п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-111-01. Уулжанымдын узун чачын, кара кашын, мөлтүрөгөн көзүн, айткан сөзүн кантип унутам, кантип?.. Жаным сыздап ооруп турат жүрөгүм. Аза.
ОП-111-02. Эх смсчилер, менин кайгым жүрөгүмдү өрттөп сыздатты, мен бактысыз жан экенмин. Жалгызым Уулжанымды алакачып кетти. Жете албадым, жашагым да келбей калды. Кандай гана азап-тозок, сүйгөнүң башка менен жүрсө. Караанын бир көрүүгө зарыгып күтө берем, Уулжанымды сагынып. Аза.
ОП-111-03. Присавайдагы 93-жылкыларга салам. Дайым бар болгула! Айчүрөк93.
ОП-111-04. Жумгалдык Айсулуу, Сезим бар болгула! Айзада.
ОП-111-05. Дүйнө сулуу инсан менен,/ Сүйүү ширин ыйман менен./ Аллах берген өмүр таттуу,/ Сага окшош инсан менен./ Жанымдын жарымы болгон Мирбек Иманбековго чоң салам. Ар дайым бар болуңуз! Чолпон.
ОП-111-06. Сүйүктүү ырчым Ильяз Абдыразаковго чоң салам. Мен сени жакшы көрүп угам. Айзада.
ОП-111-07. Сезимиңди тепселедим кечиргин,/ Жүрөгүңдүн тазалыгын билбепмин./ Жарты жүрөк жарым жолдо алсырап,/ Сүйөөрүңдү убагында сезбедим./ Бема.
ОП-111-08. Караңгы туңгуюкка камалып, жарыкка чыкчу жол таба албай кыйналып турганымда жандүйнөмдү түшүнгөн өзгөчө бир дос таптым. Ал "Обон" газетасы, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Чопа94
ОП-111-09 . Жаным Ильич, экөөбүз баскан жолдор кайда? Биз өткөргөн күндөр кайда? Биз антташкан сөздөр кайда? Ошондогу айлуу түндөр кайда? 07734070хх.
ОП-111-10. Унуткум келбейт, бирок айласыз унутамын,/ Күнү-түнү көз жаш менен өзүмдү курутамын./ Кечиргин мени асыл жар боло албадым,/ Жароокерим асылыңдын бактысын талашпайын./ 07734070хх.
ОП-111-11 .Түн өтсө кайра таң атат,/ Табият сырын ким айтат./ Акырын жылып билинбей,/ Жаштык кез кайда баратат./ Айчүрөк93.
ОП-111-12. ОШТУнун ФТИПП факультетине, ХПК7 группасына аябай чоң салам. Жакшы окугула курсташтар! 05500588хх.
ОП-111-13. Менин саламым Табигат сырдуу Алтынайга жолдонот. Ар дайым бар болуңуз жана бай болуңуз! Айчүрөк93.
ОП-111-14. Айтакунов Улук, мен сени чексиз сүйөм. Мендей сени эч бир адам сүйө албайт. Бил ошону, сүйүүмдү баала! Жипара.
ОП-111-15. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылына сагынычтуу салам. Шахризада.
ОП-111-16. Айтакунов Улук, жаным сени сагынганымдан айламды таппай жатам. Мен сени чексиз сүйөм. Экөөбүз бирге бактылуу болобуз. Мен сени эң бактылуулардын биринен кылам, мага ишен сүйүктүүм! 07787136хх.
ОП-111-17. Сүйүүнү сүйө билбей тартып билгин,/ Сүйгөн соң сүйгөнүңдүн баркын билгин./ Ойлонуп көпкө чейин таарынбастан,/ Кылдаттап адамкерчилик салтын билгин./ Г...
ОП-111-18. Даниель, сиздин атыңызды мен мындайча чечмеледим: Дайыма аракетчил, намыскөй, ишенчээк лампочка! Лампочкадай кыргыз элине жарыгыңыз чачырап турсун! Мая.
ОП-111-19. Э.Дима, мага чалсаң. Сенде сөздөрүм бар эле. 0777704692
ОП-111-20. Салам достор! Айткылачы эмне үчүн жашоо татаал? Жүрөгүмө кандайдыр бир кайгы орношуп алды, канчалык өзүмдү алаксытсам да тынчыбай койду. Канткенде мен мындай азаптардан кутула алам? Мага кеңеш бергилечи, 0777704692 номерине смс жазгыла! Лола.
ОП-111-21. Кыз зирек, баамчыл пенде. Кыздар көңүлүңөр гүлдөй назик болсун. Ал эми жигиттер кыздарды сыйлагыла! Алина.
ОП-111-22. Ар ким сезсе өз айыбын чынында,/ Адам деген аты жашайт кылымга./ 07778430хх.
ОП-111-23. Менин саламым Таразда иштеп жаткан Кара-Кулжалык Анарага жолдонот. Сени абдан сагындым. МистирХ
ОП-111-24. Жароокер жаным, менин падышам,/ Айдина-атың сенин ханышам./ Бар болгун кагылайын балапаным,/ Бүт сеники болот менин тапканым./ Апаң Марипа.
ОП-111-25. Бермет эже 7-апрель туулган күнүңүз менен! Кыздарыңыздын жакшылыгын көрүп бар болуңуз! Асел.
ОП-111-26. Түн бир оокум, сени ойлоп уйкум качты,/ Көз жашым жаздыгыма тамып жатты./ Сени ойлоп, сени эстеп сагынганда,/ Жүрөгүмдүн тамырлары сайгылашты./ Бул ырларым бир гана сен үчүн! Бирок, экөөбүз азыр сүйлөшпөйбүз. Бахти.
ОП-111-27. Бекжан базарында иштеп жаткан эжем Наргиза, жездем Куштарга салам жолдойбуз. Уулуңуздардын урматын, кызыңыздардын кызматын көрүп, бактылуу болуңуздар! Бекжанда иштеген инилериңиз.
ОП-111-28. Намыстуу бол, намыс бербе башкага,/ Сүйгөнүңдү, досторуңду кастаба./ Бузукунун кирип кетип тилине,/ Сүйгөнүңдү ара жолго таштаба./ Эркай.
ОП-111-29. Жылдыздай жанып турган көздөрүңдөн,/ Сүйөм деп айткан сенин сөздөрүңдөн./ Жаным айтчы, чындап мени сүйөөрүңдү,/ Мен дагы айтсам дейм сүйгөнүмдү./ Бахти.
ОП-111-30. Жанымдын жарымысың,/ Жүрөгүмдүн жалынысың./ Жашоомдун кызыгысың,/ Сүйүүмдүн жылдызысың./ 07784303хх
ОП-111-31. Бекжан базарындагы титирек достор Зарыл, Алымбек, Алмаз, Аман, Азамат, Кыяз титиреп жүрө бергиле! Мирбек.
ОП-111-32. Атым Али, түшүнүктүү, намаз окуган кыздар менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. Жакшы ниетте смс күтөм. 0772403670.
ОП-111-33. Алай районунун Кара-Булак айылынын тургуну Кадыр(78), мен сизди он жылдан бери унуталбай жүрөм. Барахолкадан көрүнбөй калдыңыз го, үй-бүлөңүз бар экенин билем, кечириңиз, бирок сизди сүйөм. Окуп калсаңыз смс жибериңиз. Эски таанышыңыз.
ОП-111-34. Атым Адина, жашым 17де, жердигим Нарын. Дос болуу максатында 17-23 жашка чейинки балдар менен таанышам. 0772798846
ОП-111-35. Атым Адина, жашым 17де, жердигим Нарын. Дос болуу максатында 17-23 жашка чейинки балдар менен таанышам. 0772798846
ОП-111-36. Сүйөмүн сени,/ Сүйгүнүң мени./ Сүйбөсөң мени,/ Сүйдүрөм сени./ Бахти.
ОП-111-37. Бекжан базарында жолукканбыз жаңыдан,/ Билем, бирок унуталбайм эч качан./ Сени сүйдүм чын жүрөктөн ардагым,/ Ушул сөздү чын жүрөктөн айтамын./ 07784303хх.
ОП-111-38. Султан аке, туулган күнүңүз куттуу болсун! Жеңем менен бактылуу болуңуз! Карындашыңыз Женя.
ОП-111-39. Түшүнүктүү, ыймандуу, адамкерчиликтүү, айымдарды сыйлай билген 25-30 жашка чейинки Ысык-Көлдүн мырзалары менен таанышам. 0551985073
ОП-111-40. Мен Бишкектин ыймандуу кыздары менен таанышам. Атым Талгат. +77027523417
ОП-111-41. Бекжан базарынын кыздары мага звонок кылгыла. Таанышабыз, атым Шеко. 87024778604ОП-111-42.
ОП-111-43. "Обондун" супер смсчилерине салам. Ар дайым аман болгула! Айчүрөк 93.
ОП-111-44. Сопу-Коргон айылында окуп жаткан 9"А" жана 8"Б" классына салам. Нурпери.
ОП-111-45. Досум кандайсың, иштер, ден-соолуктар жакшыбы? Силер жакта эмне жаңылык? Жанка.
ОП-111-46. Нурлан Насип жана Аваз Акимов ар дайым бар болуңуздар. Талантыңыздарга таазим! Айпери.
ОП-111-47. Авазга жана Нурланга: Каалаймын узун өмүр, ачык асман жана да чексиз бакыт күлүп турган. Ар дайым бай болуңуздар! Айпери.
ОП-111-48. Ай жарык деп булактан суу алам, сүйгөн жарым жок деп кайгырам. 07786058хх
ОП-111-49. Микаэлдин көз жумганына эч ким ишенбейт. Мыкаачылардын колунан эмне деген гана иштер келбейт. Микаэлдин ата-энесине, жакындарына көңүл айтуудан башка колубуздан эч нерсе келбейт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Смсчилердин атынан Жанусь Роза.
ОП-111-50. Күндөр өтө берет,/ Жаштык кете берет./ Эптеп-септеп жашоодо,/ Адамдар жашай берет./ Бахти.
ОП-111-51. Эркелеп кошо жүргөн күн,/ Сезимим болду го түн./ Кайтып келсинчи жалгызсыратпай,/ Ошондо кереметке окшойт го ар бир күн./ Бахти.
ОП-111-52. Себелеп секинден жаады жамгыр,/ Сагынып күтөмүн дайым аны./ Сезимди жоготпой ыйламсырап,/ Күчөдү андан бери көз жаш дагы./ Бахти.
ОП-111-53. Кулагер базарынын 0-катарында турган Чынарага салам. Бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сырдуу жигит.
ОП-111-54. Барахолкада иштеген кыргыздар, казактарга моюн бербегиле! Жанарбек.
ОП-111-55. Кызыл-Алай айылында жашап жаткан жездем Афтандил, эжем Кундуз, кудачабыз Гүлү эжеге, инилерим Кутман, Малик, сиңдилерим Рахат, Розага ысык салам жолдойм. Эч жамандык көрбөңүздөр. Жеңишгүл.
ОП-111-56. Тоң районунун Ак-Сай айылына ысык салам. 07773704хх.
ОП-111-57. Алтыным сени кайдан көрдүм экен,/ Көргөндө неге көңүл бурдум экен./ Түшүнүп мен баарысын билип туруп,/ Не үчүн сени катуу сүйдүм экен./ Айзада+Муку
ОП-111-58. Астанада иштеген Асида, Зина, Анара эжелериме сагынычтуу салам. Назгүл.
ОП-111-59. Дордойдо иштеген Адил, экинчи мага чалбачы! Айзада.
ОП-111-60. Татынакай, токтоо мүнөз, пейили кенен,/ Мендеги дос башкада болду бекен?/ Коркпоймун сен турганда эч нерседен,/ Суранганым Жараткандан сен бактылуу кыз болсоң экен./ 07784303хх
ОП-111-61. Бакыт деген акча, байлык, сом эмес,/ Бакыт каалайм эч нерсеге теңебес./ Жүрөгүмдөн чыккан ушул каалоомду,/ Окуп койгун болсо дагы смс./ 7781809хх
ОП-111-62. Дүйнө кызык, бирок сенчелик эмес, Сени көптөр сүйөт, бирок менчелик эмес. Айзада.
ОП-111-63. Жүрөктөн бугум тарабай,/ Жүрөсүң жаным карабай./ Жүдөмүш болуп баратамбы, ушул жарык дүйнөдө./ 07739286хх.
ОП-111-64. Мендей сени эч ким сүйө албас, орун бер жаным жүрөккө. Жалал-Абад.
ОП-111-65. Дордойдо иштеген Мамат кандайсың, каерде турганыңды мага айтчы? Жок дегенде смс жазып койсоң боло?! 0778605869
ОП-111-66. Менин эң кымбат адамым апама бардык жакшылыктарды каалайм. Биздин маңдайыбызга бар болуңуздар! Нурзада.
ОП-111-67. Атым Чолпон, 16 жаштамын. Шоу-бизнеске кызыккан балдар менен таанышам. Мага чалгыла. 0555609434
ОП-111-68. Кыргызстанга чоң салам! Мэри.
ОП-111-69. Айпери92 кандайсың, мага сенин ырларың абдан жакты. Мени сени көргүм келет. Элдияр93.
ОП-111-70. Сүйүү деген болсо, ажырашуу деген болбосо,/ Сүйүшкөндөр түбөлүгүн ойлосо./ Сүйүп жүрүп акырына чыга албай,/ Ара жолго жигитти таштап койбосо./ Бахти.
ОП-111-71. Жылдызбек+Анара=өчпөс сүйүү! 07785909хх.
ОП-111-72. Сүйүүдө болот ушак кеп./ Сүйсөң эгер укпай кет./ Сүйүү деген эң кыйын,/ Билбегенге бир тыйын./ Сүйгөн жигит сүйгөнүнөн уялат,/ Сүйбөгөн жигит бир өпсөм деп кыйналат./ Элдияр93.
ОП-111-73. Кызым Айбийкеге арналат: Сага деген сүйүүм чексиз махабат,/ Бул жашоого жарык чачкан күн болуп, жарык бердиң жан дүйнөмдү тазалап./ Ден-соолугуң чың, өмүрүң узун болсун! Апаң Бермет.
ОП-111-74. Бишкекте жашап жаткан дос кызым Нурага, сиңдилерим Маша, Ася жана ата-энелерине салам жолдойм. Алла Таалам сиздерди колдосун. Женя.
ОП-111-75. Асманда жылдыз көп болот,/ Жер жарылса жок болот./ Жерде кыргыз көп болот,/ Ал кыргыз арак ичип жок болот./ Ичпе кыргыз, андан көрө тытынып иште! Алайдан Жеңишгүл.
ОП-111-76. Жаркыраган жаздын күнү бол,/ Жигиттин сүйгөн гүлү бол./ Дүйнөнүн баарын суктантып,/ Дарактын ачкан бүрү бол./ Баардыгын таап турмуштан,/ Бактылуу жардын бири бол./ 07783143хх.
ОП-111-77. Тагдыр да ушул кантмекмин,/ Талаада болсом мен бир дан./ Тамырлап өсүп кетмекмин,/ Махабат деген жамгырдан./ Марселя.
ОП-111-78. Айжан Газиева мен сизди сүйөм. 07730291хх.
ОП-111-79. Балдар-кыздар келгиле таанышабыз. 0777385880.
ОП-111-80. Супер смсчилер менен таанышкым келет. Смс жазгыла. 0778676066.
ОП-111-81. Алтын апам мени төрөп өстүргөн,/ Берекем деп эркелетип көп жүргөн./ Жүзүңүздөн ысык мээрим төгүлгөн,/ Перзент үчүн түн уйкусу бөлүнгөн./ Апа, сиздин өтүп кеткен тууган күнүңүз менен кеч болсо да куттуктайм! Кызыңыз Жеңишгүл.
ОП-111-82. Бекжан базарында иштеп жатышкан таеже-таякелерим Эсеновдордун үй-бүлөлөрүнө салам. Ишиңиздерге ийгилик! Жээнтай.
ОП-111-83. Бекжан базарында иштеп жатышкан агаларым Кубаныч, Тынчтыкбек, жеңелерим Аида, Берметке салам жолдойм. Бактылуу болуңуздар! Ботохан.
ОП-111-84. Балдардын баары эле гүлгө конгон аары сыяктуу болуп калыптыр го, биринин ширесин бири соруп бүтүп, бат эле экинчисине коно калышат. Аида.
ОП-111-85. Түбөлүк менин жаным бол,/ Түгөнгүс менин дарым бол./ Түшүнүп менин дартыма,/ Түйшүгүм тартаар жарым бол./ Жалал-Абад.
ОП-111-86. Курбуларым Айзада, Гүлзада, Гүлбарчынга салам. Ишиңерге ийгилик! Ушул жазда сүйгөнүбүдү табалы. Айка.
ОП-111-87. Өмүр бакыт, достук кымбат, сүйүү урмат, смс үчүн рахмат. Жанарбек89.
ОП-111-88. Ильяз Абдыразаков, Ак-Суу районундагы Жылдыз айылына келип бере аласызбы? 07782066хх.
ОП-111-89. "Обон" гезитинин бардык жамаатына ысык салам. Дыйкандан Үмүт.
ОП-111-90. Мен өзүмдүн сүйүктүү курбуларым Мека, Ася, Бакуля жана Гуляга чын жүрөктөн чыккан ысык саламымды жолдойм. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Окууларыңарга ийгилик каалайм! Айка.
ОП-111-91. Дыйкан айылынын бардык тургундарына салам. 07714211хх.
ОП-111-92. Кыргызымдын ыймандуу балдар-кыздары менен достук мамиледе таанышкым келет. Атым Мадина. 0771421148.
ОП-111-93. Урматтуу Данияр, үмүт, тилек куюлушуп келе берсин,/ Кудайым каалаганыңды бере берсин./ Кадыр-барк, дөөлөт күтүп бул жашоодо,/ Турмуштун бал ширесин тата бергин./ Уулжан.
ОП-111-94. Жан мени сүйсөң, сагынсаң кел батыраак. Менин дарегим: Махабат Республикасы, Сүйүү областы, Кызганчаак району, Мээримдүү айылы, солго бурулуп, жүрөк урулуш көчөсү, 345-үй. 07714552хх.
ОП-111-95. Куркулдайдын уясы деп тапкан Нурзатка менден ысык салам. Айбек.
ОП-111-96. Үмүт үзбөй караймын жолуңду,/ Буралбаймын башкага оюмду./ Сезим беле экөөбүздү жолуктурган,/ Унуталбай койдум элесиңди./ Мадина Айка.
ОП-111-97. Жүрөк сүйгөн ардагым,/ Өмүрүмдү өзүңө мен арнадым./ Махабаттын балын татсак экөөлөп,/ Түбөлүккө болбос эле арманым./ 07788733хх.
ОП-111-98. Урматтуу смсчилер мен силерге жаңыдан кошулдум. Алтынай.
ОП-111-99. Байыш үчүн трусы сатып күнүгө,/ Кеч кирсе да кетким келбейт үйүмө./ Конкурентим кетип калды капыстан,/ Жүрүп келет он беш күнчө үйүндө./ Келгичекти жакшы иштеп алайын,/ Апам кайтсын үйүбүзгө сүйүнө./ Күлайна.
ОП-111-100. Мен Омарды сыйлайм жана баалайм. Айпеша.
ОП-111-101. Көлдүктөр барсыңарбы? Ар дайым бийиктикте болгула, мен силер менен сыймыктанам. Алга! 07704553хх.
ОП-111-102. Бөкөнбаевде училищада окуп кеткен Көк-Сайлык 89-жылкы Азамат, мен сени издейм. Мени эстеп жолугуп кетсең боло, мени сыздатпай. Айпери.
ОП-111-103. Жигиттер смс жазгыла, атым секрет. 0770121991.
ОП-111-104. Кулагер базарынын 0-катарында отурган Чынарага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Ишиңе ийгилик! Жони.
ОП-111-105. Дордой базарындагы Мамат, каерге көчкөнүңдү айтып койсоң боло. Окуп калсаң смс жазып кой. Менин номерим 0778605869.
ОП-111-106. Болашак базарынын 7-8-катарында отургандарга жалпы салам. Ишиңиздерге ийгилик, астыңардан иттер чыкпасын, аман-эсен болуңуздар! Жанарбек.
ОП-111-107. Ули мен сени сүйөм. Жаның.
ОП-111-108. Гүлчө шаарчасындагы Муку, мен сени сүйөм. Айзада.
ОП-111-109. Кызбурак эже кандайсыз, иштер жакшыбы? Аман болуңуз! Жанарбек89.
ОП-111-110. Калия кандайсың? Ишиңе ийгилик, бар бол! 07786058хх.
ОП-111-111. Байкем Самарбек, жеңем Кызжибек жаз майрамдарыңар менен! Ойноп-күлүп жүрө бергиле! Жанарбек89.
ОП-111-112. "Обондун" жалпы супер смсчилерине салам. Жанарбек89.
ОП-111-113. Супер смсчилер Уулжан, Айпери92, Алина94кө салам. Акындыгыңар өркүндөп өсө берсин. 07786058хх.
ОП-111-114. Тамара 9-апрель туулган күнүң менен куттуктайм! Дүйнөдөгү бардык жакшылыкты каалайм. +770263321хх
ОП-111-115. Сени көрүү менин жашоомо кандай гана бакыт алып келет. Билбедим, мен сени менен бирге боло аламбы, кудай бизге бакыт жемишин берээр бекен? Мен сени биринчи көргөндө жашоомдо биринчи жолу махабат сезими киргенин сездим. Кузя93.
ОП-111-116. Самал базарынын 5-6-катарында отурган эжелер Гүлжавар, Клара, Тоюн, Гүлипа, Гүлзинат, Гүлмирага чоң салам. Ишиңерге ийгилик, ар дайым бактылуу болгула! 870272221хх
ОП-111-117. Кыздын кыздайы, кыштын кыштайы жакшы. Өтө эле өпкөлөнүп, төшүңдү көтөрө бербесең. Мындай мүнөзүң келечегиңе балта чабат. Жанар.
ОП-111-118. Нарын районундагы Дөбөлү айылына караштуу О. Токтосунов орто мектебинин 9-10-11- класстарына ысык салам. Чопа94.
ОП-111-119. Мен кыргыздын ыймандуу кыздары менен таанышам. Маякка жооп жок. 0551825292.
ОП-111-120. Салам Канзада. Эмнеге башыңды оорутуп жатасың? Биринчиден, адам бактылуу болушка ишениш керек, экинчиден, кудай адамды жуп кылып жараткан. Ошондуктан өзүңө ишен, келечегиңди ойло! Айнаш.
ОП-111-121. Катуу сени "я люблю", Сенсиз "жить я не могу". 07789054хх.
ОП-111-122. Болашак базарынын 8-катарында 186да отурган Азат байке мен сизди жактырып калдым. Ички жан дүйнөңүз таза экен. Номериңизди мага бериңизчи? Кыргызымдын сулуу кызы.
ОП-111-123. Урматтуу кыргызым, өз динибизди, тилибизди унутпайлы. Жайна.
ОП-111-124. Мен сени куса болуп күтө берем,/ Экөөбүз отурган жерге күндө келем./ Жанарбек89.
ОП-111-125. Заря мектебинде окуган Асел кандайсың? Эгер оуп калсаң мага сөзсүз смс жазып койчу. 0771106085.
ОП-111-126. Мен сүйгүм да келет, сүйдүргүм да келет. Ошондо гана мен өз максатыма жетем. Жазира.
ОП-111-127. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына чоң салам. Жердешиңер.
ОП-111-128. Достор, мен азыр 9-классты аяктап жатам. Анан башым айланып жатат кайсыга тапшыраарымды билбей. Кеңеш бергилечи? Жайна.
ОП-111-129. Карасаң Ай да жалгыз, Күн да жалгыз. 07786058хх.
ОП-111-130. Дана кандайсың, ден-соолуктар, иштер жакшыбы? Ж...
ОП-111-131. Дана жаз майрамың менен! Ишиңе ийгилик! Жанарбек89.
ОП-111-132. Кыргыз элине Казакстандан чоң салам. Элим эч качан кайгырбагыла, баары жакшы болот! Патриот.
ОП-111-133. Бардык дыйкандардын ишине ийгилик. Жазда иштеген эмгегиңердин акыбети күздө кайтсын. Түшүмүңөр мол болсун! Медер.
ОП-111-134. Эч ким оорубаса, картайбаса, бирок көралбастык жок болсо, анда жашоо керемет болмок. Медер.
ОП-111-135. Мелис досума салам. Досум, ишиңе ийгилик, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин! 07786058хх
ОП-111-136. Мен жумуш таппай абдан кыйналып кеттим. Мага жардам бергилечи достор, быйыл 5-курсту бүтүп жаттым эле, акча керек болуп жатат. Аида.
ОП-111-137. Чымкентте иштеп жаткан бардык кыргыздарга салам жолдойм. Соодаңар боло берсин. Абдувахаб.
ОП-111-138. Гули кандай, иштер жакшыбы? Аман бол, ооруба! Жанарбек89.
ОП-111-139. Менин саламым Ош шаарына караштуу Кара-Кулжа районундагы О. Сайдилканов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучуларына жана мугалимдерине чоң салам. Нурайым.
ОП-111-140. Гүлкайыр эмнеге смс жазбай калдың же сени Султан тарынттыбы? 07724494хх.
ОП-111-141 . Качан бизде трайбализм жоюлат? Анткени ушул нерсе мени абдан жүдөттү. Каякка кошулаарымды билбей мен кыйналдым. Анткени атам көлдүк, апам оштук. Бир жагына тартсам бир жагы таарынат. Ушул нерсе жок эле болсо жакшы болмок. Алмаз.
ОП-111-142. Аба ырайы маанайымды аябай бузчу болду. Улам-улам чечинтип-кийинтип. 07009050хх
ОП-111-143. Добр, эмне окурмандарды алдап ойнотосуң? Өзүңдү башкача деле пиар кылсаң болмок, же үйлөндүм дегенден башка эч нерсе таппай калдыңбы? Айпери.
ОП-111-144. Бейиш-энелердин таман астында. Биз эркектер кыздарды сыйлайлы, алар биздин келечектеги энелер! Бакыт.
ОП-111-145. Урмат, Неля ар дайым кармашкан колуңар бекем болуп, көп баланы тарбиялап өстүргүлө! Биз силер менен сыймыктанабыз! Күйөрманыңар.
ОП-111-146. Улан мен сени сүйөм. Биздин сүйүүбүз түбөлүктүү. Айнура.
ОП-111-147. Балдарымдын атасы жолдошум Уландын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Ден-соолук, ишиңе ийгилик, ар дайым биздин бактыбызга бар бол жаным. Жубайың.
ОП-111-148. Нарындык кыздарга чоң салам. Эч качан жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин! 07726369хх
ОП-111-149. Чымкентте иштеп жаткан мен үчүн ыйык, ичинде кири жок, адамдарды кемсинтпей тегиз караган эч нерсеге теңегис сүйүктүүм Жеңишгүлгө чоң салам. Мен сени сүйөм. Москвадан Арсен.
ОП-111-150. Улан, Букеш кармашкан колуңар үзүлбөй, башыңардан бак кетпесин! Көп баланын ата-энеси болуп, турмуштун өйдө-ылдыйына эч качан моюн сунбай келечекке тике карагыла. Жеңиш силердики болот. Мен силерге ишенем! Досуңар.
ОП-111-151. Өзгөн районундагы Черомушкага чоң салам. Досторум Бегимай, Зарина, Айтурган окууңарга ийгилик. Бактылуу болгула! 870272221хх.
ОП-111-152. Кубик кызы Айпери, сен суперсиң. Чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм! Сени сыйлап урматтаган күйөрманың Жони.
ОП-111-153. Ат-Башы районундагы кайын-журтума чоң салам. Мээрим.
ОП-111-154. 2000-жылы окууну бүткөн бардык бүтүрүүчүлөрдү келе жаткан 10 жылдыгы менен куттуктайм! Теңдештериме кааларым бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Биз жолугушчу күндөр алыс эмес. Классташыңар.
ОП-111-155. Группалашым Мээримдин келе жаткан 13-апрель туулган күнү менен куттуктайм! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалоо менен бирге бизди батыраак аяштуу кыл демекчибиз. 07721675хх.
ОП-111-156. Орто-Саз айылына салам. Мен силерди сагындым. Нурай.
ОП-111-157. Мен сүйүктүү ырчым Айдин Шерге салам жолдойм. Мага чалып коюңузчу? 0700834318 Бек94.
ОП-111-158. Санжар байке, сиз мага жактыңыз. Концерт койсоңуз элди кубандырмаксыз. 07703158хх.
ОП-111-159. Ак-Талаалыктарга, өзгөчө Жеңиш айылына салам жолдойм. Жээниңер
ОП-111-160. Болашакта соода кылгандардын ишине ийгилик, ден-соолук каалайм! Эч качан оорубаңыздар, сиздер бар, биз бар! Патриот.
ОП-111-161. Саясатчы менен депутат эмнеге смс жазбай калдыңар, же Курултайда көп сүйлөп чарчап калдыңарбы? Акыйкатчы.
ОП-111-162. Жаз келгени жаман кыйналдым, же акча, же тамак, же кийим жок. Аларды алайын десем жумуш жок. Иш издеп жүрүп өтүгүм да айрылып калды, эми эмне кылам?! Жардам алайын же боор оорутайын деп жазганым жок. Жөн гана бугумду чыгарып алгым келди. Бул күндөр да өтөөр! Аида.
ОП-111-163. Бакчага кирдим гүл үчүн,/ Гүл эмес, "Обон" сен үчүн./ Кубанам мен сендей гезит бар үчүн./07703158хх.
ОП-111-164. Кел кыргызым орусчалап сүйлөбөстөн, өз тилибизди орус тилге алмаштырбай жүрөлү! Ырысбек91.
ОП-111-165. Сүйүү-бул эң ыйык, аруу сезим. Сени мен сүйүп калганымды сезбедиң, бүт жүрөгүмдү ээледиң. Айка.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??