Атактуулар ааламы

Земфирага азгырылып жолдошун чанган
Рената Литвинова
Көп кырдуу талант, көпчүлүктүн көңүл борборунан оолактабаган Рената Литвинованын жашоосуна көз жүгүрткөн адам кайдыгер калбайт. Күтүүсүз "сюрприздерди" даярдап, өзүн да, өзгөлөрдү да таң калтырган актрисаны жакындары аны "мина" деп тамашалашат. Эркектерди өзүнө жипсиз байлап, артынан ээрчиткенинин бирден-бир себеби - анын табышмактуулугу.

Бала кезинде бир баштык алма кемирген актриса
1967-жылы 12-январда дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн актриса Рената Литвинованын буга чейинки басып өткөн жолунан көлөмдүү чыгарма жазса болчудай. Атасынын улуту татар, апасы орус улутунда. Ал эми Рената деген ысымды татар туугандарынын урматына коюшкан. Актрисанын атасы эрте каза болуп калып, кичине кезинен эле бир үйдө апасы менен жалгыз калган. "Үйгө бирөөлөр келсе үйдө атам бар экен деп ойлошсун деген ниетте кире беришке атамдын баш кийимин, же тондорун илип койчумун" деп эскерет ошол күндөрүн. Апасы кинону жакшы көргөндүктөн кызын күнүгө кинотеатрга ээрчитчү, ал кезде Рената кинолорго анча маани бербей өзүн алаксытыш үчүн кинонун башынан аягына чейин бир баштык алманы кемирип отурмай адаты бар экенин жылмаюу менен эскерет. Мектептеги күндөрү жарытылуу эскерүүлөрдү калтырбагандыктан ал кездерин сөз кылууну көп жактыра бербейт. Классташтары, мугалимдери менен аралашып жүргөндөн көрө сабактан үйгө эртерээк келип, апасынын медицина тармагындагы энциклопедияларын окуган ага кызыктураак сезилчү экен. Онунчу классында үйүнүн түбүндө жайгашкан ВГИКке экзамендерди ийгиликтүү тапшырып кино дүйнөсүнө аралаша баштайт. Анын актёрдук чеберчилигин байкаган кесиптештери колдон чыгарбай окуусун бүтөөрү менен киностудияга алып калышкан. Ренатага чыныгы атактуулук Александр Миттанын "Граница. Таёжный роман" сериалына тартылгандан кийин келген.

Земфиранын айынан жолдошу менен ажырашты…
Актрисанын биринчи жолдошу Александр Аниповдун кесиби кинопродюсер экенин, экөө алты жыл жашап ажырашып кеткенинен бөлөк маалымат тараган эмес. Биринчисине караганда экинчи никеси алда канча "жемиштүү" болгонун Рената ылайыгы келген жерден тамаша-чын аралаш айтып калат.
Экинчи жолдошу, жеке ишкер Леонид Добровский менен Рената Литвинованы достору тааныштырышкан. Беш жыл чогуу түтүн булатып келе жаткан жубайлар мындан төрт жыл мурда чоң ызы-чуу менен ажырашып тынышканы көпчүлүккө маалым. Буга чейин ажырашууларына эмне себеп болгонун жашырып келишсе, акыркы күндөрү кызына жабылган жалган жалааларга чыдабай апасы Алиса Михайловна журналисттерге экөөнүн жашоосун кенен баяндап берген. "Күйөө балам табиятынан өзүн колго ала албаган, кызыл камчы. Земфира менен Рената тууралуу сөз тараганга чейин экөөнүн мамилеси дурус эле болчу. Кийинчерээк Рената Земфира менен телефон аркылуу сүйлөшүп койсо жинденип, ойго келбеген сөздөр менен сөгүп, көк ала кылып сабамай өнөрү күчөдү. Ал тургай бир жолу кызымды ашканада бычак менен кууп жүргөнүнөн араң арачыга түшүп аман алып калгам. Акыркы жолу түн ортосунда катуу кыйкырык, сөгүнгөн үндөрдөн чочуп ойгондум. Эмне болуп жатканын дароо түшүнүп кызымдын бөлмөсүнө барсам…Добровский кызымды муунтуп жатыптыр…ортолоруна дагы арачы түшүп кызымды, неберем Ульянаны алып үйдөн чыгып кеттик. Ошол окуядан кийин Рената курбусунукуна көчүп барып, ажырашууга арыз берди. Бизге белгисиз себептерден улам ажырашуу процесси улам артка жыла берип Добровский Ренатаны энелик укугунан ажыратууга бир нече адвокат жалдады" дейт арманы аттын башындай болгон эне. Чынында эле сот иши өтө узакка созулуп, аягында экс-жубайлардын ортосундагы кызын энеси менен калтыруу чечими чыгарылган.

Атайын түзүлгөн эреже
"Ренатанын жүргөн-турганы кызыбызга үлгү боло албайт. Земфира менен көп басып-туруп, Ульянага жарытылуу тарбия берээрине ишенбейм" деп күйүп-бышкан Леонид Добровскийдин оюн сот эске алып, "араба сынбагыдай, өгүз өлбөгүдөй" чечим чыгарышкан. Ульяна жазгы, күзгү эс алууну атасы менен өткөрөт. Туулган күнүндө эртең мененки саат он бирден кечки саат сегизге чейин атасы менен майрамдайт. Андан тышкары ар бир аптанын бешинчи күндөрү Добровский кызын алып кетип, дем алыштарды чогуу өткөрүшөт. Бир караган адамга бул чечим адилетсиз көрүнүшү мүмкүн. Бирок, актрисанын экс- жолдошу жазган арызында Рената төрөөрү менен бала багуучу жалдап, өзү карьерасына баш-оту менен кирип, балага да үй-бүлөгө да жарытылуу көңүл бурбай калганын баса белгилеген. Ошол эле учурда кызы мектептен сырткары кандай курска барса да болгон чыгымын Добровский төлөйт, бирок ал чыгым бир айда 3500 доллардан ашпашы керек. Ал эми ай сайын 3500 долларды эмне кылып кайда жумшаганы тууралуу Рената жолдошуна төлөө кагазын көрсөтүп турат. Учурда Ульяна бала багуучусу менен өзүнчө батирде, ал эми энеси Земфира менен башка үйдө жашап жатышат.
"Кызымдын жашоосуна кийлигише албайм!"
Россиянын шоу-бизнесинде табышмактуу, түнт, ырчылардын бири Земфира журналисттерге жеке жашоосу тууралуу ашыкча маалымат бербей келет. Бирок, ал сүйүүсүн сыр кылганы менен Рената Литвинова аны "акылдуу, сулуу, назик, боорукер" деген сыяктуу сөздөр менен жерге-сууга тийгизбей мактап келет. Жакында эле Земфира Рената менен Ульянаны энеси Флорида Хакиевна менен таныштырууга үлгүрдү. Апасы "Эмне дешти да билбей турам… Кызымдын өз жашоосу өзүндө, кандай кылса да өз эрки. Буга чейин кызым досторун бизден оолак кармап, ээрчитип келмек тургай үйгө телефон чалдыртчу эмес… Ренатанын кызы Ульяна мага абдан жакты, неберелеримди кандай жакшы көрсөм, Ульянаны да жакшы көрүп кетээриме көзүм жетет" деген пикирин билдирди. Кошумчалай кетсек, азыр Флорида Хакиевнанын Рамиля аттуу уулунан Артем жана Артур аттуу эки небереси бар.
Адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, өзгөчө аял кишиден…Айтайын дегенибиз, Россияда бир жыныстагы нике кабыл алынбагандыктан эки айым 2009-жылдын сентябрь айында Швецарияга саякаттаганы барышкан. Айрым маалыматтарга караганда Швецарияда бирдей жыныстагыларга никеге турууга мыйзам уруксаат берээрин билген Земфира менен Рената никеге туруп келген деген имиштер да болуп жатат. Бул маалыматты экөө жокко чыгарып танганы менен колдорундагы нике шакектер экөөнүн баш кошконун айгинелеп турат. Ар бир адам өз жашоосун каалагандай түзүп, көңүлү эмнени эңсесе ошону ишке ашырууга укугу бар эмеспи. Жогорудагы сөздү далилдеп, элдин ушак сөздөрүнө кулагын жапырып Рената менен Земфира чарчабай бактысы үчүн күрөшүп келе жатышат.