п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар деле сиздей жан

Шоу-дүйнөсүндөгү адамдардын жашоосуна үстүртөн көз салып жүргөн адамдарга алардын турмушу алда канча жеңил сезилиши мүмкүн. Айрымдары ырчы десе эле аларды ак кол элестетишет. Ырчылар башка камырдан жуурулбаганын, алардын деле биздикиндей тиричилиги, көр оокаты, түгөнбөгөн түйшүгү бар дегендей… Бүгүнкү саныбызда жылдыздар "ак кол" эместигин гана далилдебестен окурмандарга ар кандай тармакта керектүү кеңештеринен өйдө беришти. Төмөнкү кеңештерге көз жүгүртүп, ылайыктуусун жашооңузда пайдалансаңыз болот.


Жумуштан кийин эс алуунун сырын Саматтан сураңыз
Эл катары эле он сааттан кем иштебеген Самат Дөөлөтбаковду жумуш күнүнөн кийин кызы менен жубайы алаксытаары талашсыз. Ошентсе да чарчаган абалын жеңилдетишке өзү билген ыкмаларды колдонуп келет.
1. Эртең менен жумушка кетип бара жатканда сөзсүз отуруп тамактанат. Анткени, организмди тамак менен канчалык жакшы камсыз кылсаң, күнүң ошончолук жеңил өтөт.
2. Кечинде жумуштан келгенде дароо телевизордун маңдайына отурбастан, жок дегенде жарым саат таза абага чыгып сейилдөөнү адатка айландырыңыз. Себеби, таза абадан кийин адамдын организми тамакты жакшы кабыл алып, бир күн бою чарчаган мээни сергитет.
3. Түн ортосуна чейин кино көрмөй адатыңыз болсо, андан тезирээк арылыңыз. Керелди кечке чарчаган мээни кыйноонун зарылчылдыгы жок. Канчалык эрте жатсаңыз, эртеси эртең менен ошончолук жеңил турасыз.

Бала жытына мас болгон Айя
Жаз мезгилинин биринчи айынын биринчи күнүндө уулду болгон ырчы айым Айя азыр бала жытына мас болуп, үйүндө уулун кучактап отурган кези. Баласына кайненеси Искендер деген ысымды ыйгарган. Учурда билген ыкмаларын колдонуп, уулун багып жаткан кези. Наристе багып жаткан энелерге Айя төмөнкү билген кеңештерин тартуулайт:
1. Эң негизгиси баланын жаткан бөлмөсү таза, жарык, кенен болуш керек. Колдон келсе баланын бөлмөсүнө ашыкча эмеректерди койбогонуңуз эле оң. Анткени бөлмөдө эмерек канчалык аз болсо, чаң көп топтолбой, бөлмө күңүрт тартпайт.
2. Балага D витамин жетиштүү болуш үчүн күнгө көбүрөөк алып чыгып, терезени күңүрт пардо менен тоспоңуз. Күндүн нуру наристеге тийип турушу зарыл.
3. Атайын баланын тырмагын кыркканга анча учтуу эмес кичинекей кайчы алыңыз. Буттукун түз кылып, колунукун түбүнө такай албай этияттап кыркыңыз. Өтө такай алып салгандан көрө, анча кыска кылбай, бат-баттан алып турган жакшы.
4. Наристени таза абага сейилге алып чыкканда өтө калың кийинтпеш керек. Бала тердегенде суукту, шамалды бат кабыл алып, жел туруп калышы мүмкүн. Андан көрө жаныңызга жылуу одеяло салып алсаңыз ымыркайыңызды каалаган убакта ороп аласыз.
5. Баланын көзүнүн кычыктары тынымсыз чылпактай берсе, 0,5 чай кашык бор кислотасына бир стакан кайнатылган сууну аралаштырып кебезге малып, көзүнүн кычыктарын сүртөсүз. Ушул эле ыкманы аз өлчөмдөгү марганцовканы кайнатылган сууга аралаштырып колдонсоңуз болот.

Ак кийимдердин сыры Айгеримде
Ак көйнөктөрүн өз колу менен жууган Айгерим Расул кызы айымдарга ак түстөгү кийимдерди жуурда эң негизги эрежени эске салат: "Ак түстөгү кийимди эч убакта башка түстөрдөгү кийимдерге аралаштырбаңыз".
1. Жогорудагы эрежени дайыма колдонсоңуз, анда ак кийимдерди кир жуугучка салаарда эринбей бирден силкип, кылдат карап салуу кажет. Анткени ак кийимдердин арасына кокусунан аралашып калган бет аарчы же дагы ушул сыяктуу майда буюмдар болгон кийимди түркүн түскө боёшу мүмкүн.
2. Жумуртканын агын кетирүүнү кааласаңыз жылымык сууну пайдаланыңыз, ысыгыраак ырасталган суу кийимдеги жумуртканын агын кетирмек тургай, кайра аппак так калтыруусу ыктымал.
3. Жер-жемиштердин тагы калган жерлерге айнадан себелеп, жылуу сууга бир нече мүнөт коё туруңуз. Андан соң ошол жерди ак самын менен сүрткөндөн кийин гана кир жуугучка салыңыз.
4. Ак кийимдеги помаданын тагын кетирүүгө спирт жардам берет. Кебезге спиртти малып, так болгон жерди сүртөсүз. Бир аз убакыт коё туруп жылуу сууга айна салып чылап, бир нече саатан кийин жууп саласыз.
5. Ал эми чөптүн тагын болсо нашатыр спирти менен перекс водородун аралаштырып, так болгон жерге сүртүп, артынан жылуу сууга айна салып жууйсуз.

Гүлдөрдү кыздардан кем сүйбөгөн Эрлан
Эрлан гүлдөрдү жөн гана бөлмөнү кооздогонго гана колдонбостон, анын пайдалуу жактарын алганга да аракет кылат. Үйүнүн болгон бөлмөлөрүн жашыл өсүмдүктөргө толтурган ырчы "жашыл түс адамдын нервин тынчтандырып, стресстен чыгарат" деген принципти карманат. Бирок, гүлдөр өтө кылдат мамилени талап кылышкандыктан, Эрлан бош убактысы болсо эле аларга суу куюп, кам көргөнгө шашат. Гүлдү багуудагы билген эрежелерин ырчы окурмандарга сунуштады:
1. Гүлдү сугара турган сууну жок дегенде бир сутка коюп "жумшартыш" керек. Бир сутканын ичинде суудагы хлор тарап, суу тунуп, бөлмөдөгү температурага калыптанышы керек.
2. Сууну бир эле жерге шорголотуп куя бергенде гүлдүн тамырына доо кетет. Чачырап куюла турган суу куйгучту пайдаланганыңыз оң.
3. Эгерде эшикте жаан жаап жатса мүмкүнчүлүктү текке кетирбей гүлдөрдү эшикке алып чыгып коюңуз. Гүлдөр жаандын суусун аябай жакшы көрүшөт. "Колуңардан келишинче гүлдөрдү күнүгө таза абага алып чыгып туруңуз. Анткени, бизге кандай аба керектелсе, өсүмдүктөр да ошондой эле таза абага зар. Бөлмөдө кечке тура берип, күн көрбөгөн гүл аз-аздан соолуй баштайт" дейт Эрлан. Өзү да эринбей үйдө болгондо бардык гүлдөрдү эшикке алып чыгып тураарын билдирди.

Добр жаан жааганда "банкрот" болот
Машина айдагандан ырахат алган нукура кыргыз бала шашып жатканда эле машинасын унаа жууй турган жайга алып барбаса, калган учурларда өзү эле жууйт. "Жаан жаап жатканда машинаны сыртка чыгарып коюп, бир сыйра таза чүпөрөк менен катуу сүртүп тазалап коймой адатым бар" дейт Добр. Кээде машинасын жаңы эле жууп алып айдап чыкканда жаан жааса кадимкидей жууганына ичи ачышып, "банкрот" болгондой сезимге кабылаарын кошумчалады. Рулда жүргөн окурмандар рэпердин берген сунуштарын колдонуп көрүшсө болот.
1. Күн чайыттай тийип турганда машинаны жуубай эле койгон туура. Анткени анын суусу жакшы кургабай ар кандай тактар калышы күтүлөт. Кошумчалай кетсем, машинаны колдон келишинче көлөкө жерде жууган жакшы.
2. Машинаны жуурда эч убакта айна же дагы ушул сыяктуу каражаттарды колдонбой эле коюңуз.
3. Машинаны таза кармайм деген ой менен аны бат-баттан жууй бериштин кереги жок, чаңдап калса бир сыйра чүпөрөк менен сүртүп коюңуз.
4. Эгерде катып калган баткакты кетире албай убара тартсаңыз анда биринчи жумшак губка менен баткактын үстүнө суу сарыктырып алыңыз. Мындай учурда катуу чачыраган суу менен баткакты кетирүүгө болбойт. Катып турган баткакка катуу суу чачыраса сырын кошо сыйрып кетет.

Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
20-март, 2010-ж.:
1-бет
"Мени "дайынсыз жоготуп" коюшмак"
2-бет
Урмат:
"Биринчи жолу Нелянын ыйлаганын көрдүм"

3-бет
Конституция боюнча
4-бет
Жан курбулар
5-бет
Эски ырлар жандануудабы же жанчылуудабы?..
6-бет
Кыргыз киносунда
Революция болобу?!

7-бет
"Каркыралар" кайтып жатышат…
8-бет
"Город 312" тобунун солисткасы жаракат алды
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Акча сыры
11-бет
Баластан
12-бет
Сезимай Алиева Сен жана мен
13-бет
Түйүлдүк Жана ден-соолук
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Артисттердин архивине саякат










??.??