п»ї

  Сынактан сынбайсыңбы?

Назик кабарчы болгондо…
"Ар бир кесип ардактуу" дегендей кайсыл жумуш болбосун өзүнүн түйшүгү, азабы болот. Шоу-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын көбү журналисттердин жумушун түшүнбөй, кээде нааразы болгон учурлары да жок эмес. "Биздин кесипти жон териси менен сезип көрсүн" деген максатта шоу дүйнөсүндө жүргөн жылдыздарыбызга тапшырма бердик. Негизги өзөгү - жылдыздар элге кызыктуу макала даярдап, өзүн кабарчы катары сынамакчы. Алгачкы коногубуз "Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова болду. Назик убакытты текке кетирбей учурда элдин тынчтыгын сактоону колго алып жаткан Элдик кошуундун жетекчилеринен интервью алганга үлгүрүптүр. Кошумчалай кетсек, Назиктин өзүнүн кесиби журналист. Бирок, теориялык билимин биринчи жолу практика жүзүндө колдонуп көрдү. Эмесе, Назиктин алган интервьюсуна күбө болуңуздар.

Назик Исраилова:
"Журналисттердин баркын эми түшүндүм"
- Назик, буга чейин интервью эле берип жүрөсүз, интервью алган кандай экен?
- Менин кесибим журналист. Бирок, кесибим менен иштеп көргөн эмесмин. Биринчи жолу материал даярдадым, чынында оңойго турган жок. Силерден тапшырма алаарын алып алып, эмне кылаарымды билбей бушайман болдум. Учурда элдин башына түшүп жаткан көйгөй мени да кайдыгер калтырбай "Элдик кошуундун" мүчөлөрүнөн интервью алууну туура көрдүм. Анткени, жаштардын кылган кызматы билинбей деле калат. Чынында жаштар Кыргызстандын жаркын келечегине көп аракеттерди жасап жатышат. Ошол аракеттер көз жаздымда калбасын деп алардын эмгегин баса белгилөөнү чечтим.
- Интервью берген оңой бекен же алганбы?
- Чынында кээде ойлоруңду топтой албай, журналисттерге ичиңдеги нерсени чар жайыт айтып берген учурлар болот. Гезитке чыкканда айткан сөздөрүң ирээти менен жайгашканын көрүп бир чети кубансаң, бир чети таң каласың. Бул да болсо журналисттин чеберчилиги экенин эми билдим. Анткени, мен өзүм алган маалыматтарым көп болсо да алардын кайсынысын берээримди билбей түн ортосуна чейин башым катып отурдум.
- "Материал даярдап кел" деген тапшырмабызды аткарууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Колумда блокнотум менен ручкам бар болчу. Эски методду колдондум, диктофон менен жаздырайын десем буга чейин аны колдонуп көрбөгөндүктөн "жазабы, жазбай калабы" деп коркуп колдонгон жокмун. Колдорум титиреп, берээр суроолорумду унутуп башкача болдум. Жанымда сиңдим Гүлжан бар болгондуктан ортодон суроо берип оор кырдаалдан оңой чыгарды. Аларды суракка алгандай болуп башкача болдум. Эң кызыгы, кошуундун мүчөлөрү Дайыр менен Чыңгыз байкеге бийчи экенимди жашырып, журналист болуп иштегендей түр көрсөттүм. Алар деле шек алган жок, гезиттен окуса кандай абалда болушат билбейм?.. Мага интервью беришип, ошол эле учурда телефон чалууларды да кабыл алып жатышты. Бирөө телефон чалып 10-кичирайону тарапта элдер топтошуп жатканын кабарлады. Дагы эмне болуп кетти деген ой менен кошуундун мүчөлөрү "өз көзүңөр менен эмне болуп жатканын көрүп келгиле" деп чогуу барууну сунушташты. Барсак элдер жерлерди мыйзамсыз басып алып жатышыптыр. Кошуун ошол замат ИИМдин кызматкерлерине телефон чалып, болгон окуяны кабарлашты. Ошондо Кошуундун мүчөлөрүнүн эмгеги чоң экенин өзүм күбө болуп түшүндүм.
- Жоопкерчиликтүү ишти аркалап жатып кандай кызыктуу көрүнүштөргө кабылдыңыз?
- Негизи шоу дүйнөсүндө ырчылар болобу, куудулдар болобу ар кимиси менен колтукташып сүрөткө түшө бермей адатка айланган да. Ал жерден ошол адатымды карматып, Дайыр, Чыңгыз байкелер менен "сиздер менен сүрөткө түшүп алалычы" деп жатпайынбы. Сүрөткө түшөөрүн түшүп алып күлкүм келип, уялганымды сураба. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, кыргыз эли үчүн жан үрөгөн жигиттерден уучубуз кур эмес экенине көзүм жетип, так ишене алдым. Бизди коргоп, мекенибиздин желегин желбирете турган мырзаларыбыздын өмүрү узун болсун, дайым бар болушсун!
- Сизге да биздин тапшырманы так аткарганыңызга рахмат!





Октябрь райондук "Элдик кошуундун" координатору Дайыр Кенекеев:
"Бекерпоздор убара кылууда"
- Дайыр, "Элдик кошуун" түзүлгөндөн бери кандай иштерди алып барууда?
- Октябрь, Ленин, Биринчи Май, Свердлов райондору боюнча бөлүнүп, координаторлор дайындалды. Ошол эле учурда ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Кошуун түзүлгөндөн бери көптөгөн телефон чалуулар аркылуу катталган фактылар боюнча иштөөдөбүз. Айрым бекерпоздор "бул жерде дүкөндү тоногону жатышат" деген сыяктуу жалган маалыматтарды беришип, бизди ашыкча убара кылышууда. Кандай кырдаал болбосун бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биримдикте иштеп, шаарыбыздын тынчтыгын көзөмөлгө алууга дайым даярбыз!
- Менимче бул митингде да жаштар басымдуу болду окшойт?
- Кыргыз элинин уучу кур эмес. Ушул революцияны жаштар чыгарып, анын курмандыгы да жалаң жаштар болду. Өзүңүздөр байкагандай, шейит кеткен балдардын жашы 15-16 жаштан өйдө. Ошол оор кырдаалда борбордук аянтта эмнегедир азыркы убактылуу бийликтин өкүлдөрүн көрө алган жокпуз. Баса белгилей кетчү нерсе, жеңишке жаштар өз күчүбүз менен жеттик десем аша чаппайм. Алар элим-жерим деп, мекени үчүн күйүп-бышкан патриот экендигин дагы бир жолу далилдешти.


Ленин райондук "Элдик кошуундун" координатору Чыңгыз Макешов:
"Кошуунга кошулгандар элдин жашоосуна кайдыгер карабагандар"
- Чыңгыз, "Элдик кошуундун" түзүлүшүнө эмне түрткү болду же бул убактылуу өкмөттүн тапшырмасыбы?
- Элдик кошуун 8-апрель күнү шаардын тынчтыгын көзөмөлдөө максатында түзүлдү. Кошуундун катарын өз эрки менен келген кыргыздын патриот жаштары толуктайт. Булар өз элинин, жеринин тагдырына кайдыгер карабаган уландар. Бизге жогорку жактан кошуундарды түзүү тууралуу эч кандай тапшырма келген эмес. Каражат жагынан эч ким деле колдоо көрсөткөн жок. Учурда болуп жаткан талап-тоноо иштерине бөгөт коюп, талкаланган жайларды оңдоп-түзөө менен алектенип жатабыз.
- Келечектеги бийликте жаш кадрларды көбүрөөк болсо дейсизби же тажрыйбалуу "карт бөрүлөрбү"?
- "Чириген бактан эч качан жаңы көчөт чыкпайт" дегендей, баягы эле жолго түшө бербестен жаштарга да мүмкүнчүлүк түзүп, туура багыт берип, келечектин татыктуу ээлери болуусуна үндөшүбүз керек. Эгерде алдыда боло турган шайлоодо эл жаштарга ишенич артса, мекенибиздин өнүгүп-өсүүсүнө өз салымыбызды кошууга даярбыз. Ал үчүн алдыда турган шайлоолор таза өтүшү зарыл.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??