п»ї

 "Если'б я был султан"

К. Бакиевдин аялдары

Мурунку президенттин расмий эмес аялы жана андан кичинекей балдары бар-деп эл арасында күбүр-шыбыр болуп келсе да ал президент болуп турганда бул сөз ачыкка чыккан эмес. Балким, ушул бойдон эле айтылып-айтылып кала берет беле ким билет? Бирок, Белоруссиянын президенти муну ММКга даяр материал кылып "айтып" берди. А. Лукашенко "Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз" деген. Анткени Курманбек Бакиев Минск шаарына өзүнүн орус жубайы Татьяна Бакиева менен эмес, ошол "күбүр-шыбыр" кылып жүргөн үчүнчү жубайы, андан көргөн тогуз жашар кызы жана беш жашар уулу менен барган. Азимбек Бекназаров муну тастыктап, журналисттерге жарыялаган. "Үчүнчү аялы менен" дегенге караганда, демек экинчи да жубайы бар. Ал ким анда? Эгерде дагы эле "күбүр-шыбыр" кептерге таянсак, аны экс-финансы министри Тажикан Калимбетова дешет. Бирок, Тажикан айым ушул убакка чейин журналисттердин кыйытып берген суроосуна "К. Бакиев менен тууганчылык жайыбыз бар" деп гана жооп берип келген. Кандайча? -аны түшүндүргөн эмес. Ушул жерден дагы бир нерсе эске келет: К. Бакиев тактыдан кетээр маалына аз-маз убакыт калган кезде Словакиянын президенти жубайы менен Кыргызстанга расмий сапары менен келишпеди беле... Ошондо Т. Бакиева күйөөсү менен аларды тосуп алганы эле болбосо, калган "экскурцияларда" Словакиянын президентинин жубайынын жанында Тажикан айым жүрдү. Ошондо журналисттер "Негизи Т. Бакиева коштоп жүрүшү керек эле" дешип, бир чети таң калышса, бир чети "түшүнүктүү" дегендей ишарат кылышкан. К. Бакиевдин мыйзамдуу жубайы Т. Бакиевадан "чоңоюп" калган Марат, анан Максим аттуу эки уулу, алар убагында "майлуу" кызматта иштеп турганын баарыбыз билебиз. Ал эми тогуз жашар уулунун аты Акжол экени, партия "Ак Жол" анын урматына коюлган деген да "күбүр-шыбыр" бар болчу. Ачыкка чыккан бул маалыматты уккан укук коргоочулар "Багы жокко дагы жок" демекчи, эми Бакиевге "Көп аял алуучулук" боюнча кылмыш ишин козгоо керек деп чыгышты. Аялдардын укуктарын коргогон "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова "Мурдагы президенттин көп аялы бар экени ачыкка чыкканы, бул маалымат ушул тапта дүйнөгө дүң болуп турганы - Кыргызстандагы аялдардын укугунун али начар абалда экендигин көргөзүп турат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Эми азыр кетип атканда ушинтип билинип атат. Эми андан кийинкилер эмне кылат?" деп кейип "Азаттык" радиосуна интервью берген.




Бир бүркүм
"Ак шумкар" партиясынын Нарын облусундагы мүчөлөрү Тынарбек Мусаев менен Өмүрбек Акунов белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалып, ооруканага жеткирилди.
Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн кабарлагандай 7 -апрелден бери Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек
Кызыл-Кыя шаарынын депутаттары Убактылуу Өкмөттү колдошоорун билдирген элине кайрылуу жасашты.
"Ар Намыс" партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова Айгүл Рыскулованын ордуна - эмгек жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы согуштун ардагерлерине 32 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүштү. Ал эми 9-майда Новои паркында борбордогу бардык ардагерлерди чогултуп, жоокерлердин "кашасын" жана 100 граммы сөзсүз кошулган майрамдык кече уюштураарын белгилешүүдө.
24-апрелде журналисттер биргелешип 7-апрелде шейит кеткендерге жана бул дүйнөдөн өтүп кеткен кесиптештери А. Саипов, А. Ташиев, Г. Павлюктун элесине арнап, Чапаев менен Айни көчөлөрүнүн кесилишине көчөт отургузушту.
24-25-апрель эс алуу күндөрү борбордун мурунку мэри Нариман Түлеевди колдогон "Бизге ушундай мэр керек!" деген ураан астында ишембилик өткөрүштү.
Петровка окуясы боюнча күнөөлүү деп жалаа менен камалган Эркин Булекбаев 7-апрелде эски бийлик кетээри менен бошотулган эле. Эми ал финансы полициясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
"Алиби", "Ачык саясат" жана "Назар" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Мамлекеттик антимонополиянын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызматта иштеген адамдарды 1-июнга чейин декларация толтурушпаса кызматтан бошотулаарын билдиришти.





маалымат майданында
БШКда
БШКнын төрайымдыгынан укук коргоочу Төлөйкан
Исмаилова баш тартты
Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен БШК курамы 19 адамдан туруп, анын жетөө саясий партиялардан, алты мүчөсү бейөкмөт уюмдардан жана калган алты адам Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнөн турмакчы.
Мындай кадам сыртынан тең салмактуу көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ири саясий оюнчулардын БШК курамына өз адамдарын киргизип калуу аракетин күчөттү. Анткени мүчөлүккө тандоонун ачык-айкын чаралары такталган эмес.
Мындай мыйзамдык эрежелерге эмес, өз ара түшүнүктөргө негизделген шарт Төлөйкан Исмаилованын БШК төрайымдыгынан баш тартуусуна себеп болду. Анын айтымында, шайлоо калыстарына саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынын таңууланышы жакшылыкка алып келбейт:

Мыйзам талаасында
Жаңы-эски
Конституция -
Ханституция эмес
2007-жылкы Конституцияга киргизилчү өзгөрүү-толуктоолор 26-апрелде жарыяланды. Жаңы долбоор жалпы элдик талкуудан өтүп, келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде дагы иштелип, негизги варианты 19-майга даяр болушу керек.
Конституциянын кезектеги өзгөрүүлөрүнө Венеция комиссиясынын 2006-жылкы сунуштарынын көбү киргизилгени маалымдалууда.
Үч аптадан бери кыргызстандыктарды түйшөлтүп жаткан орчун маселе - өлкө мындан ары кандай жол менен өнүгөт суроосу болууда. Мына эми ага жооп кылып Убактылуу өкмөт Конституцияга киргизилчү өзгөрүү, толуктоо, алымча-кошумчаларды жарыя кылды.
Конституцияга кирчү өзгөрүү, алымча-кошумчаларды жалпы элдик талкууга чыгаруу алдында комиссия жетекчиси Өмүрбек Текебаев жаңы долбоор деле кемчиликтерден куркол эместигин айтуу менен гана чектелди.

Адам укугу
М. Конгантиевдин
жактоочулары
Ош-Бишкек жолун тосту
25-апрелде Орусиянын биринчи телеканалы Москвада Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кармалып, Кыргызстанга депортацияланганын айткан эле.
"Азаттыктын" айтымында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин 500гө чукул тарапкерлери Ош-Бишкек кан жолунун Бүргөндү-Майлы-Сай бөлүгүн ортосунан бууп, эч кимди өткөрбөй турушат. Алар Конгантиевге ачылган кылмыш ишин токтотуп, толугу менен актоону, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев өз колу менен Конгантиевди эл алдына алып келип берүүсүн талап кылышууда. Чогулгандар талаптары аткарылмайын жол ачылбай турганын айтып жатышат. Ал эми Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 150дөй адам чогулуп, Конгантиевдин бошотулушун талап кылышкан.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??