п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-112-01. Дүйнө сулуу ислам менен,/ Сүйүү ширин ыйман менен./ Аллах берген өмүр таттуу,/ Ар дайым бар болгула, Аллах Таалам силерди колдосун! Малика.
ОП-112-02. Ассалому алейкум Урмат байке, Неля эже, сиздердин үй-бүлөңүздөргө чоң бакыт каалайм. Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн! Менин суроом: Азыркы биздин өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көп, мен да алардын биримин. Суроомдун ток этер жери Алла Таалам не себептен бизди мынча кыйнайт?! Лола.
ОП-112-03. Урмат, Неля ар дайым кармашкан колуңар үзүлбөсүн, сиздердин талантыңыздарга таазим! Күйөрманыңар Нуржамал.
ОП-112-04. Атым Каныкей, жашым 15те. Дос болуу максатында балдар менен таанышам. 0778843558
ОП-112-05. Бул жашоодо жаңылдым мен ардагым,/ Барктабадым сенде болгон таза сүйүүнү./ Убагында баалабадым өзүңдү,/ Сени мен алыстатып өзүмдөн./ Кеч түшүндүм баардыгын,/ Ак сүйүүмдү сактай албадым./ Өкүнөм, азапка мен малынам,/ Карааныңды көрүүгө зарыгам./ Лола.
ОП-112-06. 15-18ге чейинки кыздар менен таанышам. 0770608642.
ОП-112-07. Элдияр досум, сага ыймандуу кыз чалат деп ойлойсуңбу? Ыймандуу кыз эч качан балдарга таанышам деп чалбайт. Бето.
ОП-112-08. Саясатчы менен депутат митинг уюштуруп жүргөн го. Бето
ОП-112-09. Менин жанымдын жарымы болгон Максатка салам жолдойм. Жаным, эч качан оорубай, өмүрүң узун болсун! 07703960хх.
ОП-112-10. Махабатым деп сүйүү жолуна аттандыңар,/ Бал ширин деп баш коштуңар./ Ак сүйүүм деп Нурел аттуу уулду болдуңуздар,/ Бактылуу болуңуздар./ Айпери.
ОП-112-11. Урмат байке мен сизди жакшы көрөм. Сиз менин кайгырганда маанайымды ачасыз. Жайнагүл.
ОП-112-12. Урмат, сен кандай бактылуусуң. Неля келбети менен үнү төп келишкен өзгөчө назик жан. Сен ошону баалап, жубайыңды колуңа көтөрүп бак. Экөөңөр бири-бириңердин кадырыңа жетип, бактылуу болгула! 05551550хх.
ОП-112-13. Мирбек Атабеков менде сенсиз жашоо жок! Сен менин чексиз бакытымсың! 05562196хх.
ОП-112-14. Зуля "Обонго" кайтчы сураныч, ырларыңды сагындык. Бека.
ОП-112-15. Зуля неге дайының жок? Кайда болбо аман бол, окууларыңа ийгилик! Бека.
ОП-112-16. Туруктуу балдар менен таанышам. Атым Наргиза. 0551922310.
ОП-112-17. Атым Гүлзада, 19-23 жашка чейинки балдар менен таанышам. 0777770383.
ОП-112-18. Урмат байке, Неля эже менин сиздерге каалоом: Узун өмүр, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт! Каалаймын мен сиздерге бирди гана,/ Өмүрдү, ден-соолукту, гүлдү гана./ Өмүрүңөр өтө берсин кайгы көрбөй,/ Каалаймын кубанычтуу күндү гана./ Айчүрөк.
ОП-112-19. Эстеймин сени ар дайым сагынганда,/ Кантип сени алмаштырам башкаларга./ Башкаларга тамашалап сөз айтсам да,/ Ак сүйүүм арналат го жалгыз сага./ Айчүрөк93.
ОП-112-20. Неля + Урмат, силер мен үчүн дүйнөдөгү абдан сулуу түгөйлөрсүңөр! Балдарыңардын рахатын көрүп, бактылуу ата-эне болгула! Силерди урматтаган күйөрманыңар Айпери.
ОП-112-21. Салам Кыргызстан! Куршабдыктар барсыңарбы? Айпери93.
ОП-112-22. Эч нерсеге алмаштыргыс байлыгым, алтыным сагындым сени. Нурбек+Айпери. 07783583хх.
ОП-112-23. Сүйөм сени жакшы көрөм баарынан,/ Сени эстеп, сени гана сагынам./ Мени сага кошпогон,/ Аттиң арман тагдырыма таарынам./ Айпери93.
ОП-112-24. Жаным, жалбырагым, жалдырап жалбарайын, жашоодо жаңылбаган жалгызымсың, жүрөгүмдөсүң, жалжалым жакшы жүр. Айпери93.
ОП-112-25. Ак кууну атпа,/ Сүйүүнү сатпа./ Мен сени сүйөм деп,/ Эч кимге айтпа./ Аслан.
ОП-112-26. Сүйүү эмне экенин билдим, бирок сүйүүнүн эмне экенин биле элекмин. Сүйүү жакшы, бирок сүйүш кыйын экен. Качан сүйүүнүн таттуу жактарын татам? Алина.
ОП-112-27. Жүрөгүңдүн блютузун күйгүзүп койчу суранам, азыр сага жаңы "Сени баары бир өзүмдүк кылым" деген файл барат, кабыл алып кой. Эгер жакса башкаларга уурдатпай сактап ал, вирус кирип кетпесин. Алина.
ОП-112-28. ОП-111-02деги Аза, эч кайгырба, жашоодон үмүт үзбө, баарын унутасың! 07781904хх.
ОП-112-29. Мирбек Иманбеков, сен мыктысың! 05551505хх.
ОП-112-30. Кыял учат сүйүү тоосун этектеп,/ Мен жүрөмүн максатыма жетем деп./ Эч убакта ойлобогун жаман ой,/ Мени таштап башкаларга кетет деп./ +770293191хх.
ОП-112-31. Мен студент бийкечтер менен таанышкым келет. 0777759899.
ОП-112-32. Үзүлбөсүн кармашкан колдуңуздар,/ Ачык болсун ар дайым жолуңуздар./ Бакыт кушу башыңыздарга консун,/ Үйүңүздө эгиз балдар көбөйө берсин./ Урмат, Неля биз да силердей бактылуу болгубуз келет. Батаңарды бергилечи. 05518451хх.
ОП-112-33. Саламатсыңарбы Урмат менен Неля, наристеңер чоңоюп жатабы? Сахнага качан чыгасыз? 07786947хх.
ОП-112-34. Алымбек досум, келе жаткан 16-апрель туулган күнүң менен куттуктайм! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бактылуулардын бири бол, ата-энеңди сыйлаган ыймандуу балдардан бол дос. Мирбек.
ОП-112-35. Кыздар менен таанышам. 0770608642.
ОП-112-36. А-ай кагылайын кыргыз элим! Өлкөбүздөгү мындай оор кырдаалдан кантип чыгабыз? Канчалаган күнөөсүз инсандарыбыз бул жарыкчылык менен кош айтышты. Канчалаган адамдарга кайгы-муң алып келди. Мунун баарына ким күнөөлүү?! Ойлоно берип жүрөгүм сыгылып бүттү. Лола.
ОП-112-37. Урмат, Неля кандайсыздар? Баш кошту бал ширин түгөйлөр, той бердиңер элимден бата алып. Бактылуу болгула бал ширин түгөйлөр! Айпери.
ОП-112-38. Биздин саламыбыз Кызыл-Октябрь айылындагы досторум Эркин, Айбек, Нурушка жолдонот. +770233258хх.
ОП-112-39. 16-21 жашка чейинки Оштук кыздар менен таанышам. Шурик.+77026585652.
ОП-112-40. Урмат, Неля, силердин баш кошконуңарга дагы деле кубанычтамын. Силердин жаныңарда башка айымды же мырзаны элестете албайм. 07702422хх.
ОП-112-41. Тима жаным, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. +770239034хх.
ОП-112-42. Түн бир оокум сени ойлоп уйкум качты,/ Көз жашым жаздыгыма тамып жатты./ Ушунчалык сени ойлоп сагынгандан,/ Жүрөгүмдүн тамырлары сыздап жатты./ Мен сени түбөлүк сүйөм. +770293191хх.
ОП-112-43 . Кочкор районунун Чолпон айылына, балдар-кыздарына, жакын досум Бакыга ысык салам. Улук.
ОП-112-44. Нурлан өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм! +770293191хх.
ОП-112-45. Дайыр кандайсың? Сени мен бир көрүп сүйүп калдым. 0555870891 номерине чалып коюшуңду суранам. 05558708хх.
ОП-112-46. Көлдүктөр ар дайым бийиктикте жүрүшөт. Көлдүктөр эч качан өчпөйт, ар дайым алдыда жүрөт. Эльнура.
ОП-112-47. Эртеңки күндү ойлоп жаштыгымды,/ Билбедим кадырыңды жүргөнүмдө жанымда./ Алыстап сизден эми олтурамын,/ Апакемай карааныңды сагынамын./ Туулган күн куттуу болсун энекем,/ Бул жашоого жарык берген берекем./ Жараткан узун өмүр жаш берсин,/ Бактылуулук күндү кошо берсин./ Тазагүл.
ОП-112-48. Элибизде чыныгы патриот жигиттер бар экендигин көрүп сыймыктанасың. Алардан ажырасак да, элеси көз алдыбызда! 07775400хх.
ОП-112-49. Арзымат, сен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайсың! Мен сени сүйөм. 07770860хх.
ОП-112-50. 25-апрель апамдын туулган күнү менен куттуктайбыз. Кыздары Эля, Айдана, Мани жана неберелери Мику, Нуриз.
ОП-112-51. Даниель кандайсың? Мен Махабат. Неге дайының жок? Эртең Ошко барам деп ошол бойдон жоголуп кеттиң го. Мен сени азыр деле күтөм. 0705037756 номерине чалып кой. 07050377хх.
ОП-112-52. Мен сени көрүп сүйүп калдым,/ Айталбаймын сага сырымды./ Алыстасың менден сен,/ Келчи жаным мага./ Дайыр, бул ыр саптары сага арналат. Сезим.
ОП-112-53. Унутулбайт сенин ширин сөздөрүң,/ Эстен кетпейт сенин тунук жүздөрүң./ Эстей берем айлар, жылдар өтсө да,/ Эстей берем сени жаным сүйгөнүм./ Айчүрөк93.
ОП-112-54. 1993-жылкыларга ысык салам. Дайыма алга 93төр! Бека93, Нурсултан93.
ОП-112-55. Жан дүйнөм кубанычка толкуганда,/ Же кайгырып санаркап олтурганда./ Айтылып ичте сырым, чер жазылат,/ Урмат, Неля отурганда./ 07729448хх.
ОП-112-56. Менин атым Бека, "Бекжанда" турмушка чыккысы келген кыздар болсо мага чалгыла! 87026790404.
ОП-112-57. Саламым Урмат байке, Неля эжеге жолдонот. Чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, ден-соолук каалайм. Кааладым тунук ойду асылдарды,/ Сиздерге керек болгон бактыларды./ Турмушта эмне ойлоп кол сунсаңар,/ Дайыма аткарылсын анын баары./ Макуся.
ОП-112-58. Атым Замир. "Бекжанда" турмушка чыккысы келген кыздар болсо мага чалгыла. 87025653535.
ОП-112-59. Эли-жерин коргоого камыккан кыргыз калкыма ыраазыбыз! Ал эми ошол жерден "элимдин бейпилдиги" деп жарадар болгон агаларыбызга чың ден-соолук каалайбыз! Көз жумган азаматтарыбыздын жаткан жерлери жайлуу, ыймандары саламатта болсун! Ата-эне, биртуугандарынын азасын тең бөлүшүп, ушундай эр-азаматтарды чоңойтуп өстүргөнүңүздөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Макуся.
ОП-112-60. Кымбаттуу бал шириндер, бири-бириңерге күч-кубат берип, ортоңордогу сүйүү оту эч качан өчпөсүн! Кудайым силерге бакыт жана эгиз балдарды берсин! Нур.
ОП-112-61. Мен Райымбердиев Экан, Астана шаарында жашайм. Кыздар чалгыла, таанышабыз. +77016464903.
ОП-112-62. Жүрөгүм ооруйт. 2003-жылы 8-сентябрда төрөлгөн бир наристени атасы таштап кетти, эжелерин, энесин кыялбай. Кызыңды эстейсиңби Өмүрканов Нурлан? Дагы эле күтөм. Кымбат.
ОП-112-63. Эмне эле Ильяз Абдыразаковду сүйөм, күйөм дей бересиңер? Анын Айнура деген сүйлөшкөн кызы бар. Ильяз силерди сүйсөчү. Элнура.
ОП-112-64. Мен "Орто-Сай" базарында иштеген Жоодар (Жора) деген жигитти издейм. Эгер окуп калсаң дайыныңды билдирип койчу сураныч. Өткөн ишке өкүнүп, күнөөмдү мойнума алып, сенден кечирим сурайын деп жатам. Сени менен болгону бир айча сүйлөшкөнбүз. Досуңдун туулган күнүндө таанышканыбыз эсиңдеби? Курбуң.
ОП-112-65. Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылына салам. Б.З.
ОП-112-66. Жашап келем кайгы-капа жыргал менен,/ Алыстады бул жашоодо ыйман деген./ 07789319хх.
ОП-112-67. Ули мен сени жакшы көрөм. Мээрим.
ОП-112-68. Бардык студенттерди келе жаткан сессиясын ийгиликтүү тапшырып алышына тилектешмин. Айжан.
ОП-112-69. Мен жашоодон тажадым. Буга кымбатчылык күнөөлүү! Айбек.
ОП-112-70. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургундарына чоң салам жолдойм. Жазгы талаачылык иштерине ийгилик каалайм! Тумар.
ОП-112-71. Менин Телепузигим эмне кылып жатасың? Алтышкаң.
ОП-112-72. Дося кандай? Мен болсо беш, күйүп турган меш. 07050765хх.
ОП-112-73. Досум Тосяга салам жолдойм. Ден-соолук, иштер жакшыбы, эмне жоголуп кеттиң? Жазка.
ОП-112-74. Кыргызстанга салам! Мадияр
ОП-112-75. Алыста жүрсөк да биз силер мененбиз кыргыз калкым. Башыңарды бийик көтөргүлө! Рысбек Астана
ОП-112-76. Жеңем Динаранын өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Ишине ийгилик, ден-соолук каалайбыз. Кайынсиңдилериңиз.
ОП-112-77. Быйылкы жаздагы аба ырайы мага жакпай турат. Адамды мышык-чычкан ойнотуп… 07736212хх
ОП-112-78. Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден демекчи, мен деңизден сүзүп өтө албай чөгүп баратам. Жээкке чыкканга жардам бергилечи? Жанар.
ОП-112-79. Турмуш деген татаал нерсе турбайбы, тырмышпасаң чекеге муш жеп талаада калчудайсың. Андыктан аракетке берекет кылып, алдыга карай умтулалы! Нази
ОП-112-80. Эч качан бирөөнү кемсинтип, өзүң өйдөсүнбө. Анткени сен бирөөгө өйдө болсоң, бирөөгө кем экениңди унутпа! Бул да болсо турмуштун таразасы. Айдай.
ОП-112-81. Жаным Уланга салам жолдойм. Мен сени сагындым. Качан келесиң? Бурул.
ОП-112-82. Элдияр93, номериңди жазчы суранам. Назми.
ОП-112-83. Бишкекте Ата-Түрк университетинде окуп жаткан Анарбаев Элдиярга сагынычтуу салам жолдойм. Сен кыргыздын ыймандуу жигитисиң! 05566690хх.
ОП-112-84. Мен классташым Маратка сагынычтуу салам жолдойм. Бекем ден-соолук, ишине ийгилик каалайм. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин! Майрам.
ОП-112-85. Жалпы кыргыз элиме салам жолдойм. Ар дайым аман болгула! Мен.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??