п»ї

  Ийгилик формуласы

Акча сыры
Адам баласы дайыма жакшы жашоого умтулуп, бүткүл дүйнөгө саякат жасап, заманбап үй куруп, туура жана таттуу тамактанып, жогорку деңгээлде билим алууга дайыма аракеттенип келет. Мунун баарын адам акчасыз ишке ашыра албаганы жалпыга маалым. Ошол акчаны кантип таап, ага кандай мамиле кылуунун эң жөнөкөй эрежелери туурасында сөз кылмакчыбыз.


Акча кантип пайда болгон?
Дүйнөдөгү биринчи тыйындар байыркы Кытайда 7-кылымда эле пайда болуп, сооданын өсүп өнүгүшүнө түрткү берген. Алгач алар колодон жасалып, тыйындардын сапаты жогорулап, күмүштөн, алтындан жасалган тыйындар жарык көрө баштаган. Адамдар үчүн товарларды алмаштырууга жаңы шарттар түзүлгөн. Алар колго кармаганга абдан ылайыктуу болгон. Коомдун өнүгүшү менен кагаз акчалар күчүнө кирип, бүткүл дүйнөгө кеңири тарай баштаган. Акча изилдөөчү Марко Поло: "Кагаз акчалар - бул максатка жетүү үчүн колдонулуучу эң керектүү курал " - деп айтканы бар.

Акча эсепти жакшы көрөбү?
"Акча эсепти сүйөт" - деп бир гана ырым жырымга ишенген адамдар эмес, профессионал экономисттер тастыктап, "бул жөн гана айтылган сөз эмес, ал "мыйзам" катары бардык элдерге таралышы керек" - деп аныктап чыгышкан. Акчаны дайыма эсепке салып туруу - байлыктын бирден бир ачкычы. Акчаны жөн гана оозеки түрдө эмес, жазуу түрүндө эсепке алуу бышыгыраак болот. Буга ылайык ай сайын үй-бүлөлүк кирешелер менен чыгашаларды эсептөөгө зарыл.

Акчаны кантип сактоо керек?
Бир айлык маянаңыздын 20% алып, өзүнчө салып коюңуз, бул сизди экономдуу болушуңузга үндөп, байлыктын бир түйүнү болуп калат. Үнөмдөлгөн акчалар иштеп табылган акчаларга барабар. Бирок, аша чаап үнөмдөсөңүз пайдасынан тышкары зыяны тийиши мүмкүн. Андыктан акчаны сарамжалдуу пайдаланыңыз.

Чоң суммадагы акчаны…
Эгерде сиз чоң суммадагы акчаны чогултсаңыз сөзсүз түрдө бир иштин үстүнө
жумшаңыз, коммерциялык иш менен алектенбесеңиз топтолгон акчаны банкка салып койгонуңуз туура болот, ал сиздин кошумча кирешеге ээ болгонуңузга жардам берет. Ойноп утуп алган же белекке берилген, оңой жол менен табылган акчадан алыс болуңуз. Аларды жардам катары жакыр адамдарга бериңиз. Анткени оңой жол менен табылган акчалар жугумдуу болбойт.

Акчаны кантип чакыруу керек?
Акчанын көп болушу үчүн адамдар ар кандай амалдарды жасап келишет. Мисалы: көпчүлүктү таң калтырган "доллар" аттуу гүл чындыгында долларды чакырып тураары көпчүлүктү таңкалтырып келет. Ал канчалык гүлдөп өссө, киреше ошончолук кеңири болот. Аны отургузууда алдына тыйындарды салып, алар көбөйүп өсүшүн каалашат. Ал канчалык чоң болсо, ошончолук байлык көп болот. Буга ылайык сувенирлерди мисал кыла кетсек болот. Баканын же пилдин сүрөтү чагылдырылган сувенирлер, оюнчуктар, же идиш аяктар, ар кандай зер буюмдар дагы байлыкты өзүнө тартып турат. Мындай сувенирлерди адамдар бири-бирине белекке берсе эң жакшы.

Карызга берүүдө…
Элдик ырым - жырымдарга ылайык карызды досторуңа же туугандарыңа берүүдөн алыс болуңуз. Анткени кайтарылбаган акчалар үчүн ортоңордо түшүнбөстүк пайда болуп, уруш чыгышы мүмкүн. Бул сиздин мамилеңиздин бузулушуна алып келет. Жакшы аткарылган иш үчүн акчаңызды аябай бериңиз, сизге кайра үч эсе кайтып келет. Дайыма бирөөдөн карыз алганга эмес, бергенге шашылыңыз, анткени ал акча баары бир өзүңүзгө кайтып келээрин унутпаңыз.

Байлык жаш кезекте чогулат
"50 жашка чыкканда адам акчага жемиштүү болбойт" - деген элдик накыл кеп, адамдардын байлыкка жаш кезекте умтулуусуна үндөйт. Эгерде сиз 50 жашка чейин өзүңүздү камсыз кылбасаңыз андан кийин оор болуп калат. Мындай маалымат так фактылар менен далилденген. Статистикага ылайык бүткүл дүйнөдөгү бай адамдардын 70% байлыкка 45 жашка чейин гана жетишкен. Серепчилердин айтуусу боюнча адамдардын акчалуу курагы болуп, 30-35 жаш болуп эсептелинет. Бул учурда кирешенин жогорку деңгээлде болушу дал ошол 50 жашка келип такалат. Ал эми 50 жаштан кийин адамдын материалдык кирешеси төмөндөй баштайт. Буга Эндрю Корнеги жана Авраам Линкольн миллиондогон акчаларды дал ошол 50 жашка чейин жетишкендери чоң мисал боло алат.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча:
Калифорниялык социолог Марта Ферахтын айтуусу боюнча кедейчилик тукум кууп, ал атадан балага өтөөрүн изилдеп чыккан. Эгерде бала төрөлгөндөн тартып жакырчылыкта жашаса, кийин өзүн толук кандуу каржылай албай калат. Анткени баланын интеллектуалдык өнүгүүсү жакырчылык менен коштолгон. Кээ бир окумуштуулар муну вирустук оору катары кабыл алып, ага дары-дармектерди ойлоп табууну аракеттенишүүдө.

Кошелекто сакталган акча…
Кошелек - акчанын үйү, анда баары таза жана тыкан болуш керек. Акчаларды эч убакта бүктөп жана бырыштырып, тыйындар менен бирге салбаңыз. Антип акчаларды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Акчаларга сый менен мамиле кылыңыз, четин оңдоп, түз коюп, өзүнчө салганыңыз оң. Сом менен долларды бир койбоңуз. Кесек акча өзүнчө, ал эми майда акчаны өзүнчө коюу зарыл. Аларды абдан жакшы көрүү керек, ошондо гана алар сизге жакындай башташат. Кошелегуңуз эч убакта бош болбосун, жок дегенде бир сом салып койгонуңуз оң.

Голливуддун бай жылдыздары кимдер?
Статистикага ылайык Голливуд жылдыздарынын арасынан эң бай деп Анжелина Джолли, Бред Питт менен Джонни Деп жана Джорд Клуни табылса, андан кийинки орунда Мадонна, Джастин Тимберлейк ж.б. бар. Серепчилер жылдыздардын кайрымдуулук уюмдарга кетиргенинен акчаларын эсептеп анан ушундай тыянак чыгарышкан.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??