п»ї
 Таанышуу жарыясы


  чачыла

"муз канал" концерт тартуулайт
Жакында НБТ телеканалы "Биз таза шаар үчүн" аттуу концерт уюштуруп жатканын билдирген эле. Ошол концерт боюнча концерттин уюштуруучусу, режиссер Мирлан Муратов буларга токтолду:
- 29-30-апрелде НБТ каналында продюсер болуп эмгектенген Нурдин Урманбетовдун демилгеси менен "Биз таза шаар үчүн" деп аталган концерт берели деп жатабыз. Анын өзгөчөлүгү 25 ырчы, 10 куудул катышат. Андан түшкөн каражат 7-апрелде жабыр тарткан жарандарга жардам катары берилет. Концерттин баасы болгону 200 сом, алар алдыңкы жана артындагы катар деп бөлүнбөйт.
- НБТда башка дагы кандай жаңылыктар болуп жатат?
Өзүңөр күбө болуп жаткандай, бир жумадан бери күнүгө беш жарымдан алты жарымга чейин НБТ каналында "Музбелек" куттуктоо телекөрсөтүүсү чыга баштады. Анын баасы 300 сом. Көрүүчүлөр эфирге чыгып, жакындарын куттуктап алууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизинен музканал эки бөлүккө бөлүнүп келсе, азыр үч бөлүктөн турат. Анын ичинде "Лидер KG" көрсөтүүсү жана "Музбелек" жана "Музканал" болуп бөлүнүүдө. Алдыда пландар абдан көп. НБТнын музыкалык тармагын жаңы идеялар аркылуу жогорку деңгээлге чыгарып, өркүндөтүп, өстүрүү. Эртең мененки "таңкы көрсөтүүлөрдү" ачкан жатабыз. Бир айдын ичинде эфирге чыгып калат. Алардагы көңүл ачуучу программа болот. Мамлекетибиз тынч болсо,биз дагы ийгиликке жетишебиз деген ойдомун. Буюрса чет элдик, тактап айтканда Казакстан, Россия, Өзбекстан ырчыларынын коштоосунда да концерт берүүнү пландап жатабыз. Ал аз убакыттан кийин иш жүзүнө ашырылат. Бир гана мен эмес, бардык жамаат абдан аракеттенүүдө.

Бегимай Бекбоева
Москвага бет алат
Жаш болсо да чыгармачылыгында ийгиликтерге жетишип, өзүнүн күйөрмандарын тапкан Бегимай Бекбоева биринчи майдан тартып жыйырма бешине чейин түштүк жергесине гастролго чыгат. Ош шаарынан башталган концерт Баткенге барып аяктайт. Концертти кастинг аркылуу тандап алган бийчи улан - кыздар коштоп, куудулдар күлдүрүшмөкчү. Андан кийин Бегимай билек түрүп, Москвага бет алат. Эмне себептен экени азырынча сыр бойдон калтырып айткан жок.


Динара Акулова Казакстанда…
Шыңгыр күлкү ырчы айым Динара Акулова Казакстанда боло турчу акын Мухтар Шахановдун кечесине арналган концертине чакыруу билетин алды. Концертке Динара айым Кыргызстандын атынан жалгыз барып, конок болуп келет. Азыртадан эле кам көрө баштаган ырчы; "Белегимди да даярдап койдум. Мени колдоп, коштоп барам деген достор көп, бирок жалгыз барууга туура келип жатат. Буюрса, жакшы ырларды аткарып, жагымдуу маанай тартуулап келем деген ойдомун" - деп кечеге катуу даярданып жүргөн маалы.


Назми кыздуу болду
Шоу дүйнөсүндө олуттуу орунга ээ болуп, сахнада мукамдуу үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Назми эне болуп, кубанычы койнуна батпай олтурган кези. Тактап айтканда 23-апрелде саат 16-30 да Назми менен Таланттын кызы жарык дүйнөгө келди. Наристенин салмагы 4 кг 46 гр болсо, бою 55см. Наристенин ысымын ким коюуну ойлонуп жаткан ата-энеге курбусу Назгүл Насиева менен чоң апасы жардамга келип, Альбина деп коюшту. Ырчы төрөт үйүнөн кечээ эле чыкты. "Бешик бооңор бек болсун" деп кызуу куттуктаган ата - энеси, туугандары жана сахналаш достору келип куттуктоо сөздөрүн айтып, жылуу-жумшак үйүнө алып кетишти.


Азамат Болгонбаев балалуу болду
Чукугандай сөз таап, куюлуштуруп ырдаган, төкмө акын Азамат Болгонбаевдин да чекеси жарыла сүйүнүп турган кези. Анткени ал да 24- апрелде балканактай уулдуу болду. Доктурлардын айтуусу боюнча, Азаматтын келинчеги Жайнагүл кыйналып көз жарыптыр. А азыр өзүн жакшы сезип калган кези. Ымыркай 4 кг салмакта төрөлгөн. Төкмө акын уулуна Осмон деген ысым ыйгарды.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
27-март, 2010-ж.:
1-бет
Жаныш Бакиев "токолу" Орозгүл токторбаеваны ала кеттиби?
2-бет
Мээрим Шерматова:
"Уулумдун тили "таята" деп чыкты"

3-бет
"Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…"
4-бет
К. Бакиевдин аялдары
5-бет
Кат куржун
6-бет
Таздар талаасында
7-бет
"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
8-бет
"муз канал" концерт тартуулайт
9-бет
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар

10-бет
Аскат Мусабеков, ырчы:
"Химия сабагын жаман көрчүмүн…"

11-бет
Колоңсо & шыбоодон арылуу
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Жүрөктү титиреткен террористтер
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мурат Төлөгөнов:
"Өтө семиз жана арык койлор болбойт"











??.??