п»ї

Көз
мончок
Аздек Намазбекова
Күттүргөн күн келип…
Кайдан билип алганын билбейм, (Сүйүндүккө кайра ишеним артаар же артпасымды биле албай чайналып жүргөнүмдү) же Таңсулуудан шек кеткенби, айтор Дастан күн алыс телефон чалып "Бул жашоого бир гана ирет жаралаарыбызды билесиң ээ. Ошон үчүн эч нерседен коркпой жаша" деп көп айтчу болду.
"Айтканга оңой, аткара келгенде кандай кыйын экенин өзүң билет болду бекенсиң?" деп коём ичимден. Менин дем алганымдан же улутунганымдан эле оюмду окуп, ошого жараша ар бир сөзүмө алдын-ала жооп таба билген, эркекте мындай сезимтал, боорукер адам чанда кезигээрин мурун эле сезгем. Тамашакөйлүгүчү. Ар бир сөзүн күлкү коштойт. Анын жанында эч качан зерикпейсиң. А бирок адамды көзү, же өзү жакшы деп сүйбөйт экенсиң. Жүрөктүн тандоосуна таң берип болбойт тура. Болбосо ар бир сөзүнүн аркасында кылтыйып жашырынган мага карата жакшы көрүп, жактыруу сезими бар экенин кылгыра тиктеген көз карашынан, колдорунан колума өткөн жылуулуктан, анын каалоосун түшүнбөй койду дейсиздерби? Жок, сездим, туйдум. Бирок ал канчалык асыл адам болгонуна карабай муштумдай кызыл эт Сүйүндүк дегенде гана тыбырчылап кетээрин кантип танам.
Курбум Кундуз да "Өзүң билчи, кийин токон-наалатыңа калгыдай алым жок" деп жүрүп, бир күнү чарт жарылды:
- Эгер күйөөңө "жок" десең өмүр бою өкүнүп, бармагыңды тиштеп өтөсүң. Ага эмне, эркек, эч нерсеси коробойт "мени кайра кабыл ал" деп тигинисине кете берет. Анан калып каласыңбы кызыңды кучактап?! Качанкыга чейин карарасың? Корко берсең турмушуң түзөлмөк тургай дал ошол өзүң элестеткендей туура эмес болуп калат. "Пенденин оюндагы нерсе периштенин кулагында", ошону билесиңби? Андыктан жаман ойлобой, "сени сүйөм" дегенине сүйүнүп, кол кармашып жашап кетпейсиңби? Же?..Же досуң Дастанга ишенип, аны менен жаңы турмуш куруп кетем деген оюң барбы? Аныңдын акыл-эстүү, сөзү орундуу жигит экенинде талаш жок. Бирок, сен аны сүйбөйсүң да?! Туура айтамбы? Сен Сүйүндүктү ойлоп, эки жаздыкта үч баш болуп уктайсыңарбы?
Кундуздун айтканында келет жок.
Кызым да Сүйүндүк келгенде кубанычы койнуна батпай, быдылдап көргөн-билгенин сүйлөп берип, кыткылыктап күлкүсү тыйылбай экөөнүн жаны бирге. Анан кантип экөөнө тоскоол болом?..
ххх
Туулган күнүм эле. Айылдан мен үчүн атайын апам келип, кечке маал жумуштан кийин кызымды ээрчитип алып Чүрөк эжемдикине баргам. Сүйүндүк кечирээк келип кафеге алып бармак. Менден мурун менин чоо-жайымды эжемден уккан апам (мен тартынып айта албай жүргөм):
- "Ат айланып казыгын табат" деп коёт кыргызда. Жаш жигит эмес, алтымыштагы абышка деле адашат. Башка кыйынчылык түшкөндө, турмуштун оор соккусуна чыдай албай көбүнчө жүүнү бош, эрки жок эркектер өз боюн таштап жиберишет. Андай дейин десем, баардык каршылыкка туруштук берип, сага кайрылып келип, жалдырап айланчыктап жаныңдан чыкпай жүргөн баланын көңүлүн суутпа. Кетирген катасын мойнуна алып, оңдоп кетейин дегенине ыразы болуп турам. "Эр берген, жан бергенге барабар". Өзүңдөн оолактатпай кайра өз боюңа тартпайсыңбы? Ортодо кызың турат. Менин тилимди алсаң жарашып ал. Бирок, аны менен мен жашабайм, эжең жашабайт, сен жашайсың. Ошон үчүн жакшылап ойлон. Мага сенин ким менен болбосун бактылуу жашап кеткениң керек,-деген апамдын сөзүнөн кийин жүрөгүмдөн бирөө оор жүктү алып салгандай жеңилдей түштүм.
"Жалкыбай, өзүн-өзү билип кайра анысына эмнеге жабышты" деген сөздү күтүп жүргөм.
Ошентип, бир чечимге келип, бүгүн аны Сүйүндүккө билдирем, деп күтүп калдым.
Болжошкон убакыттан өтө кечиккен Сүйүндүк көздөрү канталагандай кызарып, бир нерсеге кооптонгондой тынчсызданып, шашкалактап келди. "Эмне болгон, ыйлаганбы?" деген ой кетти мага.
- Аздек, мм…мени кечирип койчу. Бирок ушундай болуп калды. Мен тигил жакка шашылыш кетип жатам. Заира катуу ооруп, ооруканада экен.(Ушунча жүрүп "тиги кишисинин" атын азыр угуп жатам) Балдарыма барышым керек. Мен бараарым менен иштин чоо-жайын байкап, канчага кармалаарымды сөзсүз чалып айтам. Сен болгону жаман ойлобо. Мен аны ушундай учурда таштай албайм. Келем. Мен сага сөзсүз кайрылып келем.
Көрсө ээрчип ыйлайт го, Кымбатты мен үчүн өөп кой,-деп мени кучактай коштошуп жөнөп калды.
Эмне дээримди билбей эле тил-ооздон калган немедей жалдырап, дарбазанын сыртында кала бердим. "Мен ушундай болоорун сезген үчүн эки анжы ойдо болуп, жообумду кечиктирип жаттымбы? Качан келет? Деги келеби? Эми үйдөгүлөргө эмне деп айтам. Тигил аялы ооруп калыптыр дейминби? Антип айтууга оозум барбайт. Мынчалык шашылыш чакырганына караганда чындап эле катуу оорубу же аялдык амалга салып эптеп жанына чакырып алгысы келип жатабы?" деген түркүн ойлорго жетелендим.
ххх
"Мен жакшы жеттим. Силер кандайсыңар? Качан кайтаарымды азырынча так айта албайм. Мен келгенде Заира экинчи жолу операцияга кирди. Жүрөгүнөн экен…Балдар жакшы, карап жатам" деп Сүйүндүк сөз бергениндей күн сайын чалып турду. Буга чейин өзү тургай атын да билбеген аялдан күйөөмдү тымызын кызганып жүргөн болсом, эми анын амандыгын тилеп, бассам-турсам оюмдун баары Заирада болуп калды. Күткөнүм, аңдыганым эле телефон. Билинбей айлар-айга алмашып кеткенине туура жети ай болгондо Сүйүндүк "баратам" деп байланышты.
ххх
- Бул сага аманат кат. Аманатты бербей коюуга акым жок. Аябай суранган,-деген Сүйүндүк менден көзүн ала качып бекем чапталган калың конвертти сунду.
" Аздек, жакшысыңбы? Кызың чоңоюп жатабы? Сен экөөбүз сыртыбыздан гана тааныш экенибизге карабай сен жөнүндө Сүйүндөн аздыр-көптүр угуп, билип калдым. Сага алдыда жалаң жакшы күндөрдү гана каалар элем. Балким сен мага ишенбестирсиң, анткени сен экөөбүз кантсе да күнүлөштөрдөн болуп калдык да. Бирок сага деген ниетим таза.
Сага айтайын дегеним, чоң суранычым: эки баламды энеси бөлөк деп өгөйлөп, жетимсиретпей, бооруңа тартып багып ал. Эки чүрпөм кызыңа бөбөк, чоңоюшса өзүңө жөлөк болуп берээрине ишенем. Айлам жоктон балдарымды аманат кылып таштап жатам. Эми менин айыгып адам болуп кетээрим күмөн…Мен мындай болоорун билбесем да оорукчан жүрөгүм сезген экен. Эмнегедир эле кийинки жылдары түпөйүл тартып, сыздап турчу. Жан адамга айтпаган сырымды сага төгүп, жеңилдеп алайын. Бул тууралуу Сүйүн да билбейт. Аял катары мени түшүнүп, аясаң ал билбеген бойдон калсын. Ал мен тууралуу жаман ойдо калышын каалабас элем. Мен аны бөтөнчө жакшы көрөм, көргөм…
…Токсонунчу жылдардын ортосунда элдин шары менен күнөстүү жеримди таштап Россияга келгем. Он сегиз гана жашта болчумун. Ары кетип, бери кетип кыйналып, ар кайсы жумуштарда иштеп жүрүп, өзүмдөн жыйырма жаш улуу адамга жолугуп, жашап калдым. Ал мени аябай сүйчү. Кадимкидей никеге туруп, бүт үй-жайын мага каттатып, көзүмдү карап, ысык жашадык. Ал каалагандай жыйырма жашымда уул төрөп бердим. Ого бетер мени төбөсүнө көтөрүп, эч нерседен кем кылбай бөпөлөдү. Бирок, менде баары бар болгону менен бара-бара ал адамдын акчасына азгырылып гана жүргөнүмдү түшүнүп, оюм бузулуп жүрдү. Мен үй-бүлөлүк турмушту балким башкача элестеткендирмин же ошол учурда даяр эместирмин, ким билет…Менин тескери оюм орундалып, күтүүсүз жерден жолдошум машинасы менен киши койдуруп алып кесилип кетти. Баары күтүүсүз болду. Бирок, мен анын аркасынан издеп барып, баламды багып, аны күтүүнүн ордуна, үй-жайды сатып, балабызды картаң энесине таштап баса бердим. Ансыз да жаштыгым текке кетти, эми балага байланып калмак белем деген ойдо болчумун. Капастан эркиндикке чыккандай эле болдум. Мага ишенип, мени жакшы көрүп, түгөй болуп берет деген үмүтүн актабай, күйөөмдү орго түртүп баса бергенимди эч күнөө деп эсептебей, анын акчасына башка шаардан үй-жай алып, эч нерсе болбогондой жашап калдым. Кийин-кийин тааныштар аркылуу күйөөмдүн ошол жактан ооруп көз жумуп калганын уктум. Ошондо жүрөгүм бир тызылдады. Ошончо жүрүп баламдын тагдырына кызыкпай, кийин бир издеп барсам кайненем кайтыш болуп, баламды балдар үйүнө өткөрүп жиберишиптир. Болоору болду, жаңы турмуш баштайм деп издеген жокмун.
Сүйүнгө жолукканымда чындап сүйүп калганымды түшүндүм. Аны күткөн кыз алган жары бар экенин билип туруп, "кой, бар" дей албадым. Кудуретим жетпеди. Тескерисинче, болгон аракетим менен жаныма жакындатып, жар кылып алгым келди. Алгачкы жылдары аябай жакшы жашадык. Пенде болгон соң байлыкка кызыкпай койбойт экен. Үстүнө үй, астына машина, кыз десе кыз, уул десе уулу турса мени кантип таштап кетсин деп ойлочумун. Чынын айтсам, Сүйүндөн балалуу болгондо Кудай менин күнөөмдү кечирди деп ойлогом. Көрсө…Жылдар өткөн соң басса-турса ой басып, эч себеби жок көп ичип, акыры "Аздекти кыйбайм, мени менен кыйналып жашабай эле койчу" деп кете бергенде гана мени сүйө албасына көзүм жетти. Баары бар бакыт жок деп коюшат го. Бала кезимден эле ооруп, бирок жаштыкка салып көп этибарга албай жүрө берген жүрөк оорум ошондон кийин күчөгөндөн-күчөдү…
Дагы суранам, балдарымды ыйлатпа. Сага амандык, балдарыңа бакыт-өмүр тилеп, саламым менен Заира"
ххх
Кат колумдан жылмышып түшүп, өйдө карап, Сүйүндүктүн тизесинде мени чочуркай тиктешкен эки наристени жана күлмүңдөп атасына жөлөнүп турган кызымды көрүп көз жашым мончоктой төгүлдү.
(Аягы)
P.S. "Көз мончоктогу" башка каармандардын учурдагы тагдыры сизди кайдыгер калтырбаса жакынкы айларда толукталып жарык көрүүчү китептен окуй аласыздар.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??