п»ї
 Таанышуу жарыясы


  махабат майданы

"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"

Жаш селки өмүр бою турмушка чыкпай, кудайга сыйынып жүрүп өтүүнү ойлойт да, тоолордун арасында күн кечирген шайыктарга жолугуп, кудайга кантип жакын болуунун жол-жобосун үйрөнүп алуу үчүн сапар тартып жөнөйт. Жолго гүл азыгын алып, ак жумал чырайы күнгө тотугуп, кыз көп түйшүк менен баягы шайыктар жайгашкан үңкүрлөргө жетет. Алар бири-бирине тоскоол болбош үчүн, алыс-алыс жашашчу экен. Керилген камыштай бойго жеткен сулуу кыз алгач эле эң картаң шайыктын босогосун аттап, эмне үчүн келгенин түшүндүрөт. Кызды бир көргөндө өзүн-өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп, эркектик кумарын токтото аларына көзү жетпей, эптеп күнөөдөн алыс болуш үчүн, кызды орто жашап калган шайыктын үңкүрүнө жөнөтөт. Бала кыял ишенчээктиги али калалек кыз, жанагы айткан адамга келет да: "кудай жалгагыр, мен эркектин денесин көрбөй, кумарына канбай, бир гана кудайды сүйүп жашагым келет. Сиз мага жардам бериңизчи, мен ал үчүн эмне кылышым керек?" деп жалбарат. Экинчи шайык да ургаачы затын көргөндө, аялдын үстүнө чыкпай өткөргөн куу өстөндөй өмүрүнө ичинен каңырыгы түтөп барып: "Кой, ушунча жыл карманып келдим. Эми өмүрүмдүн акырында кудай алдында бетпак болбоюн" дейт да, өзүнөн жаш, алдуу-күчтүү жигиттин үңкүрүнө барар жолду көрсөтүп: "Мен карып баратам, сөз сүйлөгөнгө да дарман керек, кызым. Тээтиги жол менен барсаң бир мырза бар, ал сенин каалаган сурооңо жооп берет" деп өзү үйүндө калат. Алоолонгон сулуулукту, жылдыздай жанган жаштыкты, бир көргөндү өрттөп жиберээр кумарды көтөрүп баратканын өзү да элес албаган жароокер кыз, күүгүм болуп, көз байланган маалда жанагы жаш шайыктын үңкүрүн таап келет. Жылдызы кою түнкү асман, бүлбүлдөгөн шам чырак, маңдайынан кут жанып, маралдай мүчөсү келишкен жаш сулууга ал-күчү ашып-ташып турган эркек кантип кармана алмак? Тери шым ичинде аспабы айгырдай азынап, сыртынан калп эле сыпаа үн катты: "Карындашым, сиз кудайга өзүңүздү толугу менен арнашыңыз үчүн, шайтандарыңыздан арылышыңыз керек. Ал үчүн шайтанды тозокко түртүп, салып жиберишибиз керек" дейт. Кыз менде каяктан шайтан пайда болуп жүрөт деп, көзү алайып коркуп калат. "Энеден туума болуп чечинип, тээтиги төшөккө жатыңыз, азыр сизди балакеттен арылтып, энесинен башка өппөгөн наристедей тазартам" дейт жигит калтырап-титиреп… "И-ии, булар шайтандарды кубаларда ушинтип өздөрүн унутуп, калчылдап калат турбайбы" деп ойлонгон селки, жыпжылаңач болуп, жигиттин айтканындай жатат. Шайык "мырза" аспабын кыздын алаасына туштап барып киргизгенде, чыдай албай асманы түшүп кыйкырган кызга "көрдүңүзбү, шайтанды тозокко салыш оңой эме-ес-с, алты жолу киргизгенде гана тозоктун түбүнө биротоло түшүп, кайра чыгалбай калат" деп, аялга ач болуп калган эме, улам "бүтүрүп", кайра баштап, кызды тооктой тытмалап, алын кетирет. Эки-үч күн өткөн соң кыздын кетишине уруксат берет. Кыз үйүнө барып, жеңелерине "шайтанды тозокко түрттүрүп келдим" деп, "тозокко салып атканда абдан оорутканын" туурап, айтып бергенде, тигилер күлүп атып жыгылып калышат. "Андай бизде деле бар, анда биз күнүгө жиндерден арылып, тазаланып жүргөн турбайлыбы, таманыңды тештирип убара болбой эле койсоң болмок экен. Биз жашаган айылдан ээ бербеген, "эң чоң" шайтандардын да эбин таап, тозок отуна тыгып салчулар четтен чыкмак" дешет күлкүлөрүн тыя албай. Анан кызга эркек-аялдын ортосундагы "ишти" түшүндүрүп, эми кыз абийирин кандай жол менен жаап, күйөөгө кантип бериштин жолун ойлонуп, баштарын катырып киришет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??