п»ї

  кумир менен баарлашуу

Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"
Урмат менен Неля "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын көркүн чыгарып, отузга жакын күйөрмандарынын алдында эки сааттык маек куруп беришти. Ар тараптуу суроолорго жооп алган күйөрмандар акырында ырчылардын жандуу ырларын угуп, эстеликке сүрөткө түшүп, чер жазып үйлөрүнө кайтышты.


Дагы ырчы
жөнүндө...
"Урмат менен Неля" мамлекети демократиялуу.
Калкынын саны: Урмат беш бир тууган. Эки эжеси, бир карындашы, анан бойдок иниси бар. Неля үч кыздын ортончусу. Урмат менен Нелянын уулу Нурэлге сегиз ай толду. Учурда жөрмөлөп жүргөн кези.
Тамак-аштан: Таластын гүлчөтайын жактырып жешет жана жер-жемиштерге басым жасашат.
Урматтын кайненеси 54 жашта. КУУда англис тилинен сабак берет.
Урмат күйөрмандарынан бир гана нерсени жашырат. Ал "323" деген ырдын тарыхы.
Урмат менен Неля: "Алтын балык кармап алсаңыздар эмне сурайт элеңиздер?-деген суроодон тажашкан.

- Урмат, Неля учурда эмне менен алектенип жатасыңар?
Неля: - Мен азыр үйдө бала менен отурам. Нурэлге буюрса сегиз ай толду. Аялзатына тиешелүү болгон милдеттеримди аткаруудамын. Аны менен бирге силерге убада бергендей, Урмат мени чыгармачылыктан алыстаткан жок. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жолдошума ыраазычылык билдирип кетким келет. Урмат мени ырдатпай деле коюшу мүмкүн эле, бирок, тескерисинче колунан келген жардамын көрсөтүп келатат.
Урмат: - Май айынын аягында Түркияда отуз мамлекет катышкан Эл аралык чоң конкурска Неля катышат. Учурда жакшы даярдыктарды көрүүдөбүз. Түркиядан дагы атайын клип тартып келели деген пландарыбыз бар. Андан сырткары белгилүү компаниялардын бири бизге демөөрчү болуп, бир ырыбызды башынан аягына чейин каржылаганы турат. Аны иш жүзүнө ашырып алсак, жакын арада Неля экөөбүздүн жаңы дуэтибизди көрө аласыздар. Дайыма айтып келем, Неля экөөбүздүн тең башка тармакта дипломубуз бар болгону менен чыгармачылыктан кызыгуубуз таркабайт. Күйөрмандар үчүн жаңы эмгектерди жарата беребиз.
- Өлкөдөгү кырдаал сиздерди да ойго салдыбы?
Урмат: - Биз дагы өлкөбүздүн атуулу катары моралдык жактан оор учурду башыбыздан өткөрдүк. Биринчи жолу Нелянын жүрөгү ооруп, көзүнө жаш алып ыйлаганын көрдүм. Аялзаты, энелер үчүн айрыкча кыйын болсо, эркектер үчүн, Кыргызстандын атуулумун деген ар бир патриот үчүн да оңой кырдаал болгон жок. Баардыгын башыбыз менен жашап өтүп койдук дегенден да алыспыз. Учурда деле кооптонуулар бар. Окко учуп кеткен баатырларга биз да таазим этебиз. Эртеңки күнү биз аларды сыймыктанып эстечү жашоого барабыз деп ишенебиз.
Неля: - Түнү менен уктай албай, корккон учурлар да болду. Менин да азыркы бийликке чоң ишеничим бар. Кудай буюрса мындан ары өлкөбүз тынч болуп, өнүгөбүз деген ойдомун.
- Ата-Бейитке барып шейит кеткен азаматтар үчүн куран окуттуңуздарбы?
- Жок, куран окута элекпиз. Биздин кесиптештер Ата-Бейитке чогулуп куран окутушкан күнү, баарыңарга белгилүү спорт чебери, досум Канат Бегалиевдин атасы бул дүйнөдөн өтүп кетип, Таласта болдук. Кудай буюрса, үй-бүлөбүз менен Ата-Бейитке барып куран окутуп келебиз.
- Урмат байке, намаз окуйсузбу?
- Чынын айтсам намаз окуй элекмин. Бирок, жума намазга барып турганга аракет кылам. Негизи эле намаз окуган бирөө үчүн эмес, өзүбүз үчүн болуш керек. Жүрөгүбүздө, көкүрөгүбүздө "Алла" деген сөз жашаса, жаман нерселерден алыс болуп, таза жүрөбүз деп ойлойм.
- Неля эже, дайыма ачык түстүү кийимдерди кийип жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
- Ачык кийинген мага аябай жагат. Менин эң жаман көргөн түсүм кара. Колдон келишинче кара кийимдерди кийбегенге жана кара түстү колдонбогонго аракет кылам.
- Кайненеңиздин алдында жоолук салынып жүрөсүзбү?
Урмат: - Кайненесинин алдында гана эмес, кайнежелеринин алдында да жоолук салынат. Кайнисинин алдында гана салынбайт.
Неля:- Мен дайыма эле өзүм тилегендей кайненеге жолуктум деп айтып келем. Кайненемдин алдында жоолук салынып гана сыйлабастан, апама колумдан келишинче жакшы мамилемди жасап келем. Азыр үйдө отургангабы, апам экөөбүз Урматтар келгенче тамакты чогуу жасап, сырдашып, сүйлөшүп, бири-бирибизге кеңеш айтышабыз.
- Урмат байке, сиз кайненеңиз менен кандай мамиледесиз? Урмат: - Кайненем кудайга шүгүр, билесиңер Нелянын үй-бүлөсүндө эркек бала жок. Менден улуу бажамды өзүмдүн агамдай эле көрөм. Кайненем күйөө балдарын өзүнүн балдарындай кабыл алат. Кандай гана учур болбосун атымдан атаганын уга элекмин "Балам" деп кайрылат. Мага кайынжуртум жактан чек же эреже жок. Эрке күйөө баламын, өзүм билгендей басам, өзүм билгендей турам. Кайненеме нааразычылыгым болбойт дагы болуш керек деп ойлойм. Себеби, кайненем мага бир сөз айткан күндө дагы мен аны көтөрүшүм керек. Тогуз ай белинде көтөрүп, толготуп, азыркы жубайымды өстүрүп берген. А кишини баалап, сыйлап алышым керек. Кудай буюрса жалгыз балдызымды күйөөгө узатып алсак, эркек балдардан үч бир тууган болобуз.
- Неля, алгач эне болгондогу сезимиңди айтып берсең?
- Ал сезимди сөз менен айтып жеткире албайм. Эне болгон аял гана билет. Жаңы төрөгөндө сүйүнгөнүмдөн эмизе албай, улам-улам врачтарды чакыра бериптирмин. Баламды карап отуруп, менден башка ишенген адамы жоктой сезчүмүн. Жеке клиникада жаттым да, алгач баланы эки-үч күнгө чейин жаныма бербей жатышты. Мага көрсөтпөй бир нерсе кылып салышчудай баламды кызганчумун. Ошончо кичинекей наристелердин арасынан өзүңдүн балаңдын ыйлаган үнүн кадимкидей тааныйт экенсиң. Дайыма баламды көкүрөгүмө коюп жатканды жакшы көрчүмүн.
- Урмат, сен дагы балаңды бөпөлөп жаткан чыгаарсың?
- Эне менен анча-мынча эле айырмабыз болбосо, ата деле балага бирдей жан үрөйт экен. Тилекке каршы аталар сүт гана бералбайбыз. (Күлүп) Ошол жагына келгенде балам апасына качып мени сатып кетет. Эки-үч күндөн бери Нурэлдин бир кылыгы пайда болду. Ал кандай дебейсиздерби, апасын өбөт да, мени өппөйт. Ошондон улам эне-баланын бири-бирине байланганын, экөө кошулуп жыргаганын көрүп, биякта туруп өзүнчө жыргап алам. Балаңдын күндөн-күнгө кылыктары чыгып, өзүнө көңүл бурдуруп жаткандын өзү бакыт экен.
- Балаңыз менен бир күн жалгыз калып көрдүңүз беле?
Урмат: - Бала менен бир күн жалгыз калып көрө элекмин. Неля иштери менен кеткенде эки саатка жакын карап туралам. Өзүмдүн варианттарым бар. Жарым саат "Мадагаскар" мультфильмин көргөзөм, андан тажаганда оюнчуктарын берем, ыйлай баштаса сыртка көтөрүп чыгып алаксытам, анан колдонгон варианттарым түгөнгөндө "Келе жатасыңбы?"деп, Неляга чалам.
- "Нелянын эртең менен турганда жарым саат сүйлөбөй койгон адаты бар экен"-дедиңиз эле. Азыр деле ошол адаты барбы?
- (Күлүп) Азыр ал адатын мен байкабай калдым окшойт. Мойнума алып коёюн, эртең менен Нелядан жарым саат кечирээк турам. Балким, сүйлөбөй койгон учуру мен уктап жаткан убакыт менен өтүп кетеби билбейм, ойгонсом эле сүйлөп калат.
- Урмат байке, сизге сахнага жалгыз ырдап чыккан жагабы же Неля эже менен чогуу чыкканбы?
Урмат: - Акыркы убакта көнүп баратат окшойбуз, жалгыз чыкканда бир нерсе кем болгондой сезиле берет. Ал эми экөөбүз чыкканда өзүбүздү кадимкидей эркин, ишенимдүү сезебиз. Кээде банкеттерге Неля жок жалгыз барып калам, билинбегени менен аябай эле томсором.
Неля: - Мен сахнага чыгаарда кокусунан Урматтын сол тарабына туруп алсам, ыр бүткөнчө кыйнала берем. Ошондуктан оң тарабына турганга шашылам.
- Урмат байке, сиз бир убакта алыпбаруучу болуп жүрдүңүз эле?..
- Кудай буюрса, анын дагы учуру келет болуш керек. Себеби, алыпбаруучулук мага жагат. Радиодо болобу, теледеби сүйлөгөндү жактырам. Бир сааттык түз эфирлерге барганда кадимкидей эс алып, кайра-кайра сүйлөгүм келет. Алдыда сиздер тааныган алыпбаруучу менен чогуу жакшы ток-шоу уюштуралы деген пландар бар.
- Мадыра баш кездеги окуялардан айтып берсеңиздер?
Урмат: - Интернатта окуп жүргөндө курсагыбыз ток болсо деле уурдап жеген кызык көрүнүп, орус кемпирлердин короосунда өскөн шабдаалыга ууруга кирчүбүз. Бир жолу үч бала болуп шабдаалыга кирдик. (Күлүп) Ошол күн азыркыга чейин эсимден кетпейт. Берки экөө бактын башына чыгып, шабдаалыларды ыргытып жатышат, мен болсо жерге түшкөндөрдү терип, бекем шымдалган футболкамдын ичине мойнумдан ылдый сала бердим. Анан курсак толо шабдаалыны бөлмөгө алып келип, балдарды оозу-мурдунан чыкканча тойгузган элек. Шабдаалы оңой менен кетпейт экен да, сыртындагы түктөрү денемди сайгылап, түнү менен кайра-кайра жуунуп чыккам.
Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??