п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Айлампа

"Каркыралар" кайтып жатышат…
К. Бакиев бийликте кезде бири бизнесинен, бири сот ишинен, бири өз өмүрүнөн коркуп бир топ аттуу-баштуу инсандарыбыз чет жерге баш калкалоого мажбур болуп кетишкен. Эми минтип эл бийлиги орногондон кийин ушуну эле күтүп жатышкансып, айрымдары Ата Мекенине кайтып келишти. Айрымдары жакында кайтышаары белгилүү болду. Неси болсо да ким эмне болуп алыста жүргөнүнө үңүлүп көрдүк. Анда эмесе алар жөнүндө анча-мынча маалымат.


Урмат Барыктабасов
Барыктабасовду укканда "кичинекей революция" эске түшөт. Ал "Мекеним Кыргызстан" деген партияны түзө коюп аз жерден президент болуп кала жаздап токтогон. Ошондогу ызы-чууну уюштурганы үчүн кылмыш иши козголгондо, өзү да Кыргызстандан акырын козголуп Казакстанга жыла качкан. Азыркы күндө Сауд Аравиясында деп айтышат. Иши кылып алыста жүрсө да салам-дубайдан жазбай турчу. Учурда бул бийликтин кеткенин угуп, ордунда отуралбай аткан имиш. Кыйытканына караганда кыязы, президенттик шайлоого ат салышат көрүнөт.


Өмүрбек Абдрахманов
Оппозициянын дагы бир өкүлү, 2007-жылдагы апрель митингинин активдүү катышуучусу Өмүрбек мырза ошол апрель митинги үчүн УКМКнын жертөлөсүнө жатып чыккан. Ал жерден чыккандан кийин жанын койбой бизнесин чукушуп, аялына да кылмыш ишин козгоп койгондо, "эми эмигрант болом" деген да бул жактыгы эмерек дүкөндөрүн ижарага берип, үй-бүлөсүн алып Түндүк Королинага зуу койгон. Океандын ары жагында колун колтугуна кысып отура бербестен бизнес системасын жана англис тилин өздөштүрүп жатат дешкен. Эмгиче "чагып" бүткөндүр. Ошол кезде "Демократия жок өлкөдө саясат менен алпурушуп кереги не" деген Өмүрбек мырза бүгүн не дейт болду экен?


Равшан Жээнбеков
Акаев заманында эң жаш министр Равшан Жээнбеков болгон. Саясатчылар оппозицияга өтөөрү менен эле мурда аты-жыты белгисиз кылмыш иштери козголуп калышы көнүмүш болуп калбадыбы беле. Болбосо, Равшан Жээнбеков деле 2005-жылы революцияга өзүнүн үлүшүн кошуп, бийликке келген, элчи да болгон. Анан оппозицияга өтөөрү менен мамлекеттик мүлктү башкарып турган кезинде бир нече объектилерди арзан баада сатууга жол берген деген айыптар тагылып, "кылмышкер" болуп чыга келген. 2008-жылдын 10-декабрында Башкы прокуратура дагы бир эпизодду көтөрүп чыгып, мамлекетке 6 млн. сомдон ашык зыян алып келди деп билдирген. Айласы түгөнгөн Равшан мырза
АКШга башпаанек сурап кетип, демократияны өнүктүрүү фондунда иштеп, аны менен катар "Ата Мекен" партиясынын чет элдик бюросун жетектеп келген. Учурда Ата Мекенинин абасынан кере-кере дем алып, сагынычын таркатып жүргөн кези.


Кубатбек Байболов
Бул кишини ким билбейт. Акаев кезинде да, Бакиев кезинде да оппозицияда болуп, андагы антимитингдердин да анабашы болуп жүргөн. Ошол тапта Кубат Калбековичтин жубайы шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболовага да бут тосуулар болуп, аны төрайымдыктан шыпырып түшүшкөн. Андан көп өтпөй эле Кубат мырза бизнесиме байланыштуу деп өлкөдөн чыгып кеткен. Көрсө, бизнеси эмей эле үй-бүлөсүнө, өзүнүн өмүрүнө коркунучтар болгонун кийин айткан. "Ат айланып казыгын табат" деген чын белем, бүгүнкү күндө Кыргызстанда.


Бакыт Бешимов
СДПК фракциясынан депутат Бакыт Бешимовду президенттик шайлоодон кийин кесиптештери таппай калышкан. Бири "Казакстанда дарыланып атат" дешсе, экинчилери "Америкага баласына кетип калыптыр" деп, а үчүнчүлөрү "ой үйүндө эле жатыптыр, таарынып…" деген сыяктуу сөздөр айтылып… Көп өткөн соң үн каткан Бакыт мырза буларды айткан: "Менин кетейин деген оюм жок болчу. Бирок, мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак. Андан көрө бул бийлик менен алыста болсо да күрөшүүнү чечтим". Ошентип ал да Алыскы Америкада жөнөкөй жаран болуп күн кечирип жаткан. Эми ал жактагы кыргыз элчисиси болуп, ээрге минди.


Сыргак Абдылдаев
"Репортер Бишкек" гезитинин мурунку баяндамачысы Сыргак Абдылдаев да өз өлкөсүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Эсиңиздерде болсо ага 2009-жылдын 3-мартында кол салуу болуп, 21 жерине бычак жеген журналист убагында келген "тез жардамдан" уламбы… аман калган. Айыккандан соң деле Сыргакты ачык эле аңдыганга өтүшкөндө, айла жок аялын алып алыскы Швецияга сапар тарткан. Бирок, ал жакта да бул жактагы окуялардан тыш калбай, байма-бай интернет аркылуу саясий баяндамаларын жазганга өткөн. Болгондо да саясатчылардын кылмыш тобуна аралашканы, алардын саясий операциялары жөнүндө жазып, былык-чылыгын ача баштаган эле. Эми бийлик кетти, калганын Кыргызстандан улантаар десек, Сыргак мырза келээр-келбесин азыр ачык айтпай туру.


Жеңишбек Эдигеев жана
Чолпон Орозобекова
Журналист түгөйлөр Жеңишбек менен Чолпон "Де-факто" гезитин ачышып, ачык-айкын маалымат берүүгө аракеттенип иштеп жатканда бийлик "айт" десе, "ойт" деген соттор бир студенттин арызы үчүн (ал студент жөнүндө биринчи макала "Алиби" гезитине жарыяланган. А "Де-факто" аны көчүрүп жазган) миллион акча айып салган. Студент Ж.Бакиевдин уулу болчу. Бул биринчиси. Экинчи жолу да бир макала үчүн туура эмес маалымат берди деп сотко сүйрөгөндө чыдамы кеткен Чолпон айым жолдошу менен башпаанек сурап Швецияга кеткенге аргасыз болгон эле. Азыр өлкө өзгөргөндө келеби?- десек, жакындарына интернет аркылуу байланышып: "Барса Жеңишбек барат го, менин бул жакта магистратурам бар" деген экен. Чолпон айым Швецияда да жөн жатпай укук коргоо багытында иштеп жатканы бизге маалым.


Кубанычбек Кадыров
2009-жылы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан А. Атамбаевдин жактап барган тарапташы депутат К. Кадыровду "Балыкчы округунда уюштурулган тополоңго күнөөлүү" деп табышып, депутаттык "кол тийбестигинен" ажыратышкан. Бул Кыргызстан эгемендүү республика болгондон бери депутаттын "кол тийбестигинен" алгачкы жолу ажыратышы эле. Ошондон кийин оңтоюн таппаган Кубанычбек мырза Швециядан түнөк тапкан. Анан эле "К. Бакиев бийликтен кетти" деген жагымдуу жаңылыкты угаар замат биринчилерден болуп Мекенине жетип келген. Самолеттон түз эле Жогорку Кеңешке түшкөн бейм, журналисттер аны дал ошол жерден кармап интервью алышкан.


Эдил Байсалов
СДПКчы Эдил Байсалов "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясын жетектеп, өзүнүн курчтугу, сөзүнүн мурчтугу менен саясатка бат эле сиңип кеткен. Эдил мырза парламенттик шайлоонун алдында шайлоо бюллетендерин сүрөткө тартып алып, интернетке жарыялап жибергендиги үчүн күнөөлүү болуп табылып, партиянын катарынан чыгарылган. А Башпрокуратура "Мамлекетке ири суммадагы зыян келтирди" жана "КРнын БШК ишине тоскоол болду" деген эки статья менен кылмыш ишин козгогон. Эдилдин таскагы катуу чыгып баратканда чочулаган Ак үйгө ошондо оңой шылтоо табылып калган окшойт. Айтор, мына эртең депутат болом деп турганда жаза басып алып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн саясый башпаанек сурап, акыры Швециядан орун тапкан. Ал жакта жөн жатпай Европалык окумуштуулар менен чогуу Кыргызстандын жаңы тарыхын жазып атканы тууралуу да билдиргени бар. "Биротоло калып калбайсыңбы" деген жердештеринин суроосуна "Кантип калам? Чемоданымда отурам. Кыргызстан көзүмдөн учуп турган чагы. Өзүм алыста болгонум менен, ал жакта болгон бардык окуядан кабар алып турам" деген Байсалов бул жолку окуядан тыш калбай, Кыргызстанга келип бакыйып аппарат жетекчиси болуп отурат.


Эльмира Мадиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??