п»ї
 Таанышуу жарыясы


Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"
Жаңылбек:
- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Жаңы ырларды, интермедияларды жаздырып жатам. Кудай буюрса 13-14- майда атамдын туулган күнүнө карата чоң күлкү концерт берейин деген тилегим бар.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Эрежесиз мушташка көбүрөөк басым кылам. Мектепте окуп жүргөн кезде спортко абдан кызыкчумун, азыр чоңоюп калып, кичине жалкоо болуп кеттим. Бирок, жумасына бир жолу футболго барып турам.
- Түндүк-түштүк деп бөлүнгөнгө кандай карайсыз?
- Терс көз караштамын. Бөлүнүп жарылсам Нарындын Ак-Талаасынан аял албайт элем да.
- Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- 1999 -жылы студент кезимде кафеде ырдайт элем. Жеңеңер менен ошол жерден таанышып калгам. Кыз жигит болуп жүрүп анан үйлөндүк. Жеңең үчүн канча бала менен мушташтым, чиркин.
Тинатин:
- Балачактагы кызыктуу окуяларыңардан айтып берсеңиз?
- Жаш кезде абдан шок элем. 53 -Зил деген машиналар болот эле. Айдоочу айдап баратканда "Мени ала кетиңизчи" - деп эшиктин четине туруп алдым. Үйгө жеткенде "токтотуңуз" дебей эле, секирип түшөм деп ойлоптурмун да, "Мейлиңиз аке" - деп түшүп кеткен экем, бетим менен кулагам. Бардык жерим сыйрылып, эс учумду жоготком.
- Тентек белеңиз?
- Мен азыр деле тентекмин. Таятам он бир баланы чоңойтуп, айласы кетип, мага келгенде мени жайыма коюшкан экен. Ошон үчүн эрке болуп өсүп калгам, азыр 32ге чыктым. Бирок, үч- төрт жыл эле болду, кичине токтолуп, уялып калдым.
- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
- Бош убактымда ар нерсе кылам: китеп окуйм,телевизор көрөм. Абдан чарчаганда эч нерсеге карабай уктайм.
- Эң биринчи сахнага чыкканда кандай сезимде болдуңуз эле?
- Сахнага чыкканда азыр деле толкундана берем. Эң биринчи жолу Айбек Карымов жаш таланттар менен концерт берип, алыпбаруучу киши жок мени алыпбаруучу кылган эле, ошол күнүм эсимде. Ошондо "Сахна деген ушундай болот турбайбы" - деп абдан сүйүнүп, жыргагам. Айбекке абдан ыраазымын деп, азыркыга чейин эле айтып келем.
Бурул:
- Апаңызга берген эң баалуу белегиңиз.
- Мен негизи майрамдарга, туулган күндөргө көп көңүл бурбайм, Чөнтөгүмдө акча болгондо келинчегиме берип, апама эмне керек болсо алып берип кой деп тапшырам.
- Сизди куудул жана ырчы катары билебиз, кайсынысына көбүрөөк басым кыласыз?
- Биринчи ырчылык менен баштагам, бирок, учурда концерттерге катары менен бара бербейм. Андан көрө тойлорго көп барам. Ал эми куудулдук жагым да ыр менен кошо кетип жатат. Экөөнү тең бирдей алып кеткенге аракет кылам.
- Биртуугандарыңыз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңизчи?
- Мен беш биртууганмын, бир карындашым, үч иним бар. Мени таята, таенем баккан. Эгерде алар жак боюнча эсептесем он бир биртууганмын. А толугу менен өзү 120 биртууганмын, Себеби, менин биртууган карындашым Көлдүн Ак- Булуң деген айылында 100 жетим баланы багат. Мени ал жердин "эң чоңу" деп коет. Аларга да барып турам, биртуугандай эле болуп калышкан. Анан баардыгын кошуп, таякелеримди, атамдын балдарын чогултуп эсептегенде 120 бир тууган экенмин. Өзүмдүн бир аялым, бир балам бар, бирөө жеңеңдин ичинде. Жакында төрөйт. Үйдө бир студент карындашым, эки балдызым бар.
Анара эже:
- "Трактор" деген ырды эмне себептен чыгарып калдың эле?
- Ошол кезде Президентибиз Кытайдан тракторлорду алып келип жаткан. Анан идея келип калды. Ырды жазып, аранжировкасын Жаныш Момуновго жасаттым. Бир акем бар, атын атасаң жаман көрөт. Ага окуп берсем абдан жактырды. Анан "Бир клип канча турат?" - деп сурап калды, менин клип тарттыруу оюмда да жок болчу. "500 доллардын жогору болот" десем эле, чөнтөгүнөн1700 долларын чыгарып берди. Ошентип ойдо жок жерден клип да тартып калгам. Тракторду арендага алып, Байтик айылынан үч күн дегенде гана тартып бүткөнбүз.
- Куудул болуп калышыңа атаңдын аты жардам берди деп ойлойсуңбу?
- Албетте, ал киши болбосо чыкпайт элем да, анын аркасы менен элге таанылдым. Дагы да болсо атамдын арты менен жүрөм. Кайсы жерге барбайын Манастын баласы деп учурашышат.
Гүлзат:
- Жети атаңды санап бере аласыңбы?
- Жакында эле балама мектептен жети атаңды жазып кел деген экен. Атама чалып сурап, жазып бердим эле. Өзүм деле билем, бирок толук айта албай калышым мүмкүн. (Санжар жети атасын санап атып жаңылып калды)
- Кой сойгонду билесиңби?
- Мен койчунун эле баласымын, бирок кой сойгонду үйрөнүп албаптырмын. Кайын журтума барган сайын кой союшат, алар күйөө баланы башкача сыйлашат экен. Аларга жардам берип атып кой союшту бир аз үйрөндүм. Устукандардын да аттарын толук айта албайм, кайын журтка бир эки барсам, буюрса толук билип калам.
Руслан:
- Жигитчиликтин мыйзамдары татаалбы?
- Албетте татаал. Жигит деген сөздүн өзүн эле кармап жүрүү кыйын. Жигит таза, бекем, бышык болуш керек. Улуу-кичүүгө сый көрсөтүп, айткан сөзүн аткарыш керек. Мен өзүм эркекче берген сөзүмө турам, ошонум менен мактанам. Жалган айтканды жаман көрөм, бир сөз менен айтканда кыйынга кыйынмын, жөнөкөйгө жөнөкөймүн.
- Балаңыздын сизге окшош сапаттары барбы?
- Балам чоң атасына окшоп куудулданып турат. Менин жанымды койбой скрипка алдырып, "Александр Рыбак болом" деп кыялданып жүргөн кези.
- Өзүңүздүн кумир туткан адамыңыз ким?
- Башынын эле Бек Борбиев деп келем. Кичинемен ырларын жаттап чоңойдум. Ал кишиге жолугуп, колун бир кармасам экен деп тилечүмүн. Кудай тилегимди ашыгы менен берип, азыр өзүмдүн өкүл атам.
- "Талак" киносуна кандайча тартылып калдыңыз эле?
- Кинонун режиссеру Рыспек Жабиров экөөбүз сыйбыз. "Мени деле киного тартпайсызбы" деп тамашалап койчумун. Бир күнү телефон чалып, "Санжар, киного сценарий жазылып бүтүп атат. Сен даярданып, келип тартылып кет" деп калды. Ошентип башкы ролду аткарып калгам.
Сагын эже:
- Келинчегиң кайсы окуу жайды бүтүрдү эле?
- Үчүнчү курстан тартып окутпай койгом, анткени менин анда окутканга күчүм жетпейт эле. Азыр окуусун аяктабай калганына кичине өкүнөт. Бирок, мен эч нерседен кем кылбай багып жатам.
- Казан-аяк кагышканда кимиңер биринчи сабырдуулук кыласыңар?
- Рахат аябай көк бет. Мен сабырдуумун. Көп нерв боло бербейм. Капа кылып алсам кечирим сурагандан уялбайм.
- Кудай жолуна түшкөнгө чейин ала жипти аттадың беле?
- Жаштык -мастык деп бекеринен айтылбаса керек. Аттаган эмесмин десем ишенбейсиңер да. Айылдан жаңы келсең, атың чыгып турса, күйөрман кыздарың четинен чыгат экен дегендей. Эми азыр андайым жок.
- Жашоонун маңызы эмнеде?
- Бул жашоого келгенден кийин, жашоонун маңызы эки дүйнөдөгү бактылуулукта деп ойлойм. Адам эң негизгиси ата-энеңе, биртуугандырыңа, айлана-чөйрөңө кайрымдуу болсоң бактылуу болот. Жаман нерседен алыс, жакшы жакка жакын болуп, ар бир күндү майрамдагыдай тоссок ошол бактылуулук.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??