п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  күнсүрөт

Ө. Текебаев эле иштеп жаткандай…
Ушул күнү Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басарларынын бири Өмүрбек Текебаев "Евросоюздун" атайын өкүлү Пьер Морел менен жолукту. "Жолугушууда өлкө ичин туруктуу абалга келтирүү, өлкөнү мыйзам чегинде иш алпаруу жолуна салуу жана мындан аркы өнүгүү процесси демократиянын таза жолу менен кетиш керектиги жөнүндө сөз болду" дейт Жоомарт Сапарбаев. Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстандагы боло турган алдыдагы шайлоолор ачык жана таза жүрүшү зарыл экенин баса белгиледи. Өмүрбек мырза учурда жаңы Конституциянын үстүндө иш алып барып жаткандыгы маалым. Эл оозунда элек жок дейт, эл арасында "Учурда Ө. Текебаев гана таза иштегенге аракет кылып, өзүнө бөлүнгөн ишти так аткарып жатат. А калганы баягы эле бийликтин "таз кейпин" кийип, папке талашмай, пара алмай. Бири-бирин чукумайларын башташты" дешет. Алардын эле арасында жүргөн айрымдар "Т. Сариев менен А. Бекназаров экөө "Бажыканага менин кишим барат", "Жок, меники барат" дешип мушташа кетишиптир", "Эчтеке боло электе эле Аликбек Жекшенкулов боло элек, бирок азыркы убактылуу бийликке оппозиция болуп чыгып жатыптыр" дешип уу-дуу. Ө. Текебаев жөнүндө укканбыз чын, А. Бекназаров, Т. Сариев, А. Жекшенкулов жөнүндө укканыбыз ушак эле болуп калса экен. Неси болсо да алар азыр элге ак, анан так иштеген адамдар керектигин, элге ошондойлор жагаарын эстеринен чыгарышпаса экен.


10-апрелде…
Автоматтар элде
7-апрелде чыккан ызы-чуудан ар бир төртүнчү-бешинчи адамдын колунда ок атуучу куралдар пайда болду. Азыр ошону эске алганда көчөгө чыккандан да коркосуң. Канды көрүп калган каны кайнап турган жаш балдар жинине бирөө тийсе эле атып салгандан кайра тартпай турган абалга келип кептелдик. Алар андайга барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушул күнү ИИМги кандайдыр бир себептер менен колуна ок атуучу курал тийип калган жарандарга аларды кайрадан кайтарып берүү өтүнүчүн таркатышты. Эгерде автоматтарды өз ыктыяры менен кайтарып беришсе, аларга эч кандай кылмыш ишин козгобосун да убада кылышты.


Чолпон-Атада ок атышуу болду
Бул күнү эртең мененки саат 10до Чолпон-Ата шаардык акимчиликтин жанына жеңил унаа менен белгисиз бирөөлөр келип, акимчиликтин алдында тургандарга ок аткан. Натыйжада үч адам жараат алып, анын экөө Бишкекке жеткирилген. Жергиликтүү талдоочулардын баамында, бул ок атышуу Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторунун ортосундагы чатактан улам чыгышы мүмкүн.


Эми 60 тыйын эч ким бербейт
Элди нааразы кылган себептердин ичине байланыш түйүндөрүнө кошкон 60тыйын тарифи да кирген. Бул күнү эми эч ким эч кимге 60 тыйын бербейт деген жакшы кабар айтылды. Аны уккан баары "беймарал баарлашууга" өтүштү.


11-апрелде…
10 жигит кармалды
УКМКнын кызматкерлери бул күнү К. Көлбаевдин он "жигитин" кармап, алардын колундагы курал-жарактарды кайтарып алышканын билдиришти. Алардын бири 38 жаштагы Казармандык Кыйбатбек уулу Улан болгон. Аны да "мыйзамдагы ууру" К. Көлбаевдин эң жакын адамы дешти.

Курманбек Бакиев кайткандан коркуп…
Курманбек Бакиев кандуу кагылыштан кийин биринчи жолу ушул күнү эл алдына чыгып сүйлөдү. Бирок, телекамера аркылуу. Россиянын ОРТ каналынын журналисттери аны Жалал-Абадда куралчан адамдардын кайтаруусунда жүргөн жеринен табышкан. Журналисттерге берген интервьюсунда ал борборго баргандан коркуп, коргонуп жатканын айткан. "Барсам мени өлтүрүшөт же "мына ушунча адамды өлтүргөн ушул! Ушул күнөөлүү" деп мени элге салып беришет" деген. Элдин айтымында К. Бакиев түштүктү коркпой-үркпөй эле аралап жүрөт имиш. Бирок, албетте жан-сакчылары менен.


Окко учкандар
"Ата-Бейиттен" жай тапты
Ак үйдүн алдындагы атылган октон 81 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган деп айтылды. Каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү ушул күнү Чоң-Таштагы "Ата-Бейитке" коюлду. Топурак салганы барган элдин саны сан жеткистей сезилди.


Аскар Акаев саясатка киришеби?
Мындан беш жыл мурда так бүгүнкү президенттей болуп качып кеткен экс-президент Кыргызстандагы азыркы абал боюнча Россиянын "Russia Today" телеканалында ой бөлүштү. Саясатты саймедиреп жаткан А. Акаевге журналист "Саясатка кайрадан киришесизби" деген суроосуна "Мен бүгүнкү күндө илимий кызматкермин жана мындан абдан рахат алып иштеп жатам. Ошондуктан менин саясатка кайрадан киришүүмө эч кандай негиз жок" деп жооп берди. Демек экс-президент өзүнө саясий упай топтоо үчүн эмес, кыргыз элинин абалына кайдыгер эместигин билдирип чыккан экен десек кандай болот?




12-апрелде…
А. Атамбаев олжолуу кайтты
Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Россияга барып, ал жактын мамлекет жетекчилери менен жолугуп келди. "Россия Кыргызстан тынч убагында бизге 150 млн доллар бөлүп беришкен. Мен аларга биздеги абал тууралуу түшүндүрүп, андагы 150млн суммадан көбүрөөк каражат сурадым. Муну Москвалык коллегаларым түшүнүү менен кабыл алышты" деди ал. Ал эми ал акчанын майда-чүйдө "деталына" чейин сүйлөшкөнү Темир Сариев башында турган делегаттык топ жакында кайрадан бармакчы.


Дайындоо-Бошотуу
Убактылуу бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып Кубан Кулматовду, Энергетика министринин милдетин аткаруучу кылып Осмон Артыкбаевди дайындады. Ал эми Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди, коргоо министри Бакытбек Калыевди, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновду кызмат ордуларынан бошотту. Мындай чечим УӨнүн 2010-жылдагы 7-апрелиндеги №1 Декретке ылайык тескемени кабыл алуу менен чыгарылды.

Ошондой эле Премьер-министр Данияр Үсөновдун отставкасы жөнүндө тескемени да кабыл алды.
К. Бакиев кайда?
Бул күнү "Азаттык"үналгысына К. Бакиев дагы бир жолу интервью берди. "Элге окту бийлик эмес, оппозиция атты, ал эми бийлик өкүлдөрү демонстранттарды сестентүү үчүн асманга аткан" деп билдирди. Курманбек Бакиев Кыргызстанга БУУнун калкасында тынчтык күчтөрүн киргизүүнү жана эл аралык комиссия түзүп 6-7-апрелдеги окуяга баа берүүсүн өтүнгөн. К.Бакиев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин да айткан. Ал эми убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов болсо убактылуу өкмөт К.Бакиев менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөй тургандыгын айткан. АКИpress-Фергана билдиргендей, бүгүн 13-апрелде Жалал-Абад шаарында митинг күтүлүп, митингге Курманбек Бакиев катышат имиш. Ошондой эле буга чейин Сузак районунда Курманбек Бакиевдин жактоочулары Жалал-Абад шаарынан 1,5 чакырым аралыктагы Лавдан-Кара жеринде чогулушуп, сөз сүйлөшкөн.


ЖК вице-спикери К.Исабеков кармалды
Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков кармалып, Бишкектеги ИИББга жеткирилген. Муну өзү АКИpress маалымат агенттигине кабарлаган. А кармалышынын себеби азырынча айтыла элек.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??