п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу дүйнө

Кыргызстандын желегин желбиреткен жаш ырчы
Астанада "Ак көгүчкөн" деген аталышта вокал боюнча чоң сынак өттү. Өспүрүмдөр арасында өткөн сынакта Кыргызстандын намысын коргогону Кожомкул уулу Нурсен барган. Катышкан 160 баланын ичинен алдыңкылардан болуп жыйырмасы суурулуп чыккан. Анын арасында биздин жаш ырчы да бар. Атайын дипломдор менен сыйланган Нурсен жакынкы арада репертуарындагы ырларды көбөйтүп, талантын тартуулап, Кыргызстандын намысын чет мамлекетте коргомокчу.


Розанын белегине ээ болгондор
Өткөн саныбызда Роза Шакированын табышмагын алгачкылардан болуп туура тапкан Чолпон жана Тилекай аттуу окурмандарыбызды редакцияга чакырганбыз. Белгиленген сааттан ырчы да, жеңүүчүлөр да кечикпей келишип, Роза күйөрмандарына белектерин тапшырды. Сүрөткө түшүп, кол тамга алышкан жеңүүчүлөр "табышмакты табууда кыйналган деле жокпуз" деген ойлорун билдиришти. Чолпон биринчи жолу жеңүүчү болуп жатса, Тилекай башынан эле ушундай оюндарда жеңүүчү болуп алдына ат салдырбай келет экен. "Негизи мен табышмак катканды да, тапканды жакшы көрөм, бирок көбүнчө жакындарым мага табышмак катышат. Бул жолу гезит аркылуу мен окурмандарга табышмак берип, ойлондурайын деп чечтим" дейт ырчы.


Таланттар АКШдан кайтышты
14-мартта куудул Күмөндөр Абылов, ырчы Гүлзинат Суранчиева жана Мирбек Атабеков АКШда болгон сапарынан кайтышты. Бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандан барган таланттар Нью-Йорк, Чикаго, Огойо жана Филадельфияга төрт концерт коюшту. Көп жылдан бери башка мамлекетте отурукташып калган кыргыздардын сагынычын таратып келишти. Кызыгы, биздин ырчылардын концертине болгон баа 70 долларды түзсө, ошол эле учурда удаа концерт койгон Бритни Спирстин билети 50 долларды түзгөн. АКШдан мекенине кайткан таланттар гастролду уюштурган "Кыргыз-Америка" коомуна ыраазычылык билдиришет.




  Жаңы ысым

Айсулуу Кадырова:
"Азияга белгилүү бийчи бололу деп…"
Ырчы жигит Нурлан Намазбеков көрүнбөй кайда жүрөт деп жүрсөк, билинбей бир топ иштерди бүтүрүп жатыптыр. Бир эле учурда ырдап, "Азиянур" бий тобун жетектеп жаткан ырчынын эмгекчилдигине, тырышчаактыгына баа бердик. Бул жолу "Азиянур" тобунун көркөм жетекчиси Айсулуу Кадырованы окурмандар менен тааныштырабыз.

- Айсулуу, топтун түзүлгөнүнө канча убакыт болду?
- "Азиянур" тобу 2006-жылы "Рахат" бий студиясынан бөлүнүп чыккан. Ошондон бери өз алдыбызча элдин алдына чыгып, учурда 100 дөн ашык кыз-жигит бий менен алектенип келе жатат. Топтун жетекчиси ырчы Нурлан Намазбеков. Ал бизге баш-көз болуп, кеп-кеңешин берип турат. Мен болсо топтун көркөм жетекчисимин. Той-топурларга, концерттерге болгон чакырууларды чечип, костюмдарды тиктирүү менин мойнумда.
- Топ эмнеден улам "Азиянур" деп аталып калган?
- Биринчиден бүткүл Азияга таанылган бий тобу бололу деген ниетте койгонбуз. Ал эми "нур" деген акыркы сөздү элибизге нур чачып туралы деген ниетте койдук. Башында нур деген сөз Нурлан Намазбековдун атынын башкы үч тамгасыбы деген да сөздөр чыккан. Топтун аталышына Нурлан Намазбековдун эч кандай байланышы жок десем да болот.
- Кайсы ырчылар менен көп иштешесиңер? Топту ким каржылайт?
- Азиз Жетигенов менен көп иштешебиз, мындан ары да иштеше бермекчибиз. Ильяз Абдыразаков, Алина Жетигенова, Ынак Осмоналиев, Бегимай Карабаевалар менен тыгыз кызматташабыз. Биздин топ орто жолдон үзгүлтүккө учурап жети ай сахнага чыккан жокпуз да. Кайрадан чогулуп иштеше баштаганда ырчылар менен тил табышып, бир нукка түшүп кетүү оңой болду. "Кайра сахнага чыга баштадыңарбы? Ырас болбодубу?" деген сөздөр көп болгон. Бизге костюмдарды тигүүгө ата-энелерибиз демөөрчү болуп жардам беришет. Бийден тапкан акчабызды чогултуп, жетпегенин ата-энелерибиз кошуп…айтор жакшы эле колдоо көрсөтүп келе жатышат.
- Эмнеден улам ишиңер үзгүлтүккө учурады эле?
- Ал кезде Нурлан Намазбеков чыгармачылыктан оолактап, башка иштер менен алек болуп кеткен болчу. Ошол жагдай топтун тыныгуусуна түрткү болду десем болчудай. Азыр Нурлан байке топтун ишин да, өзүнүн чыгармачылыгын да чогуу алып кетүүгө аракет кылып жатат.
- Өзүң бийден тышкары эмне менен алектенесиң?
- Бийчиликтен сырткары БГУнун Кыргыз-Кытай факультетинин экинчи курсунда окуйм. Бий мен үчүн - эң маанилүү хоббим десем болот. Ата -энемдин экөө тең мугалим. Бийчи болушума гезит түрткү болгон. "Бий үйрөтөбүз" деген жарнаманы окуп алып, "Рахат" бий студиясына келгем. Ошондон бери бий дүйнөсүндө жашап келем.
- Бир тойго сыр болбосо канча каражат аласыңар?
- Ал той кайсы жерде өтөт, качан өтөт, ошого жараша болот. Ал эми тууган-тааныштарга, досторго, кызматташкан адамдарга өз кызматыбызды арзаныраак көрсөтөбүз. Ал эми кайрымдуулук концерттерге бекер эле барып бийлеп беребиз.
А.Сабырова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-март, 2010-ж.:
1-бет
Жалгыздыктан жадаган Мая
2-бет
Мая:
"Жигитимди күтүп, жалгыздык жанга батты"

3-бет
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт"
4-бет
Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
5-бет
Буйруп ким элди аттырса,
Бул өлүм жетет ага да

6-бет
Эл адамдары эмне дейт?
7-бет
Кеп кезеги жылдыздарда
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
"фотосессияга" сын
10-бет
Цирк алкагында
11-бет
Мусулман болгон атактуулар
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Гомосексуалдар инопланетяндар эмес
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Сынактан сынбайсыңбы?










??.??