п»ї

  Сырмаек

Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"
Мая 19 жашында Бек Борбиевдин купулуна толуп, чогуу ырдап чыккан. "Ооба да", "Секелек жан" ж.б. ырлары менен жаш күйөрмандарын, сүйөрмандарын тапкан десек жаңылышпайбыз. "Жакшыга чөп илээшет" дегендей, ал тууралуу эл арасында миң түркүн сөздөр айтылгандыктан, өзү менен баарлашып көрүүнү туура таптык.

- Мая, чыгармачылык тыныгууңду узакка созуп жиберген жоксуңбу?
- Чыгармачылык тыныгуум кайра эле чыгармачылыгыма жумшалып атат. Бек байке менен келишимибиз бүткөн соң, "Делбирим" тобунда бир аз гастролдоп жүрдүм. Кафеде иштеп атканыма эки жыл болду. Ырларымды жаздырганга каражат топтоп аттым. Жаңы эле үч ыр жаздырып, радиолорго берип атам.
- Чыгармачылык "экинчи дыханиең" ачылып аткан турбайбы?
- Кудай буюрса. Мындан ары концерттерге чыгып баштайм. Албетте, сунуш түшсө. Өзүм "мен да кошулайынчы" деп айтканды жаман көрөм.
- Жеке концертиңди качан берейин деп атасың?
- Жаңы ырларымды эл кандай кабыл алаарын байкап көрөм. Бирок, быйыл эле жеке концерт өткөрө коюу ойдо жок. Анда (күлүп) такыр эле ач көз болуп кетем го.
- Сени "турмушка чыгыптыр, жолдошу экөө тең беш убак намаз окуйт экен" деп уктук эле?
- М-мм… турмушка чыгалекмин. Бирок, кудай жолубузду ачса баш кошобуз деп чоң тилек менен жүргөн жигитим бар. Ал беш маал намаз окуйт. Менден 11 жаш улуу. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калган соң, мен да ал каалагандай болоюн деп намаз окуп алгам. Мага өзү үйрөткөн.
- Кечиресиң, "эл оозунда элек жок" дейт. Жигитиңди түрмөдө деген айыңдар чынбы?
- Мага бул суроону сизге чейин эки-үч журналист беришкен. Менин жообум андай болбосо да, ошол жакта дедиртип жазып коюшуптур. Ушул суроого такыр жооп бергим келбейт. Аны бир көргөндө эле ал менин издеп жүргөн адамым экенин билгем. Анткени, мен бала кезимде эле "мужественный" эркектерди жактырчумун. Чоңойгондо чыныгы эркектик касиеттердин ээси болгон жигитти табам деп ишенчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө мугалим эжебиз "кыздар, жатаарда күйөөм жакшы болсо экен" деп тилегиле десе, күйөө жөнүндө укканыбызга катуу уялчубуз. Бирок, уялып алып эле, күнүгө жатаарда ошентип кудайга жалынчумун.
- Ата-энеңер билеби?
- Жигитимдин ата-энеси каза болуп калыптыр. Биртууган иниси бар. Апам жана жигитимдин таякеси, иниси билет. Ал тургай таякеси мени конокко чакырып, дос кызым менен үйүнө барып таанышып келгем. Алар абдан "скромный" кишилер экен. Мен болсо, кымырынып-кымтынгандын ордуна, телевизор көрүп атып "аха-ха" деп каткырсам, мени жалт карап коюшат. Салаттарын ташышып коёюн десем "жөн эле кой" деп үчүнчү жолу айтканда "ладно" деп, тыпырайып отуруп алдым. Баарынан да эсимден кетпегени (көпкө күлдү) коштошуп кетип атканда, ушундай созулуп басып баратып, жерден бир зым сороюп чыгып турганын көрбөптүрмүн. Чалынып, оңкомдон кете жаздап, араң түзөлгөм. - Жигитиң бир жылдан кийин биротоло келеби?
Оозуңа май, ошентсе кана?
- Эмне, көп убакыт барбы?
Билбейм.
- Күтөсүңбү?
- Күтөм. Экөөбүз жолукканда башка нерселерди сүйлөшүп отурсак эле бир убакта жүрөктү титиреткен сөздү сүйлөп коёт: "жаным, мен сызга отуруп калбайын" дейт. Өткөндө жолукканыбызда: "Мага эч нерсенин кереги жок, сиз эле жанымда болуңузчу" деп, солуктап, басылалбай ыйладым. Чогуу жашаган курбу кыздарым бөлүнүп кетип, беш-алты айдан бери жалгызмын. Жалгыздык жаныма батып кетти.
- Сени кызганат болушу керек?
- Майда-чүйдө нерсе үчүн аялынын мээсин жей берген көп эле эркектерди көргөм. Ал андай эмес, мага ишенет. "Аялдын өзүнө ынсап бербесе сандыкка камасаң дагы, жүрүп кетет"деп айтат. "Өң десе өң бар, үн десе үн бар. 35 жашка чейин ырдап-ырдап алышың керек" деп кеңеш берет. Мен өзүм да тарс-турс жүргөндүктөн, эзилген, майда, коркок эркектерди жек көрөм. Кичине кезимде туулган күнүмдү өткөрүп атсам, классташтарымдын баары бир бурчка үйүлүп алып, "ужас" кинону көрүп отурушуптур. Ошондо "Ии-ий, ушулардын эмнеси эркек" деп балдарга жиним келген.
- Айтмакчы, балалыгың, ата-энең жөнүндө кеп салбайлыбы?
- Бала кезимде: "Түшүмдө эшикти ачсам апаппак нур куюлуп, кут кирип келатыптыр. Мен таптаза чүпөрөк менен кармап алайын деп убара болуп жүрүпмүн" деп бирөөнүн айтканын уккам. Ошондон кийин таптаза, аппак жүзарчы даярдап эле кайсы күнү кут кирип келет болду экен деп күтө берчүмүн…
Көлдүн кызымын. Үч биртууганбыз. Апам сулуу аял, эл "Мария Лопес" деп коюшчу. Атам жыгач уста болуп, биздин айылдагы үйлөрдүн жарымын өз колу менен бүтүргөн экен. Мен 4 кө, иним 2ге чыкканда атам бир үйдүн башынан учуп кетип, каза болуптур. Көп билбей калдым. Бир жолу эшиктен бака-шака болуп, достору менен кирип келип, мени көтөргөнү гана эсимде. Азыр апамды "апасы го өзү" деп эркелетип, инимди досторунун көзүнчө баса калып өпкүлөй берем.
- Апаң жаш калган турбайбы. Андан кийин турмушка чыктыбы?
- Атам каза болгондон кийин Жети-Өгүзгө көчүп келип, апам, иним болуп жашадык. Радиодон музыка бергенде апам бийлеп келип, мени бийге тартчу. Иним экөөбүзгө төшөктүн кырын чыгарып жыйганды, үйдү таза кармаганды үйрөтчү. Ойногондон кийин оюнчуктарыбызды дал апам жыйнагандай ирээттеп, жөнү жок ыйлачу эмеспиз. Бир күнү мени калтырып, апамды бир жакка алып кетишкен. Артынан барсам үй толтура киши, ортосунда апам жоолук салынып отурат.
- Балалык кызганыч болгон жокпу?
- "Бул эмне отурат" деп тултуюп, жиним келе түштү. Иним бир кишинин мойнуна минип алып, ойноп атат. Мени "мына кызың" деп тааныштырса, 3 сом берип, бетимен өптү. "Аталап" жакшы көрүп кеттик. Бир жылдан кийин апабыз татынакай кыз төрөп берди. Колубузду тийгизип койсок атам: "кызыма тийбелеп" ыйлап ийе жаздайт. Иним да эки кыздуу болгон.
- Бала кезиңерде өгөйлөгөн жоксуңарбы?
- Андай болгон жок, бирок бардык эле үйдө казан-аяк кагышат эмеспи, ошондо стресске түшүп кетчүмүн. Бир күнү классташ кызыма арманымды аттын башындай кылып айтып атсам, кебелбей туруп: "менин атам-апам күндө урушат" деди.
- Өз атаңдын биртуугандары менен катташасыңбы?
- Мен ырдап чыкканда атамдын иниси келип таанышып кеткен. Чоңойгуча издеп, бир келип кеткен жок деп таарынгым келбейт. Азыр бирөөгө таарына турган заманбы? Башканын баласы эмес, өз баласын араң баккан коомдо жашап атабыз. Инимди, мени чакырып, атамдын сүрөттөрүн көрсөтүшкөндө… Инимдин ошол кездегидей акыбалын эч көргөн эмесмин… Байкушум, томсоруп…(көз жашы булактап агып кеткенинен, сөздү башкага бурдук).
- Мая, ырчы болгонго чейинки курагыңа кайрылбайлыбы?
- Апама эч каяша айтпай, бүт айтканын кылчу элем, "ырчы болбойсуң" деген сөзүн гана аткарган жокмун. Бек байкенин тобуна келгенге чейин, кафе-ресторанда ырдачумун. Ага Султан Каримов байке себепкер болду. Бир күнү эле мени чо-оң, жаркыраган имаратка алып барды. Андайды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ошол имарат "Дасмия" экен. "Азыр репитиция болот, күтүп тур" десе күтүп отурам. Эл чогулгандан кийин "мына репитиция" деп, колума микрофонду карматып койду. Азыр эстеп ыраазы болом, мени элдин алдында ырдаганга Султан байке көндүргөн. Абдан мээримдүү эле, атамдай сезиле берчү. Кийин мени жактырып, баласы менен тааныштырып жүрдү. Бирок, баласы экөөбүздүн тең бири-бирибизге көңүлүбүз жок болчу.
- А Бек Борбиев менен кандайча чогуу ырдап калдың эле?
- "Кыздардын тобун түзөбүз" деген жарнаманы окуп, Бек байкенин үйүнө бардым. Студиясы үйүндө да. Барсам беш-алты кыз бар экен. "Ооба даны" ырдатып көрүп атыптыр. Баарынын бойлору кичинекей, ырдагандары байкенин көңүлүнө төп келбей башын чайкап, туталанып атты. Анан мага кезек келгенде микрофонду өйдө кылып туруп ырдап кирдим. Ошо кезде курч белем, Г.Сатылганованын "Булуттарын" үнүмдүн болушунча заңкылдаттым. Анан мени кабыл алып, кыздар тобу түзүлбөй калган болчу.
- Аны орой дешет?
- Билбейм, мен эч тил уккан эмесмин.
Асмат Жылдыз




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??