п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Балдар менен баарлашуу

Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"
Жаш булбул Аскат Мусабеков менен Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1-гимназия-интернатынын 8-классынын окуучулары баарлашышты. Жолугушууда "Манас" эпосу,кыргыз комузу, макал-лакаптардан бери кечөө күнкү митингге чейин суроо-сынак болду. Бирок, анын баарын гезит бетине сыйдыра албадык. Убакыттан пайдаланып, улуттук духту сезимдерине сыйдырып өсүп келаткан жаш мекенчилдерге ыраазычылык билдиребиз.

- Саламатсызбы Аскат байке, репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
- Саламатчылык, учурда 20 дан ашып калды. Кудай буюрса, май айында берейин деп аткан концертимди 7- апрелдеги ыңкылаптан улам жылдырып, күзүндө өткөрүүнү пландап атам. Апрель айынын 29унда Россиянын Москва, Питер шаарларында Сыймык Бейшекеев байкенин чакыруусу менен чогуу ырдап келүүгө даярдык көрүүдөмүн.
- Кайсы ырчылар менен доссуз жана кимисин жактырбайсыз?
- Ырчылардын баары менен жакшымын. Улуу муундан Сыймык Бейшекеев менен Токтобек Асаналиев жагат. 21-мартта эле концерт берип, бүткөн соң, Микаэль менен чогуу отурдук эле. Ыраматылык каза болуп калды.
- Кайсы ырчыны баалайсыз?
- Мирбек Атабековду баалайм.
- Унутулуп бараткан ырларды ырдагандарга көз карашыңыз кандай?
- Эски ырларды ырдаган модага айланып кетти. Бул бир эсептен казак-өзбектердин ырларын которуп ырдаганча өзүбүздүкүн алып чыккандары жакшы. Экинчиден, алар ошо ырдын мурунку аткаруучуларына анализ жүргүзүп, андан ашыра, жок дегенде алардын деңгээлинде ырдаш керек. Андай болалбаса ырдабай эле койгону жакшы го.
- Алиппе майрамыңызда кайсы тамга келди эле?
- "Чынар, Чолпон, Карачач,
Кубалашып баратат.
Чымын-чиркей кармашып,
Чымчыктарга таратат" деп "ч" тамгасын айткам.
- Окуучу кезиңиздеги кызыктардан айтып бербейсизби?
- 8-класс элем. Эжейлер сабактан кечиккен окуучуну бир жума пол жуудуруп жазалачу. Бала кезимде абдан уйкучу болчумун. Уктап калып, сабакка кеч барып, жанагыдай жазага илиндим. Күнүгө балдардан кийин калып, класс толтура гүл эле, суу куюп, пол жууп, эптеп бир жуманы өткөрдүм. Ошонун эртеси кайра кечигип атпаймынбы. Ошентип эки жума пол жуугуч болуп "иштегем".
- Кайсы сабакты жаман көрчү элеңиз?
- Физика, химия сабагын жаман көрчүмүн. 11-класста химия сабагында эжейдин маңдайында карап отура берчүмүн. Эжей: "мени эмне карайсың? Жазбайсыңбы" деп урушчу.
- Окуучу кезиңизде сүйүүгө кабылдыңыз беле?
- Сегизинчи классыңар да, ээ? Биз да силердей кезде кыздарыбыз 10-11- класстын балдарын, биз кичүү кыздарды жакшы көргөн убак болгон. Бирок, чыныгы чоң сүйүүгө ата-энемден алыстап, шаарга келип, студенттик курактын көчөсүндө жүргөндө кабылгам. Азыр ошол аруу сүйүүмө жетип, бактылуу жашап атабыз.
- Канышай деген кызды да сүйдүңүз беле?
- Мен "Канышайдын" аткаруучусумун. Ал эми сөзү Акбар Рыскулов, обону Калмурат Рыскуловго таандык. Мен деле текстти ким жазганын билчү эмесмин. Бир жолу ырдап бүткөн соң, залдан Акбар агай келип, куттуктагандан кийин сөздүн автору экенин билдим. "Канышайдын" кантип жаралганын агайдан сураш керек.
- Кайсы спирт ичимдигин ичесиз, кайсы жаныбарды жакшы көрөсүз, жиниңиз келгенде эмне кыласыз?
- Ичпейм деле... Кичинекей улакты жакшы көрөм. Жиним келгенде машинени айдап, шаардын сыртына чыгып кетем.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
Беш биртууганмын, ата-энем мугалим. Келинчегим, төрт айлык Акзыйнат аттуу кызым бар. Келинчегим эң таланттуу музыкант, кыргыздын патриот кызы. Аты-жөнү Залина Касымова.
- Жубайыңызга колуңуз тиеби?
- Жок.
- Ата-энеңди же келинчегиңди танда десе кимисин тандайт элеңиз?
- Мага мындай суроону душманым эле бериши мүмкүн. Анткени булар менин үй-бүлөм да. Биринен-бирин ажыратып кароого мүмкүн эмес.
- 8-мартта жубайыңызга эмне белек бердиңиз?
- Албетте гүл, анан белек алып ал деп тыйын бердим.
- Арманыңыз барбы?
Күйүттү күчөткөн чоң арманым деле жок. Бирок, ар бир адамдын ичинде эч кимге айтылбаган армандар болот болуш керек.
- Устатыңыз барбы?
Устатым Улукмырза Полотов.
- Кичине кезиңизде ким болгуңуз келди эле?
Бала кезде "келечекте ким болгуң келет?" деген темада сочинение жазып, "министр, президент болгум келет" дейбиз да. Бир классташым "мен тракторист болгум келет" дептир. Мугалим: "мына ушинтип жөнөкөй кесипти сүйгөн жакшы" деп ал баланы абдан мактаган. А мен юрист болгонду жактырчумун. 10- класста окуп жүргөндө Ат-Башыдан Сыймык Бейшекеев байке менен 2 саат сүйлөшүп отуруп, ниетим 180 градуска бурулуп, ырчы болууну дегдеп калгам. "Булакты көрсөң көзүн ач" деген сөз бар го. Байке ошондо мага туура кеңеш, багыт бергенине абдан ыраазымын.
- Эң бактылуу жана кайгылуу күндөрүңздү айталасызбы?
- Эң бактылуу күнүм 2008-жылдын 21-ноябры. Бул келинчегим экөөбүздүн баш кошкон күнүбүз. Анан кызым төрөлгөн күндү да баа жеткис күн деп эсептейм. Ал эми кайгылуу учурдан кудай сактасын.

Афина Бакирова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??