п»ї
 Таанышуу жарыясы


  окумал

Сезимай Алиева
Сен жана мен
Эсте калган элес
Бешинчи курстун студенти болгондуктан практикага чыккан Сүйгөн сабакка даярданып, окуучуларга алаксыганы менен оюнун баары күйөөсүндө. Аңдыганы асмандагы вертолёт. Күндүз кечке тыным албай ары-бери учкан вертолёттун үнүн тыңшап, "балким ушу менен келип калдыбы?" деген илгери үмүт менен мектептен үйүнө жеткиче шашат. Кирип келип эле күзгүнү карап, умсуна түшөт. Анткени, мен жокто келип калып издебесин деген ой менен "Дуулат, менин практикам башталып мектептемин. Үчтөрдө келип калам. Сенин келгениңе сүйүнүп, өөп Сүйгөн" деп күзгүгө кыстарып кеткен алакандай ак барак ордунан жылбай турат. Улутунуп, өчүн барактан чыгаргансып майда-майда айрып салат. Эртеси жаңыртып кайра жазат.
Күн өткөн сайын сагынычы күч алып, өзүн-өзү алаксытмакка экөө түшкөн сүрөттөрдү кайра-кайра карап, кеч кирсе да караңгы бөлмөдө отура берет.
Эмнегедир былтыр кыштагы бир күн эсине түштү. Саат алтыларда үйдө болуп калчу Дуулат аябай кечикти. Андайда тамагын жасап алып, санааркап саатты тиктеп, сыртка кулак түрүп, терезеде олтурмай. Түнкү он экилер ченде дарбаза "кыйч" ачылып, кирип келе жаткан караанын көрүп жүгүрүп чыкты. Күйөөсү бир топ эле кызуу экен.
- Оо, алтыш, мени кечирип койчу? Уктай элек белең? Бүгүн чогуу иштешкен Асман майорлук наамды алып, жууп - куттуктап, кармалып калдым. Мен мына…- деген Дуулат эми эмне кылсаң - ошо кыл дегендей аялына боюн таштады. Сүйгөн жыгыла жаздап, араң карманып калды. "Бас, үйгө кирели" дегенди күйөөсүнүн угаар түрү, басууга дарманы жок. Эптеп сүйөп-таяп, үйгө киргизди. Чечиндирип, төшөккө жаткырайын десе үстүндө калың аскер шинели. Ошондо сол колу менен Дуулатты дубалга сүйөп, оң колу менен шинелдин оң тарабын, кайра оң колу менен жөлөп, сол жак жеңин араң чечкен. Эртеси күнү Дуулатка аны кантип чечиндиргенин айтып-туурап берсе ал каткырып күлүп, кайра-кайра кайталап сурап, "чын элеби? Койчу, жөн эле тамашалап жатсаң керек. Үйгө жеткен жаным кантип үстүмдөгүнү чечкенге жарабай калайын?" деп катуу чычалаган.
Үй-бүлөлүк турмушта эстеген сайын жылмаюу тартуулаган мындай окуялар көп эле болду. Эстеп, куса болуп, "жок дегенде кабарын билдирип, үнүн бир уксам" деп тилегени орундалып, бул күнү да тамак ичпей, жарыкты күйгүз
бөй жалгыз отурганда каалганы шарт ачып кирип келген үй ээси Таня:
- Чурка телефонго, күйөөң чалып жатат, -дегенин угуп-укпай учуп жетти. Дуулаттын үнүн угуп, эреркегенинен кармана албай эчкирип ыйлап:
- Качан келесиң? Сен жок жаман экен. Айтсаң качан келесиң?-дей берди.
- Мен да сени аябай сагындым. Суранам, ыйлабачы, сен деген кимдин аялысың? Билесиңби?! Капитан Адамовдун аялысың!- тамашалай күлүп: - Жаным менин, бул жактагы абал тынчыса эле бир да күн кармалбай барып калам. Андан көрө айтчы, өзүңдүн ден-соолугуң жакшыбы? Доктурга бат-баттан көрүнүп, баламды жакшы кара. Акчаң түгөнүп калган жокпу? Таняга айт, квартиранын акчасын сенден сурабасын. Мен барганда өзүм берем. Болбосо акчаң жетпей калат. Сүйлөчү, үнүңдү угайын?
- Ден-соолугум жакшы. Мени эч ойлобо. Билесиңби, сен жумуштан кармалып, же кызуу болуп кечигип келген күндөрү таарынып, жөнү жок тултуйганым үчүн өзүмдү азыр урушуп жүрөм. Эми сен келсең мен эч качан таарынбайм. Ар дайым күлүп жүрөм, кечиксең да мейли, деги жанымда эле болчу.
Аялынын чын дилден айткан сөздөрүнө ыраазы болгон Дуулат күлүп:
- Тескерисинче, мен сенин тултуйганыңды сагынып жатса…Сени эстеп көзүмдү жумсам эле сенин мага сүйлөбөй, тултуюп калган сонун элесиң тартылат. Негизи сага тултуйган жарашат. Тамаша, тамаша…Сүйгөн, мен телефонго беш мүнөткө эле сурангам. Мен сени…-телефон байланыш үзүлүп, күйөөсүнүн акыркы сөзүн укпай калганына өкүнүп калды. Босогодо Сүйгөндөн көзүн албай тиктеп, түшүнбөсө да сөзүн тыңшап турган Таня:
- Ал жайы жакшы бекен? Деги эмне дейт, тынчычудайбы? Алыста, муздак тоонун чокусунда жанын оозуна тиштеп жүргөн немеге жакшы сөз айтып, көңүлүн көтөрүп койбой, бышактап ыйлаганың мага жаккан жок, - деген Танянын айтканын туура көрүп актангандай:
- Мен деле ыйлайын деген эмесмин, кармана албай калдым. Ырахмат сизге, аз да болсо үнүн укканыма өзүмдү жакшы сезип калдым. Акчаны Дуулат өзүм келгенде беребиз дейт, күтө турасыз да?- деди эле Таня сөзүн бөлүп:
- Мен сенден "келе" деп жаткансып сүйлөйсүң да. Шартыңарды көрүп-билип турбайымбы. Андан көрө акчаң жок калса тартынбай менден сура. Сага башкалардан карыздасам да таап берем. Эртең сарайдагы банкаларды өткөзсөмбү деп турам. Эми алардын мага эмне кереги бар. Жүрү, андан көрө чай ичели, картошка кууруп койгом. Деги өзүң бирдеме ичип-жеп жүрөсүңбү? Күйөөң кеткени сени ашканадан көрбөй калдым. Огороддогу алманы бөөдө чиритпей терип алсаң боло, сактоочусун сактап, калганын как кылып кургатып алсаң кышында кайнатып иче бересиң. Витамин болот. Эми Дуулатың келсе, аман-эсен көз жарып алсаң, жакшы күндөрдүн баары алдыда.
Экөө узун сөзгө кирип түн бир оокумга чейин отуруп тарашты.
Таня жалгыз бой, баласыз, ичкиликке жакын аял болгону менен боорукерлиги жанда жок. Дуулат менен Сүйгөн жаңы үйлөнүп, үч күн бою ижара издеп, акыры ушул үйгө туш болушкан. Башкалар 700-800 деп сурашса, Таня "500 бер да төркү бөлмөдө каалагандай жашай бер" деп сүйүндүргөн. Экөө бир аз оокат-жайы менен көчүп келишкенде, Таня мас экенине карабай, булардын эмнеси бар-жогун байкап:
- Жерге жатпагыла, мобу диван менден силерге белек болсун,- деп төркү үйдө турган жашыл диванды көргөзгөндө экөө абдан кубанышкан:
- Аий, мен алкаш аял менен кантип жашайбыз деп ичимден сага нааразы болуп айта албай турсам, жакшы турбайбы. Карачы, жапжаңы бойдон экен, чаңын сүртүп-тазалап койсом эле болду, - айланчыктап, ар жак-бери жагын кармалаган Сүйгөн өзгөчө кудуңдаган. Андан кийин деле казан-табактан каралашып, керек учурда кеп-кеңешин айтып, эне мээримин көрбөй өскөн, кайненеси алыста болгон жаш келин үчүн чоң тирөөч болду. Эми да эш тутканы ушул орус аял.
ххх
Дуулат кеткенине туура үч жума болгондо чыдамы түгөнгөн Сүйгөн "аларда кантип маалымат жок болсун" деген ой менен күйөөсүнүн жумушуна телефон чалды.
- Саламатсызбы?Ким менен сүйлөшүп жатканымды билсем болобу? Мен Адамов Дуулаттын келинчеги болом. Санааркап дайынын билейин дедим эле?
- Саламатчылык, подполковник Муратов менен сүйлөшүп жатасыз. Чалганыңыз абдан жакшы болду. Кабатыр болуп акыбалын сураганыңызга чоң рахмат. Балким ушул жума ичи келип калышы мүмкүн деп турабыз. Өзүңүздү жакшы карап, сарсанаа болбоңуз. Аз калды, биз да күтүп жатабыз,- деп өнтөлөй жан тарта сүйлөгөн бул үндүн ээсине ушунчалык ыраазы болду. "Аялы катары сурап жатат да дебей, согуштагы эркектин дайынын сурап тынчсызданып турат деп рахмат айтканын кара. Дуулат да "Муратов жакшы киши, түшүнүктүү" деп айтып калчу эмес беле. Буюрса Дуулат келсе сөзсүз үйгө чайга чакырып, рахматымды айтам" деп уккан жаңылыгына жетине албай, бүгүн келип калат деп уккансып, төшөнчүлөрүн сыртка жайып, жыты жаңырып калсын деп ойлой, үй ичин актаганга камынды. Ушул түнү Дуулаттан түбөлүккө ажырап калаарын сезген жок.
(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??