п»ї
 Таанышуу жарыясы


Жан курбулар
Достук - башка конгон бакытка тете. Достукту ыйыктыкка айлантуу ар пенденин колунда болгону менен, курбулуктун таттуулугун чанда жандар сезип, баалай билет. Кыргыз элинин легендасына айланып кеткен өнөрпоздордун кимдер менен жан дос болгонун иликтеп, айрым окуяларынан үзүндү келтирдик.

Сүймөнкул Чокморов менен Болот Бейшеналиев Болот Сүймөнкулга ролун өткөрүп...
1967-жылы Болот Шамшиев "Караш-карашты" тартмак болуп, ролго Болот Бейшеналиевди тандайт. Болот шыңга бойлуу, арыкчырай болгондуктан, анын булчуңдарын чыгарыш үчүн, режиссер аны спорт залга алпара баштайт. Бир күнү Бейшеналиев машыгуудан кетип баратса тротуардын чок ортосунда Сүймөнкул ойлонуп, басып жүргөн экен. Ошондо Болот анын келбетинен өзү ойной турган Бактыгулдун образын көрөт да, таанышып, Шамшиевге ээрчитип келет. Режиссёр өзү да аны абдан жактырып турганын айтып: "Сен таарынбайсыңбы?" дейт. Бейшеналиев ошол жерден эле ролун, Сүймөнкулга чын дили менен өткөрүп берет. Экөө ошондон тартып таттуу достукту баштарынан кечирет. Бейшеналиев бир күнү аялы менен кетип баратса, ичи шишип араң басып бараткан Сүймөнкул жолугуп калат. "Кино деп жүрө бербей ден-соолугуңду карасаң боло!" десе, Болотту тикчие карап туруп, терс бурулуп кетет. Караса ыйлап атыптыр. Бул кезде Чокморовдун өлөрүнө эки ай калган экен.


Жаркын Балыкбаева, КР эмгек сиңирген артисти:
"Күйөөсү Таттыбүбүнү бычактап…"
- "Салиманын ырындагы" баш каарманга алгач мен өткөм. Убагында баралбай, кийин барсам Таттыбүбү тартылып атыптыр. Экөөбүз Ташкентте бирге окуп, жатакананын бир бөлмөсүндө чогуу жашадык. Балдардын сулуусу Таттыбүбүгө, мыйрыйган-тыйрыйганы мага келчү. Стипендия тийип, чөнтөктө акча барда эч кимге чыкпай, курсак ачка кезде баарына чыкчубуз. Балдар "жүргүлө, самсы жеп келели" десе, мен: "жок, ресторанга барабыз" дейм. Таттыбүбү: "Тамак алперсе болду да. Ресторандын эмне кереги бар?" деп балдарды аячу. Бир күнү балдар менен ресторанда коньяк ичип отурабыз. Тарелкага бирдеке салып апкелди, капуста экен деп ойлосом хрен экен. Жеп алып тамагым буулуп, Таттыбүбүнү карасам бетинин баары соус. Жигиттер бизден мурун өздөрү уялып: "туалетке барып келгилечи" дешти. Таня күзгүдөн өзүн көрүп каткырып атат: "вилка менен жейин десем, тамагым сорпосуна түшүп, бетиме чачырап кетти" дейт. "Ай, вилка менен жей албагандан кийин, балакетин аласыңбы? Уят болдук" деп урушуп кирдим.
- Театрда дагы чогуу иштедиңиздерби?
- Ооба. Ал ойногон спектакль башталарда гримдөөчү бөлмөдө арак сунуп турушчу. Урушуп-кордогонго шылтоо табылбаганда "Чачыңды кырктың", "Үйүңдө таракан көп экен" деп чогулушка салышчу. Жеке турмушу да бактысыз болду. Имаш өлгүдөй сабап, бычак менен мурунга, колуна сайыптыр. Мага келип көрсөтүп, ыйлады. "Балдарың менен үйгө кел, чогуу жашайбыз" десем болчу эмес. Өлөөрүндө: "менин жападан жалгыз досум Жаркын болгон" деп айтыптыр.


Анатай Өмүрканов, КР эл акыны:
"Жипке аракты байлап"
- Мен Памирден келип, "Кыргыз туусу" гезитинде иштеп калдым. 1971-жылы обончулардын республикалык пленумунда таанышып, дос болуп кеттик. Асандын алгачкы обону "Кайдасың". Экинчи обонун "Сендей мага" деген ырыма жазды. Сегизинчи классынан баштап арактын даамын татып баштаптыр. Бир күнү экөөбүз мас болуп келатсак, көчөдөн милиция кармап алып, бир күнгө камап салды. Ичи сасык, эптеп чыдап жатабыз, биз менен бир жигит да отурган. Беш-он сомдуктарын чөнтөгүнөн чыгарып, ыргытып атса Асан терип жүрөт. "Эмнеге терип атасың? Бул наркоман окшойт" десем: "өзү наркоман болсо, акчасы наркоман эмес" деп чогултуп, чөнтөккө уруп койду. Чыккандан кийин ошол акчадан штраф төлөдүк, баш жаздык. Аялы ичип алат деп коркуп, жумушка кеткенде Асанды үйүнө камап, сыртынан кулптап кетчү экен. Мага телефон чалып: "Досумсуңбу?" дечү. "Ооба" десем, "Анда мага арак апкелип бер, Дамира сыртыман бекитип кетти" дейт. Кабат тамда жашачу. Балконунан жип түшүрүп, мен жипке аракты бекем байлаган соң, тартып алчу.


Алмаш Чойбекова, акын,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Чолпон мени ваннага салып жуунтуп"
- 1976-жыл. Курбу кызымдын туулган күнүнө барсам, эжеси Чолпон да бар экен. Жылдызыбыз келишип, ынак дос болуп кеттик. Чолпондун мүнөзү жөнөкөй болчу. Экөөбүз "Ысык көл" ресторанында тамак ичип, сырдашып отурчубуз. Кийин мени кайгы басып, күйөөм атып кеткенде ооруканада көпкө жаттым. Мага жуунганга болбойт эле. Чолпон толтура лосьен, вата апкелип, денемдин баарын сүрүп, тазалап, анан ботодой боздоп ыйлачу: "Алмаш, кандай жан элең? Кантип ушундай болуп калдың. Баягы мен тааныштырган жигитке эле тийгениңде, көзүң да, өзүң да аман-соо жүрбөйт белең! Эми тирүү калганыңа да шүгүр кылалы" деп кайра жаркылдап, тамашалап, менин көңүлүмдү аччу. Жараатым бүткөндөн кийин үйгө чыктым. Үйгө үндүк, каз, алма-жүзүмүн ташып аткан. Келген сайын ваннага салып жуунтуп, буттарымды жышып отуруп: " Кийин, Чолпонуң ким болуп калыптыр? Менин бутумду жууп эле отурчу дейсиң го, ээ?" деп күлүп калар эле. Киринткенден кийин апкелген жаңы ич кийим, сырт кийимдерин өз колу менен кийгизип, үйдөгү сиңдилериме "Алмашты таптаза кылып жакшы бакпасаңар, менден көрөсүңөр!" деп бекем айтып кетчү. Иниси киши колдуу болуп каза болгондо мен баралбай калдым, өзү борбордон которулуп кетти. Катташпай калсак да Чолпон менин жүрөгүмдө жылуу бойдон сакталып калды.


Рыспай Абдыкадыров менен Бөкөнбай
Боркеев Рыспайдын артынан түшүп...
"Мен болбосом сен кемиген айга окшоп, сен болбосоң мен толтурбай бөксөмдү" деген ынак достордун бири Рыспай Абдыкадыров менен Бөкөнбай Боркеев экен. Чыныгы таланттар элдин сүрөөнүнө, жылуу мамилесине муктаж болгону менен, элге көрүнүүгө жанталашпайт эмеспи. Борборго келгенде Абдыкадыров телеге тартылбай тарткынчыктап, кайдыгерликке салса, Боркеев артынан түшүп тартып, ырларын алтын фондуга жаздырып калчу тура. Байкасаңыздар, улуу обончунун өзү ырдаган беш-алты ырын гана теледен кезиктиребиз. Эгерде досу болбогондо өзү аракет кылмак эмес экен. Обончу каза болгондон кийин, Боркеев досчулугун дагы бир ирээт актап, жары Давлет эженин айтуусу жана шакирттеринин эскерүүсү менен жазылган "Рыспай" аттуу китеп чыгарды. Айтылуу таланттын жеке турмушуна кызыккандар кеңири маалыматты ошо чыгарма аркылуу алса болот.


Бүбүсара Бейшеналиева менен Бакен Кыдыкеева
Бакен эже колунан жулуп алып...
Кыргыздын улуу таланттары Бүбүсара эже менен Бакен эже да таттуу достордон болуптур. Табият экөөнүн мүнөзүн эки башка жараткан менен, бири-бирин толуктап турчу дешет. Улуу бийчи абдан тамашакөй, тааныштарынын баарын туурап, досторунун боорун эзгенине карабай, эң эле жумшак, бирөө менен уруша албаган назик жан экен. Ал эми улуу актриса тескерисинче бекем, катаал, болоттой өткүр болуптур. Бакен Кыдыкееваны бийликтин тизгинин кармагандар да сүйүп, бет келгенде сүйлөй албай калтырап калчу тура. Бир жолу Бакен эже бийчи курбусунун үйүндө адатынча кесме жеп, экөө шарактап күлүп отурса, телефон шыңгырап калат. Бүбүсара эже телефонду алып, сүйлөбөй көзүнүн жашын төгүп тура бериптир. Таңгалган актриса "ай, тилиң барбы, же балыксыңбы?! Берчи мага!" деп, колунан жулуп алса, эжени сүйүппү-сүйбөйбү, ээрчигендердин бири шатыратып сөгүп аткан экен. Ачууланган Бакен эженин үнүнөн тааныган тиги "эргулдун" бети күйүп, экөөнөн кайра-кайра кечирим сурап кутулуптур.


Афина Бакирова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??