Билгениң оң

Колоңсо & шыбоодон арылуу
Күн жылып баштаганда адамдардын себинген жыпар атырына кошумча башка дагы "жагымдуу" жыттар чыга баштайт. Канчалык тазаланып, жуунса да "колоңсо" жана "шыбоо" аттуу "жыпар жыттардан" арыла албай жаткандардын мүдөөлөрүн эске алып, андан үй шартында кантип арылуу туурасында кеп кылмакчыбыз.

Кыскача тарыхынан
Тердин жыты менен элдер байыртадан бери эле күрөшүп келишкен. Мисалга алсак, байыркы Римдиктер атайын баштыкчаларга жыпар жыттанган чөптөрдү салып алышып, колтуктун астына кыстарып алып жүрүшкөн. Биринчи дезодорант, кадимки ашканага колдонуп жүргөн сода болгон. Сода денеден чыккан жаман жытты жөнгө салып, тердеткен эмес. Андан кийин курамында алюминийи бар пасталарды колдоно башташкан. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында гана окумуштуулар дезодоранттарды, антиперспиранттарды ойлоп табышкан. Азыркы биз колдонуп жүргөн дезодоранттар XX кылымдын 50-жылдарында гана жасала баштаган.

Бөйрөк ооруса - колтук тердейт
Тердөөнүн негизги себеби ар кандай факторлордон болот. Мисалы, жайдын аптабында синтетикалык кийимдерди кийбеш керек. Анан тамак-ашка да өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Ысыкта ачуу тамакты жебей койгон эле жакшы. Алкоголдук ичимдиктер да көп тердөөгө алып келет. Бөйрөк өзүнүн жумушун жөнгө сала албаганда, организмдеги бөлүнүп чыкпай калган суюктук тер аркылуу чыгат. Кургак учукта болсо, түндө тердейт. Медицинада "гипергидроз" деген оору. "Гипергидроз" термини (тердөө) латын тилинен которгондо "гидро - суу" жана "гипер - өтүшкөн" деген маанини берет. Бул учурда медицинада атайын антиперспиранттарды жана дезодоранттарды сунуш кылышат. Антиперспиранттын курамында туз, алюминий жана цинк көп болуп, колтукту 40%га чейин кургатат. Бирок, микробдорду өлтүрө албайт. Аны таза жуулган денеге сеппесе, аллергия кылып жибериши мүмкүн.

Дезодорантты да тандай билүү зарыл:
Жөнөкөй дезодорант - бактерияларды өлтүрөт. Бирок, терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозан организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу. Анткени ал жалаң гана эфир майынан даярдалат. Андан кийин антиперспиранттар турат. Алар тескерисинче тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант - терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот. Курамында спирт көп болгондуктан, колтукту кызартып жибериши мүмкүн.
Дезодорант-антиперспирант - эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.
Тердин сасык жытынан кантип арылса болот?
Бат-баттан жуунуп туруу керек. Жайкысын күн алыстан киринип туруу зарыл. Самынды көп колдонууга да болбойт. Анткени, самын денени кургатып жиберет. Ошондуктан, гель менен жуунган дурус. Гель денедеги кирди гана кетирбестен, жумшартып, жакшы жыттантат. Андан сырткары колтуктагы жүндөрдү да тез-тезден алып туруу абзел.
Жакшы кийим тандап алышыңыз керек. Жайкысын бардык кийимдериңиз, желдеп тургандай болуш керек.

Колоңсону үй шартында дарылоо
Ромашканын кайнатмасын даярдап алыңыз. Ал үчүн 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, бир саатча коё турасыз. Кайнатмага 2 кашык содадан кошуп, колтукту сүртүшүңүз керек.
250 г сууга эмендин кабыгын кайнатып, бир даана лимондун ширесин кошосуз. Кайнатманы кебезге сиңирип алып, колтукту сүртөсүз. Мындай ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталасаңыз, тердебей каласыз. Колтугуңуз да лимон жыттанып, сасык жыттар кетет.
Уяттуу жерлерге барганда, лимонду жаныңызга дайыма сала жүрүңүз. Гигиеналык нымдуу жүзаарчы менен тазалаган соң, колтугуңузду лимондун бир кесими менен сүртүп койсоңуз, жаман жыт бир нече саатка жоголот. Кийимиңизге да так калтырбайт.
Дезодорантка аллергияңыз болсо, сода сизге жардам берет. Эртең менен сода аралашмасын ватага сиңирип, колтуктун алдын сүрсөңүз, кечке тердебей жүрөсүз.

Жинденгенде жаман жыт чыгат
Колтуктун, жамбаштын жана жыныстык органдардын айланасында тер чыгаруучу бездер көп жайгашат. Тер бездери адамдын маанайына жараша жыт чыгарып турат. Мисалы, маанайы пас, жинденген учурда адамдын денесинен жаман жыттар чыгат. Тескерисинче, маанай жакшы болгон убакта жагымдуу жыттар чыгат.
Жаңыдан тердей баштаганда жыныстык жактан өнөктөшкө жагымдуу жыт жыттанат.
Эркектин колтук тери кээ бир аялдардын айыз убагындагы стресске жакшы жардам берет.
Тер адамдын ден-соолугуна кандайдыр бир деңгээлде өз пайдасын тийгизет экен. Көрсө, колтуктун тери аркылуу организмдеги туз жана суу балансты сактап, ден-соолукка зыян келтире турган заттарды сыртка бөлүп чыгарат.
Адамдын организминде 3 миллионго жакын тер бездери болот.

Шыбоону элдик медицина аркылуу айыктыруу
Бор кислотасын дайыма эртең менен таманга сыйпаш керек. Кечкисин 35-40 ° жылуу сууга бутту чайкап туруш керек. 1 жума аралыгында бутка таза байпак кийип жүрсөңүз, буттун шыбоосу эки жумадан кийин жоголот.
Эмендин кабыгын майдалап, байпактын ичине салып жүрүңүз. Көп өлчөмдө салып алсаңыз, башыңызды оорутушу мүмкүн. Мындай учурда, бир нече убакытка токтотуп турганыңыз жакшы.
Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз да, шыбоо жоголот.
1 литр сууга 100 г эмендин жалбырагын салып, 20-30 мүнөтчө жай отко кайнатасыз. Кайнатма өтө муздай электе бутту 10-15 мүнөт салып турсаңыз, бир жумадан кийин буттагы шыбоонун жыты жоголот.
1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду жууйсуз. Эртең менен жана кечкисин туздуу суу менен жууп турсаңыз, 2 жумада жыт кетет.
1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бутуңузду эртең менен жана кечикисин жууп туруңуз. Бутуңуздун тердегени жана жаман жыты жоголот.
Күн сайын бутуңуздун манжаларынын ортосуна кайыңдын жалбырагын салып жүрсөңүз да шыбоонун жытын жөнгө салат.
Байпакка картошканын крахмалын салып жүрсөңүз, шыбоого жардам берет.
Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп турсаңыз, жаман жыт бат кетет.
Кечке басып жүрүп, бутуңуз жаман жыттанып калса, бутту сода аралашмасынан турган сууга 7-10 мүнөт сала турсаңыз, буттун сасык жыты кетет.
Дайыма териден (кожа) тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз, шыбоодон алыс болосуз.

Буттун тердешинин себептери:
Жабык бут кийим, жылуу жана синтетикадан тигилген байпак;
Бутка көңүл коштук мамиле;
Көп ойлонуу, стресс;
Оор жумуш кылуу, булчуңдарга күч келтирүү;
P.S. Материалды жазганга борборубуздагы "Анти-стресс" медициналык борборунун дермотологунун кеңештери пайдаланылды.