Кызыктар дүйнөсү

Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
Гений гейлер:
Сократ, Фредди Меркюри, Петр Чайковский, Александр Македонский, Артур Рембо, Оскар Уайльд, Леонардо Да Винчи сыяктуу улуу адамдар гений-гомосексуалдардын катарын толукташкан.

Ар бир адамдын жашоосунун негиздеринин бири - анын сексуалдуулугу. Адамдын сексуалдуулугу анын ориентациясынан, карама-каршы жыныстагы же өзү менен бир жыныстагы адамдарга карата эмоционалдык, эротикалык, сексуалдык каалоосунан түздөн-түз көз каранды. Өзүнүн каалоосунан ылайыктап коомдогу социалдык жана сексуалдык ориентациясы боюнча гетеросексуалдуулук, бисексуалдуулук жана гомосексуалдуулук болуп, 3 түргө бөлүнөт. Бул саныбызда "гомосексуалдар" тууралуу маалымат бермекчибиз.


Гомосексуалдуулук жөнүндө
Гомосексуалдуулук - байыркы грек тилинен которгондо "homos" - бирдей жана латынча "sexus" - жыныс деген маанини билдирет. Гомосексуалдар - өзү менен бир жыныстагы адамдарга эмоциалдык жана сексуалдык жактан умтулган адамдар. Эркек гомосексуалдар - "гейлер", ал эми аялдар - "лесбиянкалар" деп аталат. Адамзаттын тарыхында ар бир коомдо бисексуалдар, гейлер жана лесбиянкалар белгилүү бир пайызды түзүп келгендигинин себептери азыркы учурга чейин кызуу талаш-тартыштарды жаратып келет. Окумуштуулардын бир бөлүгү гомосексуалдуулуктун жаралышын биологиялык, башка бөлүгү - социалдык теорияларга байланыштырат.

Кыскача тарыхы
Гомосексуалдуулук - байыртадан бери дүйнө жүзүндө болуп келген көрүнүш. Буга адамзаттын цивилизациясы пайда боло баштаганда байыркы адамдар жараткан аскадагы сүрөттөр далил болуп бере алат. Аңчылык жана жалпыланган сүрөттөрдүн арасында гомосексуалдык катыш чагылдырылган сүрөттөр "камасутрада" да кездешет. Түндүк жана Түштүк Америкада кээ бир жапайы урууларда эркектер төрөлгөндө эле аял катары тарбияланган эркек-бердаштар менен никелеше беришкен.

Гомофобиянын себептери
- гетеросексуалдык мамилелерге каршы келген нерселерди кабыл албаган диний жана социалдык догмаларга, коомдук түзүлүштө жатат. Ошондой эле, туура маалыматтын жоктугунан жана гейлер менен лесбиянкалар тууралуу арзыбаган ушактарды жана мифтерди үзгүлтүктүү таратуудан пайда болот.

Гомосексуалдар - инопланетяндар эмес
Башка адамдар сыяктуу эле алар аял менен эркектин байланышынан төрөлүшөт. Гейлер жана лесбиянкалардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында, көпчүлүк гомосексуалдар гетеросексуал ата-энелерден төрөлүп жана толук кандуу үй-бүлөлөрдө тарбияланышкандыгы белгилүү болгон. Көпчүлүк гомосексуалдар үчүн "камин-аутка" карай жол - өзүн ачыкка чыгаруу - узак жылдарга созулат. Коомдо гомосексуалдуулук деген сөз кордоо менен барабар болуп турганда ата-энесине "мен гомосексуалмын" деп кантип айтмак эле? Муну албетте туура кабыл алышпайт. "Бизди кошуналарга уят кылдың! Сен бузулгансың!" деп кубалап салгандар да бар.

Гомосексуалдык мамилелерге диндин көз карашы
"Жакыныңды сүй" - деп дүйнөдөгү негизги үч диндин кызматчылары өз осуяттарында жарыялашат. Бирок, Иисус Христос жана ислам пайгамбары Исанын бул осуяты, негизинен гейлер жана лесбиянкаларга тиешелүү эмес. Бир жыныстагы сүйүү бул күнөө деген түшүнүк алгач иудаизмде калыптанып, андан христиан динине, андан соң анын мыйзамдарын жана эрежелерин өзүнө алган ислам динине өткөн. Азыркы күндө эски осуяттан чочко этин колдонгонго, ар кандай нерседен жасалган кездемеден тигилген кийимдерди кийүү сыяктуу көпчүлүк тыюу салуулар алынып салынган. Бирок, эски осуятта, күнөө деп аталган гомосексуалдык мамилелер дагы эле айыпталынат. Имам жана Поптордун айткандарына таяна турган болсок, "лесбиянка" жана "гейлер" үчүн мечит менен чиркөөнүн эшиктери дайым жабык.

Гомофобия жана басмырлоо
Гейлер жана лесбиянкалар туш болгон дагы бир көйгөй - бул "гомофобия" (негизсиз коркунуч, гомосексуалдарга каршылык жана жийиркенүү). Гомосексуалдар өз даректерине карата айтылган ызалантуучу сөздөрдү, коркутууларды көп угушат жана көпчүлүк учурларда гомофобиянын курмандыктары болуп келишет. Тилекке каршы, биздин өлкөдө гомосексуалдардын көйгөйлөрүнө дээрлик көңүл бурулбайт. Конституцияда - Кыргызстандын башкы мыйзамында - адамдын ажырагыс укуктары жана эркиндиктери бекитилген: жашоого жана эмгектенүүгө укугу, сөз эркиндиги жана динге болгон укугу. Парадокс, бирок, демократиянын жемиштеринде адамдын сексуалдык ориентациясынын эркиндиги укугуна орун табылбаптыр. Эгер улутчулдук жана рассизмдик маанайды жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу актыларында жазалоо каралса, ошол эле учурда гейлер жана лесбиянкаларга карата жек көрүүнү жаратып, алардын конституциялык укуктарына чектөө коюу үчүн кылмыш жазасына тартуу каралган эмес.

Кысымдын натыйжасында турмуш курушат
Көпчүлүк учурларда шаардан алыс жашаган гомосексуалдар өздөрүнүн ориентациясын жашырышат жана үй-бүлөлөрү менен мамилесин үзбөш үчүн эки башка жашоо менен жашашат. Туугандарынын кысымынын натыйжасында үйлөнүшөт, күйөөгө чыгышат. Ошол эле учурда өзүнүн жынысындагылар менен жашыруун жолугушууну уланта беришет.

Гомосексуал аял менен гетеросексуал эркектин мээси окшош болот
Гомосексуалдардын мээси өзүнүн карама-каршы жыныстагы адамдарынын мээсине окшош болот. Бул боюнча Швециянын Стокгольм шаарындагы Каролинск институтунун окумуштуусу Иванка Савич изилдеп чыкты. Савич томографиялык ыкма менен 90 адамды көрүп чыккан. Жыйынтыгында гетеросексуал аялдардын мээси менен гомосексуал эркектердин (гей) мээсинин түзүлүшү толук бойдон окшош болуп чыккан. Ушундай эле көрүнүш гетеросексуал эркектер менен гомосексуал аялдардын (лесбиянка) мээ түзүлүштөрү да ушундай болуп чыккан. Бул боюнча, адамдын сексуалдык ориентациясы тубаса болот деген чечимди кабылдасак болот.

Дарылоо
Жүздөгөн жылдар бою медицина "гомосексуализмди" жин ооруларынын катарына кошуп келген. XIX кылымда күйгүзүү жолу менен дарылоого аракет кылышкан.
Дарылоонун дагы бир аракети - "жек көрүнтүү терапиясы". Эркектер катышкан эротикалык картиналарды көрсөтүү учурунда гомосексуал эркектердин денесинен электр кубатын өткөрүшкөн. Жыйынтыгында, жумушка жарактуу жана жүрүм-туруму жакшынакай эркектердин ордуна коом садисттик тажрыйбалардын натыйжасында аң-сезимине шек келтирилген жана ден-соолугу начарлаган адамдар менен толукталып турган. Азыркыга чейин гомосексуалдарды "укмуш дарылоо" боюнча натыйжалуу медициналык ыкмалар табыла элек. Ал тургай 1973-жылы Америкалык психологдордун жана психиатрлардын Ассоциациясы гомосексуалдуулукту психикалык оорулардын катарынан таптакыр алып таштаган. Ал эми 1990-жылы мындай чечимге БУУнун алдындагы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму да кошулаган. "Гомосексуалдуулук инсандын сологой же болбосо сары түстөгү чачтуу болушу сыяктуу эле өзгөчөлүгү болуп эсептелет" деген фактыны врачтар да моюндашкан.
Португалия бир жыныстагыларга мыйзам кабыл алды
Өткөн бейшемби күнү Португалиянын Конституциялык соту бир жыныстагы никеге турууну легализациялоо боюнча атайын мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзамга өлкөнүн парламенти февраль айында бул мыйзамга макул экендигин билдиришкен эле. Эми, өлкөнүн гомосексуалдары жашырынбай эле баш кошо берсе болот.