п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта
ОП-113-01. Зарина мен сени сүйөм. Бакытмырза.
ОП-113-02. Бул дүйнө кашаң атын камчылатып,/ Жетээр жери белгисиз жолдо кыйнайт./ Бул дүйнө бакыт балын тамчылатып,/ Үйүнө үйгө баткыс ырыс жайнайт./ Бул дүйнө даңкты кармап кызыктырат,/ Чын менен калпты катар жарыштырат./ Бул дүйнө эскилердин сүрүлүүсү,/ Жаңылардын курулуусу./ Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн окууларына ийгилик каалайм. Турмушка таштаган кадамыңар байсалдуу болсун! Келгиле достошобуз. 0771696777.
ОП-113-03. Менин сагынычтуу саламым Дима байкеге жана апам Марияга жолдонот. Айзирек.
ОП-113-04. 0555435643 номерлүү патриот байке, мага телефон чалып коюңузчу? Майлы-Суу 0555820253.
ОП-113-05. Мен таанышып, көңүл ачкым келет. 0772449497.
ОП-113-06. Атым Жаркынбек, жашым 15те. Дос болуу максатында кыздар менен таанышам. 07787417844.
ОП-113-07. Султан Садыралиевге: Арзуудан арзып тапкан берекем сен,/ Көңүлдөн көңүл тапкан көлөкөм сен./ Кыялдын козгоп турган санаасы сен,/ Үмүттүн кызгалдактуу талаасы сен./ Жүрөгүм жүрөк эмес сенден калса,/ Жүз жылдык айыкпаган жарасы сен./ Гүлкайыр.
ОП-113-08. Жалпы Аралдыктарга бейпил жашоо каалайм. 07721577хх.
ОП-113-09. Көк асман бата тилеп сүйүүбүзгө,/ Булутту чачыратып кучак жаят./ Жибек жипке тизилген шуру сымал,/ Махабатты дастан кылып жүрөк кылат./ Фея.
ОП-113-10. Султанчик, жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,/ Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат./ Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,/ Жүрөгүмдө тумар болуп кадалат./ 07703155хх.
ОП-113-11. Адамзатпыз биз ар качан таптаза,/ Акыйкатты талдабаган арамча./ Анда эмнеге баатырларды жок кылды,/ Аппак бойдон өз бейишин тапканча./ Бирок, адам эмес ал кан ичкич падыша./ Фея.
ОП-113-12. Атамбаев берген суусундукту бензин менен алмаштырып алып, билбей өрттөп алдым. 07723994хх.
ОП-113-13. Бактыгүл Бадыева, эмне мынча керилесиң? Бардык ырчылардай элесиң го, алардан эмне өзгөчөлүгүң бар? Айка.
ОП-113-14. С. Садыралиев, сен үйлөнгөн элең го, неге элден жашырып жатасың? Кызыл-Кыялык сенден эки жаш улуу Бактыгүлгө үйлөнгөнсүң ээ, туурабы? Кызыл-Кыя.
ОП-113-15. Кыздар менен таанышам, атым Адил, смс жөнөткүлө. 0777081812.
ОП-113-16. Баатырлар берди өз жанын жаркын заманга,/ Өлкөбүз гүлдөп, өсөөрү калды алдыда./ Бул үчүн сөзсүз болсунчу ыйык ынтымак,/ Кор кылба эми элиңди зулум падыша./ Көз жашын төккөн элиңдин тийсин каргышы,/ Эми кыргыз сенин элиң эмес./ Манас сенин кенчиң эмес./ Феяжан.
ОП-113-17. Жаңы смсчилер, "Бир карын майды бир кумалак чиритет" демекчи, туура көрсөңөр маанисиз смстерди гезитке жазбай эле койгулачы. 07706470хх.
ОП-113-18. Мирбек Иманбеков алга! Биз сени менен! 07787922хх.
ОП-113-19. Менин саламым досторума жолдонот. 07719094хх.
ОП-113-20. Ата-Бейит ачылганда Акаев Аскар Сталин үчүн башын ийип, тизелеп, ар бир арбактан кечирим сураган эле. Бейкүнөө шейит кеткен пенделер үчүн кыргыздын абийирдүү кайсы мырзасынын кечирим суроого адамдык дарамети жетет болду экен? Чолпонбай.
ОП-113-21. Ыймандуу кыргыз жигиттери менен таанышам, атым Жылдыз. 07784056хх.
ОП-113-22. Ак үйдү койдум аластап,/ Арманым аттын башындай./ Азаттыкты эңсеген,/ Ак таңым эрте атса экен!/ Чолпонбай.
ОП-113-23. Мөлтүрөгөн көздөрүң,/ Назик чыгат сөздөрүң./ Жыпар жыттуу жытыңан,/ Чыккым келбейт жаныңдан./ Үнүңдү уккан адамдар,/ Булбулга сени теңейт./ Күлкүңдү уккан адамдар,/ Жүрөктө дайым эңсейт./ Нурбек90.
ОП-113-24. "Аял жакшы-эр жакшы, увазир жакшы-хан жакшы" деген макал бар элибизде. Жаңы ажобуздун аялы жана жоокерлери жакшы болсо экен! Бурма.
ОП-113-25. Мен ажолукка А. Нурматовду сунуш кылаар элем. Себеби, шариятты да, законду да жакшы билет. 07706672хх.
ОП-113-26. Жактырдым жаным жүрөгүңдү,/ Жалооруп же жүрөмүнбү./ Жаралып жалган жашоодо жалгызым,/ Жылдызым, жаным жараладың жүрөгүмдү./ 07784258хх.
ОП-113-27. Жалын: Сени сүйөм, жакшы көрөм баарынан,/ Баарынан да күлгөнүңдү жактырам./ Сени мага, мени сага кошпогон,/ Мен тагдырга абдан-абдан таарынам./ Назира.
ОП-113-28. Менин саламым Ильяз Абдыразаковго жолдонот. Мен сизди чексиз сүйөм. 07774421хх.
ОП-113-29. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз". Текенин баласы элди жыргатып жибергениңди көрөлүчү! Маку.
ОП-113-30. Жалал-Абаддык 82-жылкы Жоомарт, ишиңе ийгилик! 07737879хх.
ОП-113-31. Ильяз Абдыразаков, сиз суперсиз! Талантыңызга таазим кылам! Арчадай жаштыкты, музыкадай шаттыкты, Сүттөй актыкты, Суудай тунуктукту каалайм! Ар дайым булбулдай үнүңүз өчпөй, жүзүңүздөн сүйүү кетпесин! Мимоза93.
ОП-113-32. Кыргызымдын ыймандуу, акылдуу, түшүнүктүү, чырайлуу жигиттери менен таанышам. Мырзалар, маякка саячка жооп бербейт. Айжан. 0778904886
ОП-113-33. Малика, номериңди жазчы, сени менен таанышкым келип жатат. 0778398139.
ОП-113-34. Горныйда 4-курста окуган байкелерге салам. Айгерим.
ОП-113-35. Сүйүү деген оорубу же эмне? Ошону түшүнбөй койдум. Муза.
ОП-113-36. Сагындым сени ардагым,/ Келчи жаным, алтыным./ Сагындым жаным Каныкей, мен сени сүйөм. Элдияр93.
ОП-113-37. Кыргыздар, биз качан ынтымактуу болуп жашай алабыз? 07735403хх.
ОП-113-38. Кемин районунун Нур айылынын тургундарына салам! Нурлан.
ОП-113-39. Желегиңден кагылайын кыргыз калкым,/ Байкатпастан Ак үйүңдү өрттөп салдың./ Болбойт беле өзгө жол менен өзгөртсөң бийлигиңди,/ Ушул үчүн кимдер гана канын төктү,/ Ооруп турат дале болсо менин жаным./ Зарина.
ОП-113-40. Баткендик Адыл, түшүнүгүңдү байыт. Маңкурт Бакиевге болушуп, итиркейди келтирбей. Сага окшогондордун келечеги үчүн өтүп кетишти накта кыргыз баатырларыбыз. Сен анте албайт болчусуң, жок дегенде алардын арбагын сыйла, таза кыргызмын десең. Калыс сүйлөп, калкың үчүн күй, Алланын соту бар! 055111740хх.
ОП-113-41. Кадырман кыргыз калкым, ынтымактуу болгулачы! Кундуз.
ОП-113-42. Урмат байке менен Неля эжеге ысык салам. Бактылуу болгула, ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин! Назира.
ОП-113-43. Абдышова Тоюнгүл Асанбековнага салам. Эрлан уулуң "жолугат элем" деп мени кыйнап жатат. Менин номерим 0556116031.
ОП-113-44. Бето дос, туура айтасың, ыймандуу кыздар эч качан таанышам деп звонок кылбайт. Б…
ОП-113-45. Ырчы Кундуз менен бир жолу байланыштырып коюңуздарчы? 05572102хх.
ОП-113-46. Сүйгөнүңдүн маңдайында болуп дайым,/ Бактылуу бол кайда жүрбө сен ар дайым./ Бирок да досторуңду эч унутпа,/ Баардыгына бирдей карап тургун дайым./ Фея.
ОП-113-47. Досум Элнурага: Келбетиңден кагылайын жан досум,/ Кереметтүү сүйкүм сенин бар көзүң./ Күлүп койсоң баары сага багынат,/ Күлүп-жайнап баары сага жалынат./ 07706470хх.
ОП-113-48. Мерген Турган бир тойдо көп арак ичип алып, Мерген Жаткан болуп калыптыр. Фея.
ОП-113-49. Өзгөн шаарында окуган Замирбекова Асел мен сени издейм. Мен келдим, окуп калсаң ушул номерге чал. 0551118712.
ОП-113-50. Жүрөгүм муздады,/ Жүдөтүп кыйнады./ Жылуу нур менен,/ Жылытып турбады./ Тагдырым алмашты,/ Тар жолго салдыбы./ Бакыттын бутагын,/ Талкалап салдыбы./ Жашоомду туздады,/ Жылмайып турбады./ Жапжашыл багымды,/ Кууратып салдыбы./ Талыкшып ыйладым,/ Табылгыс жашоодо таттуу күн сыйбады./ БР.
ОП-113-51. Оштуктар, Ошту омкоруп салгансып, Жалал-Абадды жайлап салгансып, Баткенди бир казыкка байлап салгансып башка облустарга сынтакпагылачы! Атаке.
ОП-113-52. Атым Байыш, 24 жаштамын. Дос болуу максатында кыздар менен таанышам. 0778213946.
ОП-113-53. Эки сөзүбүздүн бири саясат болуп калды го! 07775400хх.
ОП-113-54. Жашоо керек аманчылык бар чакта,/ Кете бербе тээ алыстагы бир бакка./ Сен келдиң бир өмүрдөгү жашоого,/ Болбойт сага жашооңду кайталоого./ БР.
ОП-113-55. Орифлеймге жазылып, иштегиси келгендер чалгыла. Дания 0705269505.
ОП-113-56. М. Догдуров мектебинин 1991-жылкылары, 2009-жылдын ушул айларын эстегилечи, кандай сонун күндөр өткөн. Мектепти сагынасыңарбы? Классташыңар.
ОП-113-57. Актилекке: Бакка кирдим гүл үчүн,/ Гүл үчүн эмес, сен үчүн./ Өмүр бою кубанам,/ Сендей досум бар үчүн./ Назира95.
ОП-113-58. Жаным, сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? 07775400хх.
ОП-113-59. Талас районунун Кырк-Казык айылындагы Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин 9-классына салам. 21-апрелде буюрса жеңиш биздики болот! Асел.
ОП-113-60. Урмат байке менен Неля эже жаш таланттарга жардам беребиз дешти эле, ушул номерге кабарлашып коюшсунчу? Нура 0771445723
ОП-113-61. Ак үйдөн кетти жетекчим, турайын бир аз унчукпай. Максим баккан келемиш, төрөп салган ушундай. 07731544хх.
ОП-113-62. Кыздар менен таанышам. 0778883547.
ОП-113-63. Сүйөм сени жакшы көрөм баарынан. Дика95.
ОП-113-64. Сиз жашаңыз, кайгырбаңыз,/ Сүйгөнүңүздөн эч качан айрылбаңыз./ Ошол убак мен сизди сүйүп жүрсөм,/ Азыр мен жөпжөнөкөй карындашмын./ 07785909хх.
ОП-113-65. Эшперов туулуп өскөн айылым,/ Сенде бар бардык нерсе ар дайым./ Ант берем, сени сыйлайм, барктаймын./ Айланайын туулуп өскөн айылым./ БР.
ОП-113-66. Дүйнөдө ыйык нерсе-эне, башканы мактап ыйык дебе. 07775400хх.
ОП-113-67. Улан мен сени сүйөм. Мен сенин бардык сунушуңа макулмун. Жаның.
ОП-113-68. Барсбек, сени сүйөм, сага кантип сүйүүмдү билдирсем болот. Мени эч качан унутпа, сени сүйгөн Адина.
ОП-113-69. Оо, жаңы бийлик, столго жеткениңерге сүйүнбөй, тиричилик деп жүргөндөргө көңүл бургула! +77022800хх
ОП-113-70. Кыргызстанга чоң салам. Алматыдан Алмаз.
ОП-113-71. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына чоң салам. Кызыңар.
ОП-113-72. Кыргыз элинин азаттыгы үчүн күрөшүп, Бакиевдик режимдин курмандыгы болгон жигиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун! Жанат.
ОП-113-73. Бардык бүтүрүүчүлөрдүн окууларына, экзамендерине ийгилик каалайм. Мээрим.
ОП-113-74. Апа, эч качан оорубаңызчы, сиз оорусаңыз менин жашоом бүтүп калгандай сезилет. Сиздин көрө турган жакшылыктарыңыз али алдыда. Кызыңыз.
ОП-113-75. Саясатчы, депутат, министр көрүнбөй кайда жүрөсүңөр, же учурдан пайдаланып кресло талашып жүрөсүңөрбү? Адам.
ОП-113-76. Мирбек Атабеков, сенин сүрөтүңдү көрүп алып боорум эзилип калды. Тим эле Жим Керрисиң го. Жаркын.
ОП-113-77. Тунук, атыңа затың жарашкан кыргыздын керегине жараган атактуу кыздардан бол! Ар бир баскан кадамың таза, тунук болсун. Бегимай.
ОП-113-78. Чолпон, Бакыт кармашкан колуңар бекем, келечегиңер кең болсун! Биз силер менен сыймыктанабыз. Ата-эне, биртуугандарыңар.
ОП-113-79. Менин башым биттеп жатат, эмне кылсам болот? Үч күн сайын башымды жууйм, фендеп кургатам, бардык шарты бар үйдө жашайм, таза жүрөм. Болбой эле биттеп жатам. Эмне кылаарымды билбей калдым. Кеңеш бериңиздерчи, бит каяктан чыгат? Айжан.
ОП-113-80. Маршруткага түртүшүп түшөм деп сумкам айрылып калды. Буга ким күнөөлүү, элби, шоопурбу же менби? Элвира.
ОП-113-81. Орто-Сай базарында кийим сатып иштеген Жоодар (Жора) аттуу баланы овчарка менен издеп жүрөм. Экөөбүз бир жарым ай сүйлөшкөнбүз, жолугуп кечирим сурайын деген элем. Элянын курбусу.
ОП-113-82. Аянтка келсең жаз жыттанбай эле кан жыттанат. Мелис.
ОП-113-83. Мен 0700 444470 номерлүү симкамды жоготуп алдым. Таап алгандар болсо сүйүнчүсү болот. Анткени анда мага керектүү көп номерлер бар эле. Марал.
ОП-113-84. Апам Мунарага салам жолдойм. 07732489хх.
ОП-113-85. Таластыктар өтө эле мактана бербегиле, мурда калкысаңар, азыр чөгүп кетишиңер мүмкүн. Жээнбек.
ОП-113-86. Мен ырчы болгум келет, бирок демөөрчүм жок. Мага жардам бергилечи? 07721675хх.
ОП-113-87. Урматтуу смсчилер Э.Дима, Ырысбек, Уулжан, Зуля эмне жазбай калдыңар? Силер жок кызыксыз экен. Нуржан.
ОП-113-88. Мага Чыңгыз Мырзаев абдан жагат. Менин өмүрлүк жолдошум Чыңгыздай узун бойлуу, сулуу болсо экен. Кыялкеч.
ОП-113-89. Телевизорду көргөн сайын жүрөгүм ооручу болду, жашоо токтоп калгансып. 07771818хх.
ОП-113-90. Каныбек кандай, эмне жоголуп кеттиң же таарынып калдыңбы? Группалашың.
ОП-113-91. БГУнун Кыргыз-Кытай факультетинде 3-курста окуган группалаштарыма салам жолдойм. Окууларыңырга ийгилик. Групалашыңар.
ОП-113-92. Свет арзандап аябай сүйүнүп жатам. Анткени өзүм квартирада турсам, кошумча свет мени жеп салды. Эми жыргайм го, январдан бери эсептетсем, жөн эле эки айдын акчасын кайтарып алып. Квартират.
ОП-113-93. "Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет" болуп, эми тааныш издегенди токтоткула! Тууганым эле, кудам эле, балдызымдын классташы эле деп жүрүп эмнеге жеттик?! Мына ушул нерсе Бакиевдин башына тийди. Патриот.
ОП-113-94. Заман жаман дейин десең баары жакшы. Бирок, бир нерсе жетишпейт. Ал эмне? Жибек.
ОП-113-95. Үч күндөн бери маанайым жакшы, бирок бирдигим жок. Ата-апа бирдик салсаңар силерди бир кубантам го, окууну бүткөндө мен силерге бирдик салып турам ээ. Студент.
ОП-113-96. Кыргыздын эр жүрөк жигиттери турганда биздин чегарабыз бекем, элибиз тынч болот деп кепилдик берем. Биз силер менен сыймыктанабыз! Айдай.
ОП-113-97. Азыр эмне көп? Менин оюмча базар, соода түйүндөрү жана ырчылар. Ырчылар кичине өз ордуңарды биле жүргүлөчү бокко-сакка деле аралашпай. Жанат.
ОП-113-98. Бейкүнөө шейит кеткен 85 азаматтын кайратына, арбагына таазим! Жылдызбек.
ОП-113-99. Билал козу, эмне смс жазбай калдың? Сен жок смс бет кызыксыз экен. Окурман.
ОП-113-100. Уулжан, Э.Дима, Билал козу, Ырысбек, Сырдуу кыз, Алмагүл, Зуляга чоң салам. Бар болгула урматтуу смсчилер! Гүлжаз.
ОП-113-101 . "Обондун" обончусу обончулап,/ "Обондун" ордуна олтурсунчу./ "Обонго" жолугам деп мен жүрөмүн,/ "Обондун" изин таппайт эч жүрөгүм./ Ырысбек91.
ОП-113-102. ОП-112-63төгү Элнура, Ильяздын сүйлөшкөн кызы Айнураны биз деле тааныйбыз. Бой көтөргөн, өзүнчө эле Токмоктун периси! Малика.
ОП-113-103 . Ала-Тоо аянтында окко учкан баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кыргыз калкыма тынччылык каалайм! Ширин.
ОП-113-104. Кызгалдак гүлдөйт кызарып,/ Кыздай болуп жасанып./ Кара көз сулуу карындаштар,/ Кылыктанат назданып./ Карындаштар смс жазгыла,/ Ыр жазган агаңарга./ Эгерде жазбасаңар,/ Капа болот баарыңарга./ 07786168хх.
ОП-113-105. Ар кимге айтам арманымды,/ Жүрөктү сен жаралап албадыңбы./ Сени менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп,/ Билбептирмин сени сүйүп калганымды./ Айпери.
ОП-113-106. Жамал кандайсың, эмне дайының жок? Жанарбек89.
ОП-113-107. Майрамбек ака, азыраак кыздар менен сүйлөшүп, көбүрөөк иштеңиз. 07786058хх.
ОП-113-108. Ыйладым жаным ыйладым,/ Көз жашты неге тыйбадым./ Ошондо айткан сөз үчүн,/ Азыр да келет ыйлагым./ 07788064хх.
ОП-113-109. Жамал, ай жарык деп булактан суу албасаң, сүйгөн жарым Баткенде деп башка кыздар менен сүйлөшпөсөң досум. Жанарбек89.
ОП-113-110. "Обон" гезитинин смсчилери, мени кошуп алгылачы? 07788064хх
ОП-113-111. Майрамбек ака, Жамал жезде ишиңиздерге ийгилик. Көп иштегиле мага теңелбей, анан азыраак сүйлөшкүлө кыздар менен! Жанарбек89.
ОП-113-112. Нурлан Насипке, Аваз Акимовго чыгармачылык көптөгөн ийгиликтерди каалайм. Сиздерди сыйлап урматтаган күйөрманыңыз Айпери.
ОП-113-113. Неля эже жана Урмат байке 7-8-апрелде кайда болдуңуздар жана бул бийлик алмашуу сиздер үчүн туурабы? Алинур.
ОП-113-114. Атым Лейла, 24 жаштамын, балдар менен дос болуу максатында таанышам. 0550772711.
ОП-113-115. Супер жигит Султанчик, бул жашоодо жалгыз сен деп жашаймын, жүрөктөгү сезимди жалгыз сага гана арнаймын. Гүлкайыр.
ОП-113-116. Барсам деймин үйүңө,кучак жайып тосуп чыксаң мен барганда сен жалгыз. Деп ойлоймун сагынганда кыялданып өзүнчө. 07786168хх.
ОП-113-117. Мага Гүлнур Сатылганова абдан жагат. Анын үнү тим эле керемет, уккан сайын уккуң келет. Данияр.
ОП-113-118. Группалашым Мээримдин 18-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Ага кааларым чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт, байлык каалайм! Ар дайым эл арасында бол! Айжан.
ОП-113-119. Ат-Башылык жердештериме чоң салам. Мен силерди сагындым. Нияз.
ОП-113-120. Урмат, Неля чыгармачылыгыңарга ийгилик каалайм. Ар дайым эл арасында күйөрмандарыңар менен бирге болгула! Айпери.
ОП-113-121. Менин сагынычтуу саламым Нарын районунун тургундары Атам Жунуш, апам Салыйкага жолдонот. Эч качан оорубай биздин сыйыбызга татыктуу болуп жүрүңүздөр. Кызыңыз Алима.
ОП-113-122. Нургүл кандайсың, ден-соолук, иштер жакшыбы, балаң чоңоюп жатабы? Мен сени сагындым. Курбуң Жазира.
ОП-113-123. Кыргызстанда болуп жаткан учурдагы кырдаал бизди абдан ойлонтчу болду. Алыста болсок да мекенибиз үчүн тынчсызданып, күнү-түнү жаңылыктарды угуп, элибиздин амандыгын тилеп абдан түйшөлчү болдук. Жанабил.
ОП-113-124. Кыргыз элинин келечеги үчүн курман болгон жигиттерибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! 07724494хх.
ОП-113-125. Бардык мекендештеримди ынтымакка чакырам. Алакандай кыргыз эли биригели, душманга күлкү болбойлу, кыргызды кырып албайлы, биз өзүбүздөн башка эч кимге керек эмеспиз! Назгүл.
ОП-113-126. Жаным Алишердин келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым менин жанымда бар бол, сен бар мен эч нерседен кем болбойм. Өмүрүң узун болсун. Келинчегиң Гүлнур.
ОП-113-127. Арман ээ, сүйгөнүнө жетпей калган. Эң жаманы ушул нерсе. Жанарбек89.
ОП-113-128. Менин саламым сүйүктүү ырчыларым Ильяз, Мирбек, Урмат, Бактыгүлгө жолдонот. +770295546хх.
ОП-113-129. Айпери ишиңе ийгилик каалайм. 870295546хх.
ОП-113-130. "Обондун" жалпы жамаатынын ишине ийгилик каалайм. Ар дайым бар болуңуздар! 07786058хх.
ОП-113-131. Ууру десе эле жаман көрө бербегиле. Анын да муктаждыгы болот. Атайын уурдайт, жокчулуктан уурдайт. Бирок, андан эч ким байып же жарып кетпейт. Жанар.
ОП-113-132. "Обондун" супер-пупер смсчилери алга! Өнөрүңөр өркүндөй берсин. Аман болгула, бар болгула! Жанарбек89.
ОП-113-133. Табигат сырдуу Алтынай, Айчүрөк93, Э.Дима, Ырысбек, Зуля, Уулжан, Мээрим83кө ысык салам. Айдай.
ОП-113-134. "Туулдуң калдың балээге, Турмушуң эшек араба" деген ушул да досум. Мамат барсыңбы, эмне дайының жок? 07786058хх.
ОП-113-135. Таанышуу бурчуна жазып, таанышып достошкондор, сүйүшүп үйлөнгөндөр барбы? Болсо жазгылачы, мен да анда ишенип өз бактымды тапканга аракет кылмакмын. Аида.
ОП-113-136. Досум, эч качан өткөнгө өкүнбө, өкүнсөң да ал күн кайра артка кайрылып келбейт. Андан көрө астыга кадам шилтеп, келечегиңе кам көр. Бул күндөр да өтөр, кайгыны кубаныч жеңээр. Мен сага ишенем! Нурай .
ОП-113-137. Элдин башына түшкөн мүшкүлдөн кээ бир куу адамдар пайдаланып, улам өйдө карай чыккысы келип турганы айдан-ачык көрүнүп турат. Минтип баркыңарды түшүргөндөн көрө, унчукпай эле эл арасында жүрө бергилечи. Патриот.
ОП-113-138. Мен Урмат, Неля менен таанышкым келип жатат. Менин атым Камила.
ОП-113-139. Мага жумуш таап бергилечи, үч айдан бери иш издеп жүрүп бутум үзүлгөндөй болду. Өзүм экономфакты бүтүргөм. Жазира.
ОП-113-140. БГУнун Чыгыш таануу факультетинин бардык студенттерине салам. Окууларыңарга жетишкендик, ийгилик каалайм. Бектур.
ОП-113-141. Дыйкан айылынын жашоочусу атам Таштанбектин 24-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Ата, апам экөөңүздөр эч качан оорубай биздин сый-урматыбызды көрүп, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер. Уулуңуз Кубат.
ОП-113-142. Бардык дыйкандардын жазгы талаа иштерине ийгилик каалайм. Эмгегиңердин акыбети күздө кайтсын. Түшүмүңөр мол болсун! Темирлан.
ОП-113-143. Мирбек Иманбеков, эмне дайының чыкпай калды? Сенин ырларың, сахнада өзүңдү алып жүргөнүң мага абдан жагат. Жылдызай.
ОП-113-144. Окко учкан баатырларыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Алматыдын жердештериңер.
ОП-113-145. "Бекжан" базарында иштеген бардык кыргыздарга салам. Ишиңерге ийгилик, соодаңар боло берсин. Дамир.
ОП-113-146. "Кетсин!", "Биз эл менен!" деген өзүнчө бир девиз болуп калды окшойт ээ?! 07724494хх.
ОП-113-147. Жаан жааган сайын жүрөгүм ыйлап эзилчү болду. Анткени күн жылыганда эптеп куйган кирпичтерим кургамак турсун эзилип, зээним кейийт. Карасаң, мен байкушка аба ырайы да каршы болуп жатканын. Жаныбек.
ОП-113-148 . Мен сүйүктүү ырчым Бек Борбиевге ысык салам жолдойм. Иштериңизге, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Бажы тармагындагы ишиңиз эмне болду, иштеп эле жүрөсүзбү? Альбина.
ОП-113-149. Оштуктарга ысык салам! Жамалдин.
ОП-113-150. Мээрим Мураталиева жөнүндө кеңири маалымат берип койгулачы, сураныч. 07784450хх.
ОП-113-151. Саламатсыздарбы Урмат, Неля. Мен сиздерге чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак жана Нурелге ден-соолук каалайм. Нурзада.
ОП-113-152. Күн болуп күндөр жашынат,/ Үн болуп үндөр жаңырат./ Карасаң Ак үйдөгүлөр тынч отурат,/ Президентке эми кимдер шайланат./ Жанарбек89.
ОП-113-153. Маңдайымда мээримин чачып отурган апам Гүлмирага, биртууган иним Азаматка ысык салам. Мен силеди жакшы көрөм. 07705685хх.
ОП-113-154. Менин эң сүйүктүү, эң жакын досум Софияга сагынычтуу ысык салам. Нурзада.
ОП-113-155. 7-апрелдеги каргашалуу окуяда курман болгон кыргыздын эр жигиттерине түбөлүк даңк! Кыргыз эли силерди эч качан унутпайт! 07787763хх.
ОП-113-156. Алтын, сени сагындым. Сени көргүм келип жатат. Айпери.
ОП-113-157. Мен 18-20 жаштагы кыз-жигиттерди достошууга чакырам. 0772642032.
ОП-113-158. Ыймандуу, акылдуу, сулуу кыздар менен таанышам. Кыздар смс жазгыла. 0778776377.
ОП-113-159. Уйкусуз таңдар атат, кирпиктер ирмелбеген,/ Кусалык жүрөктү эзет, эч кимге билинбеген./ Айтылбай сырлар калат, сезимдин тереңинде,/ Ак таңдай өтө албаган, турмуштун тереңинде./ Жаңырат кулагыма, алгачкы тунук сүйүүм,/ Унутпай койдум сизди, азаптуу ал күндөрдү, алтыным билесизби? Гулиза.
ОП-113-160. Акылың болсо шашпагын,/ Узун жолду баспагын./ Өз сүйгөнүң турганда,/ Кереги эмне башканын./07770771хх.
ОП-113-161. 2010-жылдын супер бүтүрүүчүлөрү, силерге ак жол! 07787763хх.
ОП-113-162. КУУнун Биология факультетин 2000-жылы бүтүргөн студенттерди 10 жылдык жолугушууга чакырабыз. Байланыш телефондору: 46-10-43; 0555898532






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??