п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-114-01. Акылбек, неге сага мынчалык байланамын,/ Көңүлүмдү үзө албай кыйналамын./ Сүйгөн жарың бар экенин билсем дагы,/ Неге сенден үмүтүмдү үзө албаймын./ Көмөчхан.
ОП-114-02. Жазда өскөн гүл үчүн,/ Кышта жааган кар үчүн,/ Окурмандарга кабар берген,/ Ырымды сунам "Обон" үчүн./ Аси.
ОП-114-03. Менин саламым 57-мектептин 10"Г" классына жана Айзирекке жолдонот. Мирбек байке, сизге суроом: Сиз окууга тапшырып жатканда "шапкасына" канча акча бердиңиз эле же өзүңүздүн күчүңүз менен өттүңүз беле? Намаз окуйсузбу, жиниңиз келгенде эмне кыласыз, киного тартылганга сунуш түшсө макул болот белеңиз? Каныкей.
ОП-114-04. Мен 11 жылдан бери бор, топурак жейм, азыр бөйрөгүм ооруп, буттарыма жара чыгып жатат. Эмне кылам, кененирээк маалымат берип койгулачы? Бурул.
ОП-114-05. Фигурный жигиттер менен таанышам, атым Альбина. 0554250793.
ОП-114-06. Жаап жаткан жаан сымал төгүлүп,/ Сага болгон ошол сезим көбүрүп./ Сенсиз өтсөм бул жашоодо арман көп,/ Өмүрдөгү таттуу сезим сөгүлүп./ 07051503хх.
ОП-114-07. Ислам Акматов, сизге ийгилик каалайм! Мырзагүл
ОП-114-08. Туубузду туу тутуп аластадык, Ак үйдөгү шайтандарды айдадык. 07786872хх.
ОП-114-09. Заманыбыз оңолсо да, ажобуздун алкымы оңолбоду. Алга эл! 05526566хх.
ОП-114-10. "Обон" гезитинин смсчилери, мени кошуп алгылачы? Бардыгыңарга узун өмүр! 07788064хх.
ОП-114-11. 17-18 жаштардагы казак, түрк жигиттер менен таанышам. 0554250793.
ОП-114-12. Султан, сен ар дайым менин жүрөгүмдөсүң. Сени сүйгөн Гүлкайыр.
ОП-114-13. Улуу урматтуу Курманбек Бакиев кеткенде өз үйүмдөн атам кеткендей болуп калдым. Биоланка.
ОП-114-14. Эл-журт жер талашып өз камыңарды ойлобой, ооруканадагы патриот жигиттердин камын ойлобойсуңарбы! Жер качпайт, а жигиттерибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. 07714717хх.
ОП-114-15. Мирбек сахнада татыктуу эмгектенип, кыргыз элибиздин эсинде кала турган ырчы болооруңа мырза катары ишендире аласыңбы? Нурзада.
ОП-114-16. Салам Ош. Мен Кара-Суу районуна караштуу Кенжекул айылына салам жолдойм. Мени тааныгандар болсо чалгыла. Элиза. 0777086031.
ОП-114-17. Сүйүүнү кандай адам ойлоп тапкан./ Бул сүйүү баарына тең бирдей жаккан./ Сүйүшүп сүйгөнүнө жете албай,/ Бул жашоодон нечен адам каза тапкан./ Айка.
ОП-114-18. Нурмира, сен бактысыз эмессиң, айланаңда карегиң менен тең айланган адамдар бар. Мисалы Эльдар. Ал сени бактылуу кыла алат деп ишенем. 07714717хх.
ОП-114-19. Музадан бардык смсчилерге салам. Патриот мен сени менен жакындан таанышкым келет. Мумкунбу? 07714717хх.
ОП-114-20. Акимов Авазга арналат: Сагындым жаным сизди,/ Сагыныч жүрөктү эзди./ Сүйөмүн жалгыз сизди,/ Бир өмүр билесизби./ Айпери.
ОП-114-21. Салам Атаке. Эмне деп жатканыңды билесиңби? Бир шапалактан үн чыкпайт, качан гана эки шапалак урулганда үн чыгат. Эмне кыласың сөздү көбөйтүп, сен унчукпай эле кой, ал айтып-айтып чарчайт. Түндүк-түштүк дегенди токтотолу. Баары мына ушундан башталат. Гузи.
ОП-114-22. Кандайсыз Мирбек, чыгармачылык иштериңиз жакшыбы? Эмне көрүнбөй калдыңыз, сиз менен жолуксам болобу? Мен сизди жакшы көрөм. Ишиңизге ийгилик! 07784319хх.
ОП-114-23. Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Сактангыла, азыр махабат облусунда сүйүү оорусу таралууда. Оорунун белгилери: сагынуу, ойлонуу, куса болуу, жүрөк сыздоо. Эгерде ушул оорулар пайда болсо тезинен 0771899391 номерине смс жазыңыздар. 00.гө чейин дем алышсыз иштейт врач. Н. Аси өзү дарылайт. Аси.
ОП-114-24. Ата-энеме, биртуугандарыма жана балама салам. Ар дайым менин бактыма бар болгула! Эля.
ОП-114-25. Алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, тар жолдо кенен баскан, тамаша сүйлөп ыр ырдаган сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам. Алга Мирбек! Сабина. 0778140906
ОП-114-26. Менин саламым сүйүктүү досторум Зуби, Гуля, Гулми, Кани, Зариге жолдонот. Силердин алдыдагы келе жаткан Мам.экзамендериңерге ийгилик каалайм. Алдыга койгон максатыңарга жетип, бактылуу болушуңарга тилектешмин. Гузи.
ОП-114-27. Нур туулган күнүң менен! Бактылуу болуп сүйгөнүңө жет. 07786214хх.
ОП-114-28. Караколдо больницада жаткан Каныкей эже, жакшы болуп кетиңиз. Аман-эсен капчыгайга жетиңиз, бар болуп бактылуу болуңуз. Минура.
ОП-114-29. Бакыт деген акча, байлык сом эмес,/ Бакыт каалайм эч нерсеге теңебес./ Жүрөгүмдөн чыккан ушул каалоомду,/ Окуп койгун болсо дагы смс./ Бул ыр саптары сүйгөнүм Өмүрбекке арналат. Сабина.
ОП-114-30. Учса да канаттуулар эки-экиден,/ Учууга канатым жок сени издеген./ Жылдыз болуп ыр ырдап жүрсөң дагы,/ Үмүт бар жолугууга Мирбекке деген./ Мирбек, сага чың ден-соолук каалайм. Жүрөгүңдөн ыйман, жүзүңдөн күлкү кетпесин! Айчүрөк.
ОП-114-31. Эрте жазда кайтып келет ак куулар,/ Арасында жалгыз учкан ак куу бар./ Суу үстүндө көзүнөн жаш мөлтүрөп,/ Сүйгөнү жок ак сүйүүсүн тартуулайт./ Боздоп ыйлап, жашын төккөн ак куудай,/ Болдум мен жалгыз учкан ак куудай./ Босогосун аттап кеттиң бир өзүң,/ Боздоп калдым ошол жалгыз ак куудай./ Саха.
ОП-114-32. Эс алуум көпкө узарып кетти окшойт. Байкасам аябай эле алыстап кетиптирмин силерден. Эми дайыма бирге болобуз. "Обондон" тапкан досторум кандайсыңар? 07771002хх.
ОП-114-33. Окко учкан баатырларыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөм. Жолон.
ОП-114-34. Саламатсызбы Мирбек, сизге чыгармачылык ийгилик, талыкпаган эмгек, беттеген багытыңыздан адашпай, баскан жолуңуз даңгыр болуп, эч качан ташыркабай бул жашоодо татыктуу жашап, из калтырышыңызды каалайм! Кайыргүл.
ОП-114-35. Жездем Медердин 21-апрель туулган күнү кут болсун. Сизге ден-соолук, узун өмүр, эжем Назгүл экөөңүздөр бактылуу болуңуздар. Балдызыңыз Нургуля.
ОП-114-36. Ороз, сени гана сүйөм. Башка сенсиз тойго барбайм, жолборсум менин. Коен.
ОП-114-37. Салам Фея. Смстериңдин эсебин билесиңби? Ар бир смстин автору Фея. Жаман эмес, эң сонун. БР.
ОП-114-38. Бул жарык дүйнөгө алып келип, алпештеп баккан алтындай болгон апам Жийдеге чоң салам. Кызыңыз Нургуля.
ОП-114-39. Ырдалып сонун ырлары,/ Замандын ушул жылдары./ Кыргыз баатыр кулуну,/ Мен сүйгөн Мирбек турбайбы./
ОП-114-40. Токтогулдук балдар чалгыла. 0773829224.
ОП-114-41. Сагындым бир өзүңдү айда-жылда,/ Айтарым кеч болсо да табам айла./ Сүйсөм да айта албаймын ичтен сызам,/ Аттиң ай болсок бирге бул турмушта./ А.Айдай.
ОП-114-42. Кызыл-Кыя медколледжинин 31 с/д группасынын кыздарына супер салам. 07715350хх.
ОП-114-43. Омар, Борончу, Элмирбек, Назик, Аскат алга! 05528500хх.
ОП-114-44. Мирбек Иманбековго арналат: Жүрөктөгү махабатым дастаным,/ Кабыл алдым бул ырымды сага жаздым./ Айтылбаган тунук сүйүүм жалгызым,/ Сага арнадым жүрөктөгү тун сүйүүм./ 07724356хх.
ОП-114-45. Сиздин сүйүүңүз алдадыбы,/ Же махабаттын жалганыбы./ Жалгыз калган жадап турган,/ Жаратканым сиз салдыңыз кайгы-муңга./ Сезимде жаңылдымбы,/ Сүйбөгөнгө жалындымбы./ Сезбегендин баркын бил деп,/ Телефонуңузду өчүрүп салдыңызбы?/ 07726373хх.
ОП-114-46. Жаным Алина, мен сени сүйөм. Сен мен үчүн ааламда бир гүлдөөчү жалгыз гүлүмсүң, сенин мишкаң Дамир.
ОП-114-47. "Обон" аркылуу тапкан менин сүйүктүү досторум Нура92, Эльдос91, Жаземил, Жипариза, Айпери89, Ангел Асем, Эламан, Табигат сырдуу Алтынай, Алина94, Нуржамал93 жана Казак кызы Амангүл эжеге, Айчүрөк93кө менден ысык салам. Бири-бирибизди эч качан унутпайлы. Алина93.
ОП-114-48. Демирге: Садагам күнөөлөбө түшүн мени,/ Ыймандай сырым ушул ичимдеги./ Жанымдай сүйүп, бирок айталбаган,/ Жабыктым жалбырактай күзүндөгү./ 0718993
ОП-114-49. Урматтуу Ильяз Абдыразаков, эч качан оорубаңызчы, айтмакчы, Малика сизге татыбайт. Суранам, аны жактырбаңызчы?! 07787226хх.
ОП-114-50. Кандайсыз Мирбек байке, сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Адылова Марина.
ОП-114-51. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына салам. Айжамал.
ОП-114-52. Саламым сүйүктүү атам Назарга, апам Зыпанга жолдонот. 07771282хх.
ОП-114-53. Эшперовдук Жылдыз, сага Мирланды кантип тарттырып жибергенимди билбейм. Угуп алып жаман абалда калдым. Мени аяп койчу, Микуну унут макулбу? Сырдуу бийкеч.
ОП-114-54. Кандайсыз Мирбек, чыгармачыл иштериңиз жакшыбы? Эмне көрүнбөй калдыңыз, сиз менен жолуксам болобу? Эля.
ОП-114-55. Кыргыз элиме алыскы Москва шаарынан салам. Уулуңар Давлет.
ОП-114-56. Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Бекматов Бакытка салам жолдойм. Бека.
ОП-114-57. Май айылындагы Б. Узенов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам. Ак жол силерге алтындай болгон классташтарым. Жанархан92.
ОП-114-58. Студенттерге жана окуучуларга жумуш берилет. 0777442472.
ОП-114-59. Мен да башка окурмандар сыңары Ажолукка А. Нарматовду шайлайт элем. Таласың, Ошуң, Америка, Кытайың деле бир Аллахтын жери. Бөлүнбөй бир бололу! 05572110хх.
ОП-114-60. Достор, мен билгенден ар бир нерсенин чеги болот, туурабы? 07775614хх.
ОП-114-61. Мен 25-30га чейинки ыймандуу кыздар менен таанышам. 0778581677.
ОП-114-62. Өткөөл мезгилдин өксүктөрү, бирөөлөр кол шилтеп коер, бирөөлөр жата калып окуур. Ал ар кимдин өз иши,эрки. Бирок, бул калкка деле жаңылык эмес. Баягы эле айтылып келген ой-пикирлер. Ыйманымдай ысык көргөн Мекенимде ырдай турган ырым бүгүн ый беле?! 07716967хх.
ОП-114-63. Алтынай Нарбаева мага жагат. Ишиңизге ийгилик, бар болуңуз. Күйөрманыңыз Сабина.
ОП-114-64. Бийлигибиз бийиктеп, асабабыз айрылбай, жаңыдан гана учканы жаткан канатыбыз кайрылбаса экен. Саясатчы.
ОП-114-65. Бактыгүл Бадыева мен сиздин талантыңызды баалайм. Мага телефон чалыңызчы? Сабина.
ОП-114-66. Мен "Кумир менен баарлашууга" И.Мирбек байкени күтүп жүргөм. Күткөнүм келди, бирок жолуга аламбы? БР.
ОП-114-67. Оштуктарга шек келтирбегиле! Бакиев бир жакшына эле иштеп атты эле го, деги элге эч нерсе жакпайт. Өлгөн 84 адамга Бакиев эч качан күнөөлүү эмес! Саясат.
ОП-114-68. Нурланчик жаным, сен сулуу эмессиң, бирок жылдыздуусуң. Дагы бир жолу сүйөм сени шириним. 07726373хх.
ОП-114-69. Нурлан, билем сен "Обонду" окубайсың, эмне болсоң да сен менин сүйүүмдөгү жигитсиң. Жактырганымды билесиң. А неге унчукпайсың? Сырдуу кыз.
ОП-114-70. Досторумду унутпай мен эстеп келем,/ Жолуксак деп ар дайым эңсеп келем./ Достуктан жаман эч нерсе жок бул дүйнөдө,/ Досум деп душмандарды жеңип келем. Ырысбек91.
ОП-114-71. Кандайсыз Мирбек байке, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз го, сиздин ырларыңызды абдан жакшы көрөбүз. Сиз чындыгында таланттуу ырчылардын бирисиз. Өзүңүздүн жөнөкөйлүгүңүз жана жылдыздуу келбетиңиз менен башка ырчылардан айырмаланып турасыз. Ишиңизге ийгилик, бар болуңуз! 07781976хх.
ОП-114-72. Билесизби Мирбек байке, азыр түнкү саат 02.02.болду, сиз менен жолуксам экен деп тилек кылдым. Мен сизди сыйлайм, жактырам, аман болуңуз! Ади.
ОП-114-73. Улан мен сени сүйөм. Сенин ар бир сүйлөгөн сөзүң, жагымдуу күлкүң менин ичимди элжиретет. Мен сени сагындым жаным. Айгүл.
ОП-114-74. Сен гүл, мен аары,/ Сен оору, мен дары./ Сен сотка, мен симка,/ Бербеймин сени башкага,/ Түшүнсөң боло алтышка./ Жанарбек89.
ОП-114-75. Тамара эч жадабайт экенсиң, кайра-кайра жазып таанышам деп, же эмне мен сага аздык кылып жатамбы? Жони.
ОП-114-76. Ой-бай Тамара, сени не жигиттер жактырбай жатабы? Эми жазбачы?! "Обонду" булгап койдуң. Жони.
ОП-114-77. Мейли эми арга жок, жүрөгүм кыйналса да коштошот окшойбуз. Эч качан жүзүңдөн жылмаюу кетпесин, бактылуу бол тапкан жарың менен! Жанарбек89.
ОП-114-78. Сариев Темир мырзанын Бакиевдерге тиешелүү акчаны тапкандыгы, аны элге жумшагандыгы кубандырбай койбойт. Саясатчы.
ОП-114-79. Присавайды гүлдөткөн 93түн кыздарына жана кыздардын баарын сүрдөткөн 93түн балдарына чоң салам. Ынтымак командасы.
ОП-114-80. Ордолуу Ош шаарыма асылба,/ Атаке, сен да Жалал-Абадга жетпейсиң./ Жыргатып баарын салсаң да,/ Башыңдан балээ өтө элек./ Баткенге сен асылба,/ Баласың али жашсың,/ Маңкурттукка малынба./ Май басып калса көзүңдү,/ Маараба сен ашыкча./ 07731193хх.
ОП-114-81. Мирбек балам кандай, менин атым Назира, жашым 55те, үч кызым бар. Жакында ырымдап бала багып алдым. Баламды эшиктен алып киргенде көзүмдөн жаш агып, Мирбек Иманбековдой ырчы болсун деп тилегем. Аты Бекболсун, 3 ай болду. Өмүрүң узун болсун! Балам менен сүрөткө түшүп койчу? 07703150хх.
ОП-114-82. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына, смсчилерине чоң салам. Талантыңар ташкындай берсин, дайым ден-соолукта болгула! Ырысбек91.
ОП-114-83. М. Иманбеков алдыга карай умтулуп жүр! Ар дайым аялзатын сыйлаган мырза катары билем. Нур.
ОП-114-84. Мен алтын апама бардык жакшылыкты Кудайдан тилейм. Нуржан.
ОП-114-85. Мен кыргызымдын супсулуу жана ыймандуу кыздары менен таанышам. Жашым 22де. Бишкектен Рома. 0522606хх.
ОП-114-86. Досум Ырысбек, "Обондун" мыкты обончусу боло бер. Досуң Майрам.
ОП-114-87. Оштун жигиттери азаматсыңар! Биз силер менен сыймыктанабыз. "Ата-Журт" КВН командасындагы Эр Төштүк азаматсың, талантыңа таазим этебиз! Кыздар.
ОП-114-88. Менин саламым курбу кызым Гуляга жолдонот. Өмүргүл.
ОП-114-89. Бактылуу болгум келет махабаттан, жүрөктө эс тарткандан. Жанарбек89.
ОП-114-90. "Обондун" супер смсчилери алга! Бар болгула! Ар дайым өнөрүңөр өркүндөй берсин! 07786058хх.
ОП-114-91. Саламатсызбы Мирбек байке, кийинчерээк көрүнбөй кеттиңиз го? "Ар бир адам өз бактысынын устаты" -дегендей, сиз бактыңыздын формуласын түзө алдыңызбы? Сиз өзүңүздү патриотмун деп ойлойсузбу, эгер патриот болсоңуз Манастын жети осуятын айтып бериңизчи? Рыскул.
ОП-114-92. Бизди кудайым жаратыптыр бул дүйнөгө, жашасын деп таратыптыр. 07786058хх.
ОП-114-93. "Обон" гезит жашап келет биз үчүн./ Аары келет деп турган гүл үчүн./ Барктайлычы кыргыз тилин дайыма,/ Биз сүйлөйбүз кыргыз тилде эл үчүн./ Ырысбек91.
ОП-114-94. Мен 0777586545 деген номерди иштетип жүргөн Асема аттуу кызды издеп жүрөм. Билгендер болсо 0778398139 номерине звонок кылгыла, сураныч. 07783981хх.
ОП-114-95. Досум, кыздар менен азыраак сүйлөшсөң боло. 07786058хх.
ОП-114-96. Салам Нуржан, Айдай, Гүлжаз мага кабарлашып койгулачы. Ырысбек91.
ОП-114-97. Асманда Ай жалгыз, Күн да жалгыз, Карап койгула жерде мен да жалгыз. Жанарбек89.
ОП-114-98. Намаз окуган кыздар менен таанышам. Кааласаңар смс жазгыла. 0770414769.
ОП-114-99. Смсчилер мага жардам бергилечи, сүйгөн адамыман айрылып каламбы? Айка.
ОП-114-100. Султанчик, сени сүйөм чын жүрөктөн билсең эгер,/ Сага деген сүйүүмдү сездиң бекен./ Аттиң ай жетпешимди билсем дагы,/ Сага деген сезимди күчөтөт сүйүү деген./ Гүлкайыр.
ОП-114-101. Каалаймын тунук сүйүү асылдарды,/ Адамга керек болгон бак-таалайды./ Алдыда эмне ойлоп максат кылсаңар,/ Дайыма аткарылсын анын баары./ "Обондун" смсчилерине арналат. Майра 05515424хх.
ОП-114-102. Жамал досум, кыздар менен азыраак сүйлөшүп, көбүрөөк иште. Жанарбек89.
ОП-114-103. Жамал, кыздар менен азыраак сүйлөшсөң, байпак алмаштыргандай алмаштырасың да кыздарды. Жанарбек89.
ОП-114-104. М. Иманбековдой мыкты доске болуш кыйын. Жараткан колдосун! Сенчелик боло албай жүргөндөр көп. Ийгилик сага! Жалал-Абаддан доскең Кануля.
ОП-114-105. Кандуу кагылышта жарадар болгон кыргыздын эр-азамат жигиттеринин аман-эсен сакайып кетишине тилектешмин. Мындан аркы жашооңор жакшы болуп, телегейиңер тегиз болсун. Айдин.
ОП-114-106. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөйлүчү, "Бөлүнгөндү бөрү жейт" деген сөз бекер жеринен айтылган эмес. Кыргыз сураштыра келсе эле баары биртууган. Жамил.
ОП-114-107. 137-маршрутту айдаган бардык байкелерге салам. Ислам.
ОП-114-108. Чика кандай, ден-соолугуң жакшыбы? Эмне байланышпай калдың? Мен сени сагындым. Акыл.
ОП-114-109. Азыр бешиктеги баладан бөкчөңдөгөн кемпир-чалга чейин саясатчы, ырчы! Партия.
ОП-114-110. Бактыгүл Бадыева көрүнбөй кайда жүрөсүң? Тим эле эмгегиң сиңип калгансып саякатчы бака болуп кеттиң го. Айым.
ОП-114-111. Ислам Акматов жөнүндө кеңири маалымат берип койгулачы? Мээрим.
ОП-114-112. Тырмакты кантип оңдосо болот? Менин тырмагым кичине өссө эле бат-бат сына берет. Сиздерден жооп күтөм. Бермет.
ОП-114-113. "Обондун" жалпы смсчилерине, окурмандарына ийгилик! Жандос.
ОП-114-114. Чоң үй сатып алам, бардык шарты менен. Арча-Бешик жак болсо жакшы болот эле. Дамир.
ОП-114-115. Бардык кыргыз элимди келе жаткан Эмгек майрамы менен куттуктайм! Эмгегиңердин акыбети кайтсын. Ишиңерге ийгилик. 07724494хх.
ОП-114-116. Телефондон таанышып, сүйүп калууга мүмкүнбү? Гүлжаз.
ОП-114-117. Асема, мен сени сүйөм. Сен үчүн баарына даярмын. Акылбек.
ОП-114-118. Атам Нурдинге, апам Айжанга салам жолдойм. Балдарыңардын сый-урматына бөлөнүп, биздин бактыбызга бар болуңуздар! 07008410хх.
ОП-114-119. №1 Новопавловка мектеп-лицейинин бардык бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм. Келечекте кыргыз эли сыймыктанган инсандардан болушуңарга тилектешмин. 07709060хх.
ОП-114-120. Мирбек Атабеков өнөрүң өркүндөй берсин. Ар дайым бар бол! Сауле.
ОП-114-121. Куршабдагы атам Кубанычка, апам Айгүлгө чоң салам. Жаңыл.
ОП-114-122. Мирбек Иманбеков ар дайым алга! 07784319хх.
ОП-114-123. "Обон" сиздерге ак жол! Ишиңиздер илгери болсун! Дина.
ОП-114-124. Адылбек жаным, мен сени сүйөм. 9 "Б"класстагы жаның.
ОП-114-125. Мирбек Иманбеков эмне көрүнбөй калдыңыз, кызыңыз кандай жүрөт? Иштериңизге ийгилик. Сизди сүйгөн бир кыз.
ОП-114-126. Кандайсыз Мирбек, чыгармачыл иштериңиз жакшыбы, эмне көрүнбөй калдыңыз? Мен сизди жакшы көрөм. 07784319хх.
ОП-114-127. Мен семиз кыздар менен таанышам. Боюм 190см, салмагым 150кг. Маякка жооп жок. 0771106086.
ОП-114-128. Мирбек Иманбеков ар дайым бар болуңуз! Сизди урматтаган күйөрманыңыз 07777835хх.
ОП-114-129. 69-мектепте окуган Махмутбай кызы Чынарага салам. Окууларына ийгилик! Сауле69.
ОП-114-130. Рустам+Айдай, Акыл+Нурзат, Азамат+Жанара=сүйүү. Асел
ОП-114-131. Бою узун, сулуу оштук кыздар менен таанышам. 0554042489.
ОП-114-132. Арендага унаажуучу( автомойка) жай издейм. 0556660024.
ОП-114-133. 5 жыл мурда учуп кеткен Ой-Тал орто мектебиме сагынычтуу салам. Жумагулов Азамат
ОП-114-134. Туугандар өлкөбүз оор тагдырды башынан өткөрүп жатат. Кыргыздар бөлүнбөйлү. Түндүктүктөр Айдан, түштүктүктөр Күндөн түшкөн эмес. Опокшош эле шордуу кыргыз! Мундуз Ибраимов.
ОП-114-135. Жоомарт ишиңе ийгилик, бекем ден-соолук! Аида.
ОП-114-136. Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев кыргызга бел боло турган бирден -бир азамат! Эшболот.
ОП-114-137. Азамат байке мен сизди көптөн бери издеп жүрөм. Сагындырып кайда жүрөсүз? Гүлмира.
ОП-114-138. Дайырбек байке Каркыра сатылганда жумуртканы жакшы эле жедиңиз эле, эми акыйкаттык келди. Силер да таза болгула, ийгилик! Диля.
ОП-114-139. Көңүл ачканга кыз-келиндер менен таанышам. Сулуу жигитмин. 0772493726.
ОП-114-140. Мирбек Иманбеков байке саламатсызбы, балаңыз канчага чыгып калды?07789054хх.
ОП-114-141. Санатбек бекинбей беш жылдыкка акча бербейсиңби?! Темиркул.
ОП-114-142. Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат, сулуу кыздар барбы? 0778721747.
ОП-114-143. "Болашак" базарынын 7-катарынын 203-орунунда отурган акам Самарбек, жеңем Кызжибекке салам. Ишиңиздерге ийгилик, аман болуңуздар! Жанарбек89.
ОП-114-144. Таң атканда булбул өзү сайрады,/ Дарактарда бүчүр болуп байлады./ Жаз келди деп сүйүнүштү элибиз,/ Тынч болсун дейм Кыргызстан жерибиз./ 07704147хх.
ОП-114-145. Нарындыктарга чоң салам! Назик
ОП-114-146. Урмат, Неляга салам. Чыгармачылык ийгилик, изденүү, конкурста жеңишке жетишүүнү каалайм! Күйөрман кыз.
ОП-114-147. Учурда мекенибиз оор акыбалда, Кудайдан тынчтык тилеп, бирдикте бололу! 07731732хх.
ОП-114-148. Нарын шаарынын Бөжөнсарайында жашаган атам Сүйүндүккө чоң салам жолдойм. Кызыңыз.
ОП-114-149. Майрамбек, сен экөөбүз качан жолугабыз? Мен сени сагындым. Аймира.
ОП-114-150. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол! Келечегиңер кең болуп, максатыңар орундалсын менин теңдештерим. Кыйбас.
ОП-114-151. Аялдын сүйүүдөгү даражасы, анын сүйгөн жигитинен байкалат. В. Белин. Айгерим95.
ОП-114- 152. Салам "Обон". Чыгармачылык ийгилик, бар болгула, аман болгула! Каракол.
ОП-114-153. Салам Мирбек, сага кааларым өмүрүңө узундук, жүрөгүңө сүйүү, денеңе сактык, мүнөзүңө шаттык, жашооңо бакыт. Гүлкайыр.
ОП-114-154. "Чонострой" ресторанында даамдуу тамак жасаган Бегимайга 3-кабаттан жалындуу ысык салам. Ишиңе ийгилик, бекем ден-соолук каалайбыз. Кыздар.
ОП-114-155. "Обондун" супер смсчилерине ысык салам. Дайыма бар болгула! Айчүрөк93.
ОП-114-156. Акимов Авазга арналат: Жакшы көрөм, бирок сага айталбайм,/ Жүрөгүмө бул сырымды ката албайм./ Жакын басып келип калсаң жаныма,/ Сүйөмүн деп айтайын дейм, негедир айта албайм./ Айпери.
ОП-114-157. Дайыр Исмадияров эмне мынча сулусуң? Көз тийбесин. 07704342хх.
ОП-114-158. Жалгыздыкта өткүм келбейт,/ Армандуу күнгө баткым келбейт./ Ак куу болуп учкум келет,/ Учуп бара жатып жарым жолдон досумду тапкым келет. Айгерим96.
ОП-114-159. Салам Кыргызстан! Кыргыз кыздарына суроо: Бул жашоо эмнеси менен кызык? +790258373хх.
ОП-114-160. Атым Айгерим, 1995-жылкымын. Туруктуу 95-92-жылкы мырзалар менен таанышам. Сулуу кызды издегендер болсо чалгыла. 0772330663.
ОП-114-161. Сүйүүнүн бир сааты- бүтүндөй бир турмуш. О. Бальзак. Айгерим95.
ОП-114- 162. Казармандагы ата-энем Эргеш, Анарага салам жолдойм. 07780418хх.
ОП-114-163. 16-20 жаштагы Оштук балдар менен достук үчүн таанышам. Каныкей 0551177097.
ОП-114-164. Мен Неля менен Урматты аябай жакшы көрөм. Неля, Урмат бактылуу болгула деп Кызыл-Жардан Абдырахман.
ОП-114-165. Достук сууй баштаганда, сылыктык күч ала баштайт. В. Шекспир. 07723306хх.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??