п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  окумал

Сезимай Алиева
Сен жана мен
Эсте калган элес
Таң үрүл-бүрүл атып, айлананы чала жарык каптаганда эле ойгонуп алып ой басып жаткан Сүйгөн акырын туруп, уулу жаткан бөлмөгө баш бакты. Эч нерседен бейкапар, колун жаагына жазданып алып, таттуу уйкуда жаткан баласына эт-жүрөгү элжирей эзиле жалбарып алды. Бутунун учу менен шырп алдырбай басып келип, ачынып калган Аманатты төшөнчүсү менен кымтылай жаап, кайраттуу чачтарынан алаканы менен аяр сылай, чекесинен сүйдү.
- Каралдым…каражаным менин! Тентегим, тирегим го ушу…- күбүрөнүп жалынычы түгөнбөй жатты. Энелик мээрим менен уулунун жүзүнө үңүлө тиктеп, көзүн тартып ала албай туруп калды. Жүрөгү титиреп кетти.
" Карасаң…карасаң окшоштугун. Эмне мурун элес албагам? Баары эле "окшош дешчү" бирок…Тим эле дал өзү. Жада калса күлүмсүрөп уктаганынан өйдө жазбай тартканын кара. Сен өлбөпсүң…өлбөпсүң, Дуулат! Өзүңдүн уулуң минтип өзүңө куюп койгондой окшошуп, бүгүн онго толоорун туйганың үчүн түшүмө кирип, уйкумду бөлүп жатасыңбы? Ушундан көрө жадырап жанымда болсоң гана! Мына, "өлгөндүн өз шору, өлбөстүн күнү өтө берет" дешкендей мен бар, уулуң бар, бир гана сен жоксуң!" деген ойлор менен кө-өп нерсе эске түшүп, элестелип, бөлмөдөн чыга жөнөдү.
ххх
Эртеден бери жаны тынбай бөлмө ичинде чарк көпөлөк айлана салат жасап, үй ичин ирээттеп, сатып келген жер-жемишин жууп идиштерге салып, стол үстүн жасалгалап бүтүп, "эмне тамак жасасам?" деп ойлоно түштү. "Куурдакты жакшы көрөт эмеспи. Бүгүн жасабаганда качан жасамак элем?" деп саатты караса - эки. "Азыр эрте эле турбайбы. Төрттө баштасам деле кенен жетишем" деген ой менен ичин сылап, олтура кетти. Өзүнөн -өзү кудуңдап сүйүнүп, күйөөсүнүн "жарк" этип эртерээк эле кирип келишин бүгүн өзгөчө каалап турган учуру. Анткени, эртең менен доктуруна барып, УЗИге түшүп жети жумалык боюнда бар экенин угуп келген.
ххх
- Менин боюмда болсо сага кантип айтып, билдирем билесиңби?- деген өгүнү күйөөсүнө эркелей.
- Жок, билбейм. Кантип айтасың?- кыса кучактап кулак түбүнөн жыттап алган Дуулат кунт коюп угуп жатам дегендей тыңшап калган.
- Мен ал күнү со-онун кылып дастрокон даярдап, сен жакшы көргөн тамакты жасап, сени жумуштан тосуп алам. Сен кирип келип эле таң кала " эмне үйгө конок келдиби?" дейсиң шыбырай. Мен "ооба, биздин үйгө экөөбүз күткөн эң бир асыл кичинекей адам келиптир. Сен кубанычтасыңбы?" деп айтам. Ошондо сен биздин балалуу болоорубузду айттырбай түшүн ээ?
Күйөөсү чыканактай жаздыкка жаздана калып Сүйгөндү күлүмсүрөй тиктеп:
- Иий, кыялкечим менин! Сүйөм го, сүйөм! Эми мен жумуштан үйгө шашып, кирип-кирбей үстөлдүн үстүн карайт турбайымбы. Ал күндү мен чыдамсыздык менен күтөм. Сурайсың да, албетте кубанам,- жан-алы калбай өпкүлөп кирген күйөөсүн акырын тыя:
- Коё ту-урчу, - ажыкыстана күлүп, - сен ал күндү өзүң сүйгөн тамакты жеш үчүн күтөсүңбү, же? - деп тамашаласа чычалай түшкөн Дуулат:
- Элдин баарын өзүңдөй ойлойсуң, мен сен мага уул төрөп берээриңди уга турган күндү күтөм да! -
Экөө түн бир оокумга чейин уктабай эркелешип, келечек кыял -максаттарын ортого төгүп сырдашкан эле.
ххх
Бүгүн ошол кыялданган күн келип, саат алтыда күйөөсүнүн жумуштан келээр убактысын чыдамсыздык менен күтүп жатат.
"Эми эмне кылсам?" дегенчелик кылып эки жакты айландыра карап, көзүнө босогодогу илгичте илинип турган күйөөсүнүн бушлаты урунду. "Ушуну жууп коёюнчу. Жазып тайып өзү айткандай Баткенге бара турган болуп калса тазараак кийип кетсин. Азыр тоодо суук түшүп калды деп жатпады беле" деп ойлой, суу ысытып кир жууганга камынганы менен ичинде "барбай калса экен, ал жак эртерээк тынчыгай эле" деп жатты.
Жаңыдан жууп бүтүп, калың, оор купайкени колунун алы келбей араң сыгып, эптеп силкип кермеге жайып жатканда эшик чырылдады. "Селт" эте түштү. Эмнегедир чагылгандай тездикте көңүлүнө дүрбөлөң түшүп, жүрөгү дүпөйүл тарта барып эшик ачса, маңдайында Дуулат турат. Кабагы салыңкы, жүзү чарчаңкы экенине карабай аялын көрөөрү менен адатынча жылмайып, кучактай эрдинен сүйүп алды да:
- Алтыш, мен кетип жатам. Жыйырма эле мүнөт убактым бар. Сыртта күтүп турушат. Кийим-кечемди даярдап бере кал, - деди да Сүйгөндөн көзүн ала кача, шашкалактай үйгө кирди. Ыйлап жибербесе экен деп кооптонуп турган эле.
Дел болуп артынан ээрчий кирген Сүйгөн ыйламсырай:
- Бушлатың суу да. Мен жаңы эле жуубадым беле?- деди.
- Жок, кереги жок, мага баштан аяк жаңы кийим беришти, мына…- деген Дуулат ары-бери басып, кийим которуштуруп, жайылып турган дасторконду этибар деле алган жок.
- Мен кантем? Кантип эле кетип каласың? Бир күн мурун эскертип анан алып кетишсе болбойт беле?
- Ошондой болуп калды. Өзүмө да бир саат мурун айтышты. Вертолет менен учат экенбиз. Ыйлабачы эми, жүрөгүм ооруган бойдон кетсинби? Сен мени күтүп, өзүңдү жакшы карап, окууңду окуй бересиң. Баары жакшы болот. Аа, сен мени Баткенге кетип жатат деп ойлоп жатасыңбы? Жо-ок, мен элдин арасынан чакырылган жоокерлерге аскердик сабак өтүш үчүн Ошко баратам. Болоор-болбос нерсени ойлоп сарсанаа болбо.
Мына ушул сөз Сүйгөндү кадимкидей сооротту. "Ии, - деди ичинен сүйүнө, - анда жакшы экен". Кантсе да көңүлү тынчый түштү. Эмне болсо да согуш болуп жаткан жерге жакын адамын кыйып, аялдык аёо сезим менен жибергиси келген жок. Аргасы эле жок. Дуулат да аялынын көңүлүн тынчытыш үчүн ушул акыл оюна келе калганына кубанып калды.
- Сен эмне столдун үстүн байкабай элесиңби? Же экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү унутуп койдуңбу? - таарыныч кыла эркелеп, тултуйумуш этти. Ошондо гана жайылган дасторконду бир карап, Сүйгөндү бир карап алган Дуулат жаш баладай так секире кубанып, Сүйгөндү көтөрө үй ичин айлана чуркап:
- Чын элеби? Бүгүн доктурга барышым керек деп ошон үчүн айтып жаттың беле? Кандай сонун жаңылык! Секетим менин! Мына, мен кантем дейсиң? Мен сени жалгызсыратпай жаныңа уулумду калтырып кетип жатсам. Мен келгенче экөөң эркелешип, эрикпей жашай бересиңер.- Дуулат Сүйгөндүн курсагын сылай, өөп-өөп алды. - Аман-эсен төрөсөң балам алты жашка чыкканда спортко берем. Менин уулум кыйын спортсмен болот. Ал үчүн мен бүт аракет, бар күчүмдү жумшайм.
- Эгер кыз болуп калсачы?- күйөөсүнүн эркек дегенде эт-бетинен кетип күтүп жүргөнүн билсе да атайын сынай сурады.
- Жок, билем, эркек болот, - тамашасын чындай кабыл алып, жүзү олуттуу тарта түшкөн күйөөсүнө жалооруй:
- Мен сени эмне кылаар экен десе… Буюрса өзүң каалагандай эркек болот. Ушинтип эле кетип каласыңбы, жок дегенде бир чыны чай иччи, жолуңа салаттан салып берейинби? - күйпөлөктөп чай куюп, табакка тамак-аштан салып өзүн-өзү сооротуп, алдап калды.
Дуулат шашып-бушуп, аялынын көңүлүн кыйбай ичимиш болуп тура жөнөдү. Башынан кечигип, бирөөнү күттүргөндү жаман көрөт. "Аскер адамы убакытка так болушу керек" деп дайым айтат.
- Мен сени сагынам. Аябай-аябай…- көзүнөн буурчактай жаш чууруган Сүйгөн күйөөсүн кучагынан чыгарбай көпкө убара кылды.
- Ыйлабачы эми, балага зыян. Ошону билесиңби? Айттым го, мен Баткенге барбайм деп. Бат эле келип калам. Ашып кетсе эки-үч жума кармалаттырмын…
Айнектен тиктеп турган Сүйгөнгө күлмүңдөп кол булгалап, Дуулат узап кетти. Бул күн 1999-жылдын күз айы эле…
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??