п»ї

  Күн собол

Кеп кезеги жылдыздарда
Архивди аңтарып отуруп, өткөн жылдын июль айындагы президенттик шайлоодо "Шайлоого барасызбы, барсаңыз кимге добуш бересиз?" деген темада жазган материалды таап алдык. "Көбү К. Бакиев үчүн" деп жооп беришиптир. Анан бүгүнкү кырдаалга жараша ошол эле инсандарыбызга "Шайлоодо кимге добуш бердиңиз эле?" деген суроону берип көрдүк. Эмнегедир ошол кезде берген жооптору менен азыркы айткан пикирлери бири-бирине каршы чыгып, айрымдары " Эч кимге добуш берген эмесмин" деп да чыгышты. Неси болсо да Алыкул айткандай, "адам деген өзгөргүч тура". Же чын эле К. Бакиев алардын үмүтүн актаган жокпу, айтор баары тең бүгүнкү күнгө көкүрөктөрү күйүп турганын жашырышкан жок.


Айгүл Чалова:
"Мындан ары шайлоого барбайм…"
- Мен деле эл катары Бакиевге ишенип, добушумду бергем, бирок ал менин үмүтүмдү, ишеничимди актаган жок…
Элдин көтөрүлгөнүн, бийликке каршы чыкканын туура кабыл алдым. Бирок, борбордогу чоң имараттарды өрттөп, дүкөндөрдү талкалагандары туура эмес болду. Кайрадан эле элдин ырыскысына кол салышты. Макул, имарат дүкөндөр чоңдордуку болсун, бирок, ичинде карапайым адам айлык алып нан таап жеп жатат да… Ушул жагынан кичине кемчилигибизди көрсөтүп алдык. Мындан ары бир да шайлоого катышпайм, эч кимисине ишенбей калдым. Учурда убактылуу бийликте отургандар сүйлөп жаткан сөздүн далайын убагында Курманбек Бакиев да сүйлөгөн. Айткандарынын көбүн аткарган жок. Азыркылар деле айткан сөздөрүн аткараарына көзүм жетпей турат…


Байыш Момунов:
"Кыргызды кыргыз кырчу беле?..."
- Биринчиден мен шайлоого катышкан эмесмин, талапкерлердин бирөөсүнө да добушумду берген жокмун. Экинчиден, мен өзүм саясатка көп кызыкпайм…
Ошентсе да азыркы элдин акыбалына зээним кейип, жүрөгүм тилинип турат…Айланада баары эле кымбаттап жатса, элдин жашоосу күндөн-күнгө оорлогонунан улам ушундай революция болуп жатат да. Канчалаган жаш жигиттердин өмүрү окко учту. Менин оюмча эл бийлик тарап ок жаадырат деп күтпөсө керек, ошон үчүн ушунча адам курман болуп отурат. Кыргызды кыргыз кырганы тарыхта болгон эмес. Айрым версиялар боюнча, снайперлер башка улуттун жарандары экен деген имиштер да жүрүп жатат.Кыргыз жигиттерин мээге, жүрөккө мээлеп аткандарын айт! Мен деле эл катары өлкөдө болгон окуяны телевизордон көрүп жатам. Жаңы эле сиз чалганда курман болгондорду Ата-Бейитке койгондорун көрүп отургам. Энелердин боздогон ыйынан жанымды коёрго жер таппай турам…


Улан Молдодосов:
"Теңтуш балдарымдын агалары курман болду"
- Июль айында өткөн шайлоодо Алмазбек Атамбаевге добуш бергем.
Кандай болгон күндө да элге ок атып, канын төкпөш керек болчу. Куран окутканы Ата-Бейитке бардым. Теңтуш балдардын агалары курман болду. Ошол жерде элдин боздоп ыйлап көз жашын төгүп турганын көрүп заманам куурулду. Баарынан да энелердин көз жашычы… "Спорт-саясаттан тышкары" деп коюшат го. Мен өзүм саясатка көп аралаша бербейм. Азыр да эмне болуп кеткенин көп түшүнө бербей "шок" болуп отурам. Өлкөдөгү кырдаал бир калыпка түшүп, тынчыйт деген ойдомун.

Асел Турдалиева:
"Канча ата-эненин көз жашы төгүлүп турат…"
- Июль айында болгон президенттик шайлоодо эч кимге добушумду берген эмесмин.
Бүгүнкү кырдаал тарыхта кала турган болду. Азыр Кыргызстандын ар бир бурчунда канча эне-атанын, биртуугандардын көз жашы төгүлүп жатат. Жапжаш жигиттер шейит кетишти. Балким ошолор кийин бир жагынан болбосо бир жагынан суурулуп Кыргызстандын келечегине кам көрүп, эли үчүн иштешет беле. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болуп, маңдайга жазганын көрөт экенбиз. Курман болгондордун жакындарына айтаарым белди бекем бууп, кайрат кылгыла. "Мекеним үчүн, элим-жерим үчүн" деп жанын курман кылгандар менен биз сыймыктанабыз. Бул күндү сыймык менен эскериш керек..


Сыймык Бейшекеев:
"Элден өткөн сот жок"
- Шайлоого катышып, Курманбек Бакиевге добушумду бергем. Мен көпчүлүк элдердей эле президентибизге ишенгем.
Ата-Бейитке барып куран окутуп, топурак салып келдим. Эл-журт Курманбек Бакиевдин жети атасына чейин каргап, наалат айтып жатышат. Күнөөсү жок 75 адамга ок аттырган кылмышкерге кандай жаза колдонсо да эл өзү билет. Элден өткөн тараза, сот жок эмеспи. Өз элине ок аткан адамга кандай жаза болушу мүмкүн?..Мен митинг болгон күнү гастролдон жаңы келгем. Атылган окторду угуп жүрөгүм тилинип турду. Аянтка чыкпасам да жарадар болгондорго жардамым тийсин деп кан тапшырууга бардым.


Гүлшайыр Садыбакасова:
"Бул кылмышкерликтин туу чокусу"
- Убагында Бакиевге добуш бергениме өкүнүп жатам…
Жүлүнүм муздап, шейит кеткен балдарды узатып, өтө терең кайгырып турабыз. Бүгүн кечке бала-чакам, "Кыз-Бурак" менен телевизорду аңдып, кандай кырдаал болуп кетет деп карап отурабыз. Кечээ жалпы жамаатыбыз менен куран окуттук. Өз элин аткан ажо кылмышкер эмей эмне? Элдер Ак үйдү тегеректеп "кет, жогол" деп жатканда бийликти өткөрүп бербей канча кишинин канын төгүп отурат. Болгондо да бул кылмышкерликтин туу чокусу деп эсептейм. Курман болгондордун көбү "эмне болуп жатат" деп жөн эле көчөгө кызыгып чыккандарбы деп ойлоп жатам. Беш жыл бою Эл артисти деген наам бербей, алып барган документтеримди түртүп чыгарып салып жатканын угуп көңүлүм муздап жүрдү эле, азыр ого бетер жаман болуп үмүтүм үзүлдү. Бардык жагынан өзүм билемдигин жасап, жакшы жактарын көрсөтө албады.


Мерген Турган:
"Ал үй-бүлөсү менен эл алдында жооп бериши керек"
- Мен шайлоого барган эмесмин, бир да талапкерге өз добушумду берген эмесмин…
Ушул кандуу окуя башталгандан бери көзүмдүн жашы тыйылбай ыйлап жатам. "Топурак суутат" деп коюшат го, Ата-Бейитке барып курман болгондорго куран окутуп, топурак салып келдим. Ушунчалык кан төгүү болоорун күткөн эмесмин. Бийликтеги адамдардын көзүн май басып, элдин жашоосуна көңүл бурбай калгандыктан ушул каргашалуу окуя келип чыгып отурат. Кылмышкер бир эле адамды өлтүрүп, бир нече адамды тоносо, Курманбек Бакиев 70 тен ашык кишини өлтүрүп, элин тоноп отурат. Бул кылмышкерлик, айбанчылык, зөөкүрдүк... Бакиев үй-бүлөсү менен элдин алдында жооп бериши керек. Болбосо үчүнчү президент деле ушинтип баса бериши мүмкүн…Канчалаган бейкүнөө жаштар шейит кетти. Жаштарга ыраазы болуп отурам, Манастын урпактары экенин дагы бир ирээт далилдешти. Менин кайын журтум казактар да бизге таң калып жатышат. Кыргыз болуп төрөлгөнүмө дагы бир ирет сыймыктандым.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??