п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  күнсүрөт

Ислам динин ким кандай сүйөт?
Атеисттик доор бүтүп, кудайды таанып баштагандан бери динге байланышкан маселелер чиеленип, чечилбей келет. Айрым адамдар ислам динин эң таза дин деп эсептеп, кудайга сажда жасап, намаз окуса, башкасы ырдап, бийлеп, кудайдын сөзүн жаттоо менен Жаратканга жалынышат. Неси болсо да, коомдун өнүгүшү менен адамдын тандоосу да өзгөрүп турат окшобойбу.

Биздин коомдо бир нече диндин өкүлдөрү көбөйүүдө. Мисалы, коомубуздун белгилүү инсандары Алтынбек Сапаралиев менен Жаныбек Жанызакты "башка диндин өкүлдөрү экен" деп эшитип, чын-төгүнүн билмекке өздөрү менен байланышка чыктык.
Сизди башка динге өтүп кетиптир деген сөздүн чындыгы барбы?

Алтынбек Сапаралиев, КРэл артисти:
Менин Исанын күбөсү болуп кеткениме көп жыл болду. Келинчегим экөөбүз тең ар бир жекшембиде жахабанын күбөлөрүнүн чогулушуна барабыз. Кудайды даңктап ырдайбыз. Адам төрөлгөндө мусулман болуп төрөлбөйт, ал өзү каалаган жолду тандайт. Мен ислам динин чанбайм. Айрым адамдар "диним ислам" деп коёт да, өздөрү "публичный домдо" жүрөт, арак ичишет. Бет келгенде эзилип учурашып, өтүп кеткен соң, "энеңдурайын, ушуну кантип жер көтөрүп жүрөт" деп артынан айтат. Ушул исламбы? Дегеле бардык диндеги адамдардын максаты - кудайды издөө. Мени да башында агайын-туугандарым жактырбай, жээрип жүрүштү. Кийин-кийин менин аларга жасаган мамилемди, жүрүм-турумумду көрүп, унчукпай калышты. Керек болсо кээде кеңеш сурап келишет. Башка диндин өкүлдөрү тургай, кайырчы, алкаш, наркотиктерди да жерибеш керек. Алар деле адам. Эртеңки күнү өзүң орундуктун түбүндө мас болуп сулап, же таштанды чогултуп калаарыңды билбейсиң да.

Жаныбек Жанызак, журналист:
Адам фашист же мусулман болуп төрөлбөйт. Коммунисттин баласы да коммунист болбойт. Гитлер энесинен чыкканда эле фашист болуптурбу? Жөнөкөй гана немистин жараны, кийин 50 млн. адамдын канына забын болгон "сволуч" болуп чыга келди. Биздин И.Раззаков, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Ч.Айтматовдор мээсинин түбүнө чейин коммунист болчу. Кийин өлгөндө эмне кылды? "Аузи-биллахи" деп туруп, исламча көмүп салды. Мен айтаар элем - ар ким өзү билет. Эгер Кыргыздын заң-мыйзамына зыян келтирбегидей болсо, ар ким өзү тандагандай жашаганга укуктуу. "Ислам динин тутам" деп коюп, анын ичинен канчалаган "сволучтар" чыгып атат. Сен кечирип кой, илгери "Бишкек-таймс" гезитинде түнкү көпөлөктөр менен маек куруп, журналист кыз суроо берип атат: "оозуңарга аласыңарбы?" десе, "жок, биз мусулманбыз да. Ислам дининде андай жок" деп жооп берип атат сойку. Ислам дини дей турган болсо, эмнеге денесин сатып, көчөдө жүрөт? Өткөндө мени бир таанышым кармап алып "сенин диниң башка экен" деп демитет. Колунда бөтөлкө, өзү кызуу…Адамдын жеке ишенимине өтө аяр мамиле жасаш керек. Мындан кийин мага мындай суроо менен кайрылбагыла.
Доорубуздун аялзатынан чыккан чыгаан журналисти Байма Сутенованы да "башка динге өтүптүр" деген каңкуу чыкканынан, өзү менен байланышсак,университетте дарс окуп, илимий иш жазып жатыптыр. "Мен өз динимди башкага эч качан алмаштырбайм" деген жооп алдык.

Ал эми "Кудайдын кулу, Мухаммеддин үмөтүмүн" деп, беш маал намаз окуп, диндин керектүүсүн сиңирген интеллигенттердин (ислам дининин фанаттары десек да болот) да пикирин уктук.
Мыктыбек Арстанбек, теле журналист:
Бүгүн Кыргызстанда каалаганын кылат. Анткени, бизде негизги критерий -акча. Дин маселеси кийинки орундарда турат. Башка диндин ишенимине кирген адам өлүп кетсе исламды мактабайт. Диндеги туура келген, туура келбеген нерселерди иргеп алуу адамдын интеллектуалдык деңгээлинен көз каранды. Ислам динин тутканга аракет кылган, бирок, калп айткан, эки жүздүүлөр болушу мүмкүн. Аларды көрүп "ислам жаман турбайбы" деп, башка динге өтүп кетүү келесоолук. Ошол эле исламда канчалаган жакшы адамдар бар. Эмне үчүн жакшыларга карап түздөнбөй, бекемделбей, начарына таасирлениш керек? Атеисттик доор бизди маңкурт кылып, Карл Маркстын идеологиясы менен арак уулантып койгон.

Хиджаб кийимин кийгенге жана намазды араб тилинде окуганга айрымдар каршы болуп, аны "арабдардын саясаты" дегенге кандай жооп бересиз?
Аллахка дуба жана намаз менен ибадат кылабыз. Дубаны (тилек, бата) ар ким каалаган тилинде кылса болот. Ал эми курандын аяттары араб тилинде түшкөндүктөн, намаз ошо тилде окулат. Ислам дини пайда болгонуна 14 кылым болду. Эгер намаз ибадатын каалаган тилде окуганга уруксат болсо, ошончо убакыттан бери намазга жыгылган адамдардын ичинен, өз тилине которгон эки кыйын кантип чыкпасын? Намазды араб тилинде окуу, аялдар уяттуу жерлерин жаап, хиджаб кийиш - бул Аллахтын өкүмү! "Арабча кийингиле, бизче намаз окугула" деп арабдар айткан жок. Хиджабды арабдардын саясаты деп жүргөндөр эмне үчүн костюм-шымды Германиянын, Европанын идеологиясы дебейт? Биздин ата-бабаларыбыз чий баркут дамбал кийип, ычкыр байланып эле жашабады беле. Кийиминде кыргыздын бир жиби жок, анан патриотпуз деп чыккандарга таңгаласың.

Майрамбек Осмонов, ырчы, обончу:
Кудай адамды жаратканда жүрөгүнүн бир бурчун бош калтырган экен. Адамдар аны толтуруш үчүн казинодон, кафелерден, ойноп-күлгөндөн издеп убара тартат. Ал боштук - ыймандын орду. Ошо сыңары эле, башка динге өткөндөрдүн ичинде жеке турмушундагы көп муктаждыктан, каражат таппай, бала-чакасын багалбай, же биз айткан боштукту башка дин менен толукташ үчүн өтүп кетүүсү мүмкүн. Экинчиден ыйманы алсыз, же Аллахка ишеничи жок, же илими жок болгондуктан да ооп кетишет. Ал эми "беш маал намаз окуганга шартым жок" дегендерге, күнүгө Токмок шаарына барып, миң доллар ал десе, таппаган жерден убакыт таап, эртеңки күндү күтө берип жинди болуп кетмек.
Муктар Атаналиев акыркы күндөрү сахнага таптакыр чыкпай калган. Аны "даабат айтып кеткен" дешет. Өзү да бир гезитке "Исламда ыр-шайтан экен. Мурда "Эгиз кыздар окшошкон Батма, Зуура деп кантип ырдаганымды билбейм" деп айтканы бар.
Сакал коюп, узун кийбей эле "Кудай" деп, намазын окуп, заманбап жүргөндөр да бар. Алардын бири Кыял Шаршеева менен сүйлөштүк.
Кыял, жолдошуң экөөңөр тең намаз окуйт экнсиңер, динге байланыштуу нерселерден эркинсиңби?

Кыял Шаршеева, диктор:
Жолдошум бешинчи классынан баштап намаз, куран окуган экен. Мен болсо жаңы баштадым. Экөөбүз тең беш маал эмес, багымдат менен куптанды окуйбуз. Диндин ашып кеткен фанаттары эмеспиз, бирок шариятты да жакшы карманган, кудай деген үй бүлөбүз. Адал акча таап, адал тамак жегенди биринчи орунга коёбуз. Жолдошум мени хиджаб кий дебейт. Андай кийинүү менин жумушума да туура келбейт. Бирок, өтө ачык, өтө кыска кийинишимди да каалабайт.
Кайрат менен Кыял өңдүү эле төкмө акын Аалы Туткучев менен жубайы Жазгүл Жамангулова , актер Эгемберди Бекболиев менен Айсалкын Осмонова , мурунку ырчы Асел Кыдыкова жолдошу Мирлан менен намазды жазбай окушат. Ошондой эле Токтобек Асаналиев, Нурзат Токтосунова, Айнура Салахидинова жана Мая да беш маал намаз окуй турганын билдиришти.
Айрымдар намаз окууну улгайгандардын жана үйдө бош отургандардын жумушу деп эсептешет экен. Мисалы, ырчы, журналист Рая Нургазиева:
- Дин десе эле сакалды саксайтып коюп, аял-эркек аралаш узун этек кийип, арабдардын саясатын жайылткандар көбөйдү. Кыргыз кийимин кийип эле, кыргызча тил менен динди тутсаң болот да. Үйдө отурган аялдар, жашы улгайып калган апалар, эжелер беш маал намаз окубаса, менин намаз окуй турган мезгилим келе элек. Азыр иш кабинетимдин кайсы жерине тура калып тоңкоймок элем?
Куранда бал ачкандарга жана бал ачтыргандарга катуу тыюу салынган. Эгерде намаз окуган адам төлгө салдырса намазы 40 күн кабыл болбойт деп айтылат. Бирок, намаз окуп, төлгө тарткандар да бар экен. Мисалы, Асел Каракойчиева өзүн дарыгер, тамырчы, экстрасенс деп тааныштырат. Бирок, куранда тыюу салынган бал ачуу менен да алектенет.
Куранда төлгө тартканга, көз мончок такканга тыюу салынат. Өзүңүз намаз да окуйт экенсиз, төлгө тарткандан коркпойсузбу?
- Биринчиден, мен жеке эле тагдырды айтуу менен чектелбей, адамдарды дарылоо негизги ишим. Төлгө салгандан коркпойм, бу дагы кудайдын берген таланты. Калыгул сыяктуу олуялар кайдан чыгыптыр? Молдолор менен биздин айырмабыз асман-жердей. Алар бизди жаман көрүшөт. Кыйын болсо куймулчагы, жүрөгү түшкөн ж.б. ооруларды айыктырып көрсүнчү. Мен 21 жыл Чым-Коргондо иштедим. Ойлосом, көзү ачыктардын жарымын "оорулуу" дешип, жиндиканага алып барышчу тура. Мен оңой-олтоң эле эл көрүп калган жокмун. Үч жолу баспай калып, канча бир азап тартып, анан ушу күнгө келгем. Көзачыктык, төлгөчүлүк да кудайдын бергени.
Жаш ырчы Мелис Абдрашитовдун апасын президентибиздин "ишенимдүү адамы" деген күбөлүк документтин ээси экенин эшиткенбиз.
Мелис, сенин апаңды Бакиевдин жеке көзачыгы, ишенимдүү он беш адамынын бири деп уктук, ушу чынбы?

Мелис Абдрашитов, жеке ырчы:
Менин апам дарыгер. Төлгө тартып, адамдардын тагдыр жолун айтпайт. Бирок, касиеттүү киши. Бул тубаса касиет таенесинен апама өткөн экен. Ал эми президент боюнча мен эч нерсе деп айталбайм.
А. Батыралиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
2-бет
Санжар Бердибеков:
"Жүз жыйырма биртууганмын"

3-бет
Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"

4-бет
Жыргал жашоо каякта?
5-бет
Токон Эшбаев:
"Ал ырды актриса Жаркынай Балыкбаевага арнагам"

6-бет
Эр жүрөк жигиттердин ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу болсун
7-бет
Ислам динин ким кандай сүйөт?
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
10-бет
Кош алма төштө тирсийген,
Калтырайт байкуш колукту…

11-бет
Атактуулардын хоббиси
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Земфирага азгырылып жолдошун чанган
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Бырс этме










??.??