Ит адамдын досу" деген макалга бекем ишенгендердин бири.


Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??