п»ї

  Шумдугуң кур

Жүрөктү титиреткен террористтер
Жер шарын дүңгүрөткөн, баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алган террористтер тууралуу кимдер гана билбейт. Жан кечти адамдар өз өмүрүн гана кыйбастан канчалаган күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыркып, жакындарын азапка салат. Террористтердин жашоосу, көмүскөдө жаткан турмушу жөнүндө маалымат беребиз.


Эң алгачкы курмандыктар
Жер шарындагы эң биринчи терракт XIX кылымда Лондондогу жертөлөөлөрдүн биринде катталган. Терракттын кесепетинен эң биринчи жолу 36 жаштагы Гарри ака Генри Питтс аттуу адам көз жумат. Гарри ака Генри Питтс Девоншир шаарчасында төрөлүп, кийинчерээк Лондого көчүп келген. 1897-жылы 26-апрелде болгон жардырууда алтымыш адам жаракат алып, бир гана Генри Питтс каза болот. Ушул эле жертөлөөнү террорчулар 1885-жылы 2-январда жардырууга аракет кылышкан, бирок ойлору ордунан чыкпай, бир да адам курман болгон эмес.

"Басып жүргөн бомбалар" кантип даярдалат
Башында террорчулук түйшүктү жалаң эле эркектер аркалап келсе, убакыттын өтүшү менен жашоодон кечкен террорчу-аялдар биринчи жолу Жакынкы Чыгыш тараптан пайда боло баштайт. Ал эми жаш балдардын ичинен эң алгачкы чыккан террорчу 12 жаштагы Палестинанын тургуну Ишам Хамад. Ал 1994-жылдын ноябрь айында денесине он килограмм жардыргыч заттарды байлап алып шаардын борборуна чыккан. Май куюучу жайдын жанына келип өзүн жардырып, аскер кызматкерлеринин бир тобу өлүп, бомба байланган баланын денеси бир нече бөлүккө чачырган.
1990-жылдан баштап террорчулардын 40% ын аялдар ээлеген. Эркектерге караганда аялдарды "даярдоо" алда канча жеңил, анткени алардын "психологиясын бурмалоо" оңой экенин уюштуруучулар өздөрү мойнуна алышат. Экинчиден, коопсуздук кызматкерлеринин, милициялардын көңүлүн эркекке караганда аял киши аз бурат. "Курдская Рабочая Партия" тобунун террористтери аялдардын кызматынан пайдаланып, аларды кош бойлуу кылып кийинтип, тапшырмага жөнөткөн учурлар көп катталган. Уюшулган операцияны ишке ашырууда көзгө көп чалдыкпаш үчүн европалыктардын стилине өтүүгө аргасыз болушат. Кыска көйнөк, бийик така, заманбап чач жасалга…

Эмнеден улам ушул жолду тандашат
Көбүнчө турмуш кура электе актыгынан айрылган кыздар ушул жолду тандашаары көп байкалган. Өзүнүн өмүрүн өзү кыйып, башына түшкөн түйшүктөн арыла алам деген ойду көпчүлүгү көкүрөгүнө түйүшкөн. Ал үй-бүлөсү бар аялдардын айрымдары жакындарына материалдык жардам көрсөтүү ниетинде ушул жолду тандашаары айкын болду. Ал эми айрымдары, үй-бүлөсүнөн бирөө-жарым душманын колунан каза таап, же саясий ишмерлерден кордук көрсө өч алуу максатында өзүнүн башын өлүмгө байлашат. Мындан сырткары туткунга алынып, туугандарын коркутуп-үркүтүп, зордоп ушундай кадамга баргандардын да саны арбын. Адистердин айтымында эркек-террорчуга салыштырмалуу аял-террорчулар алда канча кооптуу болушат.

Белгилүү террор
"жылдыздары"
Фанни Каплан (1887-1919)
Аялзатынан чыккан алгачкы террор. Бай үй-бүлөдө чоңоюп, кийин кылган кылмышы үчүн абака отурган. Көзүнүн көрүүсү начарлап, Октябрь революциясы учурунда эссерлер тарапка өтүп, Владимир Ленинди өлтүрүүгө аракет кылган. Ленин катуу жаракат алып, Фанни Капланды атып өлтүрүшкөн.
Лейла Халед (туулган жылы жөнүндө так маалымат жок)
Жүргүнчүлөрдү ташый турган аба учагын айдап качканга аракет кылган айым. Жарды үй-бүлөдө чоңоюп өскөндүктөн эс тарткандан баштап эле жакшы жашоого умтула баштайт. 1970-жылы экинчи ирет учак айдап качып баратканда кармалган. Учактагы жүргүнчүлөр бошотулуп, Хелен камакка алынат. Кийин абактан чыккандан соң, (учактарда эмне өчү бар экенин ким билсин) 250 жүргүнчү уча турган учакты жардырып, өзү кошо өлгөн.
Софья Перовская (1853-1881)
Террористтик актыларды уюштурган биринчи айым. Бай үй-бүлөдө чоңоюп өскөн, үйүнөн чыгып кетип өз алдынча жашоосун жайгаштырам деп мугалимдик кесипке ээ болуп, айыл жергесинде ишке орношот. Александр II падышага кол салууда катышып, жыйынтыгында он адамдын өмүрү кыйылган. Кийинчерээк София Перовская колго түшүп, өлүм жазасына тартылган.
Ульрике Мейнхоф (1934-1976)
Германияда профессордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Филологиялык билимге ээ болгондон кийин, жогорку окуу жайларда сабак берип, бир нече илимий китептери жарык көргөн. Көптөгөн террордук жардырууларды уюштуруп, өзү 1974-жылы колго камакка алынган. Соту болгонго чейин эле белгисиз себептер менен көз жумган.

Террористтердин
түрлөрү
Террорист-суициддер
Депрессияга түшүп, жашоонун маңызын сезбеген жандар. Аларды жакшы жашоого жетелей турган нерсе дээрлик жок, андай азаптан көрө жашоосун кечкендер жогорудагы жолду тандашат. Тапшырманы аткарып жатканда алар, "жасап жаткан ишим башкалар үчүн пайда алып келет" деген ишенимди бекем кармашат. Терроризмди уюштуруучулар үчүн суициддер чоң табылга. Алардын психологиясын тарбиялаганга анча деле көп эмгек жумшашпайт.
Террористтер-психопаттар
Аты айтып тургандай эле, аң-сезими бир орунда эмес, "урушаарга тоо, урунаарга жоо" таппагандар. Өздөрүн дүйнө жүзүнө таанытып, бир ок менен эки коёнду атканга маштар. Буларды бир аз ыштап, "желмогуз" көрсөтүп койсоң эле алдыда турган тапшырманы ашыгы менен аткарышат. Булар үчүн биринчи кезекте акча турат, ири суммадагы акчаны көрүшсө ойлонбостон айтылган сунушка моюн сунушу мүмкүн.
Террористтер-инфантилдер
Тиги дүйнөнүн бар экенине катуу ишенип, ошого карманып жашагандар. Жалган дүйнөдөгү ыплас көрүнүштөрдөн оолактап, чын дүйнөгө кеткиче шашышат. Уюштуруучулар бул топтогу террорлордун сабатсыздыгынан пайдаланып, көп деле каражат жумшашпайт.
Террорист-курмандыктар
Жогорудагылардан айырмаланып, бул жолго "мойнунан байлаган иттей" болуп аргасыз террорлук жолду тандашат. Акчага көз каранды болуп же туугандарын (өзүнүн өлүмү менен болсо да) кийинки жашоосун ойлошот. Террорду уюштургандар алардын алсыз жерин билип ошого басым жасашат. Коркутуп-үркүтүү менен көздөгөн максатына жетиши мүмкүн. Көпчүлүк учурда мындай террорлорду абага самолёт менен алып чыгышып, парашютун жулуп алып жерге таштамай ыкма кеңири таркаган.
Канча чыгым
алып келет
Көптөгөн адамдардын өлүмүнө, талкаланган жайларга, шаарларга террорчулар канча каражат жумшашат? Мисалы, АКШда 1992-жылы "Эндрю" деген аталыштагы "бороонго" 21 миллирард каражат жумшалса, 2001-жылдын 11-сентябрындагы жардырууга 135 миллиард доллар кеткен. 2004-жылы Мадридде болгон жардырууда "Аль-Каида" террористтик тобу бир эле күндө 13 жардыруу жасап, 200 адамдын өмүрүн алышкан. Ушул операцияга алар болгону 11 миң евро сарпташканы маалым болду.
Ал эми Израилде террактык операцияны даярдоого орто эсеп менен 3,5 миңден 50 миң доллар жумшалат, террористтер болсо башка өлкөлөргө караганда алда канча арзан тураары маалым.
Чеченстанда болсо кичинекей балдарды жалдап, керектүү жерге жардыргыч затты таштап келүүгө терракттын уюштуруучулары 50 рублден кем беришпейт.
2002-жылы Чеченстанда өкмөт үйү жарылганда уюштуруучулар террористке 400 гана доллар төлөп беришкен. Жыйынтыгында 70 адам көз жумуп, 200 киши оор жаракат алышкан.

М. Мусаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??