п»ї
 Таанышуу жарыясы


  өнөр өргөөсү

Цирк алкагында
Жергиликтүү жашоочулардын дагы бир көңүл ачуучу жайларынын бири цирк болуп эсептелгендиктен, анын басып өткөн жолдорун изилдеп, кандай оюндар коюлуп, кимдер ойноп, анын аркасынан таанылган инсандарга кеңири токтолуп, дегеле цирк өнөрү жөнүндө сөз кылсак.


Пайда болуу тарыхынан
Цирк искусствосу биринчилерден болуп байыркы Римде калыптанып, латын тилинен которгондо "тегерек", "айлампа" дегенди түшүндүргөн. Римдеги гладиаторлор аренага күчтүү жаныбарлар менен салгылашууга түшүп, ар кандай оюндарды ойлоп таап, цирктин пайда болушуна түрткү болгон. Ал эми профессионал циркачтар цирктин борборундагы тегеректи "манеж" деп атап келишкен. Анын өлчөмү13 метр болгон айлампаны түзгөн. Биринчи циркачтар эң негизги оюндарына элдик тамашаны камтып, күлкүлүү образды жаратууга аракет кылышкан. Бара-бара цирк шаңдуу маанайды камтыган оюн-зоокторго айланган. Артистер ар кандай жанрдагы оюндарды өздөштүрүшүп, келечекке болгон көз караштарын күлкү аркылуу өзгөртүүгө өбөлгө түзгөн. Ошентип, артистер менен көрүүчүлөрдүн ортосунда сыйкырлуу атмосфера түзүлгөн десек болот.


Цирк жанрлары
Цирк жанрларынын пайда болушу жана анын өнүгүп өсүшүнө, оюндардын формасына, ар бир кыймылына жараша болгон.
Клоунадо - цирк аренасында клоун жалгыз чыккан учурлар чанда гана кездешет. Кээ бир учурларда анын жардамчысы катары көрүүчүлөр чыгышат. Бүгүнкү күндө клоундун классикалык түрлөрү бир нече. Кээ бирлери ар кандай музыкалык аспаптар менен күлкүлүү образ жаратып, элдин боорун эзип, көңүлүн ачат. Клоундун ар бир кыймылы көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Клоун - акробаттардын көрсөткөн оюндары залда олтурган балдар үчүн эң кызык көрүнүп, жагымдуу маанай тартуулайт. Клоун - дрессировщиктер - жаныбарлар менен бир нече трюктарды көрсөткөнү көрүчүүлөргө эң кызык болуп, алардын артистик чеберчилиги бардык элди суктандырып турат.
Жыландарды арбоо - искусствосу алгач Индияда пайда болуп, биринчи дин катары да каралып келген. Убакыттын өтүшү менен шаңдуу оюнга айланып, цирктин бир түрү болуп калган. Мындай жанрдын негизги мааниси музыкалык аспапта ойноо менен адам жыланды моюн сундурууга мажбурлайт. Оюнчу гипнотизер катары жыланды ар кандай кыймылдарды кылууга азгырып, музыканын коштоосу менен жасоого үндөйт. Цирктин бул жанры Пакистан, Шри-Ланка, Египет ,Индия мамлекеттеринде кеңири тараган. Чачы узун, кулагында сөйкөсү, колунда билериги бар, ак топучан киши жыланды арбоонун алдында бир мүшөккө жыландарды алып келип, бутун кайчылаштырып отурган соң, музыкалык аспаптар менен ойноп баштайт, ал эми жылан аны угуп кишиге баш ийе баштайт. Музыкага ылайык жылан ар түрдүү ыкмалар менен ойноп, кыймылдарды аткарууга киришет.
От менен ойноо - бул жанр көрүүчүлөргө дайыма кызыгуу жараткан. Анын сырлары көрүүчүлөр үчүн табышмактуу бойдон калууда. Кээ бири мындай көнүгүүлөрдү кайталап көргөн учурлар да кездешкен. Шаңдуу оюн катары 19-кылымдын 80-жылдарында цирктин оюну катары эсептелинген. Анын аткаруу принциптери дагы эң орчундуу жана коркунучтуу. Мындай трюктарды аткаруу үчүн артистер бүткүл оозун жана эриндерин күйүп калуудан сактаган атайын маздарды сүйкөп, оттон сактанышкан. Алар отту оозунан эле өчүрүп коюуга же колу менен, же дененин ар бир бөлүгү менен бири-бирине берүүгө, отту жалбырттатып күчөтүүгө да күчтөрү жетет.
Кылыч жутуу - Цирктин эң оор жана коркунучтуу жанрынын бир түрү болуп кылычты жутуу өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу трюк болуп эсептелинет. Хоббиге айландырган циркачтар мындай көнүгүүлөрдү оңой эле жасашат. Кылычтарды жутууда тынч туруп, башка кыймылдарды аткарбашы керек. Акырындык менен кылычты оозуна киргизип, тамактын эң түбүнө түшүрөт да, бирок көпчүлүк көрүүчүлөр ойлогондой эч убакта курсагына чейин киргизишпейт. Өлүм коркунучунда турган бул оюн бир кыймыл жасаса эле артистин өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан залдагы тынч абалды сактап турууга аракеттенишет.




Цирктен жабыр тарткандар
Белгилүү гимнастка Юлия Волкова цирктен жабыр тарткандардын бири. Ал Ирландияда оюн-зоокторду көрсөтүү учурунда бийиктиктен кулап түшүп, оор жаракат алган. Жергиликтүү ооруканага жатып, циркти бир нече убакытка унутууга мажбур болгон.
Белгилүү ырчы айым Анита Цой "Жылдыздар манежде" көрсөтүүсүнө даярданып, акробатикалык трюктарды аткарууда бийиктиктен кулап, башынан жана арка белинен оор жаракат алган. Анита бийиктиктен жерде турган ассистенттердин колуна секирүүдө бир калыпта кармай албай цирктин аренасына кулап түшкөн. Көрүүчүлөрдүн бардыгы шок болуп, анын аман калышына сүйүнүшкөн.
Россиянын эл артисти Валентин Дикуль цирктен кулап оор жаракат алып, беш жыл буту баспай кыйналган. Оорудан азап чегип, өзүн өзү өлтүрүүгө бир нече жолу аракеттенген. Кийин өзү бул оорунун айыктыруу ыкмасын таап, бат эле сакайып кеткен. Азыркы учурда Дикуль элге цирк оюнчусу эмес, мыкты доктур катары таанылып жүргөн кези.
Кыргызстанда да мындай көрүнүштөр көп эле болот.
Ырчы айым Жанета Бобкова цирк манежинен бир нече көнүгүүлөрдү аткарууда бийиктиктен кулап оор жаракат алган. Бир ай доктурлардын көзөмөлүндө болуп, сакайып чыкканы баарыбызга маалым.
Россиянын белгилүү циркачтары борборубузга "Тигры" ("Арстан") деген атылышта цирк оюндарын тартуулоого келишип, жакшы маанай жаратышкан. Оюндун ортосундагы антракта циркачтар көрүүчүлөр арасынан акчасына балдарды ойнотуп жатып 6 жаштагы баланы кокусунан бийиктиктен жыгып алышкан. Оюн-зоок улантылбай токтогон. Балага биринчи тез жардам убагында көрсөтүлгөндүктөн, ал оор жараат алган эмес.

Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??