п»ї

  Баластан

Мульт парад
Пайда болуу
тарыхынан
Мультипликация англис тилинен алганда "cartoons" же "animated анимация дегенди түшүндүрүп, тартылган сүрөттөргө образ жаратып, кыймыл аркылуу бир маанини жаратуу болуп эсептелинген. Ал эми анимация латын тилинен которгондо "anima - жан, жандыруу же жан киргизүү дегенди түшүндүрүп, биздин тилде көбүнчө мультипликация деп аталып, тагыраак айтканда көбөйтүү дегенди түшүндүргөн. Биринчилерден болуп мультипликация кытай театрында пайда болуп, алар көлөкөлөр аркылуу ар кандай кыймылдарды аткарышып, аны жандуу кылууга аракеттенишкен. Мультфильмдин эң негизги принцибин алгачкылардан болуп бельгиялык физик Жозефо Плато 1832-жылы атайын "фенакистископ" аттуу курал ойлоп таап, грек тилинен которгондо "фенакс" алдамчы жана "скоп" - кароо дегенди түшүндүргөн. Бул курал аркылуу сүрөттөргө иллюзия аркылуу кыймыл киргизип, мультфильмдердин жарык көрүүсүнө түрткү болгон. 19- кылымдарда интенсивдүү түрдө анимация өркүндөп өсүп, кыймылдардын, иллюзиянын орчундууларын ойлоп таап, атайын куралдар жана оюнчуктар дагы кеңири колдонула баштаган. Алардын жарык көрүшүнө сүрөтчүлөрдүн салымы зор.

Бүткүл дүйнөгө таанымал мультфильмдер бир гана кичинекей бөбөктөрдү кызыктырбастан, бардык адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап келген. Анткени мультфильмдеги ар бир образ турмуштан алынып, адамдардын бири-бирине болгон мамилесин каймана түрдө чагылдырган. Ошол мультфильмдер кантип пайда болуп, кандай кыйынчылыктар менен жаралгандыгы туурасында сөз кылмакчыбыз.



" Алладин" -1992 жылы Уолт Дисней студиясында жарык көргөн жарым метраждуу фильм болуп эсептелинет. "Миң бир түн" аталышындагы белгилүү жомоктун натыйжасында Алладиндин образын мультфильмде кеңири чагылдырган. Мультфильм абдан ийгиликтүү тартылып, эки жолу "Оскар" сыйлыгын алып, "Мыкты ыр" жана "оригиналдуу саундтрек" деген сыйлыктарга ээ болгон. Ар бир кыймыл жарашыктуу музыка менен коштолуп, мыкты шедеврлердин катарын толуктаган. Жомоктогу ар бир окуя жашоодон алынып, адамдардын бири- бирине болгон мамилесин терең чагылдырган. Бүткүл дүйнөлүк "Ислам" уюмунун адамдын укугун коргоо комиссиясы "Алладин" мультфильмине бир аз болсо дагы сын-пикирин билдирип, араб өлкөлөрүндө жашаган мусулмандардын образын чагылдырган "Алладин" исламдын принциптерине дал келбей, туура эмес багыт берилгендигин баса белгилешкен. Тактап айтканда "Мусулмандар эч убакта каардуу, ачуулуу, ач көз болгонго үндөбөйт жана бийликке, байлыкка умтулушпайт, "Алладин" дал ошол байлыктын аркасынан чуркаган каарман" - деп айтып өтүшкөн.

"Микки - Маус" - Уолт Диснейдин катышуусунда 1928- жылы жарык көргөн. Кичинекейинен тартып Уолт чычкандардан коркот. Бирок, аны бүткүл дүйнөгө тааныткан дал ошол чычкандар болгон. Уолт мультфильмдердеги каармандарды ойлоп таап, мыкты чыгарма жаратып, Американын белгилүү адамы болуп калам деп ойлогон эмес. Анын оюндагы каармандарды сүрөтчү Юб Айверкс ишке ашырып берген. 1930 -жылы 87 мультфильм тартууга үлгүргөн. Уолттун фантазиясы абдан күчтүү болгондуктан, Микки өрт өчүргүч, дирижер, детектив, сатуучу, жомоктогу каардуу каарман, же ханышаны сактап калган мыкты жоокер болууга дагы жетишкен. Уолт өзү 17 жыл бою Миккинин үнүн чагылдырган. 1930 -жылы Уолтордун бир тууган байкеси өзүнүн бизнесинде Микки Маустун чагылдыруусу менен сааттарды чыгарып, азыр аукциондордо чоң суммадагы акчаны чапчып турууда. Маустун логотиби менен көптөгөн идиш-аяктарды жана калемсап, дептерлер, баш кийимдер чыгып, бүгүнкү күндө АКШнын Макдональс, Кока - Кола жана Эркиндик статуясы катарындай эле белгилүү болууда. 2008-жылы бүткүл дүйнөгө таанымал болгон чычкан 80 жылдыгын өткөрдү. Уолт Микки Моус катары элдин оозунан түшпөй, эч убакта карыбай калат деген ишенич менен жашоодо.
"Микки Маус" мультфильминде үн кошкон адам:

"Ну, погоди" - Союз мультфильм катары биринчилерден болуп жарык көргөн, 10 мүнөттөн аткарылып, ар бир сериалы күлкүмүштүү болуп, бир нече образды кеңири тартуулашкан. Каардуу карышкырдын ролун алгачкылардан болуп Анатолий Папанов аткарып келсе, коендун ролун Клара Румянова эң мыкты көрсөткөн. Эки гана каармандан турган мультфильм көп маанини туюндурган. Дал ошол карышкыр менен коендун мамилесин чагылдырган мультфильм көп серияларды өзүнө камтып, жакшы маанай тартуулап келишкен. Мультфильмдеги ар бир кыймыл, аткаруу иштери, колдонулган сөздөрү, кийимдери, жасалгалары жогорку деңгээлде болуп, автор жана сүрөтчүлөр үчүн ийгиликтүү болгон. Алардын кийинген кийими баарына дал келип, автордун айтайын деген оюн толуктап турган. Мисалы: Карышкырдын бардык серияларда кийген клеш шымы, моряктын майкасын үстүнөн түшүрбөй жүргөнү терс каармандын образын мыкты ачып берген. Курсагы чоң карышкыр 1970-жылдагы адамдардын спорттон алыстап калганын жана аларды машыгууга чакырып, сергек жашоого үндөп келген.

"Шрек"- Бул мультфильмди ким гана тааныбайт. Тили чыга элек баладан тартып, улгайган адамдарга чейин кызыгуу менен көрүшөт. Башкы каармандын ролун жаратылышта жашаган жашыл түстөгү чоң, коркунучтуу жаныбарга окшогон бирөө болсо дагы жүрөгү, жан дүйнөсү адамдыкындай эле болгон, тамаша аркылуу элге жакшы маанай тартуулап келгендери менен элдин эсинде калган. Автордун мультфильм аркылуу элге жеткирейин деген ою бүгүнкү күндөгү рэкетчилик, үстөмдүк кылуу, кол салуу, өчөшкөндүк өнүгүп өскөнүнө байланыштырып, аны каймана түрдө көрсөтүшкөн. Мындай учурларды мультфильмдеги Шректин кол алдындагы адамына келип, "мен профсоюзданмын" - деп айткан сөздөрүнөн байкасак болот. "Бул мафия дегенди түшүндүрөт" - деп автор Эндрю Адамсон баса белгилеп өткөн. Жогорку деңгээлдеги 10 мультфильмдин ичинен "Мыкты фантазия жана идея" - деген номинацияларга ээ болгон.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??