Атактуулар ааламы

Мусулман болгон атактуулар
Дүйнөнүн белгилүү инсандары ислам динин кабыл алып, мусулмандарга боор тартып тургандары жүрөктү жылытат. Дал ошол атактуулардын эмне себептен ислам динине өтүп, аны кабыл алууга ким түрткү бергени туурасында сөз кылмакчыбыз.


Хип-хоп музыкасын мыкты өздөштүргөн жаш муундун сүйүктүү ырчысы жана аткаруучусу Эйкон беш жыл түрмөдө олтурса дагы оригиналдуу ырларды жаратып, үч альбомду элге тартуулоого жетишкен. Англис, француз жана волоф тилинде эркин сүйлөгөн Эйкон учурда араб тилин үйрөнүүнүн үстүндө. Себеби ислам динин кабыл алып, мусулмандардын санын дагы бирөөгө көбөйтүп, куранды окууга киришүүдө. Эң кызыгы Эйкон мусулман катары үч аял алып, төртүнчүсү менен толуктаганы жатат. Кенже аялы 15 жаштагы Сенегалдын жашоочусу Джозефиняга баш кошкону турат. Ал наркотик сатуу менен алектенсе дагы аны бир да жолу колдонуп көргөн эместигин баса белгилеген.

Л.Н. Толстой
Орус элинин жазуучусу, ойчул, орус адабиятына чоң салымын кошкон Лев Николаевич Толстой мусулман болуп, ислам динин кабыл алган. Жазуучу, кудай жөнүндө, философиялык көз караштары, трактаттары, адамдын жан дүйнөсү, билими, сүйүү жана жашоонун маңызы туурасында көптөгөн акыл ойлорду билдирип келген. Улуу жазуучуну ислам динин кабыл алганы үчүн жакын адамдары түшүнбөстүк менен андан баш тартышкан. 1870-жылдарда жазуучу "өлүм, күнөө" темаларына көбүрөөк басым кылган. Жазуучунун аялы Е.Векилова "Толстойдун балдары дагы исламды кабыл алышаарын каалап жатышат" - деген маалымат берген. "Эгерде адамга эки динди тандоого койсо, акылдуу киши сөзсүз түрдө исламды кабыл алат, анткени Кудай бир гана жана Мухаммед анын элчиси деген сөзгө бекем карманып, жаратканга жалынганыбыз оң" - деп айткандары калган.


Эйкон
Ийкемдүү бийлери менен көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан колумбиялык поп-жылдыз Шакира ислам динин бекем туткандардын биринен экен. Бир кудайга баш ийген ырчы атын араб тилинен алынган Парвиз деген атка өзгөртүүгө да жетишкен. Мындай иштерге баруусун ырчы айым "акыреттеги жашоомду эске алып, атымды өзгөрттүм" - деп түшүндүргөн. Ислам динин кабыл алган Шакира үй- бүлөнү биринчи планга жылдырып, жакында эне болоорун элге жарыялаган. Жакшы көргөн адамы үчүн башка динди курмандыкка чалган, өзгөчөлөнгөн үнү менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Шакира чыгармачылыкты четке какпай, бир нече альбом жаратууга да үлгүргөн.


Баста Раймс
Хип-хоп ырчыларынын арасынан Баста Раймс сыяктуу, өзгөчө стили менен айырмаланган мыкты рэпер жокко эсе эле. Өзүнүн имиджин таап, ачык, эсте калаарлык, башкача ырдоо манералары менен таанылган Баста Раймс мусулман дагы. Анын бардык ырлары күлкү менен коштолуп, саясат, экономика, дин маселелерин өзүнө камтыган ырларын эл алдына тартуулагандан ырахат алган рэпер исламдык уюмдарга кошулуп, "Калктын беш пайызы" деген атка конгон.


Майкл Джексон
Бүткүл дүйнөгө таанымал "поп-музыкасынын королу" аталып келген Майкл Джексон терең ишеним менен "келме" келтирип, ислам динин кабыл алган. Мыкты ырчынын мусулман болуп калышына 90-жылдын башында исламды кабыл алган биртууган байкеси Джексон Джермейндин кошкон салымы абдан чоң болгон. Майкл билимдүү жана тажрыйбалуу шейхтерден сабак алып, "Ислам улуту" деген кыймылды уюштуруп, анын лидери болгонго да жетишкен жана бош убактысынын баардыгын куранды окуганга арнаганын айткан. Исламдын принциптерин терең түшүнгөн Джексон Бахрейн борборундагы мечиттердин курулушуна миллиондогон доллар бөлүп, Дубайдагы бир нече мусулмандык бирикмелерге өзүнүн эсебинен банктан акча которуп бергени маалым болгон. Ал дүйнөдөн кайтканда дагы биртуугандары мусулманчылыкты бекем кармап, алакан жайып, бата кылып, куран окушуп жерге беришкени Майкл Джексондун мусулман экени дагы бир жолу даңазаланган.


Зинедин Зидан
Белгилүү футбол оюнчусу, профессионал спортсмен, Франция командасынын лидери, миллиондогон фанаттардын кумири болгон Зинедин Зидан дын түпкү теги Алжир жана ал ислам динин кабыл алган мусулман экендиги көпчүлүктү таң калтырды. Бул туурасында иниси Рабаха мындай дейт: "Ал мусулман экенин эч жашырбайт, бир гана Аллахка жана анын Пайгамбарына ишенээрин айтып, исламдын бардык койгон талаптарын аткарууга аракеттенет, мисалы: Зидан бир да жолу чылым чегип, спирт ичимдиктерин колдонгон эмес" - дейт бир тууган иниси. Анын мындай жолго түшкөнүнө атасы Исмаил жана энеси Маликанын салымы чоң экенин да жашырышкан жок. "Ислам дининдеги парздардын бири болгон "хаджды" иш жүзүнө ашырууга аракеттенем" дейт - жаш футболист. Ага ылайык, Сауд Аравиясынын королдугуна атайын чакыруу билетин Зидан колуна алып, ал жерди көрүп келүүгө да даярдык көрүп жаткан учуру.