п»ї

"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
Жакында эле аталган топ "Весна 2" (Жаз 2) деген ырына клип тарттырып жатышып, топтун солисткасы Ая жаракат алды. Режиссердун койгон талабын аткарам деп образга кирүүгө ашыккан Ая, сахнаны жасалгалаган тамгалардын бирине башы менен катуу урунуп алган. Ырчынын башы канап баштаганда клипти тартууну токтотуп, Аяны бейтапкана алып жөнөшкөн. Клип Киевде тартылып жаткандыктан, жолдон да Аяны бажы кызматкерлери кармап, "Мыйзамсыз ири суммадагы акча алып бара жатасың" деп убара кылышкан. Какаганга муштаган болуп, жок жерден жалаага кабылган Аянын маанайы биротоло түшүп, клип тартууну убактылуу токтотушту.


Өзбек эли сүйүп уккан "Эстедим"
"Кыз-Бурак" тобунун эркеси Сайкал Садыбакасова эми Өзбекстандын элине да таанымал боло баштады.Тактап айтсак, Сайкалдын аткаруусундагы "Эстедим" аттуу ырды өзбек жылдызы Абрам Каримов өзбекче которуп ырдап чыккан. Жыйынтыгында "Эстедим"көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, хит ырга айланды. Кудай буюрса, Абрам "аке" 15-майда боло турган өзүнүн жеке концертине биздин бийкеч Сайкалды конокко чакырып, аталган ырды экөө дуэт ырдамакчы.


  Концерт жана концерт...

"Музканалдан" кайрымдуулук концерт
"Музканал" теледолбоору 29-30-апрелде Спорт ордосунда "Биз таза шаар үчүн" аттуу кайрымдуулук концертин өткөрүшөт. Жыйырма беш ырчы, он куудул катышкан концертти теледолбоордун алыпбаруучулары башкарат. Концерттин уюштуруучусу Мирлан Муратовдун айтымына караганда түшкөн каражат 7-апрель күнү жабыр тарткан кыргыз патриотторунун дары-дармектерине жумшалып, ооруканаларга которулуп берилет.


Акбар булуң-бурчту кыдырат
Акбар Сүйүмбаев борборубузга бере турган концертине өзгөчө даярдыктарды көрүү үчүн, алгач Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып кыргыз элине ыр десте сунат экен. Мындай көпкө созулган гастролдук сапарынан кийин гана Бишкек шаарына отчёттук концерт берип, бойдокчулук менен коштошом дегендей "намёк" кылды.


Бекчоро эмгек күнүн Кореяда тосот
Акыркы убакта "Бекчоро эмнеге көрүнбөй кетти?"-десек, чет өлкөлөр менен байланыш түзүп, кызуу иштеп жатыптыр. "1-майда Кореяга жеке концертимди коём. Ал жакта үч миңге жакын кыргыздар жашайт экен. Менин бул концертимди Шумкарбек аттуу кыргыздын бизнесмен жигити уюштуруп жатат"деген ырчы бүгүн-эртең Кореяга учат экен. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, Бекчоро экс-продюсери Семетей менен мамилесин жакшыртканын да кошумчалады.




  шырмаек

Мүзүр:
"Гүлмира экөөбүз таарынышып жүрбөйлү деп..."
Өлкөдө болуп өткөн ыңкылаптан кийин элибизге жагымдуу маанай тартуулап, 1-2-май күндөрү Спорт ордосунда ыр десте сунабыз деген "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр жана анын келинчеги Гүлмира алдыда боло турган концерт тууралуу бизге чакан маек куруп беришти.


- Мүзүр, 1-2-майда "Кеңеш" тобу борбордо биринчи жолу жеке концертиңиздерди коёт экенсиздер. Даярдыктар кандай болууда?
- Биз бул концертке жарым жылдан ашык убакыттан бери даярдык көрүп келатабыз. Даярдыктар жакшы болгону менен 7-апрелдеги окуя баарыбызды кайгыга салбадыбы. Ошол күнү Гүлмира экөөбүз тең аянтта жүргөнбүз. (Үшкүрүнүп) Окко учураган адамдарды өз көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүз ооруду. Аялдар эмес, эркектердин көзүнөн жаш акты го...
- Мындай кандуу күндөн кийин концертиңиздерди алдыга жылдырып же токтото туралы деген ойлор болдубу?
- Биз мындай болуп кетээрин билген жокпуз да. Албетте, көп ырчылар сыяктуу биз да концертти токтото туралы деп ойлодук. Бирок, бизден улуу кишилерден кеңеш сураганыбызда, "Кайгырып турган элдин көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулаганыңар оң" деген сыяктуу жоопторду алдык. Анан токтолбостон концертке болгон даярдыктарды улантып, бир жагынан шейит кеткен кыргыздын уулдарынын урматына "Кызыл гүл" деген аталыштагы концерт тартуулайлы деп чечтик.
- Концерттин өзгөчөлүгүнө токтолсоңуз?
- Концертти шейит кеткен адамдардын арбагына таазим кылып, Чубак Сатаевдин "Жалган дүйнө" аттуу ыры менен Гүлмира экөөбүз ачабыз. Сахнанын жасалгаланышы да концерттин аталышына төп келет. Андан сырткары Мирбек Иманбеков иним аткарып жүргөн "Ата-энем" деген ырымды өзүбүздүн вариантыбызда ырдап, сахнага өзүмдүн апамды кайнене, кайнатамды эл алдына алып чыгып тааныштырабыз. Үч сааттык концертти Жанара Атабекова менен Ильяз Агыбай уулу алып барат.
- Эмне себептен алыпбаруучулукка Жанара айым менен Ильяз мырзаны тандап алдыңыздар?
Гүлмира: - Ильяз, менин байкем болуп кетет. Ата-энем менен үй-бүлөлүк катышы бар. Мен сахнага жаңы ырдап чыккандан бери эле "Гүлмиранын жеке концертин мен алып барып берем"деп, жолуккан жерден тамашалап калчу.
Мүзүр: - Ал эми Жанара Атабекова менин жакын досум болот. "Менин таанышым, сенин таанышың" деп Гүлмира экөөбүз таарынышып жүрбөйлү деп, мен жактан Жанараны, Гүлмира жактан Ильяз байкени алыпбаруучу кылып шайлап алдык.
- Мындан эки-үч ай мурда Мүзүр экөөңүздөр концертке атайын билет сатып алып кирип баратканыңарды көрдүм эле. Муну кандай түшүнсөк болот?
Гүлмира: - Ооба, үч-төрт концертке атайын билет сатып киргенбиз. "Карга карганын көзүн чукубайт"-дегендей, биринчиден биз да ырчыларга кичине болсо да колдоо көрсөтөлү десек, экинчиден өзүбүздүн кызыкчылык болуп, башка ырчылар сахна жасалгаларын кандай кооздоп жатышыптыр деген ойдо тажрыйба, фантазия топтодук. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, "Кеңеш" тобунун бардык күйөрмандарына ийгилик каалап, концертибизге чакырып кетебиз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??