п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
Жаш эстрада ырчылары эмнегедир жалкоолукка алдырып изденгилери келбегендей. Муну айтканыбыздын себеби, мурда чет элдик ырларды которуп ырдоону адатка айландырышса, акыркы күндөрү эски ырларды эстрадалаштырып чыгууну өнөкөткө айландырышты. Бул боюнча пикирлерди улуу муундан, айрым жаңыланган ырлардын авторлорунан жана аткаруучуларынан чогулткан элек. Анда эмесе "жаргылчакта" жаш ырчылар.


Малик Аликеев:
"Мирбектин "Мөлмөлүмдү" ырдаганы жаккан жок"
- Барпы Алыкуловдун бул ыры классикага кирет. Аны эстрадалаштырып, чаташтыруунун кереги жок. Жалпы жонунан алганда азыркы жаш ырчылардын аракети бар, эски ырларды жаңырткан күндө да улуттук колоритти бузбай сакташса жакшы болоор эле. Мирбек Иманбеков "Мөлмөлүмдү" ырдаарда мага кеңешкен деле эмес, кийин угуп көрсөм ийинине жеткире ырдай албай бузуп салыптыр. Ал эмгеги тууралуу башка чыгармачыл адамдардан да көп пикирлерди укту окшойт. Жеке өзүмдүн оюмду айта турган болсом, мага Мирбектин "Мөлмөлүмдү" ырдаганы жаккан да жок, купулума толбоду.

Зейнеп Шакеева:
"Үнүм бар деп эле…"
- Эски ырларды жандантып жаткан ырчыларга түз эле көз караштамын. Ырдабагыла дебейм, ырдашсын, бирок бузбай ырдашса жакшы эмеспи. "Он сегиз жашты" Жанета Бобкова репертуарындагы башка ырларга салыштырмалуу жакшы аткарган. Үнү жакшы, бирок, үнүм бар деп эле созо бербей кичине жан дүйнөсү менен берилип, он сегиз жаштын өтүп кеткенине өкүнгөнүн сездирип ырдашы керек эле. Айрымдары ийинине жеткире ырдап жатса, кээ бирөөлөрү сөздөрүн да жакшы айта алышпайт. Мисалы, Айгерим Расул кызы "Кызыл өрүк" деген ырдагы "өзүм шерик" деген саптарды "өзүм черик" деп ырдап жатат. Кыргызча жакшы билбесе тилчилердин жардамына кайрылбайбы? Эптеп эле шаша-буша жаздырып ырдап чыга берсе болот деп ойлошот окшойт. Эски ырлардын обонунда бир эле тембрди ашыкча же кем созуп койсо анда ал ыр түп-тамырынан бери бузулат. Ушундай майда, бирок маанилүү нерселерге жаш ырчылар көңүл бөлсө жакшы болоор эле.

Түгөлбай Казаков:
"Султандын бул ырды ырдаганын уга элекмин"
- Мисалы, Мирбек Атабеков "Таласымды", Ома "Сагынам", Ислам Ахматов "Күлгүн жашты" ырдагандары мага абдан жагат. Биз жакында "Эсимде" деген сынак жарыялайлы деп жатканбыз. Ал сынакта эски ырларды жаңыртып жаткан жаш ырчылардын эмгеги чыгармачыл адамдар тарабынан таразаланат. Эң биринчи жолу "Жамгыр" деген ырымды Юлия Руцкая ырдап чыкканда көпчүлүк жактырып, жакшы кабыл алышкан. Ушул эле ыр менен Каухар Кастакова деген ырчы кыз Казакстанда өткөн сынакта Гран-прини жеңип алган. Бул ырды канча ырчы жаңыртып ырдабасын бири-бириникине окшобой өзгөчөлөнүп турат. Бирок, мен Султан Садыралиевдин "Жамгырды" ырдап чыкканын элдердин эле айткандарын эшитпесем, өзүм кандай аткарганын уга элекмин. Өзү деле мага келип бир ооз айткан эмес. Эгерде бурмалабай ошол бойдон ырдаса го жакшы, эгер айрым жерлерин өзгөртө турган болсо автордон уруксат сураш керек.

Алтынбек Сапаралиев:
"Муун алмашкан сайын тирешүү болуп турат"
- Эстрада жанры улам өзгөрүп, жаңыланып турат. Мурда "Ой тобоону" Карамолдо Орозов атындагы оркестр менен ырдашчу. Кийин мен ушул ырды эстрадалаштырдым. Мага да "бузуп салыптырсың" дегендер болгон. Негизи муун алмашкан сайын ортодо тирешүү болот, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азыр "Ой, тобоону" Сьездбек Искеналиев ырдап жүрөт деп угуп калам, бирок өзүм тыңдай элекмин. Жаштардын бул аракети жакшы, мен колдойм. Бирок, бир гана сураныч, эски ырларды жаңыртып жатканда кандай болсо ошол бойдон бузбай, колоритти сакташса жакшы болоор эле.

Гүлсүн Мамашева:
"Нервимди коротпоюн деп укпайм"
- Мен негизи жаштардын ырларын көп укпайм. Кээде арноо концертинен көрүп, угуп калганым эле болбосо… Биз эми Советтер Союзунда жаныбызды үрөп, жан-дилибиз менен иштегенбиз. Азыркы жаштар болсо эски ырларды бир аз бузуп коюп жатышат, сөздөрүн туура эмес айтып жатышат. Элибиздеги классикага айланган чыгармаларды бузганга эч кимибиздин акыбыз жок. Чыгармачылыктын жазылган да, жазылбаган да мыйзамдары бар, ошолорду бузбай сакташыбыз керек. Мен эски ырларды жаңыртып жаткан ырчыларды атайын эле ден-соолугумду, нервимди бузбайын деп уккум келбейт.

Арзыбек Бедияров:
"Обондор бузулуп жатат"
- Азыркы жаш ырчылардын эски ырларды жаңыртып жатканына каршы эмесмин. Бирок айрымдары, сөзү, обону кимге таандык экенин айтпай эле өзүнүн репертуарындагы ырлардай аткарып салышат. Ушуга таң калам. Муса Баетовдун "Эсимдесин" Ома аткарып жүрөт, элдин алдына чыгаарда эмнеге авторун айтпайт. Эл деген ырды кимдин аткаруусунда укса ошонуку экен деп кабыл алып калат да, автору бара-бара унутула берет. Александр Пак деген корей улутундагы жигит Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" деген ырын аткарып жүрөт, ал да авторун көп жерден айта бербейт. Мен ушуга нааразымын. Анан да көпчүлүк учурда эски ырларды жаңыртууда обондору аябай бузулуп жатат. Мен азыркы ырчылардын ырларын бир угуп, ошол эле замат эсимден чыгарып салам. Анткени, көбүнүн обону чала же сөзүнүн мааниси жок.

Гүлнара Кахарова:
"Султан элдин алдында кечирим сурасын"
- Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" деген ырын Султан Садыралиевдин ырдаганын уктум. Башынан баштап онтолоп ырдаптыр, образ берип жатам деп ойлосо керек. Кыргыздын каны менен кошо айланган чыгарманы бузганга кандай акысы бар. "Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти" деген саптарды "кеттиң" деп сөзүн бурмалап ырдап жатат. Түгөлбай Казаковдун алдында Султан ким экен. Бул ырды керек болсо өзүм ырдап чыгайын деп бузуп алуудан коркком. Мен ушул сөздөрдү айтканым үчүн Султандан кечирим сурабайм. Керек болсо ушундай ырды бузганы үчүн ал жалпы элден кечирим сурасын.
Анара
Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??