Сезимай Алиева
Сен жана мен
бейтааныштар
- Чарчагыдай эмне? Он киши тосуп койгонго эле эси ооп калгыдай сен апаңды ким деп ойлоп турасың? - тамашалап күлүп: - Тескерисинче, менин балапаным онго толуп, бакыйган жигит болуп, сүйүнгөнүмөн териме батпай турам. Ылайым сенин жакшылыктарыңдын гана түйшүгүн тартып өтсөм экен. Андан көрө айтчы, балдарыңа бүгүнкү күн жактыбы? Компьютериңди эмне дешти? Бир кирсем аябай каткырып күлүп атыптырсыңар. "Ии, көңүлдүү эле отурушкан экен" деп ойлоп койгом.
- Баары жакты. Аваз дайыма футболдогу балдарга "Амандын апасынын боорсогу соонун дей берчү да". Бүгүн "чын эле айтчу экенсиң, таптаттуу боорсок экен" деп аябай жешти го.
Экөө божурашып сүйлөшүп, келген белектерди ачып көрүшүп, бир топто араң жатууга кам урушту. Уулуна түнүнүн бейпил болушун тилеп, төшөнчүсүн оңдоп-түзөп кымтылай жаап, чекесинен сүйүп, жарыкты өчүрүп чыккан Сүйгөн өз бөлмөсүнө кирди. Оор улутунуп, эки жагын айландыра карап алды. Төрдөгү оң жак бурчта турган телевизор менен DVDни эсепке албаганда бөлмөдөгү буюм-тайымдар он жыл мурункудай эле эч өзгөрүүсүз. Кире бериште бир буту сынык күзгү. Дуулат экөө ушул үйгө көчүп келишкенде машинадан түшүрүп жатып бутун сындырып алышкан. Анысына карабай күйөөсү каранып-таранып кетчү күзгүнү башкага алмашкысы келбейт. Сол жак капталда Таня белек кылган жашыл диванда азыр өзү жалгыз уктайт. Көзүнө бөтөнчө жылуу, көңүлүнө жакын сезилет ушул диван. Өткөн жылы терезе пардосун жаңыртайын деп чечип, атайын жашыл-ала гүлдүүсүнөн тандап алып таккан. Жерде чакан бирок кооз шырдак. Ыраматылык кайненеси "көзүмдүн тирүүсүндө алып кет, мен ары карап кетсем тигил келин сага мунун бирин карматпайт. Атайын көз майымды коротуп Дуулатым үйлөнсө бөлөм да деген тилек менен жасагам" деп эки кызыл кыжымы жууркан, эки жер төшөк, ак көрпө көлдөлөң, түгөй жаздык берген эле. Энеси жок өсүп, өздүке оокат-кече менен иши жок, өкмөттүн жууркан-төшөгүнө жатып көнгөн Сүйгөн үчүн кайненеси үй ичи толгон оокат-жай бергендей кудуңдап сүйүнүп, "аа-ии-й да, ушунун баары биздикиби?!" деп кайра-кайра кайненесин өпкүлөгөнү эсинде. Айтып отурса бардык буюмдун тарыхы бар, баарын Дуулатка байланыштырып, аяр сактаганы да ошондон.
Тегерете карап келип кареги күзгүнүн үстүндөгү Дуулаттын сүрөтүнө кадалды. Суйдаң кара чачын сол тарабына тарап, күлүмсүрөп турган Дуулатка көпкө тигиле тиктеп, сүрөттү колуна алып көздөрүнөн өөп-өөп ордуна койду да үшкүрүнүп, төшөгүнүн чекесине үч бүктөлө бүрүшүп жата кетти. Өткөн өмүрүнө сүңгүдү.
ххх
Кышкы сессия учуру. Сүйгөндүн группасы бүгүн экзамен тапшырып жатышкан. Аудиториянын оозунда топтолушуп ким кирип чыкпасын баары жабалактай ортого алышып:
- Канча?
- Кошумча суроо бердиби? Маанайы кандай экен?
- "ШП" колдоно алдыңбы? Эмне суроо келди? Ары-бери басып жүрөбү же отурабы? - деп суроо жаадырып чурулдашкан группалаштарынын ызы-чуусунан өзүнчө бөлүнүп, коридордун аягындагы терезе түбүндө дептерин тиктеп олтуран Сүйгөн ордунан турду. "Уктап калбайын" деп түндө бутун дагарадагы муздак сууга салып алып таң аткыча китеп окуп, даярданганга азыр уйкусу келип, эртең менен да наар албай чыккандыктан курсагы ачып, оозуна кара суу келгенсий көзү караңгылай баштаган эле. Ыргалып араң басып келип:
- Кыздар, азыр мен кирейинчи. Көңүлүм айнып, өзүмдү жаман сезип турам,-деди.
- Кир, кир…-деп чуулдашты бир ооздон. Ансыз деле "сен кир,мен кир" болуп турушкан.
- Сен азыр беш албасаң анда билбейм ким алат?! Кечээ кечке китепканадан чыккан жоксуң, түндө да бир чырм этип көзүңдү жумбай окуп чыктың. Мен болсо эптеп он экиге чейин окумуш болдум да, мээме баары бир эч нерсе кирбегенинен жатып алгам,-деп курбусу Айжан жанындагыларга сүйлөп жаты. Кыздар коштоп кетишти. Дал ушул мүнөттө тепкич өйдө шашпай көтөрүлүп келе жаткан жигитти көрүп Сүйгөн бүшүркөй тиктеп калды. "Кантип эле?" деди ичинен күбүрөй. Дүйнөсүнө көз ирмемчелик убакытта дүрбөлөң түштү да калды.
- Сүйгөн, кирем дебедиң беле?- деген кыздардын сөздөрүнөн улам узун бойлуу, олбурлуу кара тору жигитти артынан ээрчий карап алып, кыйыла аудиторияга кирип кетти.
Экзаменде олтурганына карабай эси-дартынын баары эмелеки белгисиз жигитте болду. Бактысына өзү жакшы билген суроолору туш келиптир. Такалбай үчөөнө тең шар-шар жооп берди эле, эжейи кошумча суроо бербестен "азаматсың!" деп жылмайып зачёткасын колуна карматты. Сыртка шашып чыкты.
- Канча?- дешкендерге унчукпастан зачёткасын кармата салып узун коридордун тияк башына чейин барды. Жок. "Ка-ап" деп кейип алды. Кайра келсе башка группада окуган курбусу Гүлназ күтүп туруптур.
- Бешиң менен куттуктайм, Исаева! Эмне бирөөнү издегенсип? Азыр жатаканага барып биз келгичекти май токочуңду жасай бер, э?-деди тамаша-чын аралаш.
- Ии, жакшы айтпадыңбы, мен оозум барбай айта албай турдум эле "чарчады" деп. Чын эле жасай салчы, сенин ысык боорсогуңду аябай сагындым, -деп курбусу Айжан да жылмайып сөзгө кошулду.
Экзаменден соң Айжан экөө университеттен ээрчише чыгышканда да Сүйгөн эки жагын элеңдей карап:
- Билесиңби, мен бир жума мурун сага айтпадым беле түшүмдө бир чоочун эле бала менен аябай өбүшүп жатыптырмын. Мурун аны өңүмдө эч качан кезиктирген эмесмин. Бирок түшүмдөгү элеси кадимкидей көз алдымда сакталып калган. Мен ошол баланы бүгүн, эмеле көрбөдүмбү. Сен байкадыңбы же байкабай калдыңбы? Тим эл-ле-е…сыртынан өзү сүрдүү көрүнгөнү менен көздөрү ойноктоп күлүп тургансыйт экен. Же мага ошондой көрүндүбү? Кимге, эмнеге келди билбей калдым. Бирок студент эмес экени көрүнүп турат. Экзаменден чыксам эле жок. Кызык ээ? Мен аябай таң калып жатам, ушундай да болобу?
- Кайсы? Жанагы формачанбы? Ал төртүнчү курстун расписаниесин карап эле кайра түшүп кетти го. Койчу, тим эле түшүңдү кайра-кайра айтып, көзүңдү жумуп алып кыялданып, жыргаганың ушул киши беле?
- Жок, киши эмес. Жапжаш эле болуп турбайбы? - туйтуңдай түштү.
- Билбейм, мага ошондой көрүндү. Бирок жакшынакайы жакшынакай экен,- курбусу мукактана түшүп, актанып калды. - Түшүңдө көрүп эле "сүйүп", алып -учуп калдың эле, эми даана… "Меники жок, меники жок" деп жүрүп мына эми сенин да бейтаанышың пайда болду.
Бейтааныш демекчи…Сүйгөн биринчи курсунан бери жакшы мамиледе болуп, бири-бирин жакын курбуларданбыз деп санашкан төрт кыз менен дос. Бешөөнүн мүнөзү, кыял-жоругу, сүйлөгөн-эткени беш башка болгону менен бири-бирин толуктап, кыйышпас курбуларга айланышкан. Курстагы көп кыздар булардын достугуна көз артып, кээде туюк, кээде ачык эле сөз кылып калышаар эле. Ачык-айрым, тамашакөй-Асыл, токтоо, бир сырдуу, бир аз жалкоорок жайы бар -Айжан, шашма, бир күлсө токтолбой шаңкылдап кечке күлгөн - Гүлназ, бешөөнүн сулуусу, улуусу, ар дайым жылмайып жүргөн - Жийде, кыялкеч, жайдары- Сүйгөн. Буга чейин Сүйгөндөн башкасынын сыртынан гана жактырып, тымызын сүйүп, көлөкөсүнө тон бычып жүргөн бейтааныш жигиттери бар эле. Купуя сыр кылып бул тууралуу бешөөнөн башка жан киши билчү эмес. Жигиттер ар кайсы факультетте, ар башка курста окушат. Башында байкабай, элес албай жүргөн балдар бара-бара кыздар курстан-курска көтөрүлгөн сайын сезип калышкансыды. Бирок эч кимиси даап келип тааныша алышпады.
(Уландысы кийинки санда)