Азамат

Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун!
Бакиев кланын түп орду менен жоготуп. бийликте туруп байлык топтогон ууру чиновнитердин мүлкүн конфискация кылуу керек.
- Токон агай, Ош сиздин талантыңызга тардык кылган жокпу, кантсе да борбор деген борбор эмеспи?
- Ушул мезгилге чейин чыгармачылык боюнча апталап-айлап чет өлкөлөрдө (фестиваль, Кыргызстан маданият күндөрү: Кытай, Польша,ГДР,ГФР, Швеция, Португалия, Ирак, Россия, Өзбекстан) жүргөн менен өзүм туулуп-өскөн Ош шаарымды эч качан талантыма тардык кылат деп ойлогон эмесмин, ойлобойм дагы жана башка өлкөгө алмаштырбайм.
- Азыр ушул жашка келгенде "мектеп" дегенде биринчи эсиңизге эмне келет?
- 1957-жылы биринчи жолу 1-класска барганым, 1-мугалимдерим: экөө тең Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эле.
Орус тил мугалимим Абдуллаев Айдар класска кирип: "Здравствуйте"-десе, биз "Здравия желаем товарищ учитель!"-деп саламдашаар элек.
Ал эми Жуманазаров Райым агайыбыз абдан ачуусу келсе "Үйүңө буудай толгур!", "Э, үйүңөргө буудай толгурлар!"деп гана жемелеп калаар эле… Ишкаван- башталгыч мектебинин төрт классын бүткөндөн кийин айылыбыздан 4 км алыстагы Карл Маркс атындагы 8 жылдык мектебине жөө келип-кетип, кыш мезгилдеринде эшек минип мектепке барып келчү элек…
Кээ балдар 8ди бүтүп СПТУларга кирип жатты. Мен да 8-классты эң жакшы баалар менен бүттүм. Бирок, байкуш атам мени "Сен айылга керектүү адистерден б.а. тракторист, шофер, электромонтер (тилекке каршы ал убакта биздин айылда электр тогу да жок эле) болушуң керек"-деп мени Куршабдагы СПТУга окууга алып барды. Ошондо мен атам менен Куршабдагы чайканада отуруп, мектепти эң жакшы бүтүргөнүмдү, эгер СПТУга окусам алган билимим жөн эле кор болорун, мындан ары 9-10-классты бүтүп, пединститутка тапшырып жогорку билимдүү математик мугалим болоор үмүтүмдү айтып түшүндүрсөм байкуш атам мага бир чети боору оорудубу же сүйүндүбү, айтор жашып кетип эле жалгыз уулунун келечегине бек ишенгендей "Анда эмесе, кеттик балам!"-деп ээрчитип келе берди. Ошентип, СПТУда эмес, Ноокат жолунда жайгашкан Н.Г. Чернышевский атындагы алыстан келген балдар жатып окуй турган мектеп-интернаттын 9-классына кирип окуй баштадым. Ошондо мен ата-энемден 8-классты бүтүп эле бөлүнгөм.
- Атаңызга айткан жогорку билимдүү математик болдуңузбу анан?
- 1967-жылы мектеп-интернаттын 10-классын жакшы баалар менен бүтүп, атама айткан ОШГИнин физика-математика факультетине документтеримди тапшыраарын тапшырдым дечи, бирок, күндө консультацияга барганча музфакка сагалап кирип да жүрдүм. Ошентип кирүү экзамендерине 1 күн калганда айныдым да, документти алып кайра музфактын (ал убакта музпедфак аталчу) маданий-агартуу бөлүмүнө тапшырып салдым. Ал факультетке экзамендерди жакшы тапшырганым менен студентикке, жада калса студент болуу үчүн кандидатыкка да менин фамилиям, атым ректордун буйругуна чыкпай калат. Сураштырсам алыстан келгендер (Тажикстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандын алыскы областтарынан жана армиядан, иш стажы барлар гана студент болушуптур.)
Мен ызаланып үй-бүлөлүк ахыбалымды, ата-энем картаңдыгын, искусствону сүйөөрүмдү баяндаган арыз жазып ректордун кабылдамасында турсам, экзамен алган агайлардын бири кирип келип: "Сиз кандай маселе менен?" дегенинен арызымды көрсөтсөм: "Эл менен окуй бериңиз, мен сизди экзамен тапшырган учуруңузда эле угуп көрүп баа бергенмин. Кышкы экзамендерди жакшы тапшырсаңыз студент болуп калаарсыз"-деп ректорго киргизбей эле мени жөнөтүп жиберди. Окуу башталган күнү ошентип өзүм менен ынак болуп калган абитуриент-студенттер менен бир группага кирип отуруп калдым.
Бир убакта ошол группанын куратору аудиторияга кирип, тизме чакырып студенттикке кандидаттар менен таанышты. Бирок менин фамилиям аталган жок. Мен: "Менин атым аталбай калды" - деп колумду көтөрдүм. "Анда сен башка группада болуп жүрбө?" деди. Мен жанагы ректорго киргизбей кетирип жиберген агайдын сөзүн айтсам, "Ай, баатыр, бул жерди жогорку окуу жайы дейт, мектеп эмес каалагандай,эмдиги жылга даярданып кел да, азыр үйүңө бара бер" - деди. Балдар күлүп эле жатып калышты, "шорум куруган экен" деп сыртка чыктым. Мага "окуй бериңиз…" деген агайдын аты-жөнүн да сурап калбаптырмын. Эми кантип ата-энемдин алдына барам -деп башымды шылкыйтып коридордо кетип бара жатсам алдымдан баягы агай учурап калбаспы. Сүйүнүп кетип эле: "Саламатсызбы агай?!" деп болгон окуяны түшүндүрдүм. Ал: "Менин аты-жөнүм Иманкулов Жукен, искусство таануу илиминин кандидатымын, каалаган группада окуй бериңиз" - деди. Кайра кайтып баягы группанын эшигин кагып баш бактым. Отургандар дагы күлүштү. Кирип агайымдын аты-жөнүн, илимий даражасын айтсам куратор агай: "Мейли, Жукен Иманкулович айтса окуй бер, кышында сыноодон көрөбүз" - деп ал да уруксат берди.
- Чыгармачылыкка болгон шыгыңыз качан ойгонгон?
- 1966-жылы жазында өздүк-көркөм чыгармачылыгынын областтык кароосунда А. Атабаевдин "Тоолор" деген ырын ырдап республикага б.а. Фрунзеге өтүп, 1966-жылдын 6-майындагы "Ленин жолу" областтык газетасында "… Тракторист Токон Эшбаев А. Атабаевдин "Тоолор" деген ырын ырдап, лауреат болуу менен областтан республикага жолдомо алды.." аттуу сүйлөм макалада жарыяланат. Бирок, ал мезгилде мектеп балдарын кароолорго катыштырбайт эле, анын үстүнө мен бир да музыкалык аспапта ойной албайт элем. Аны уккан карыган байкуш атам менен апам мени Фрунзеге менин жаштыгымдан, жалгыз уулдугумдан кабатырланып жөнөтпөй коюшат.
- Качан обон чыгара баштадыңыз?
- 1968-жылы "Ленинчил жаш" гезитине жумушчу-акын Асан Өмүрзаковдун "Өзүмдү сага арнадым" аттуу ырына купул толуп, алгачкы жолу биринчи обонумду жаздым. Биринчи курстун кышкы семестрин тапшырып бүткөн убак эле. Ошол эле жылы акын Төлөгөн Шамшиевдин "Пахтачы кыз Акбермет", Түмөнбай Байзаковдун"Каалайм өмүр көктөмүн" , "Кызыл желек", "Кел жаңы жыл!" аттуу ырларына обон жаздым. Мына ошол мезгилден баштап менин чыгармачылык жолум кудай колдоп "Ош радиосу" телестудиясы менен жашташ болуп жогорулай баштады. Белгилүү обончу Р.Абдыкадыров менен бирге окуп, курсташ катары экөөбүз ОГПИнын музпедфагын 1971-жылы бүткөнгө чейин концерт менен расмий делегациянын составында Россиянын, Молдавиянын, Украинанын көп жерлеринде болуп кайттык.
- Ошондо бул чөйрөдө канча жылдан бери эмгектенип келесиз?
- 1968-жылдан эсептесем 42 жыл.
- "Ай-ай эжеке" деген ырыңыздын тарыхын айтып бериңизчи?
- 1969-жылы май айында Фрунзедеги кыргыз драма театры М. Тойбаевдин "Жаңы келин" спектакли менен түштүккө келгенде музыкант-коштоочусу жогунан мени бригадасына экзамендеримди мөөнөтүнөн мурда тапшырттырып, музыкант катары гастролго кошуп алып кетишет. Ошондо, бригададагы эң жаш, бирок менден улуу артистка-актриса Жаркынай Балыкбаева эжеге "Эжекеме" тамашалуу ырдын сөзүн өзүм жазып бүттүм да бригада мүчөлөрүнө ырдап берсем бардыгы жактырышып ийгилик каалашкан. Эженин мүнөзү кырс эле да. Кийин ММК беттеринен "Эжекеме" ырдын жаралуу тагдырын билишпей: "Окуткан эжесинен гүл сурап, автобуста эжекесине гүл берүүнүн ордуна гүл сурап тийишкен кандай тартипсиз, акмак окуучу"-деп да сындап жүрүштү.
- Биздин угушубузча кызыңыз да ырдайт экен?
- Ооба. Ата жолун жолдоп дегендей өзүмдү улап эки кызым тең чыгармачылык түйшүгүндө. Акмаанай Эшбаева Кыргыз Улуттук Консерваториясында вокал бөлүмүндө 4-курсунда окуп жүрүп 2009-жылы Чымкенттеги "Романсияда-2009" эл аралык конкурста3-орунду ээлеп келди. Ал эми Лирадан көргөн кичүү кызым Акзыйнат Эшбаева М. Абдраев атындагы музыкалык атайын мектепте скрипка классында окуйт.
- Балдарыңыздын апалары менен кандайча таанышып, турмуш куруп калдыңыз эле?
- Неберелеримдин чоң энеси менен эл катары эле студент мезгилибизде жактырышып, макулдашып той берип 1970-жылы 12-сентябрда үйлөнгөнбүз.
Үч уул, үч кызыбыз, он неберебиз бар. Балдарымдын апасы Эшбаева Инабат Камбаралиевна- Оштогу Саид Бекмуратов атындагы №1 музыкалык мектептин директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
- А Лира Райымбекова мененчи?
- Эми… Азыр экөөбүз эки башка жактабыз. Кызыбыз үчүн катташып турабыз. Лира менен жашап жүргөндө деле эжеңер менен ажырашкан эмесмин. Ал Ошто болду. А Лира экөөбүз борбордо квартирада жашап жүрдүк. Урушуп-талашпай эле ажыраштык, "аялыңызга, балдарыңызга барыңыз" деди. Адамкерчилик мамиледе калдык. Борборго барган сайын кызыма, апасына кезигип кетем. Лирага "Турмушка чык" дегем, бактылуу болушун каалайм. Ал үчүн азыр да күйөм. Анткени жакшы көрөм.
- Чыгармачыл адамдар чын эле "влюбчивый" болушабы?
- Чыгармачыл инсандардын жүрөгү сезгич, боорукер, сезимтал келсе керек. Анткени, бул касиеттерди мен раматылык Рыспай Абдыкадыров менен бирге окуп, көрүп жүргөндүктөн өзүмдү жана башка инсандарды да ошондой "влюбчивый" адамдарга кошо берем.
- Көңүлүңүз чөккөндө кайсы ырды көп угасыз же жалаң өзүңүздүн ырлардыбы?
- Албетте, көңүлдү чөктүрбөөгө аракет кылыш керек. Оптимист болуубуз керек. Бирок, көңүл чөгүп калса бир нерсе менен алектенүү керек, б.а. ойлоп табуу, изденүү, оңдоп-түзөтүү (техниканы) такыр эле болбосо колду бош кылып, кулак төшөп музыка угуу керек. Күүлөрдөн "Сынган бугу", "Ибарат", "Маш ботой", "Жүрөк толкуйт", "Көкөй кести" ж.б. ырларын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Сагынам", "Ой булбул", "Жамгыр", "Биз экөөбүз", "Сары-Ой" ж.б.
- Мүнөзүңүз кандай?
- Мүнөзүм таарынычымды бат унутам, кекчил эмесмин, жоомарт болсом керек, акча сактай албайм. Үйдө бир нерсе иштебей калса аны оңдомоюнча тура албайм.
- Обончулардан кимдин талантын баалайсыз?
- Россиянын белгилүү айым композитору Александра Пахмутова көлөмдүү симфониялык музыкалык чыгармаларды жазбаса да аны биз композитор катары тааныйбыз б.а. песенник композитор өз чыгармаларын нотага түшүрө алган. Ал эми бизде таптакыр башкача, музыкалык жогорку билими бар болуп эчендеген деле көлөмдүү симфониялык жанрдагы музыканы жазбаса аны "композитор" деп атоодон чочулайбыз. Эми азыркы убакта ырдын сөзүн (акындык таланты болбосо да) музыкасын (музыкалык билими жок болсо да) өзү андан-мындан жамап-жаскап акча менен компьютерге "Музыкалык композиция" жасатып өздөрү телерадио эфирлерге чыгып жаткандар көп. Алар ал убакта жөн гана таланттуу халтурщиктер болуп калып жатышпайбы. Албетте, коомдо музыкалык билими бар композитор көп. Мисалы, Каныкей Эралиева, Түгөлбай Казаков, Жамиля Муратова, Айбек Карымов, Майрамбек Осмонов, Жолболду Алыбаев, Бабаравшан Тургунбаев, Апаз Жайнаков, Ибрагим Жунусов.
Эльмира Мадиева