п»ї
 Таанышуу жарыясы


Түйүлдүк Жана ден-соолук
"Ата - аскалуу тоо, Эне - боорундагы булак, Бала экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак" деп коёт эмеспи. Үй-бүлөнү толуктап турган наристелер болот. Наристенин жытына зар болуп жүргөндөргө, удаасы менен кыз болуп, эркек күткөндөргө жана кош бойлуу болочок энелерге бир шиңгил кеңеш бермекчибиз.


Сүннөткө отургузуунун пайдасы
Сүннөткө отургузуу (чочок кесүү) үрп-адаты илгерки Египет элинде мындан беш миң жыл мурун эле пайда болгон. Эфиопия жана Индонезия өлкөлөрүндөгү кээ бир жергиликтүү калктын үрп-адаты боюнча эркек балдардын алигисин чоңоюп калганда кесишет. Кесилбеген алигинин башын жаап турган терисинин астында кир бат-баттан толуп турат. Теринин астындагы топтолуп калган зааранын калдыктары, эрендиктин калдыктары, терден чыккан майлар чогулуп, микробдордун жардамы менен жыты өтө сасык "смегма" деген ден-соолукка өтө зыяндуу затты пайда кылат. "Смегма" өз кезегинде алигинин башын оорутуучу, айыкпас залалдуу шишикти (ракты), ал эле эмес, аялдын жатынына өтүп, жатында да айыкпас ооруну пайда кылат. Ошон үчүн, сүннөткө отурбаган эркектер алигисинин башын ары түртүп, бир күндө эки жолу самындап жууп турса, бул оорудан алыс болот. Мындай зыяндуу көрүнүштөр алигисинин башы кесилген эркектерде болбойт. Алигинин башындагы териси кесилгенден кийин, башы толугу менен ачылат да, кийимдерге дайыма сүртүлүп жатып, чыдамкай болот. Ошондуктан, аял менен катташканда эрендик бат түшүп кетпей, эркек узакка чейин жасай алат.

Кандай учурда эркек бала төрөлөт?
Эркектин "Y" (игрек) эркектик касиети бар уруктук клеткасында башы кичинекей жана уруктанууга керектүү, пайдалуу заттар аз. Ал эми эркектин "X" (икс) ургаачы касиети бар урук клеткасынын башы чоң жана уруктанууга керектүү пайдалуу заттары көп. Ошондуктан жубайлар жыныстык катнашты энелик клетканын эн безинен бөлүнүп чыгышына 5-6 күн калганда жасаса, эркектин "Y" (игрек) урук клеткаларында пайдалуу заттар аз болгондуктан өлүп калышат. Ал эми "X" (икс) ургаачы клеткалары 5-6 күндөн кийин аялдын урук клеткасы менен кошулуп, кыз түйүлдүгүн пайда кылышат да, кыз бала төрөлөт. Жубайлар жыныстык катнашты аялдын денеси ысып көтөрүлгөнгө чейин бир күн калганда же эти ысып, дене жылуулугу көтөрүлгөн учурда жасашса, эрекетин "Y" (игрек) урук клеткалары тез жүрүшөт дагы, энелик клеткага тез жетип, эркек түйүлдүк пайда болот.


Тукумсуздукту дарылоонун жолдору
Жубайлар тукумсуздугун дарылоону алардын жыныс органдарынын жана урук клеткаларын текшертүүдөн башташы керек. Биринчи ирээтте эркектин урук клеткасын текшерет. Ал үчүн 2-3 күн арак ичпей, тамеки тартпай, дары ичпей жана жыныстык катнашты жасабай туруп, дарыгерге келиши зарыл. Эркектин уруктанууга жарай турган урук клеткаларынын саны 1 мл спермада 60млн болуш керек. Мындан көп болсо жакшы, бирок аз болбошу абзел. Ал эми кыймылдоо жөндөмү 70-80% дан кем болушу зарыл. Андан кийин аялдын энелик жыныс безинен, энелик урук клеткалары ай сайын жетилип чыгып тургандыгын текшерүүдөн баштаганы туура. Жубайлардын тукумсуздугун дарылоонун жолдору ар кандай. Гормондор, витаминдер, антибиотиктер же хирургиялык жол менен адис дарыгерлер дарылашат. Кээде аялдарды жасалма жол менен уруктандырса болот. Күйөөсүнүн уруктук суюктугун башка эркектики менен аралаштырып, атайын медициналык аспап менен жатындын ичине куят.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??