п»ї

  Кыргыз көчү

Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"
Ар бир улуттун өзүнүн улуттук тамак-аштары бар. Ар бир эл өзүнүн рухий дүйнөсүнө жараша тамак-аш жасоону жаратып, аны өнүктүрүп келген. Кыргыздардын ошондой тамак-ашынын бири "Ташкордо" деп аталат. Ташкордо мергенчилердин тамагы. Илгери мергенчилер тоого чыгып, кийик атып, ага ар нерсени кошуп, анан жерге көмүп бышырып жешчү экен. Жесең даамы таңдайдан кетпеген Ташкордону жасай алган адамдар чанда гана кездешет. Алардын бири Төлөгөнов Мурат.


- Мурат байке, Ташкордо жасаганыңызга канча убакыт болуп калды?
- Абдан мыкты жасап жатканыма беш жылдай убакыт болуп калды. Менин биртууган агам Райымбек 18 жылдан бери жасайт. Башында бул тамакка анча деле маани берген эмесмин. Улам ташкордого суроо-талап жогорулап жаткандан кийин үйрөнүүгө туура келди. Ташкордо жасоо ар бир кишинин эле колунан келе бербейт.
- А сиз кантип үйрөнүп алдыңыз?
- Ташкордонун рецеби бир китепке чыккан. Ошондон маани берип окуп анан бирди жасап көрдүм. Бара-бара такшалып, азыр беш колдой билем. Үй-бүлөм да жардамдашып дайым жанымда.
- Рецеби менен тааныштыра кетпейсизби?
- Ташкордону оттун табына бышырат. Адегенде малды мууздап, терисин сыйрып, ичин аңтарып, ичи-тышына туз сээп, эткээл калың жерлерин шиш менен сайып, сарымсакты же болбосо пиязды ошол шиш менен сайылган жерге этке туз сиңгиче киргизип коёт. Андан соң койдун этин "мориновкалайт", анын өзүнүн сыры бар. А "8-9 саат мориновкада" тургандан кийин, отко какталып бышырылат. Оттун табына жараша, 1 саат же 40-45 мүнөттө бышып даяр болот. Ал эми ич эттеринен өрдөк жумурткалары менен, жылан, жөргөм, быжы жасап беребиз. Ал эми карчыгасынан шорпо кылабыз. Ошондо бир эле койдон үч түрлүү тамак даярдалат. Биринчиси, шорпо, экинчиси, азыр айтып жаткан ич эттен жасалган "жеңил тамактар". Үчүнчүсү болсо жер астындагы эт. Этти каалоого жараша палоо же беш бармак менен тартабыз. Бир койдун эти 13-14 кишиге ылайыктуу. Жаш козу болсо эти андан бетер жумшак, даамдуу болот. А карыган койдун этинен жасалган Ташкордо анча жакшы болбой калат.
- Ташкордого короодогу койлор жарай береби же атайын багасыздарбы?
- Жок, базардан эле тандап алабыз, бирок куйруктуусун. Койдун салмагы18-22 килограммдан ашпашы керек. Өтө семиз же өтө арык койлор болбойт.
Ошондуктан заказ бир күн мурун кабыл алынат. Анткени биз койдун союшка ылайыктуусун тандаганга да убакыт кетет.
- Кээ бирлер койду үйлөтүп союп жүрүшпөйбү. Сиздер кандай ыкма менен соёсуздар?
- Биз илип алып соёбуз. Асып алганда каны бүт агып, таза союлат жана жүдөбөйсүң.
- Эми мага "жердин асты" кызык болуп жатат?
- Алгач жердин астына атайын тандыр сыяктуу бышкан кирпичтен меш жасап алабыз. Мешке жалаң кара жыгач жагылат. От күйүп бүткөндөн кийин этти ошол отко кийребиз. Оту азыраак болсо бышпай калат, ал эми күчтүү жагып койсоң эзилип кетиши да мүмкүн. Ошон үчүн нормасын билиш керек. Эт даяр болгуча мештин оозу тактай менен жабылат. Анын үстүнө буу чыкпагандай кылып таар менен кымтылап, анан топурак менен көмүлөт.
- Жылдын кайсы мезгилинде Ташкордо даамдуу болот?
- Күзүндө жайлоодон мал түшүп, эрмен чөбү бышып калган мезгилдеги ташкордо даамдуу болот. Токтогул менен Кочкор өрөөнүнүн козуларынын колориясы жакшы. А шаардын жана өзбектердин куйругу жерге тийген койлорунун даамы анча эмес . Ошондуктан буга да абдан кылдат мамиле кылабыз.
Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??