п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сыр маек

Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"
Ырчы Абдумалик Шерматов менен актриса Шайыр Касымалиеванын ортосунда Мээрим аттуу кызы бар экени баарына маалым. Ата-энесинин жолун жолдоп Мээрим Шерматова да бир убакта тасмаларга, клиптерге тартылып, шоу чөйрөсүнө аралаша баштаган. Турмушка чыккандан кийин эмнегедир сууга сиңген кумдай дайыны чыкпай кеткен. Көрсө, аялзаты катары өзүн толугу менен бүлөсүнө арнап, баланын жытына мас болуп турган чагы экен.

- Турмуш кургандан бери шоу чөйрөсүнөн алыстап кеттиңиз? Азыркы тапта эмне менен алектенип жатасыз?
- Турмуш кургандан бери үйдө уулум менен эле отурам, Темирлан буюрса майда эки жашка чыгат. Бойдок кезимде шоу дүйнөсүнө аралашып, моокумум канып калган десем да болот го. Анын үстүнө аялзаты үчүн биринчи орунда үй-бүлө турат эмеспи. Мектептеги кезимде сайма сайчумун, андан көрө ошол өнөрүмдү өркүндөтөйүн деп бош убактымда сайма сайып жатам. Көптөн бери колго кармабаганга жат болуп калыптыр, эми араң колумдун эби келе баштады. Жолдошум да бардык керектүү нерселерди сатып берет.
- Чыгармачылыкка кайрадан аралашам десеңиз жолдошуңуз каршы чыкпайбы?
- Эмнегедир кайрадан шоу бизнеске аралашайын деген деле оюм жок. Жогоруда айткандай турмушка чыкканга чейин эле шоу чөйрөгө моокумум канып калган. Жолдошум да "үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бур, балага кара" деп көп айтат. Уулубуз эки жаштан өткөндөн кийин бала бакчага алып барып, өзүм кол өнөрчүлүк тармагында чакан цех ачып иштетсемби деген ойлор бар. Оюмду ортого салып жолдошум экөөбүз талкуулап калабыз.
- Жолдошуңуз өзү эмне менен алектенет?
- Компанияда иштейт…
- Сизди кайсы сапаты менен арбады?
- Экөөбүз кокусунан эле бир дүкөнгө чогуу кирип калып таанышканбыз. Ошондо кыялымда "Менин жолдошум ушундай болсо экен" деп ойлоп койгом. Орустар айткандай "любовь с первого взгляда" болду десем да болот. Кийин жакындан таанышып, сүйлөшүп кеттик. Беш ай сүйлөшкөндөн кийин турмуш курдук. Жакшы жашап жатабыз. Жолдошум үч биртууган, карындашы, иниси бар. Кайын-журтум түшүнүктүү, жакшы жандар.
- Кайын-журтуңуздун колундасызбы?
- Ооба, эки жылдан бери чогуу турабыз. Кайненемен көп нерсени үйрөндүм. Бойдок кезимде "Тамак жасаганды үйрөнгөндө турмушка чыгам" дечүмүн. Айтканымдай эле болду. Оокат жасаганды билген күндө деле жаңы бүлөнүн шартына, эрежесине көнгөнгө убакыт керек экен. Кайненем тамактын түрүн жакшы жасайт, келгенден бери "башка түшсө байтал жорго болот" деп, мен да тамакты түрлөп жасаганды үйрөндүм. Мени "өзүм жасап коём, отура бер" дейт. Же мен отура албайм. Артынан ээрчип "эмне кылайын, эмне жасайын" деп жүрө берем. Аягында чындап эле кылаарга жумуш жок калганда апам: "ай, бар, бара берчи, балаңды кара" дейт.
- Сиз жаңы турмушка чыкканда апаңыздын: "Кызымдын үй-бүлөсүнө көп көңүл бурушун талап кылам" деди эле?..
- Ооба, биринчи орунга үй-бүлөнү кой деп көп айтат. Кантсе да турмушта көп кагылып-согулуп, өзү эрте ажырашып, бир топ нерселерди билип калбадыбы. Үй-бүлөгө тиешелүү көп кеңештерин айтат. Мен бардык жаштарга эненин кеңешин уккула, тилин алгыла дээр элем. Алардын айтканы менен болсоң эч качан жаңылбайсың. Мен бойдок кезимде апамдын тилин кээде алсам, кээде моюн бербей өз билгенимди жасачумун. Азыр апамдын айткан акылдарына көбүрөөк кулак түрүп калдым. "Жолдошуңдун тилин ал, үлгүлүү кожейке бол" дейт. Жолдошум да менден он жаш улуу, баары бир улуулугун кылат экен. Мага караганда көп нерсени билет, башынан көбүрөөк нерселерди кечирген дегендей.
- Бойдок кезиңиз менен үй-бүлө күткөндүн айырмасы сиз үчүн байкалдыбы?
- Кадимкидей айырмасы бар, мурда көп сүйлөп, дос-тааныштарым көп болсо кийинчирээк алардын саны өзүнөн-өзү азайды. Апам: "мүнөзүң атаңдыкына окшоп дардаңкөй, бирок балалуу болгондон бери бир аз токтолуп калдың" дейт. Кээде балам менен бала болуп ойноп калсам, жолдошум "ойнобой токтолбойсуңбу, тынчыбайсыңбы" демиш болот. Тамашалап "токтолуп отуруп калсам сага кызыксыз болуп калам да" да деп мен күлөм. Турмушка чыккандан бери тааныштарымдын көбү "өзгөрүп кетиптирсиң" деп жатышат.
- Дагы деле болсо клиптерге, роликтерге тартылуу сунушу түшүп жатса керек?
- Турмушка чыккандан кийин жарым жыл, бир жылга чейин сунуштап жатышты. Азыр сунуштар боло элек. Мен өзүм моделдик агентствого тогузунчу класста окуп жатканда курбум менен баргам. Өзүмдүн кыялымды орундаттым десем болот. Моделдик агенттикте иштеп жүргөндө ар кандай сунуштар түшө баштады. Жарнамаларга, клиптерге, тасмаларга тартылдым. Өзүмө СПИД жөнүндө сериалда кичинекей эпизод аткаргам, ошонум жагат.
- Атаңыз ырчы, апаңыз актриса. Сиздин кайсыл тармакта жөндөмүңүз көбүрөөк?
- Ырдап көргөн эмесмин, вокалдан сабак берген агайлар "аракет кыл, ырда" дешти, бирок колум тийбей, чыгынбай жүрүп эле ошол бойдон турмушка чыгып кеттим. Актёрдук жагынан алып караганда көбү "жакшы аткарыптырсың" деп калышат. Менин "тарыхый кинолордун биринде роль ойносом" деген кыялым бар болчу. Бир жолу казактар ошондой киного кастинг жарыялашканынан катышкам. Өзүбүз чалабыз дешкен, чалган жок. Сыягы аткарганым жарабай калган го деп ойлоп калдым.
- Уулуңуздун тили эмне деп чыкты?
- Бир жолу таякемдердикине конокко барсак жалаң кичинекей балдар "таята, таята" деп жүрүшөт. Менин уулумдун да ошондон кийин тили "таята" деп чыкты. Үйгө барганда да "таене деп айт" десек болбой кайра-кайра таята дейт. Азыр баарыбызды айтканга тили келип калды. Күндөн-күнгө кылыгы чыгып, кубандырып жатат. Акыркы күндөрү даттанганды үйрөнүп алды. Дабыш чыкса эле ата деп эшикти көздөй чуркайт. Керээлди кечке мени менен алышып отургандан тажайт окшойт, кечинде атасы келгенде ага асылып, мага көп көңүл бурбай калат.
- Уулуңуз кимиңиздерге көбүрөөк окшош?
- Кайын-журтум мага, атама окшоштурушат. Мен жактагылар болсо тескерисинче жолдошума окшоштурушат. Өзүмдүн турган турпатым, сырткы келбетим атамдыкына окшош, апама кээде "мени эмнеге өзүңүзгө окшош кылып төрөгөн жоксуз" деп калам.
- Атаңыз менен кабарлашып турасызбы?
- Ооба, телефон менен кабарлашып турабыз. Небересине келип кетет. Акыркы жолу декабрда келген. Азыр Россияга концерт бергени кетиптир деп уктум. Байланыша элегибизге көп болду.
- Аталаш сиңдиңиз Малика мененчи?
- Ооба, апам да, Динара эже да "тууган болгондон кийин байланышыңарды үзбөгүлө" дешет. Жакында эле жолугуп, сүйлөшүп келдик. Динара эже адамдын көңүлүн алып, жакшы мамиле жасайт. Мурда Малика да, мен да кичирээк кезибизде бири-бирибизге көп деле маани берчү эмеспиз. Азыр эже-сиңдидей мамилебиз бир калыпка түшүп келе жатат. Малика эс тартып калбадыбы, кеңешип, сырдаша турган учурга эми жетти го дейм.
- Телевизордон ырдап жатканда кандай сезимде болосуз?
- Сыймыктанам, менин сиңдим ырдап жатат деп. Жолдошум да тамашалап "сиңдиң ырдап жатат, бирдеме дебейсиңби" деп күлүп калат.
- Кайынжуртуңуз сиздин чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?
- Кайненем менен кайнатамдын бир нерселерге жөнү жок кийлигише бербегендери жагат. Чыгармачылыгымды жакшы эле кабыл алышат, телевизордон мен тартылган клип берилип калса кайын сиңдимдин кызына "көрдүңбү жеңең чыкты" деп калышат. Бир чечим кабыл алаарда акылдарын айтышат да, андан аркысын өз эркиңе коюшат.

Анара Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??