п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Таздар талаасында
Бүгүнкү күндө окумуштуулар таз адамдарга жардам берүүнүн жолдорун изилдеп жатышса, белгилүү парикмахерлер аларга чач жасалгалоонун миңдеген түрүн ойлоп табууда. Дал ошол таз болуп калуунун себептери, оң жана терс жактары туурасында кеп кылып, таз атактууларына да көз жүгүртсөк.

Кыскача маалымат
20-кылымдын 40-жылдарына чейин таз болуп калуунун себебин эч ким билген эмес, аны изилдеп чыгуу үчүн фантастикалык божомолдор да айтылып келген. Мисалы: Азиаттар тазды жугуучу оору дешсе, европалыктар баш кийимди көпкө кийип жүргөндүктөн пайда болгон дешет, ал эми чукчалар эгер адамдын чачы түшүп, таз болуп баштаса анда ал жакында байыйт деп жорушкан. Аны айыктыруу үчүн да көп ыкмалар колдонулган. Мисалы: жаан алдында туруп суу болуу, ар кандай дубаларды окуу, жада калса өзүнчө "икона" жасатып алып сыйынуу. Аны менен күрөшүү биздин кылымга чейин 4000-жылы башталган.


Таздар үчүн ресторан
АКШнын Калифорния штатында атайын таздар үчүн ресторан ачылган. Ага таз адамдар келип, бекер тамактанып кетсе болот. Анын кожоюну Гарри Арнольда "Эмне болуп таз болдуң, атайын кырдыңбы же жаратылыштанбы?" деп сурабайт. Бардык таздарды кабыл ала берет. Ресторандын негизги принциби: "Башыңызда канчалык чач аз болсо, ошончолук тамакка аз төлөйсүз". А таптакыр таздар тамак бекер ичишет. А бекер тамак бергенден кожоюн дагы да болсо тажай элек. Бул ресторанга жер шарындагы таздар атайын келип тамактанган учурлар да кездешкен.


Кызыктуу фактылар:
Таз адамдар акылдуу болушат деп айтып келишет. Планетадагы эркектердин үчтөн бир бөлүгү чач жасалгалоого муктаж эмес. Окумуштуулардын айтуусу боюнча орто эсеп менен адамдын башында 100-150 миң чач өсөт. Жайында чач бат өссө, кышында жай калыпта болот. Чач 15 жаштан тартып, 30 жашка чейин ылдам өсүп, андан кийин өсүү жайлап баштайт. 50 жаштан ашкан соң чач жоготуулар башталат. Таз болуунун да өзүнүн жакшы жактары бар.
Бүгүнкү күндө таз жүрүү модага айланып, атайын чачын алып салгандар да жок эмес.

Медициналык көз караш
Окумуштуулар тазды айыктыруунун 300 миң ыкмасын таап чыгышкан. Дүйнө жүзүндө калктын 70% таз менен жабыр тартып келсе, анын 30% аялдар түзгөн.
Таз болуунун бир себеби адамга андроген гормону жетишпегендиктен пайда болот деп эсептешкен. "Ал эми толук таз болуп калууга - нервдин өзгөчө жабыр тартканы, сахар диабети түрткү болушу ыктымал, же ал тукум куучулуктан да болот" - дешет көпчүлүк дерматологдор. Негизи чачтын түшүүсү ички организмдин алмашуусу, иче - карындардын ооруганы же гормондордун бузулушуна байланыштуу. Муну "трихтологдор" изилдеп, таап чыгышкан. Диагнозду коюу үчүн "микровидеодиагностика" жардамга келген.
Операция жасоодо: Радикалдуу түрдө таз болуп калганда баш тизедей эле катуу болуп операциядан башка ыкманы кабыл албай калат. Эгерде туура эмес тамактануудан, дары - дармектерди көп колдонууда, чачты боеодон улам адам таз боло баштаса анда аны мурунку калыбына келтирүү оңой. А эгерде ички гормондордон улам бузулса анда операция жолу менен калыбына келтирүүгө туура келет. Баасы орто эсеп менен 1500$ болот.

Таздар үчүн клуб
Англиянын таз мырзалары өздөрү үчүн клуб ачышкан. Ал Черчильдин атынан коюлган. Бардык таз жигиттер дал ушул жерге келип жазылып, топко кошулса болот. Учурда клубда 300дөн ашуун таз адамдар иштешет. Алардын арасында милиционерлер, банкир, музыканттар, сүрөтчүлөр дагы бар. Алардын девизи: башкалардан айырмалып туруу менен бирге өзгөчө ийгиликтерди жаратуу.




атактуу Таздар
Бүткүл дүйнөгө атагы чыккан "экшн" жанрдагы актер, мыкты комедист Брюс Уиллис 10 жылдан бери таз бойдон, ал "нөл" аттуу "прическа" менен жүрөт. Кино үчүн чачын курмандыкка чалган Брюс, 10 жыл мурун чачын алдырып, ошол бойдон таз болуп калган. "Анткени кырып салган чачым кайра чыкпай калган" - деп жооп берген жергиликтүү журналдардын бирине.
Россия жылдыздарынын арасында белгилүү режиссер, продюсер жана актер Федор Бандарчук өз убагында ашыкча маселелерди башына үйбөй чачын алдырып салган. Бирок, өзүнө жаңы стиль, имидж жаратам деп эч ойлогон эмес. Мындай келбет бир гана өзүнө эмес, бардык адамдын көңүлүнө жаккан. Өзүнө да таз бойдон жүргөн жагат.
Игорь Крутой - Россия элинин эмгек сиңирген артисти, мыкты продюсер, композитор, "Муз ТВ" каналынын жетекчиси, көптөгөн таланттууларга билим берип келе жаткан ырчы канча жылдан бери таз экенин да өзү билбейт. "Бул бир гана генден болушу ыктымал, мени бирөө да таз деп айткан эмес" - деп баса белгилеген.
Белгилүү актер жана ырчы "Антикиллер" киносу аркылуу таанымал болгон Гоша Куценко - чачы жок таз баш экенине кебелип да койбойт, тескерисинче "Башкалардан айырмаланып, кээ бирине үлгү боло тургандай адамдын белгиси болуш керек да" деп мактанат. Миңдеген фанаттарды дал ушул "прическасы" менен багындырган. Ал бетинин түзүлүшүнө ылайык келип жарашып эле калган.
Иосиф Пригожин - Ырчы Валериянын продюсери жана күйөөсү көп жылдан бери таз бойдон. Эл ичинде өзгөчөлөнүп турууну дагы абдан жакшы көрөт. "Менин бүткүл денеме жарашыктуу чач жасалгалоо жок болгондуктан толук алдырып салууга туура келген. Мен толук адам болгондуктан таз болуу мага абдан жарашат, арык көрсөтүшү да ыктымал, бул да өзүнчө мода" - дейт Иосиф.
Бардык оорулардын дартын тапкан элдик дарыгер, спортсмен Геннадий Малахов - таз болуп калуунун дагы бир нече жолун телекөрүүчүлөргө айтып берген. Бардык оорулардын дартын билген дарыгер өзүнүн таз болуп калган себебин ген маселесинде деп баса белгилейт.
Советтер союзунда белгилүү авторитетке ээ болгон эл башкаруучу В. И. Ленин дагы таздардын катарын толуктайт. Анткени башынын 80% чачтар өспөй калган, тактап айтканда эки капталында чачтар толук болсо ортосунда чачы такыр жок болчу. Кыязы мындай көрүнүш жаратылыштан эле болгондой көрүнөт.
Аскар Акаев - Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев да башка саясатчылардан таз болуп турганы менен айырмаланат. Жаш кезиндеги капкара чачтары жыл өткөн сайын агарып, четинен түшө баштаган. Дал ошол ортосу түшүп чач такыр өспөй калган. Акаевди карап туруп окумуштууладын "Таздар-акылдуу адамдар" деп айтышканына ишенбеске аргаң жок.
Абдан таланттуу адамдардын катарын толуктап, кыргыздын улуттук аспаптарында мыкты ойной билген Курмангазы Азыкбаев да таздардын ичинен биринчилердин катарында. Курмангазы мырза музыкалык аспаптарда ойноо менен гана эмес, келбети менен дагы көпчүлүктү өзүнө тартып тургандай.
Атактуулардын арасында таз адамдардын катарын толуктаган ага-ини Арслан жана Актан Исабаевдер да бар. Бири скрипкада мыкты ойноп келсе, экинчиси катыра ырдап, америкалык негрлердин образын чагылдыруудан тажабайт. Ага-ини экөө тең таз болуп алганына караганда бул чын эле генден окшойт.

Нургүл Ибраева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??