п»ї

  Жылдыздар кеңеш беришет

"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
Турмуш бирде уу берип, бирде бал берип, адамдарды өзү каалагандай таразага салып калчап келет. Бири сүйүүдөн өз бактысын тапкан болсо, сүйүүнүн айынан жапа чегип жүргөндөр канча? "Жылдыздар кеңеш беришет" рубрикабызга Пери аттуу кыздын сүйгөн жигити өзүнүн эле жакын курбусуна үйлөнүп алып эмне кылаар айласын таппай, кеңеш сурап кат жазыптыр.


Салам "Обон"! Жүрөгүмдү түйшүккө салган, уктасам түшүмөн, ойлосом оюман кетпеген армандуу,аруу сүйүүм жөнүндө жазып, кеңеш суроону чечтим. Эмнеге экенин билбейм, бирок менин жүрөгүмдүн ээсинин кыздарды тартып турган бир нерсеси бар болчу. Амантурду бир көргөндө эле сүйүп калган элем. Бассам да, турсам да ойлогонум эле ошол жигит болуп калды. Акыркы күндөрү өзүнчө эле түнт болуп, чүнчүп да кеттим. Эч ким менен сүйлөшпөйм. Кыялымда тиги бала менен алыстарга барып келем. Бара-бара экөөбүздүн мамилебиз жакшыра баштады. Сабактан чыкканда үйгө чейин узатып коюп жүрдү. Көп жерлерге ээрчишип бардык. Амантур мени сүйбөстүгүн билсем да, өзүмдү тобокелге салып, жолугушуумду уланта бердим. Акыл менен сезимди башкара албай калдым. Мени менен сүйлөшүп жүргөндө да Амантурдун башка кыздар менен шапар тээп жүргөнүн билсем да, билмексен, көрсөм да көрмөксөн болуп, аны жоготуп коюштан коркуп, баарына көз жумдум. Ага жипсиз байландым, аны айынан далай азап чегип, жаздыгым кургабады. Далай түндөрдү уйкусуз өткөрүп, таңдарды ый менен атырдым. 14-февраль… Ушул күн өмүрүмдөгү эң азаптуу күн болду. Колума мен сүйүп жүргөн Амантур менен жакын курбумдун үйлөнүү тоюна чакыруу баракчасын алдым. Ый, муң, арман!.. Курбумдун "Кечир, жүрөккө буйрук берип болбос экен" деген сөзү кулагыма азыркыга чейин жаңырат. Тагдырыма таң берип, тойго барып куттуктап келдим. Жер тар, дүйнө ушунчалык караңгы болуп, жер бетинде бир мен гана каңгып калгансыймын… Амантурду унута албай абдан кыйналам. Ансыз мага жашоо туңгуюк. Эмне кылам?
Сиздерден кеңеш сураган
Сулайманова Пери


Икая
Чыныгы сүйүү
Кыз менен жигит автобустан таанышып калып, жигит кызды күнүгө үйүнө узатып турчу. Экөө күндө бир аялдамадан жолугуп, андан соң бак аралап сейилдеп келгенди жактырышчу. Окуу жайдан өтө алыс эмес жердеги жапжашыл болгон бактар кыз менен жигиттин сүйүктүү жерине айланып калган. Ал жактан канчалаган бактылуу минуталарды чогуу өткөрүп жүрүштү. Анысын жигитине билгизбей, ичинен ыйлап жүрө берчү. Бир күнү күндө кезигип жүргөн жашыл бактардын арасынан бала кызды көпкө күтүп калды. Бир убакта кыздын келе жаткан үнүн угуп, өзүн коёрго жер таппай, араң карманып турду. Анткени, бала ошол күнү кызга өзүнүн чыныгы сүйүүсүн билдирип, кызга "баш кошуп алуулары тууралуу" айтмак. Кыз келип, экөө бир топко чейин сагынычын жазышып, кучакташып турушту. Бир маалда бала чөнтөгүнөн алтын сөйкөнү алып чыгып кыздын кулагына тагайын дегенде, кыз сөйкөнү чачынын астына кыстартып алат. Анан жигитине, "Мен эч качан сенден ажырабайм! Сен өлсөң мен да өлөм!" деп балага ант берет. Жигити экөө абдан жакшы мамиледе болгону менен бир күнү кыздын апасы жетим бала кызына алардын уруксаты жок эле сөйкө салып койгонун билип калып, улуу баласына айтып жигиттин көзүн тазалатат. Сүйгөнүн жерге коёрдо жигитинин сөөгүнүн жанына барып, жүрөгүнө бычак сайып кыз да каза болот. Ошондон кийин кыздын энеси башка балдарынын сүйүүсүнө тоскоол болбой калыптыр.




Г. Кахарова:
"Убакыт жакшы жардам берет"
- Эң негизгиси эркек киши сүйүш керек. Мындай абалдан чыгууга убакыт жакшы жардам берет. Кичине чыдап койсоң, баарын унутуп каласың. Маңдайыңа Амантурдан да жакшы жигит жолугаарына ишенип жашасаң, сөзсүз түрдө издеген адамыңа жолугасың.

Сема:
"Өзүңдү таштап салбай, тыкан жүр"
- Ал жигит Перини сүйбөгөндүктөн курбу кызына үйлөнүп жатат да. Бул жашоодо ар кандай күтүүсүз нерселер боло берет. Кудай ар бир пендесине бакытты, байлыкты, жокчулукту, сүйүүнү сынап берет. Пери, сени абдан жакшы түшүнүп турам. Ызаланып жатасың. Ошого карабастан, өзүңдү таштап салбай, тыкан алып жүр, сулуулук салондоруна бар. Заманбап кийимдерди алып, жакшынакай болуп жүрсөң, Амантурдан да мыкты балага жолугаарыңа толук көзүм жетет. Анткени, эркектер көзү менен сүйөт. Сен тиги кыздын астында жүдөп көрүнбөй, өзүңдүн жакшы жактарыңды көрсөтүшүң керек. Эң негизгиси ыйманыңдан жазбай, сымбаттуу болуп жүр. Ошондо, Амантур колун санына чабат. Сен азыр жашсың, баары алдыда. Мүмкүн бешенеңе андан да мыкты жигит жазылгандыр.

Күлипа Керимбаева:
"Өзүңдү-өзүң алаксыт "
- Амантур сага жакшы мамиле жасап койсо, "мени сүйөт экен" деп ойлоп алгансың го. Мүмкүн сен кандайдыр бир кемчиликтерди кетирип койгонсуң. А тиги, кыз Амантурга бардык жактан өзүн көрсөтө алган. Пери, сен жигитти абдан сүйгөндүктөн, кылыктарыңды көргөзбөй, сырларыңды көмүскөдө калтырып койгонсуң. Менин айтаарым, сабырдуулук жана кайраттуулук менен бул учурдан чыгып кетишиң керек. Кудайдан "жараткан Алла Таалам, алдымда бактым, байлыгым өтө көп, ушу менен чектеп койбо! Амантурду тез унутуп кетиш үчүн, өзүмө тең, ырайымдуу түгөй бер!" деп кудайдан сурансаң, жараткан жаш кишинин тилегин сөзсүз орундатат. "Амантур менен келинчегинин жашоосун бузам, ортосуна чок салам" деген ойдон алыс бол. Анын жаман жактары келип, сени чагылгандай чабат. Өзүңдү-өзүң алаксыт. Кайгыңды эч кимге көрсөтпөй, сырттан күлүп, үйгө келгенде бугуңду чыгарып ал. Бакыт каалайм!

Замир Арыкбаев:
"Амантурду күнөөлөбөшүң керек"
- Бул эми, нике кайып деп коёт да. "Жалгыз калдым" деп айтпаш керек. Анткени, Пери канчалык сүйгөн күндө да, Амантур жакшы көрө алган эмес. Баланын көп кыздар менен сүйлөшүп жүрүшүнүн бир себеби, кыздарды "резерв" кармап, "мунун мүнөзү мындай экен, тигиники андай экен" деп тандап жүргөн. Пери, сен Амантурдун кылган мамилелерин, сүйлөгөн сөздөрүн жүрөгүңө жакын алып алсаң керек да. Бул жерде Амантурду күнөөлөбөшүң керек. Ар бир адам өзүнүн бактысын издегенге укуктуу. Сүйгөнүңдүн башка кыздар менен жүргөнүн көргөндөн кийин, эртерээк эле чечим чыгарсаң болмок. "Бала сүйсө алат, кыз сүйсө калат" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, кыздар көбүнчө сүйгөнүнө жетпей калышат. Пери, айланаңа жакшылап көз жүгүртүп көр. Сени сүйгөн жигиттер толтура, сен аларды карабай жүрөсүң. Келечекте мындан да чоң жана аруу сүйүүгө кабыласың. Учурдагы көрүнүш жөн гана сынак. Убакыт баарын жеңет, 2 ай чыдасаң унутуп коёсуң. Аялзаты чыдамкай келет эмеспи. Чыдамкай болуп, өзүңдү алаксыт. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы болот. Сен да издеп жүргөн жарымыңа жолугуп, бактылуу жашайсың.

Чынар Капарова:
"Жигиттин жоругу менен тагдырыңды чийип салууга болбойт"
- Студенттик кезде "Мен сүйүп калдым, ансыз жашай албайм" деген сезимдер боло берет. Андан көрө, "Мен акылдуу, сулуу жана сүйүктүү экенимди баары бир даңазалайм!" деп алдыга умтулуу менен жаша. Бир эле жигиттин жоругу менен алдыга койгон максаттарыңды, мүдөөлөрүңдү, тагдырыңды чийип салууга болбойт. 10 жылдан кийин өзүңдүн азыркы ыйлап жаткан учуруңду жагымдуу жылмаюу менен эстейсиң буюрса. Терең ойлон, келечегиң алдыда. Ийгилик жана тунук сүйүү каалайм!






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??