Шоу дүйнө

Нурзаттан жаңы долбоор
Улуттук маданият борборунда башкы адис кызматын аркалаган телеалыпбаруучу Нурзат Токтосунова көрүүчүлөргө жаңы долбоор тартуулайм деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези. Курбу кызы менен биргеликте шоу-бизнеске байланышкан мыкты теле проектин үстүндө иштеп жатышат. Ошондой эле "Кыргыз мурастарын сактоо жана өнүктүрүү" деп аталган Эл аралык форумдун уюштуруу иштерин да Нурзат өз мойнуна алган. Бул форумга КМШ өлкөлөрүнүн жаштары катыша алат.


Кундуз колго диплом алат
Кундуздун күйөрмандары чыгармачылыгындабы же жеке жашоосунда болобу акыркы жаңылыктарды аңдып жүргөндөрү жүргөн. Сүйүктүү ырчыңыздын акыркы жаңылыктары төмөндөгүдөй, "Бир сен үчүн" деген ырына клип тарттырып бүтүп, учурда дипломдук ишин жазып жаткан кези. Кундуздун Улуттук Университеттин "Экономика" бөлүмүн сырттан окууру көпчүлүккө маалым болсо керек. Быйыл ырчы кыз 5-курсту аяктап, колуна диплом алганы турат.


Эрлан кайсы компания менен иштешип жатат?
"Сүйүп калдым кантейин" деген ыры менен калкка тааныла баштаган ырчы Эрлан Андашев жаңы ачылган "Сезим" радиосунун бренд-үнү экени көпчүлүккө маалым. Анын үнүнө Кыргызстандагы суусундук чыгаруучу "Коко-Кола" компаниясы кызыгып жатышат. Алар атайын тартылган видео роликтерде Эрландын үнү жаңырып туруусун суранышкан. Ырчынын макулдугу менен эки тараптан келишим түзүлүп, алгачкы тартылган роликтер бардык телеканалдардан орун алды. Компанияга көрсөткөн кызматы үчүн Эрлан канча гонарар алаарын сыр бойдон калтырды. Учурда экиничи ырынын үстүндө иштеп жатканынан улам тапкан-ташыганын чыгармачылыгына жумшап жатканын баамдадык.


Сема продюсерлик менен алектенет
"90-60-90" аттуу ырды биринчи, экинчи сериясы менен ырдаган Самарбектен үчүнчү сериясын күтүп жатканбыз…Көрсө, ал ырды ошону менен токтотуп "Маралдайым", "Тартылам" деген эки ыр жаздырыптыр. Клип тарттырууну пландаштырган ырчы режиссерлорду алып келгени жакында Ош шаарына аттанат. Азыркы тапта Семага "продюсер болуп бер" деген өтүнүч менен жаш ырчылар кайрылып жатканын кошумчалады. "Убактым азыр тар болуп жатат, баш-аягымды жыйнап алгандан кийин продюсерлик менен да алектенсем деген ойлор бар" дейт ырчы жигит.


Ильяздын ийгилиги
Махабатты даңазалаган Ильяз Андаш чыгармачылыктын түйшүгүн тартып, жакында эле "Жок-жок кайгырба" аттуу ырына клип тартып бүттү. Клип заманбап стилде тартылып, жакында күйөрмандардын сынына коюлат. Андан сырткары, көптөн бери айдап жүргөн МАЗда үлгүсүндөгү авто унаасын БМВ үлгүсүнө алмаштырды. Ити чөп жеген Ильязга мындан ары да көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүнө тилектешпиз!


Кастингге катыш!
Режиссер, "Жан" киностудиясынын жетекчиси Рустам Аташов Тарых музейинде 11-апрелде саат 15.00 дө "Эркектер 2" кино тасмасына кастинг жарыялайт. Кастингге катышкандардын жаш өзгөчөлүгү эске алынбайт. Эгерде өзүңүздүн актёрдук чеберчилигиңизди сынап көрүүнү кааласаңыз кастингге шашылыңыз! Кошумчалай кетсек, учурда турмуштун ачуу чындыгын чагылдырган "Эгиз тумар" тасмасы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.




  Бир ырдын тарыхы

Бир жарым жылда жаралган чыгарма
Сөзү, обону Түгөлбай Казаковго таандык "Жамгыр" деген ырды учурда жаш эстрада ырчыларынын ичинен Юлия Руцкая менен Султан Садыралиев аткарып жүрүшөт. Радиолордон, телевизордон ушул ыр жаңырып калганда баарыбыз эле кулагыбызды төшөп тыңшап калаарыбыз анык. Романтикалуу, адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгарманын тарыхын автор төмөндөгүдөй кылып айтып келет.


Юлия Руцкая
"Жамгыр"
Сөзү, обону: Т. Казаковдуку

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай
Бет алдымда шамал согуп.

Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби

Жамгыр төктү эске түштү
Алыс калган жаштыгымдай
Сагынтасың жүрөктү эзип
Колдон учкан ак куумдай

Жылдар учаар канаттуудай
Жамгыр төгөт эч басылбай
Жамгырларды эскеребиз
Алгач сүйүү унутулбай

- Бул менин жамгырга болгон сүйүүмдүн тарыхы. Бала кезден жамгырды жандан башкача жакшы көрчүмүн. Жамгыр жаап жатса көл-шал болуп, жамгыр суусуна киринип жүрө бергим келчү. Ошондон аруулангандай, тазаргандай ажайып сезим дилимди бийлеп кетчү. Жамгырдан кийинки аба, топурак да бир башкача жыттанат. Кийин чоңойгондо деле жамгыр алдында чуркап алганды жакшы көрчүмүн. Анан ошол жамгырга болгон махабат лирикалык чыгармага айланды. Бул ырдын тарыхы мындай:
Студент кезде менин бир курсташым сүйгөн кызын башка бирөөгө узатат экен деп угуп алып, "поездге Анна Каренинадай боюмду таштап өлөм" деп темир жолдун боюна бардык. "Кой" дегенди укпайт. Экөөбүз "Юбилейный" деген дүкөндүн жанында темир жолдун боюнда отурабыз. Балыкчыдан келген поезд кечинде өтөт экен, мындайча айтканда, анын ажалы кечинде келет экен. Кечке чейин эмне кылабыз деп бир бөтөлкөнү алдыбызга коюп, ташка отуруп арман айтышып кирдик. Анын тагдыры мени абдан таасирлентип атат. Ичимден "бүгүн эми чын эле өлүп калабы" деп кейип жатам. Бир оокумда күн ушундай бир күркүрөдү дейсиң, тим эле төбөбүздөн эле жарылгандай болду. Тарс! Турс!-деп асман солкулдап, жамгыр төгүп кирди эле Кубат өлөм дегенин да унутту. Менин болсо дилиме кандайдыр бир кайрыктар келип, кайра кетип менин жан дүйнөм удургуй баштады. Ошентип атып эле ырдын кайырмасын обону менен кыйкырып ырдап жибердим. Бир сап чыгып кетти да, калган кайрыгын таппай калдым. Ошондо алашалбырт жаз эле. Күзгө чейин калган кайрыгын таппай абдан эзилдим. Күзүндө барып:
"Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп" деген эки сабын таптым. Кийинки жазда куплет жаралды да, кайра күз келгенде кайырмасы менен бүттү. Бирок, бүткөнгө чейин мени жеп салды. Же унутуп калбайм, же баары жаралып сыртка чыгып кетпейт. Улам эле жан өгөөлөгөн миңдеген кайрыктар келет, бирок, окшобой жатат. Ошентип бул ыр бир жарым жылда жаралган.

А.Сабырова