майда бирок маанилүү

"фотосессияга" сын
Ырчылардын: "Гезитке, дап-даяр, чыгара бергиле"деп берген фотосессияларынын арасынан орусча айтканда "Неудачный" сүрөттөрүн таап алдык. Айталы дегенибиз, бул жерде жакшы сүрөттү жаратуу жалгыз гана ырчыга жүктөлбөстөн, алардын кемчиликтерин жаап, сулуулугун чыгарган фотографтардын да салымы болуш керек деп ойлойбуз. Ошондуктан төмөнкү сүрөттөрдөгү көрүнүп калган каталарды кантип көз жаздымга калтырабыз.

Айнура
Салахидинова кара көйнөгү менен сүрөткө түшүп жатып, артындагы фондун кара экенин байкамак тургай, ага маани деле бербесе керек. Бул албетте, фотографтын фон менен кийимдин өңүнө көңүл бурбаганы десек болот.


Гүлнур Сатылганованын фотосессиясына бул сүрөт адашып түшүп калгандай. Анткени, Гүлнур айым даярданбай турган жеринен эле фотограф "чырк"эттирип койгону үчүн көздөрү сүзүлүп, чачынын учтары ирээтсиз болуп калган.


Бактыгүл Бадыева сүрөткө түшүп жатканда чачы сонун болуп учкан экен. Бирок, вентилятордун жардамы менен учургандарын көрсөтпөй эле коюшса эч ким билмек эмес, туурабы?.


Мирбек Атабековдун сүрөттөрү башка ырчылардан өзгөчөлөнүп тураары бышык. Бирок, сүрөткө түшөт десе эле, минтип, "алиги" жагын уучтап, кебетесин бузуп калганын кантесиң... .


Бакыт Мамаевдин оозунун өйдө жагы тытылганын, сол бетиндеги кат-кат болгон бырышын "фотошоптун" жардамы менен тазалатып койсо, мындан да мыкты сүрөт болмок экен.


Мында Кундуз Канатбек кызы жакшы эле образ менен түшкөн экен. Бирок, көп-көк болгон көйнөгүнөн кап-кара бюстгальтери чыгып калганын өзү байкабаса да кантип эле тартып жаткан фотограф байкабай койду дейсиңер?..


Жалгыз сүрөткө түшүп жаткан ырчы мейли өзүнүн кийимдеринин кыйшык-түзүн байкабай калсын дейли. Антели десек, эки ырчы деле бири-биринин каталарын байкабай калышат турбайбы. Сапар бетин канчалык агартканы менен анын бети ак эмес экенин моюну айтып койгон. Ал эми Назми айымдын көйнөгүнүн сол жагы ылдый түшүп калганын Сапар эмнеге көрбөй калды экен?


Айя Садырова отуруп, туруп анан жатып, өзү каалагандай образдуу сүрөткө түшкөн. Бирок, "лямка" көйнөгүнүн оң боосу оролуп калганын эч ким көрбөй калганын карабайсызбы.




  Билесиңби?

Шоу-бизнес чөйрөсүндө "Экөөбүз жакын достордонбуз" дегендердин арасында ырчы Бегимай Бекбоева менен жаш актриса Гүлнура Асанова бар экен. Эки жылдан бери жакын курбуларга айланган бийкечтерибиз, "Билесиңби?.." рубрикасынын алгачкы коноктору болушту.

Гүлнура Асанова:
"Бегимайга өзүм жигит табам!"
Бегимай экөөбүздүн эң биринчи сүйлөшкөн темабыз эле жигиттер. Ал менден эки жаш кичүү болгондуктан, кеп-кеңештерди көп сурайт. Өткөндө "Бир жигит мага сөз айтып жатат. Эмне кылайын?" деп калды. "Мен биринчи көрөйүнчү"-дедим. Анан ал жигитти көрүп эле, "Кой болбойт" десем, ошол бойдон ага жолукпай калды окшойт. Кийин эмне болушкандарын сурасам, "Сиз туура айтыптырсыз"деп унчуккан жок. (Күлүп) Ошондон бери "Бегимайга өзүм жигит таап берсемби?" деп ойлонуп жүрөм.
Бегимайга чогуу отурганда бир сөз айтсаң, угуп жаткандай түр көрсөтөт, анан бир аздан кийин "Эмне дедиң?"-деп, кайра сураганы жакпайт. Анан кээде быдылдап көп сүйлөп коёт. Убактыңдын тар экенин көрүп турса да, "Бол эле бол"деп шаштыра бергени да бар. Өзү аябай шашма.
Экөөбүз дос болгон эки жылдын ичинде бир-эки жолу таарыныша кеттик. Мен улуулук кылып, сүйлөбөй койсом, ак көңүл Бегимай өзү телефон чалган.
Ал менин үйүмө келгенде дайыма коюу тамак жасап берем. Мен аныкына барганда суюк тамактарды жасайт. Көчөдө жүргөндө мен бир гамбургерди эптеп түгөтсөм, ал бат-баттан эки гамбургерди жеп коёт.
Бегимай менен жакын курбу болсом да, андан улуу эжеси катары жүз пайыз сырымды айтпай, жок дегенде сырымдын 20 пайызын ичиме сактап калам. Албетте, бул достукка ишенбөөчүлүк эмес, болгону ар бир адамдын өзүнүн сактай турган сыры бар да.


Бегимай Бекбоева:
"Гүлнураны уруша берем"
Гүлнура экөөбүз, мындан эки жыл мурда телевидениеге тартылганы барып, "Кийинүүчү жерден"таанышканбыз.
Экөөбүздүн мүнөзүбүз аябай окшош. Ачык, шайыр, тамашага жакынбыз.
Бири-бирибиздин үйүбүзгө бир жумада бир жатып кеткенди жакшы көрөбүз.
"Эгиздер тагдыры"киносуна тартылгандан кийин Гүлнура "Кылмыш 2" киносуна башкы каарман болбойсуңбу?"-деп өзү сунуштаган.
Гүлнура ичимдикке жок. Мен деле ичпейм деңизчи, бирок кээде кычкыл ичким келгенде атам менен апамдын көзүнчө деле сыраны ууртап коём.
Гүлнура мага Жаңы жылда Турциядан жемпир алып келип берген. Анын кийимдерге болгон табити да меникине окшош.
Экөөбүз бош убактыбызды кинолорго барып өткөрөбүз.
Жай айларында кудай буюрса Гүлнуранын машинасын мен сатып алайын деген оюм бар.
Гүлнура дайыма телефонун көптөн кийин алат. Мага бул адаты таптакыр жакпайт. "Ой, эмнеге эле көпкө чейин албайсың?"-деп аны уруша берем. А жаккан сапаты абдан ак көңүл.