атайын репортаж

Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар
"Кыз-Бурак" тобунун директор ырчысы, Гүлшайыр Садыбакасованын оң колу Кенже Дүйшеева
24-апрель күнү казак баурдаштарыбыздын келини болду. "Кымызды суусаганга, кызды сураганга бер" дегендей, Гүлшайыр эжекебиз Казакстандын мырзасы Талгатты "Кыз-Бурак" тобунун 280чи күйөө баласы кылып алды. Эки элдин башын бириктирген үйлөнүү той Ош шаарынын борборундагы ресторанда өттү. Бул тойду көптөн бери күтүп жүргөн Гүлшайыр эже, тойго келген казак-кыргыз меймандарды жылуу тосуп, узатып алды. Эки жаштын тоюн КРнын Эл артистери, белгилүү куудулдар, жаш ырчылар, бий топтору жана "Кыз-Бурак" тобунун мурунку жана кийинки ырчылары коштоп, шаан-шөкөткө бөлөштү. Жаркылдаган, маңдайы жарык күйөө бала Талгат кайын-журтунун купулуна толду.





"Обон" гезитинин жалпы жамааты жубайларга бакыт каалайт. Буюрса, эмки жылы бешик тойдун күбөсү бололу!

Айнура Касымова